Турдакун Усубалиев журт атасы
Турдакун Усубалиевдин өмүрү, басып өткөн жолу ар бир кыргыз элине кызмат кылам деген жетекчи үчүн дайыма үлгү болууга тийиш жана америкалыктар Вашингтондун сүрөтүн кабинетине илип, ар бир жасаар ишин ошол сүрөттү карап ойлонуп чечкен сыяктуу, бул улуу инсандын сүрөтүн кабинетине илип, Турдакун Усубалиев иштегендей таза иштегенге аракет кылуубуз керек. Кыргызстанды башкарып турган 25 жыл ичинде кыргыз элине атадай камкордук кылды. Ата баласын төрөлгөндөн багып, бала бакчага берип, мектептен окутуп, окуу жайга өткөзүп бир кесиптин ээси кылып, иштеп кызматка жетүүсүнө дейре шарт түзүп, үстүнө үй салып бергенге чейин аракет кылат. Турдакун Усубалиев кыргыз журтунун атасы катары, бөбөктөр үчүн миңдеген бала бакчалар ар бир айылга салынды, миңдеген мектептер, интернаттар курулду, жүздөгөн кесиптик окуу жайлар менен техникумдар бүткөрүлдү. Ондогон жогорку окуу жайлар, айылдык клубдар менен маданий мекемелер, кинотеатрлар, шаарларда дворецтер салынды. Канчалаган адамдар өсүп - өнүгүп кыргыз элине кызмат кылышты. Буларга атадай камкордук көрүп, окутуп билим берип, тарбиялап өстүрүп, ар бирин кесибине жараша жумуш кызмат менен камсыз кылды. Канчалаган адамдар мейли айыл жеринде болсун, мейли шаарда жашасын үй, квартира менен чабандарга чейин камсыз болушканын ким тана алат. Эмгегине, тажрыйбасына жараша баа берилип кызматтарга көтөрүлүштү, орден, медалдар менен сыйланып, жогорку наамдарды алууга жетишишти. Канчалар СССРдин Эл артисти, сыйлыктын ээси, Социалисттик Эмгектин Баатыры болуп (айрымдары эки жолудан), эл кадырына татыды. Мындай наамдар кесибине, улутуна, жашаган жерине карабастан калыстык менен ыйгарылып келди. Айрым наамдар кошуна республикалар ала электе мамлекеттик же аларга салыштырмалуу көбүрөөк берилген учурлар да болгон. Бул чыныгы журт атасы катары камкордук экенин ошол кездеги муундар тандырбайт. Мындай иш, эмгекти баалай билген гана жетекчинин колунан келет. Партиялык жетекчилерди өз жанында ЦКнын аппаратында инструктор, бөлүм башчы, секретарь кылып иштетип, чынчыл таза кадрларды районду, облусту башкарууга жөнөтүп, андан кийин министрликке алып келип иштеткен тажрыйбасы бүгүнкү күндө да үлгү катары болот. Республикадагы жогорудагыдай бир дагы иш Турдакун Усубаливдин көз жаздымында калган эмес. Турдакун Усубалиевдин тушунда райондук жетекчиден баштап, республикалык масштабда иштеген бир да жетекчи жоопко тартылып соттолгон эмес. Ошол мезгилде жакынкы Өзбекстанда 26000 жетекчи жоопко тартылган.
Өлкөнүн бардык район облустарынын борборлорундагы административдик зданиялар, больница, поликлиника, маданий үйлөр, кинотеатрлар Турдакун Усубалиевдин тушунда бүткөрүлгөн. Кыргыз республикасында 200гө жакын пансионаттар менен санаторийлер, анын ичинен 130дан ашыгы Ысык-Көлдө курулган. Республика өнөр жайы, айыл чарбасы, маданияты гүлдөп-өскөн индустриалдуу өлкөгө айланган. Фрунзе (Бишкек) шаары башка республикалардын борборуна салыштырмалуу архитектуралык нормалар толук сакталган, мрамор менен кооздолгон шаарга айланган. Чыңгыз Айтматов бекеринен "Турдакун Усубалиев Фрунзе шаарынын башкы архитектору" деп атабаса керек.
Ушундай зор иштерди аткарууда беш Генералдык секретардын, бир нече Совминдин председателинин тилин таап, Москвадан борбордук бюджеттен каражат бөлдүрүш тубаса дипломат, тубаса акылман, улуттун лидери, улуу жол башчы, эл атасынын гана колунан келет.
Турдакун Усубалиев кыргызстанда өз мезгилинде бүткөрүлгөн иштердин баарын сүйлөгөн сөздөрүндө, жасаган докладдарында, жазган чыгармалары менен монографиясында өзүн жеке көрсөтпөстөн "биз бүткөрдүк" деп эл менен дайыма бирге иш жүргүзгөнүн белгилөөсү бизге насаат катары болууга тийиш.
Кыргыз элинин атасы катары өз мезгилинде акылдын океаны, өзүнчө басып жүргөн энциклопедия катары улуу инсандын тажрыйбасын өткөөл мезгилде пайдалана албай, кыргыздын "атаңдын алдап-соолап күчүн ал", "колдо бар алтындын баркы жок", деген акылман макалдарын кара басып унутуп, "учурунда бул улуу инсанды пайдалана албай, жанына жакындагандан качып, далайлар арыз жазып, ушак таратып, ошол кездеги бийликтин кулу болуп келбедикпи" - деген, "легендарлуу парламенттин" көпчүлүк депутаттарынын өкүнүү менен эскеришкенин угуп калабыз.
Дүйнөнүн башка өлкөлөрү улуу инсандары менен сыймыктанып, алардын жасаган иштерин даңктап, басып өткөн жолун барктап, китеп жазып, сүрөттөрүн доллар, валюталарга түшүрүп, музейлерди салып, кийинки муундарга сабак болсун деп тарбиялуу иштерди жүргүзүп келишет.
Биз дагы Турдакун Усубалиевдин эмгегин баалап, эскерип түшүнсөк, алтынга сүрөтү түшүрүлгөн түрдүү номинациядагы 100-1000 сомдук монеталарды чыгарсак, борбор шаардын борбордук Биринчи май районунуна атын берсек, борбордук аянтка, облустун, райондун борборлоруна эстелигин орнотсок, зор тарыхый комплекс курсак, экинчи жолку Эл Баатыры "Ак шумкарды" берсек жалпы эл ыраазы болот эле, булар да аздык кылат.

