Чаткал эли
"Өнүгүү-Прогресс" партиясын тандады
Тоолуу Чаткал элинин жашоо шартынан кабар алган деле жан жок. Абасы салкын аймактын жашоочулары кышкысын кыйналып чыгары айдан ачык белгилүү. Ошентсе да намыстуу эл кыйналдык, кысталдык деп деле ооз көптүрүп чоңдордун эшигин каккылабайт. Нукура кыргыз жыттанган тоо койнундагы элден эл өкүлдөрү "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев жана партиянын мүчөсү депутаттар Мирлан Бакировдор бир канча айылды кыдырышып, элди ыраазы кылышты. Партиянын программасында белгиленген пландарды ишке ашыруу максатында элге жөн эле барып убада бербестен, социалдык обьектилерди аралап, ооруканага жардам көрсөтүп, зарыл болгон эмеректерди жеткиришти. Мындай жардамга ыраазы болгон эл кубанычын жашыра алышкан жок. Алар "мындай жардам турмак, депутатты көрүүгө зар элек"- деп, жергиликтүү аксакалдар кайра-кайра батасын берип, накта эл ишенимине татыктуу, элге кам көргөн уулдарыбыздан турган партия турбайбы деп "Өнүгүү - Прогресс" партиясы туурасында өз ойлорун ачык айтышты. Бардык жетишпестикти бетке айткан тоолуктар депутат Бакыт Төрөбаев жана Мирлан Бакировго ачуу чындыкты айтып, агынан жарылып да жатышты. Албетте, айыл элин сасыган саясат эмес, социалдык маселелер кызыктырары шексиз. Өзгөчө жол, таза суу, билим берүү, пенсия, жөлөк пул, андан ашса анан тыйынга сатылып жаткан алтындарыбыз тууралуу маселелер. Чогулгандардын суроолоруна жооп берип жатып, Бакыт Төрөбаев "Кыргызстандан чыккан алтын кыргыз элинин көйгөйүн чечүүгө жумшалышы керек" - деп баса белгиледи. Өлкөбүз кенге бай, бирок, бул байлык кыргыз элине кызмат кылбай келет. Ошондуктан 1 килограмм алтын тапсак да, анын жарымы кыргыз элине калыш керек - деген депутаттын пикири элдин колдоосуна ээ болду. Ал эми өлкө боюнча карапайым дыйкандардын оорун колдон алган партия 11 МТС ачып, учурда алар элге арзан кызмат көрсөтүп жатат. Жазында Чаткалга 10 көчмө трактор бара турган болду. Куру сөздөн жалтактап калган эл "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын буга чейин аткарган иштеринен кабардар экендиктерин айтышып, келерки жылдагы саясий жарышта дал ушул партияны колдой турганын ачык эле айтып жатышты. "Үмүт деген үзүлбөйт өлкөбүздү жаш, деми бийик азаматтар гана алдыга сүрөп чыгат" дейт чаткалдыктар. Мындай жылуу маанайдагы жолугушуу кайра келерки жолуга турган күндү белгилөө менен соңуна чыкты. Ошентип, эл өкүлдөрү борбордо баш ооруткан пайдасы жок саясий талашты артка таштап, Жалал-Абад, Өзгөн, Аксы, Ала-Бука жана Чаткалды кыдырып элдин үнүн угуп, алардын көйгөйлөрү менен жакындан таанышып келишти. Эми ал жерде көтөрүлгөн маселелер Жогорку Кеңештин бийик трибунасынан бийликке жетээрине шек жок.





"Ата мекен" фракциясы
"Кумтөр" кенин улутташтырууну талап кылды

Инвестициялык бойкот, экономикалык коопсуздук, миллиарддаган арбитраждык соттордогу доо арыздар эл өкүлдөрүн ойлондурбайт. "Атамекенчилер" фракциянын кезектеги жыйынында "Кумтөр Голд компаниясынын мүлктөрүн улутташтыруу үчүн план иштеп чыгууну тапшырды.

