Жусупали Исаев, КСДП фракциясынын депутаты, ЖКнын Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жетекчиси:
"Бишкек мэри менен шаардык кеңештин депутаттары шалаакылык кылышып…"
- Жусупали Калматович, Кыргызстан Бажы бирлигине толук кандуу мүчө болгондон кийин, сиз комитет аркылуу көзөмөлгө алып жаткан транспорт тармагында кандай өзгөрүү болушу мүмкүн?
- Биздин мамлекеттин Бажы бирлигине кирүү маселеси учурдун күн тартибинде турган биринчи маселеси. Ошондуктан биз ББга кирүү боюнча жалпы мыйзамдарды шайкеш келтирүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Өткөн жумада эле биздин комитет Транспорт багытындагы жол кыймылы боюнча мыйзамды карадык. Мисалы, бул мыйзамда ББга киргенден кийин биздин жүргүнчүлөр менен аталган бирликке мүчө болгон өлкөлөрдүн жүргүнчүлөрүнүн ортосунда транспорт маселеси, мыйзамы, катнашы кандай болоору жазылган. Транспорт каражаттарынын баарын техосмотрдон өткөрүү, алардын ББга мүчө болгон мамлекеттерге кандай жолдор аркылуу кирерин тактадык. Буюрса, бул жагынан көйгөй жаралбайт. Менин көз карашым боюнча Кыргызстан ББга киргенден кийин жабыр тарптайт. Тескерисинче, пайдалуу жагы арбын болот. Өзгөчө миграция, соода маселелери боюнча утабыз.
- Курулуш тармагы учурда бардык тармактардан айырмаланып өсүп жатат. ББга киргенден кийин бул багытта кандай өзгүрүү болот?
- Туура, курулуш тармагы быйыл 9 айда 118 пайызга чейин өстү. Курулуш кыш-жай дебей катуу жүрүп жатат. Бюджеттин да бир топ бөлүгүн ушул тармактын кирешеси толтурууда. Көбү ата мекендик курулушчулар, азыраак бөлүгүн башка мамлекеттерден келген курулушчулар түзөт. ББга киргенден кийин курулуш тармагында чоң деле өзгөрүү болбойт. Азыр кандай болсо, кийин деле ушул темпте кете берет. Элиталык үйлөрдү эл мурун аз сатып алып жатса, азыр көбүрөөк алып башташты. Бирок акыркы учурда элиталык үйлөр көп салынып жаткандыктан, аларга суроо талап бир аз азайып бараткандыктан чоң курулушчулар социалдык муктаждыктагы жөнөкөй жана арзаныраак үйлөрдү салууга акырындык менен өтүп башташты. Бул абдан жакшы көрүнүш.
- Бул тармак дүркүрөп өсүп жатканы менен мыйзам бузуулар абдан көп болуп жатпайбы. Алар боюнча кайрылуу, арыздар силердин комитетке келип түшөт да…
- Ушул маселе боюнча биздин комитетке жылына бери жагы 200дөй арыз түшөт. Ал арыздарды карап чыгып, укук коргоо органдарына жөнөтүп, алардан жооп алып, колдоно турган чараларга, чечимдерге комитетте көзөмөл кылабыз. Чынында бул тармакта ушундай мыйзам бузууларга жол берип жаткан эки чоң маселе бар. Биринчиси эки жылдан бери колго алынбай, каралбай жаткан курулуш боюнча башкы план жана экинчиси (проект деталный планировака) ПДП. Ушул эки маселени Бишкек мэриясы менен шаардык кеңештин депутаттары шалаакылык кылып бүтүрбөй созуп эле келатат. Ага анчалык деле чоң акча кетпейт. Ашып кетсе 30 млн. сомдун тегерегинде каражат керек болот. Болгону күн тартибине алып чыгышып эртелетип карап койсо, жогоруда айтылган мыйзам бузууларга чек коюлат эле. Бул эки маселе бүтмөйүнчө мыйзам бузуулар токтобойт. Менимче, бул эки маселени ишке ашырбай жаткан кызыкдар тараптар бар болсо керек. Алардын көздөгөнү башка да. Болбосо, эчак эле колдон чыгарып койчу иш болчу. Дагы болсо, сиздердин гезит аркылуу мен мэрге жана шаардык кеңештин депутаттарына кайрылат элем. Ушунча болду, уят эми. Биздин комитеттин чечимин эки жылдан бери аткарбай жатышат. Созо бергендин да чеги болуш керек да. Өздөрү мыйзам бузууларга даңгыр жолду ушул эки маселени улам артка жылдырып жатып, кеңири ачып беришүүдө. Мисалы, социалдык, муниципалдык курулуштар боло турган жерлерге жеке менчик үйлөр курулуп же ал жерлер соода жайларына айланып калганын көрүп жатпайбызбы. Ансыз деле жерлерибиз калбай калды. Болду да, эми мындай башаламандыктарды токтотуу керек да. Буюрса Курулуш жана архитектура боюнча агенттиктин да иши акыркы убакта жакшы көрсөткүчтөргө чыгып жатат. Бирок жогоруда мен айткан эки маселе бүтмөйүнчө аталган агенттиктин жасаган иштери коомчулукка көрүнбөйт. Демек, мэрия менен шаардык депутаттар агенттиктин да эң негизги ишмердүүлүгүнө тоскоол кылып жаткандай.
- Жол курулушу боюнча маселени сүйлөшөлү. Республикадагы жол курулушунун жалпы ахыбалы кандай? Сапат жана көлөм жагынан талапка жооп береби?