Сардарбеков Сабырбек Коомдук ишмер.




Кыргызстан-Казакстан-Орусия-Түркия-Сирия - жихадчылардын каттамы
Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин Ош шаарында диний экстремизмге жана эл аралык терроризмге каршы аракеттенүү маселесине арналган көчмө жыйыны учурунда УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Акылбек Кожобеков билдирди.
Анын айтымында, ушу тапта жалданган же алданган адамдарды Кыргызстан аймагынан согуш болуп жаткан аймактарга жеткирүү боюнча бир нече туруктуу мыйзамсыз каттамдар бар, анын негизгиси "Кыргызстан-Казакстан-Орусия-Түркия-Сирия" каттамы болуп саналат.
- Андан сырткары, кыргызстандыктардык басымдуу бөлүгү "Бишкек-Стамбул" жана "Ош-Стамбул" авиакаттамдары менен учат,-деп кошумчалады А.Кожобеков.
Тармактык комитеттин төрагасы Алмазбек Баатырбеков диний чөйрөдө түзүлгөн кырдаалды талдоолор көрсөткөндөй, диний экстремизм менен эл аралык терроризм көрүнүштөрү күчөп бараткан учурда бул көчмө жыйын өтө мааниси зор деп эсептейт."Диний багытта адистер менен бирге иштелип чыккан бирдиктүү программанын алкагында жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл", - дейт ал.
Комитеттин мүчөлөрү Кыргызстандын аймагында көмүскө иш жүргүзгөн эл аралык экстремисттик уюмдар тарабынан өлкөдө диний экстремизмдин идеяларын жайыртуу аракеттери пайда болгонун, алар өз иштеринде компьютердик технологиянын акыркы жетишкендиктерин пайдалануу менен, Инттернет түйүнүндө видеороликтерди жайгаштырып, дин туткан адамдардын арасында үгүт иштерин жүрүгүзүп, аларды согушка жалдоо аракеттери жасалып жатканын белгиледи.
ЕККУ Борборунун колдоосу менен уюштурулган Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин диний экстремизмге жана эл аралык терроризмге каршы аракеттенүү маселесине арналган көчмө жыйыны өз ишин улантууда.

INTER,KG