presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Татьяна Чильникина, жактоочу:
"Күнөөсүздүк жоромолу күч органдары эчак эле унутуп койгон категория"

Бишкектин экс - башчысы Нариман Түлеевдин жана мэриянын мурдагы кызматкерлеринин үстүнөн жүрүп жаткан сот процесси өзүнүн кульминациялык учуруна келип жетти. Айыпталуучулар тараптын өкүлдөрү соттолуп жаткандардын коррупциялык схемаларга тийиштиги жок экендигин далилдеген документтерди соттук коллегиянын алдына таштады. Бирок прокуратуранын дагы багынаар түрү жок. Көзөмөлдөөчү органдын өкүлдөрү төрайымдык кылып жаткан судья Ирина Воронцовадан соттолуучулардын адвокаттары берген документтерди иликтеп чыкканга убакыт сурады. Ал ортодо айрым прокурор кызматкерлери ММКларга оңду-солду маек берип, сотко кыр көрсөтүп жаткандай. Ушул сыяктуу суроолор менен экс-мэрдин адвокаты Татьяна Чильникованы кепке тарттык

- Татьяна Ивановна, мамлекеттик айыптоочулар гезит беттерин активдүү колдонуп, өз ойлорун таңуулап жатышат. Бул мыйзамга туура келеби?
- Мурдагы тергөөчү-прокурор катары айтсам, өзүнүн чындыгын таңуулаган мындай ыкма чынында туура эмес. Дагы бир негиздүү нюанс бар. Прокуратура кылмыш иши козголгондон баштап эле ММКларда айыптоо версиясын гана айтып туруп алды, башкы прокурор биринчи эле күндөрдөн баштап, Жогорку Кеңештин жыйындарында айыптоо версиясын гана айтып, тергөөдө Түлеевдин айыбы толук далилденди деп келишти. Бул өз кезегинде башкы прокуратураны ошол эле автобустарды ташып келүүдөгү кошумча төлөмдөр боюнча маселеде ыңгайсыз абалга калтырды. Тилекке каршы биздин тергөө органдары КР КЖКнын 19-беренесинин 1-бөлүмүн эстеринен чыгарышты. Анда тергөөчү баардыгын так, туура талдап, толук аныктап, иликтеп чыгышы керек деп жазылган. Түлеевге байланышкан иште прокутартура башынан айыптоо багытын тандап алып, обьективдүүлүк, көп кырдуулук тууралуу сөз да болгон жок. Демек, КР КЖК 19-беренесинин бузулушу ачыктан ачык эле көрүнүп калды. Күнөөсүздүк жоромолдугу тууралуу унчукпай деле коеюн, себеби ал категория укук коргоо органдары тарабынан эчак эле унутта калган. Мындай алдын-ала бир жактуу эле айыптаган ыкмалар прокуратуранын өзүнө эле сокку уруп жатат. Тергөөнүн аягын күтпөй эле бир жактуу айыптаганды мен түшүнө албай турам.
- Бардык ресурстарын түгөтүп, прокуратура эми басма сөз аркылуу соттук коллегияга кысым жасап жатат дегиңиз келип жатабы?
- Прокуратура бардык ресурстарын түгөттү деп айтпайт элем. Буга чейин айтканымдай, чын эле мындай ыкмалары менен айыптоо позициясынын алсыздыгын көрсөтүп жатышат. Түлеевди жоопко тартуунун мыйзамдуулугуна коомчулукту көндүрүү үчүн кошумча аракети катары карасак болот.
- Ошол эле прокурорлор ММКлар аркылуу автобустар менен таштанды тазалоочу унааларды сатып алуудагы тендердин мыйзамсыз өткөнү, аны аткарган "Айрус" ЖЧКсы Түлеевдин ишканасы дегендерге жообуңуз кандай?
- Экинчи инстанциядагы сот өз ырааты менен жүрүп жатат, бирок Түлеев жана башка соттолуучулардын күнөөсү чынында эле такталган жок. Мен коргоп жаткан адам тууралуу айтсам, кылмыш ишинде анын бир дагы күнөөсү такталган жок. Күбөлөрдүн дагы, "кылмыш кылышкандардын" дагы көрсөтмөсүндө анын колу коюлган бир дагы документ, бир дагы соттук-экономикалык экспертизанын жыйынтыгы жок. Биринчи инстанциядагы соттун чечими жумшак айтканда таптакыр түшүнүксүз болуп калды. Анын үстүнө судья Сариев тараптарга сот жыйынына окуганды эмес, башкы өкүмдү таратып берген. Бул фактыга кандай баа беребиз? Бишкек шаардык сотунун төрагасы Осмонов муну одоно мыйзам бузгандык катары баалап, эгер чынында эле ошол факт такталса судьянын жоопкерчилиги тууралуу айтты.
- Чын эле ошондой болду беле?
- Албетте болгон. Судья окуп берген өкүм менен бизге таратып берген кагазды окусаңар айырмачылыкты оңой эле табасыңар. Муну ар кандай ММКларга чыккан аудио жана видео жазуулардан тактап койсо болот.
- Эсеп палатасы дагы, тергөө органдары да Түлеевдин шаар казынасына алып келген зыянын так эсептеп бере албай жатышат. Бирок, айыптоочу тарап тергөөнүн башында турган Салиевдин колу менен эсептелген сандарды зыяндык так көлөмү деп айтышууда. Бир карасаң, бул абдан күлкүлүү нерседей. Буга не дейсиз?
- Теориялык жактан алганда зыяндын көлөмүн тергөө экспертизанын жардамы менен эле эмес, тергөө жолу менен да аныктаганга болот. Бирок, тергөө органы өздөрүнүн версиясына эмне менен негиздеп жатканы мага дагы табышмак бойдон. Айталы, таштанды тазалоочу машиналардын баасы тууралуу кайсы бир сайттын принт-скрин көчүрмөсү ишке тиркелген эмес. Тергөө айтып жатат, зыяндын көлөмү аудитордун чыгарган жыйынтыгы менен деп, бирок, аудитор соттогу көрсөтмөсүндө өз оозу менен аудиттин жыйынтыгын тергөө органдарынын документтерине таянганын, ал тургай аны жазууда бир аз "аша чаап" кеткенин мойнуна алганын бүт коомчулук укту го?! Мындан өзүңөр эле жыйынтык чыгаргыла, тергөөнүн далилине биринчиби же аудиттин жыйынтыгыбы? "Тоок биринчи же жумуртка биринчиби" дегендей эле сөз. Менимче, тергөө башында эле жаңылып калган жана ал катышкандардын баарын жаңылтуунун аракетин көрүүдө.

