Асандын акыркы күнү…
Бүгүн жумушка эртең мененки жетиге жетпей келдим. Анткени "Шериненин" акыркы көрсөтүүсүн тартмакмын. Он жылга жакын тартып жүрүп, анын бардык майда-чүйдөсү ийне-жибине чейин такталып, кыйналбас тактыкка жетип калган. Республиканын туш тарабынан чакырылган таанымал өнөрпоздор да көнүп, күн мурунтан фонограммасы, айта турган сөздөрү макулдашылган. Мени тынчсыздандырган Асан болчу. Эки күндөн бери дайыны жок. 7-декабрда телефон менен сүйлөшкөм. Кызуу экен. Кайран жарылган экен дедим. Көптөн бери ичпей жүргөн. Атүгүл эки ай мурда үйгө байбичеси экөө келип, анысы эки айга Нарынга соода-сатык кылганы кетип жатканын айткан. Биз азыр башмалдак атып жолго кое албай жүргөн бизнести ал мурда "Айчүрөк" дүкөнүндө иштеп жүргөндө эле баштап, Комволь-нооту комбинатынын ары жагындагы үч көмүт жер тамынын бирин кымбат идиш-аякка толтуруп салган. Акаев өнөрпоздорго деп салдырган кабат тамдагы квартирасын кымбат батирге берип, абышкасына жигули машинесин да алып берген. Анан келерки жылы 50 жылдык мааракесин өткөрсөкпү деп кеңешкени келген экен. Тыныгуу маалында Асан сыртка чыгып, аркы-беркини сүйлөшкөндөн кийин: "Бөкө, мен эки айдан кийин өлөм" - деп жатпайбы. Мен дагы кучунашым кармап: "Өлчү, анан сүйлөшөбүз" - деп, супсунун суутуп койбоюмбу. Ошондо аян бергенсип, акыркы сөзүн айтып жаткан тура…
Анда мен "Рух" чыгармачыл-өндүрүштүк борборунун директору элем. Асандын акыбалын сураганга чолоо жок. Анын үстүнө Асан ичип алса, аягына чыкмайын эзе бермейи бар эле, ишти телефондон эле бүтүрөйүн деп, 8-декабрда да чалдым. Көтөрсөм эле, ары жакта Рыспай озондоп ырдап жатат, өзү болсо өпкө-өпкөсүнө батпай буркурайт:
- Бөкө, карачы, Рыспай кандай муңдуу обондорду чыгарган.
- Ай ашкеби, ал фонограммаларды мен сага жаздырып бербедим беле! Ал ошентип муңканып жүрүп, акыры арактан өлгөнүн билбейсиңби?
- Билем дечи. Деги дейм да. Түндө түшүмө кириптир.
- Анда чакырып жаткан го… - деп койдум. Жолдошторумдун баары менин мындай заардуу тамашама көнүп бүткөн. Ошон үчүн Асандын төбөсүнө чыгып алып, танцовать этип жатпайымбы. - Ай, Асан, 11-декабрда акыркы "Шеринеми" тартарымды билесиң го. Токтот, арагыңды! Аялың келсе, өпкөңдү үзөт! - десем, буркурап барып трубканы коюп койду. Түшүндүм. Үч баласынын, толуп жаткан досторунун, күйөрмандарынын арасында жүрүп жалгыз эле. Кийин Анатайдан башка адамга батпай калган.
9-декабрда телефон чалсам баласы алды.
- Асан кайда?
- Гастролго кеткен.
- Жаныңды жебе, чакыр!
- Жок.
Чын эле ошондо жок экен. Кийин билсем, Автандил Сатыбалдиев деген кочкорлук ырчыны ээрчитип, жаңы алган машинесин айдатып жүргөнүн билчү элем. Ошол экөө "оттоп" кеткен экен.