- Талапка жооп бербейт деп айта албайм. Колдон келишинче, мүмкүнчүлүккө жараша иш жүрүп жатат. Бирок стратегиялык маанидеги чоң жолдорубуздун дээрлик бардыгы сырткы инвесторлор тарабынан курулуп жатканын баса белгилеп айтуу керек. Мисалы: Бишкек-Торугарт, Ош-Исфана, Талас-Тараз, Бишкек-Ош, Ош-Эркечтам жолу, Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдүү жолдорунун баары чет мамлекеттерден алынган насыялардын эсебинен курулуп жатат. Мунун баары президенттин көзөмөлүндө турат. Ал эми ички жолдорубуз Транспорт жана коммуникация министрлиги аркылуу оңдолууда. Мисалы, ички жолго эки-үч жылдан бери 1 млрд. сомдон ашык каражат бөлүнүп, ага 120-140 чакырым жол оңдолот. Мындай көрсөткүч буга чейин болгон эмес. Андан тышкары, асфальт жолдордун өмүрүн узартуу максатында болжол менен 100 чакырымдан ашыгыраак эски жолдордун үстүнө бир катмар (ШПО) асфальт жасалат.
Бирок иш бар жерде сөзсүз түрдө кемчилик болот экен. Жолдун сапатын текшерүүдө кемчиликтерди таап жатабыз. Мисалы, Бишкек-Торугарт жолу боюнча айтсак. Ал жолду Кытайдын "Чайнород" деген компаниясы куруп жатат. Боом капчыгайы кеңейтилип, төрт машине бата тургандай болуп жасалганы белгилүү. Ошол капчыгайдын башынан аягына чейинки жолдун бириктирүү ишинде технологиялык процессинде чоң катачылык кетип, натыйжада ал жол жарылып кеткен. Аталган компания ал жолдун ортосун болжол менен (туурасы) 1,5 2 метрге чейин казып алып салып, кайра жаңы асфальт басып чыгышты. Андан тышкары, Нарындан чыгып, Ат-Башыга бараткан жолдон (Кызыл-Белден өткөндөн кийин) жарака кетип, аны да кайра жасай турган болушту. Жаңы мыйзам боюнча жаңы салынган жолдорду эки жылдан кийин мамлекет өткөрүп алат. Ошон үчүн жол салган фирмалар мурункудай болбой жоопкерчилик менен иштеп калышты.
- Коммуникация маселеси боюнча да кеп кылалы. Телеканалдарды санарипке өткөрүү боюнча сиз жетектеген комитет кандай иш алып барып жатат?
- Негизи бул маселе өтө актуалдуу болгондуктан, биздин комитет мүмкүн болгон иштердин баарын аткарып жатат. "Кыргызтелеком" аз күн мурун 2,6 млн. долларга заманбап аппарат койду. Ошол аппарат коюлгандан кийин Кыргызстандын 59 пайызы санариптик каналдарга өттү деп эсептелет. Болгону анын талабына ылайык, телевизордун жанына коюла турган кичинекей аппаратты сатып алуулары керек. Карта менен айтканда: Баткен облусунун 95 пайызы, Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн райондору, Чүй облусу, Ысык-Көл облусунун негизги бөлүктөрү кирет. Нарын кирбей калды. Буюрса, калган 40 пайызы 2015-жылдын 27-июнуна чейин өтүшү керек. Мисалы, азыр Баткенде 8 канал тартып калды. Эмне үчүн санарипти ушул аймактан баштадык? Себеби, Фергана өрөөнүндө жыштык өтө аз. Ошон үчүн дагы кечиксек жыштык ала албай, санарипке өтө албай кыйналмакпыз. Кыскасы, азыр кайсы аймактарда жыштык маселесинде көйгөй жаралса, ошол аймакта иш жүрүп жатат.
- Акыркы суроо болсун. Депутаттык мөөнөттүн бүтөөрүнө бир жылга жетпеген убакыт калды. Депутат болуп келерде элге берген убадаларыңыздын канча пайызын аткара алдыңыз жана кийинки шайлоого катышуу максатыңыз барбы?
- Мандат алгандан баштап элге убада кылган иштерди аткарууга, элдин ишенимине кирүүгө колдон келишинче аракет кылдык. Менин жүзүм жарык. Анткени, Кыргызстандын төрт бурчун кыдырып, бир топ маанилүү маселерди чечкенге салым коштум. Бир нече мыйзам долбоорлоруна автор, дагы бир топ мыйзамдарга авторлош болдук. Анын баарын мактаныч кылып азыр айтпай эле коеюн. Жалпысынан алганда, элге берген убадаларымдын 70-80 пайызын аткардым го деген ойдомун. Ал эми кийинки шайлоого катышуу боюнча мындай. Мен бир гана КСДПга мүчөмүн. Бул партиядан эч бир партияга кетпейм. Негизи эле бир партиядан бир партияга өтүү маселеси туура эмес деп эсептейм. Эгер КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү мага: " Сиз керексиз, кийинки шайлоого катыш"- десе катышабыз. Менин талапкерлигимди туура эмес көрүшсө ага да макулмун. Себеби мен үчүн партиянын жана элдин пикири баалуу. Өзүм депутат болом деп жулунбайм. Кыскасы баары абалга жараша болот. Ал эми каалоо экинчи маселе.
Маектешкен Айбек Шамшыкеев