Добр, рэпер:
"Киного тартылгым келбейт"
Тасма...
- Буга чейин тасмага тартылсам деген оюм деле болбоптур. Азыр деле тартылайын деген оюм жок. Тасмага тартылганга караганда тасмаларга саундтрек жазганды көбүрөөк жактырам жана ушул нерсе жан дүйнөмө жакын. Тасмада роль жаратуу да жеңил иш эмес. Өзүнө берилген ролду элге жеткире ачып берүү көп адамдын колунан келе бербейт. Ал үчүн да талант керек. Андай талант ар бирибизге эле бериле берген эмес. Эми тасмага такыр тартылбайм деп айтуудан да алысмын. Балким, келечекте өзүмдү сынап көрүшүм да мүмкүн. Бул туурасында азыр так кесе жооп бере албайм. Аны мезгил көрсөтөт.

Саундтрек...
- Буга чейин бир топ тасмаларга саундтрек жазууга жетиштим. Саундтрек жазуу жеңил иш эмес. Анын да өз кыйынчылыктары бар. Бирок бул мага абдан жагат. Жан дүйнөм каалаган нерсе. Ар бир тасманын өзүнүн мазмунуна, тасмадагы окуялардын өөрчүшүнө карата жазуу талап кылынат. Тасма менен ага жазылган саундтрек бири- бирин толуктап, айкалышып турушу шарт. Жогоруда айткандай, бир топ кыргыз кинолоруна саундтрек жазып бердим. Биринен акы алсам, бирине жөн гана белек кылып коем. Мамилеге жараша. Кимден канча алам, кимге белек кыларым сыр боюнча эле калсын.

Сындан жыйынтык чыгарам...
- Сын айткандарга каршы эмесмин. Сын ар бир чыгармачыл адамга айтылса керек. Сынга көз карашым түз. Кандай гана сөз айтылбасын туура кабыл алып, жыйынтык чыгарганга аракет кылам. Мага сын башынан эле айтылат. Сын менен өсүп келе жатам десем жаңылышпайм. Негизи сын адамды өстүрөт дегенге кошулам. Буга өз чыгармачылыгымда да күбө болдум. Сын болбосо адам алдыга жылбай, балким, артка кетиши толук мүмкүн. Менин ырларыма сын айтылып жатканы бир чети мени абдан кубандырат. Демек, менин ырымды эл угат.

Ата-энем менин сынчым...
- Ырларымды жазганда дароо эле чыгарып жибербейм. Алгач ата-энеме окутуп көрөм. Алар да менин чыгармачылыгыма кайдыгер карашпайт. Беш- алты жылдан бери менин ырларыма баа беришип, бир топ тажрыйба топтоп алышты. Ошондуктан алгачкы сынчым ата-энем. Ата-энемдин айтканын угуп, оңдой турган жерлерин оңдоп коем. Мындан сырткары байкелериме көрсөтөм. Алар да өз пикирлерин айтып келишет. Кээде акындарга барып көрсөтүп, текшертип турам.

Рэп жанры өсүүдө...
- Азыркы учурда рэп жанры бир топ алдыга жылды. Мен жаңы чыкканда орус тилдүү рэперлер абдан көп болчу. Алар ошондо эле мыкты ырдашчу. Жаштар аларды абдан жакшы колдоп кабыл алышчу. Бирок кыргыз тилинде рэп окугандар абдан аз эле. Азыр болсо аябай көбөйдү. Бул мени абдан кубандырат. Мыкты, таланттуу рэперлер чыгып жатат. Жаштар да мурдагыдан рэп жанрын жакшы кабыл алууда. Мындан ары да өнүгө берет дейм.

Атаан-
даштык...
- Рэперлердин көбөйүшү менен рэперлердин арасында атаандаштык пайда болду. Атаандаштык да өсүүгө өбөлгө түзөт. Мыкты, таланттуу рэперлердин чыгышы менен сапаттуу рэптер жаралууда. Негизги чыгармачылыкта атаандаштык болушу керек. Болбосо адам алдыга жылбайт. Качан гана өзүңдөн мыкты адамды көргөндө андан ашууга аракет кылып, сапаттуу, жакшы ырларды жаздыра баштайсың. Бирок бирөөгө бут тосуп, көрө албастык кылбаш керек.

Репертуар...
- Репертуарым абдан бай десем болот. Өзүмдүн купулума толгон, жакшы деп эсептеген 50 ырым бар. Ошол ырларымдын баарын дайыма ар кайсы жерлерде аткарып жүрөм. Мындан сырткары менин ырымды баалашып, машыгууларда, чет жерлерге сынактарга барганда колдонушуп, дем-күч алгандар да бар. Маселен, Ташчайнар деген ат менен элге белгилүү болуп келген биздин балбаныбыз Нурлан байке да Украинага барганда менин "Алга" деген ырым менен чыккан.

Концерт...
- Жеке концерт берүү туурасында азырынча ойлоно элекмин. Репертуарымда ырым көп деп эле концерт бере берген да туура эмес. Концертке мыкты даярдык керек. Ошондуктан азырынча жеке концертимди берүүгө шашылбайм. Кудай буюрган күнү берем.

Мекенчилдик...
- Өзүмдү укмуш патриотмун дегенден алысмын. Бирок кайсы бир деңгээлде мекенчил сезим жүрөгүмдө жашайт. Ошондуктан патриоттук тематикага көп кайрылсам керек. Жүрөктө бир нерсе болсо, анан ыр жаралат да. Негизи эле ырларым менен элди жакшы жолго, элди, жерди сүйүүгө чакырам. Ар бир атуул өз мекенинин патриоту болушу керек деген пикирдемин.

Сыймык...
- Кыргыз болуп төрөлгөнүмө сыймыктанам. Биз ушундай сонун, кооз, кен байлыктары мол, абасы таза, суусу тунук, эли кең пейил, меймандос Кыргызстанда жашап жатканыбызга, кыргыз деген атыбыз, тилибиз, каада- салтыбыз бар экенине кубанып, сыймыктанышыбыз керек жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салымыбызды кошушубуз керек. Бул ар бир кыргыз атуулунун эң алгачкы парзы деп эсептейм.

Манасты окуп жатам...
- Жаңы рэп окуп чыкканда китеп деле окучу эмесмин. Кийин улуу байкелердин сунушу боюнча ар кандай китептерди окуй баштадым. Анын ичинде "Манас" эпосу да бар. Бирок бул эпосту толук окуп чыга элекмин. Кудай буюрса, окуп чыгайын деген оюм бар. Азыр Алыкул Осмонов, Байдылда Сарногоев сыяктуу улуу акындарыбыздын чыгармаларын окуп жатам.

Жаркынай Кадыркулова