Эртеси да таппадым. Алыс жактагы катышуучуларымдын алды келе баштаган. Кашайып, такыр Асанга чолоом тийбеди. Түнү менен чала уйку болуп, бүгүн 11-декабрда "Шериненин" акыркы көрсөтүүсүн тартканы таң эрте келип отурганымын жөнү ушу.
Бир маалда телефон шыңгырады. Алсам, Автандил.
- Бөкө, Асандан айрылдык. Кечээ саат төрттөрдө үзүлгөн окшойт. Жанында эч ким болбоптур…- деди. Бул каргашалуу күн - 1999-жылдын 10-декабры болчу.
Мен тааныш балдарга телефон чалып, Асандын үйүнө бара бергиле дедим да, режиссерго саат үчкө чейин ырчыларды тарта бер деп, өзүм саат ондордо араң колум бошоп барууга үлгүрдүм. Барсам, бир топ киши чогулуп калыптыр. Аялы да түндөбү, таңатабы, келип калыптыр. Үйгө кирсем байкушум ортоңку бөлмөдө жерде жука төшөктө мойну меш жакка бурулуп, колу сунулган бойдон жатат…
Кийин Автандилден билсем, бая "оттоп" жүргөндө бир топ хайлаган экен, кетеринде мойну бузулуп, жүз-жүз элүү граммдай ичилген бөтөлкөнү жанындагы мештин кырына коюп: "Асаке, башың ооруса жазып ал" - деп, жакшы эле табыштап кетиптир. Көрсө, ошо бөтөлкөгө колу жетпей, мойну бурулган, колу сунулган бойдон кете берген экен. Балким, ошондо бирөө жарым жүз грамм куюп берсе, тирүү калмак беле атаганат…
Ошондо балдары тамынын чыгыш ыптасындагы сыртынан айланып барма бөлмөсүндө эле болсо керек. Асан да аларды эзе берип, качанаак кылып койгон да. Болбосо терезесинен баш багып болсо да, атасынан дайын алат эле. Асан ошентип отуруп жалгыз калган…
Мен Асандын жанында көп эле бирге жүрүп, ал жөнүндө "Ырга айланган өмүр" деген очерктер жыйнагымда кеңири макала жазганым менен, баарын башыма сактап жүрө албаган жайым бар эле. Некролог жазыш үчүн үйдөгү "эшек дептериме" чаптым. Машинкага басып гезитке берип, эки сүрөтүн чоңойтуп келгиче Кетмен-Төбөнүн билермандары аны Токтогулга жөнөтөбүз деп калыптыр.
- Ай, ал деген эл артисти, бу Ала-Арча көрүстөнүнө койсо балдары, биз, достору эртели-кеч барып турат элек го! - деп чырылдап ийдим.
- Жо-ок, агасы апкелсин деп жатыптыр - дешти.
Дамира да унчукпайт, сатыкчы эмеспи, сыягы зыйнат чыгымдарын, андан кийинки ташпышын ойлосо керек. Кийин ойлосом, ошондой эле болуптур…
Айла жок, каңырыгым түтөп отуруп бердим. Бир маалда Майрамбек Осмонов келип:
- Бөкө, Асан эгер мен өлсөм, зыйнатымда "Ак булуттарды" угузуп тургула деген - деди. Айла канча, керээзди аткарбай коюу - арбакты сыйлабагандык. Сөөктү жүктөп, Токтогулга жөнөгүчө мен Майрамбек менен студияга барып, "Ак булуттарды" жаздырдым да, андан берип ийип, өзүм "Шеринеге" катышчу ошердеги өнөрпоздор менен студияга келдим. Ага чейин музыкалык номерлер тартылып бүтүп, бизди гана күтүп калышкан экен. Баарыбыз отуруп бүткөндөн кийин төр жакка бир орундукту бош койдум да:
- Кымбаттуу көрөрмандар, биз силер менен "Шериненин" акыркы көрсөтүүсүндө жолугушуп отурабыз. Мына бул бош орундукка Кыргыз Республикасынын Эл артисти, обончу жана аткаруучу Асанкалый Керимбаев отурмак. Ал кечээ, 10-декабрда жарык дүйнө менен кош айтышып кете берди… - деп муунум бошоп, тилим күрмөөгө келбей калды…
Минтип наамын кошо жазып жаткан себебим - обончулар совет маалында композиторлор союзуна кошулбай же өзүнчө уюм болуп жыргатпай өгөйлөнүп жүргөндө, эгемен заман келип, обончулар Калыйбек Тагаев, Аксуубай Атабаев, Сардарбек Жумалиев, Асанкалый Керимбаев төртөө гана ушу наамга эптеп жетишкен. Алардын анабашы болгон Рыспай Абдыкадыров 1994-жылы 12-сентябрда каза болгондуктан, Эмгек сиңирген артист бойдон кала берди. Азыр болсо Эмгек сиңирген артист турмак, Эл артистин чоңдор оңду-солду таркатып жатат.