Маектешкен
Жангороз Эсенгелдиев




Өкмөт башчы Оторбаевдин ишине кандай баа бересиз?
Көп жылдар бою батышта иштеп, либералдык идеяларга сугарылган, бир катар жылдар бою батыш компанияларынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн жетектеген, тажрыйбага мол Жоомарт Кайыпович өлкө оор кырдаалга кептелгенде премьер-министрликке келди. Кандай гана көйгөй болбосун, биринчиден, анын себебин туура тапканыбыз оң. Силер көрсөткөн көйгөйлөрдүн себеби, ушул премьер-министр Оторбаевби? Премьер-министрдин колунда маселе чече турган ыкмалары барбы? Негизи эле Жоомарт Оторбаевдин бүгүнкү иш аракетине коомчулук, анын ичинен коомдук ишмерлер кандай сын, баа бере алышат. Биз буга жооп издеп көрдүк.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу:
- Мындай да. Арабага атты кошобу, эшекти кошобу же өгүздү кошобу ошол арабанын ээси чечет. Эмнени айткым келет. Өкмөт жаман эмес. Ушул өкмөттү кызматка алып келгендер жаман деш керек. Бир жылда экиден өкмөт шайлашса да мыктысын табыша албагандан кийин, "Элди да, өзүбүздү да кыйнабай кетели"- дешип өкмөттү тандагандар чындыкка тике карап, орунга жабышпай кетүүлөрү керек.
Өкмөттө эмне күнөө. Аларды чөөдөй болуп туш тарабынан талап иштетпей жатышпайбы. "Ээси көп болсо кой арам өлөт"- дейт. Бул өкмөттүн "120 ээси" бар болуп жатпайбы. Анан кантип иштешет. Бири чөлгө бас десе, бири көлгө сүйрөйт. Азыркы иштеп жаткан өкмөттүн башындагыдай тагдырды мен душманыма да каалабас элем. Жыйынтыгын айтсак, мамлекетти башкаруу системабыздын башаламандыгында. Мындай башкаруу системасын менимче кыргыздын мамлекеттүүлүгүн алсыратып жок кылууну максат кылган ички диверсант душмандар атайылап түзгөн болсо керек. Өкмөттүн аппаратында иштеген бир бөлүм башчыны "шпион" деп кармап камашты деп окудум. "Шпиондор" андан жогоруда отурушат. Мамлекетти чалмакей чалып. Тартип, жоопкерчилик деген түшүнүктөр такыр жок болду да. Кайда баратканыбызды эч ким түшүнбөйт.

Үсөн Касыбеков, журналист:
Менимче ал экономиканы жакшы түшүнөт. Алдым-жуттумдугу жок, жөнөкөй адам. Асыресе премьердиги кыйын учурга туш келип калды. Дүйнөлүк экономикалык кризис циклдик мүнөзгө өттү деп жатышпайбы. Демек, мындай кырдаал жеке бизде эмес, бүткүл дүйнөдө жүрүп жатат.

Руслан Бекназаров, жаш саясатчы:
- Жоомарт Оторбаев негизи мыкты экономист. Бирок, Кыргызстандын ички маселесине, мүмкүнчүлүгүнө туура багыт бере албагандай. Же ар кошкон фракциялар толук кандуу иштегенге мүмкүнчүлүк беришпегендей болууда. Болбосо, айрым премьер-министрлерге караганда билими да, топтогон тажрыйбасы да бул кишиде жетиштүү.

Руслан Акматов:
- Өкмөт орто иштеп жатат. Бир-эки сөз менен жеткире албаймын. Негизи эле өкмөт эмес, бул системанын өзү туура эмес. Биз тээ башында отурганда эле ээрге кыйшык отурдук. Бул система бизге жарабайт экен. Балким өкмөт иштеп жаткандыр, бирок система иштетпейт.

Досалы Эсаналиев:
- Азыркы өкмөттүн түзүлүшү жаңыча саясий система менен түзүлүп жатат. Коалициялык көпчүлүк деген бар, мын ошолор түзүшөт. Бирок алар түзүп коюп эле, өкмөткө колдоо көрсөтүшпөй жатпайбы? Өкмөт жаңыча иштебей, 3, 5, 10 жыл мурун кандай иштесе, азыр деле ошондой иштеп жатышат. Эң негизгиси реформалар ишке ашпай жатат. Премьер укмуш кыйын болгон күнү да, реформалар ишке ашмайын ийгилик болбойт...

Мирлан Алымбаев









??.??