Эксперттердин тыкыр анализденген чечимдери "макул", "каршы" деген контр аргументтердин негизинде жоголууда. Макул-дегени канадалыктар менен келишимди бузуу жана улутташтыруу. Каршы-дегендер конструктивдүү диалогго баруу, узак убакытка биргелешип иштешүү.
"Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы чыга электе Өмүрбек Текебаев баш болгон "атамекенчилер" 14-ноябрдагы кезектеги фракция жыйынында Азия боюнча алтын казуучу ири ишкананы улутташтырууну талап кылды. Өкмөт "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөрдү жөн эле убакытты создуктуруп карабай жатасыңар, экология боюнча эле толгон-токой маселелерди көтөрүп чыгып, ошонун негизинде экологияны негизги курал катары пайдаланып, канадалык инвесторлорго кысым көрсөтсө болорун айтышты.
- Өкмөт ар дайым, Кыргызстанда мөңгүлөрдүн чыгымын эсептөөчү методиканын жоктугун бетине кармап "Кумтөргө" болгон претензияларын көрсөтө албай жүрөт. Эгер өзүңөрдүн колдон келбесе, кошуна өлкөлөрдөн көчүрүп алгыла - деп буркулдады фракция лидери, өкмөткө бир айлык мөөнөттүн ичинде бул документти иштеп чыгуу талабын коюп. - Эгер документ бир айдын ичинде даяр болбосо, анда силердин отставкаңарды талап кылабыз.
Кыргызстандагы эң кирешелүү делген кен иштетүүчү ири канадалык компанияга эл өкүлдөрү мүмкүнчүлүк берүүгө даяр . Улутташтыруу - бул албетте мамлекетти "атамекенчилер" жакпаган инвестордон кутултат, бирок ошол эле маалда көптөгөн кыйынчылыктардан мамлекет узак убакыттар бою арылат. Дагы бир түшүнүксүз жагдай жаралууда, канадалыктар менен болгон денонсациялоо маселесин анын тарапкерлери түшүнбөй калыштыбы же өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн жолго барып жатышабы?
Ушундайбы же башка жактары барбы деги эле улутташтырууга каршы чыккандарга алардын атаандаштары бычак урууда. "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакировдун фракция жыйынында компенсация катары эле инвесторго 3,5 млрд. доллар Кыргызстан төлөп каларын келтирген аргументтери менен эсептери эл өкүлдөрүнө таасирин бербеди. Тескерисинче өкмөткө "Кыргызалтындын" орун басарын жумуштан алуусун суранып, мындай чындыкка дал келбеген аргументериң менен үйүндө жубайын менен өз оюңду бөлүш деп кеңеш беришти.
Кызыктуу жагдай. Ошол эл өкүлдөрүнүн жыйын өткөргөн күнү, президент Алмазбек Атамбаев окумуштууларга мамлекеттик премия тапшырып жатып, Кыргызстандын тоо-кен иштетүү тармагын өнүктүрүү керек экендигин белгилеп өттү.
- Биз мугалимдердин айлык акыларын кантип жогорулатабыз деп ойлонуп жатабыз. Эгер биздин мамлекетке эч ким ишкана ачып иштебесе, бюджетте мугалимдерге да, окумуштууларга акча жок болот- деп белгилеп - бизде азыркы иштеп жаткан кендерди жана дагы жаңыларын иштетип өнүктүрүүгө толук мүнкүнчүлүктөр бар, эң башкысы аларга эч ким тоскоолдук жаратпаш керек.
Президенттин бул айтканын Кыргызстандын бюджетине миллиардаган каражаттарын которуп жаткан, жалгыз иштеп жаткан ишканага каршы болуп жаткандарга эсине салып кетсек болчудай. Суроо туулат, президенттин бул айткандары аларга жетеби, алар бул айткандарды угат, эгер алардын кулагына алтын тыйындын шыңгыр үнү угулса, көз алдыларына алтын торт турса.