Мен кайда болбосун Асандын Эл артистти экенин элдин эсине салып жүргөнүм - анын өткөн кылымдын 70-90-жылдары кыргыз музыка өнөрүндөгү эң популярдуу обончулардын бири болгонун билбегендер бар экен. Анан калса, азыр өзүлөрүнүн акылы жетпегенден интернеттен уурдап алып, сөздөрүн чампалай койгон, улуттук колориттен куру жалак "качыр" обондорду ойсоңдоп аткарган "жылдыздардын" жанында Асан "шоона эшпей" калды. Асандын шору - башка обончуларга караганда жагымдуу да, жугумдуу да обондорун өзүнөн ашыра эч ким мукам ырдап бере албаганында. Ырас, бирин-экин ырдап жүрүшөт, бирок анын мукам, муңайым тембрин эч ким кайталай албайт. Аккордеонду безеленте ойногону деле анча татаал эмес, кайрылууларды деле өзгөчө вариацияланбайт, бирок ошо жөнөкөй жана мукам кайрыктар акылындагы эмес, жүрөгүндөгү муң-зар менен муңканып жуурулушуп чыгат. Мен биерде "акылындагы эмес" деп бекеринен баса белгилеп жатканым жок. Чынында эле кыргыз музыкасынын шедеврлери болуп калган "Кайдасың", "Ак булуттар", "Муңдашым Мунар кайдасың", "Көл баяны", "Акмаралым", "Периштем", "Сендей мага", "Тууган жер", "Кара-Көлдүн кыздары", деги койчу, элүүдөн ашык ырынын ар бири ушул тизменин катарында турууга татыктуу эле. Жаш курагына карабай ар бир угармандын көңүлүн жибиткен, аткарууга да, угууга да жугумдуу ошол обондуу (музыкада мелодиялуу делет) ырлардын мыкты жаралып калганына кээде акылы деле жетчү эмес (бул башы анча көп иштечү эмес дегендикке жатпайт, тескерисинче, тексттин мыктысын тандай билгенине караганда, азыркы алешем обончулардан төөчөлүк өйдө болучу), мындайча айтканда, гармониясын теориялык жаткан жиликтеп берүүгө даремети чектелүү эле. Ал көбүнчө жүрөгүнүн жетегинде жүрүп, илимге жугуму болбоду. Алиги мукам кайрыктар кайсы гармониялык эсеп-кысапка кирерин териштиргенге чамасы чак эле. Бирок ошого карабастан, гармонияны семичкедей чаккан көп композиторлордун чыгармаларынан алда канча уккулуктуу обондорду жаратып таштады. Ошол мукам кайрыктардын баары башында эмес, жүрөгүндө бышып жетилип, анан бир маалда өзүнө ээ-жаа бербей, кайрыктарын бири-биринен үзүп ала албай тургандай жипсиз кыраат менен оозунан куюлуп, аргендей мукам үнү аркылуу обого сыбызгып кетчү.

(Уландысы кийинки санда)
Бөкөнбай Боркеев