Күрөш федерациясынын жыйыны
Үстүбүздөгү айдын алгачкы күндөрү борбор шаарыбыздын Плаза мейманканасынын чоң конференция залында, өлкөбүздүн күрөш боюнча федерациясынын жыйыны болуп өттү. Жыйынга күрөш федерациясынын президенти Абдыкеримов Шаршенбек, өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунан келген бул федерациясынын өкүлдөрү жана Венгрия өлкөсүнүн күрөш федерациясынын президенти Чаба Хегедюш катышты. Жеңүүчүлөрдү жеңиши менен куттуктаган федерациянын президенти Шаршенбек мырза дагы-дагы чоң ийгиликтерди каалап, жыйынды ачык деп жарыялады. 2 жылдын ичиндеги жасалган жумушту талкуулоо боюнча болгон бул жыйын, негизи ийгиликтүү болду десек жаңылышпайбыз. Анткени, жыйындын ар бир катышуучусу өзүнүн оюн эркин микрофон түрүндө жеткирип, ар бири өз тармагынын жүрөгүнөн өткөн суроолорун айтып алышты. Венгрия өлкөсүнөн келген конок дагы биздин спортчуларга суктанаарын айтып, кыргыз өлкөсү таланттуу спортчуларга бай экенин айта кетти. Ар бир машыктыруучу өзүнүн сөзүндө федерациянын президентине ыраазычылык сөздөрүн айтышып, ар бир эле бизнесмен ушундай чоң жардам көрсөтө бербесин айтып жатышты. Чынында 2 жыл ичинде федерацияга 10 миллиондон ашуун сом берген Жогорку Кеңештин депутаты Шаршенбек байкедей меценат чанда кездешээр. Ар бир турнирди калтырбай, спортчуларга бардык жагынан колдоо көрсөтүп келе жаткан Шаршенбек мырза бул күнү Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүнө, Бишкекте "Аюу Курулуш" ишканасы куруп жаткан үйлөрдөн 4 квартираны (батирди) белек катары бекер берди. Мындай белек ар бир жеңүүчүгө чоң кубаныч, ал эми калган спортчуларга жеңишке кошумча умтулуу алып келди.
Күрөш оюнуна көп көңүл бөлгөн депутат Шаршенбек мырзага чоң ийгилик каалап, биз дагы ыраазычылыгыбызды билдире кетмекчибиз.
Чолпон Качкынбекова