presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Темир Бирназаров, кинорежиссер, "Тазар" кинокомпаниясынын жетекчиси:
"Темир жетекчи болуп келсе коррупциянын баарын казып чыгат, бизди сөгөт деп ыйлакташып..."
- Темир мырза, сөзүбүздү сиздин акыркы жараткан "Кумардын" ийгилигинен баштайлы. Кандай болду? Азыр кандай чыгарма менен алексиз?
- "Кумар" менен бир нече абройлуу кинофестивалдарга катыштык. Анын ичинде Россиянын айтылуу "Ника" сыйлыгына да башкы талапкер болдук. Акыркы жолу Австрияга да алып барып келдик. Россиянын, Казакстандын кино сынчылары сын жазып жатышат. Бул кинону бир топко чейин элге тартуулабай турдук эле, акыры жаш балдар суранып жатып, кинотеатрларда бир нече жума көрсөттүк. Жалпысынан алганда ийгилиги жакшы. Бирок кинотеатрга койгондо эл азыраак келди. Мен мындай болоорун мурун эле билгем. Анткени, менин кинолорум жеңил-желпи эмес, оор темадагы психологиялык кино. Аны адамдардын баары эле туура түшүнүп, туура кабыл ала беришпейт. Мен кинолорду коммерциялык багытта эмес, чыныгы чыгарма катары тартам. Андан тышкары, 7-8 жылдан бери идиреги бар чакан топтогу балдарды кинорежиссерлукка окутуп келатам. Окуу мөөнөтү ар кандай, окуучулардын кабыл алуусуна, түшүнүгүнө жараша бир жылдан эки жылга чейин созулушу мүмкүн. Ошондой эле жаш режиссерлордун сценарийине жардам берем, кеңешимди айтам. Ар дайым жаңы долбоорлордун үстүндө иштөөгө аракет кылабыз. Мына жакында эле окуучуларым менен бирге кыска-кыска роликтерди тартып жатабыз. Роликтер саясат, социалдык тармактардагы терс көрүнүштөр боюнча тартылууда, буюрса жакында коомчулукка тартуулайбыз. Чоң кино тартууга камданып жатабыз, азыр аны айтпай эле турайын.
- "Курманжан датка" тууралуу эмне айтасыз? Кыргызстандын атынан "Оскарга" көрсөттүңөр. Ошол сыйлыкты алышы мүмкүнбү?
- Бул кинодо баарыбыз жалпылап иштедик. Баарыбыздын жемишибиз деп эсептейм. "Оскарды" алса сонун болот эле. Себеби, бизде ич ара казактар, өзбектер, тажиктер менен кино жаатында абройлуу сыйлыктарды алуу боюнча атаандаштык, эрегишүү бар. Океевдин "Ак илбирстин тукуму" учурунда дүйнөдөгү абройлуу сыйлыктардын бири "Күмүш аюуну" алган, ошону менен биз алдыда болчубуз. Бирок былтыр казактар "Гармония сабактары" деген киносу менен ал сыйлыкты алышып, бизге теңтайлашты. Тажиктер бизден алдыда, анткени алар Венециядан чоң сыйлык алышкан. Эми азыр дүйнөдөгү кино фестивалдарда өзүнчө бир мафиялык көрүнүштөр бар. Мисалы, Россияны жамандаган кинолор бааланат, андай кинолор алып жүрөт. Акыркы 4-5 жылда "Оскарды" болбогон эле кинолор алып жүргөнүн көрүп, иренжиген учурларыбыз болду.
- Жаңы министр Максүтов өзү режиссер эмеспи. Кино жаатындагы көйгөйлөргө көңүл буруп жатабы?
-Жаңы министрдин буга чейинки жасаган иштерине таянып, ошого кубанабыз да. Ишти алып кетерине чоң ишеним бар. Эң башкысы ишти, көйгөйдүн баарын билет. Азыр жалпы ишти өздөштүрүп жатат окшойт. Мына ошол көйгөйлөрдү чечип, маданият тармагындагы өөрчүп кеткен коррупцияны азайтып, тазалоого аракет кылып баштаганын байкап жатабыз. Баарын тазалап койсо, башкалар жасабаган ишти жасап койсо жакшы болмок. Мына мен 10 жылдан бери мектеп программасына кыргыздын 100 мыкты киносун киргизип койгула деп көп министрлерге кайрылдым. Кыргызстанда ондогон улуттун өкүлдөрү жашайт. Алардын балдары мектепте окуйт, анын баары кыргыздын керемет киносун көрүп, кыргыздын идеологиясына сугарылып өссө, кыргызга болгон көз карашы өзгөрүп, таалим - тарбиясы башка болмок. Ошондо элибизди, жерибизди сыйлаган атуулдарды тарбиялаган болот элек. Сүрөтчүлөрдүн мыкты эмгектерин да киргизүү керек. Ушул ишти эч ким колго албай койду. Азыр окуучулар эмнени көрүп өсүп жатат? Ошто жалаң өзбектердин киносун көрүшөт. Бишкекте Голивуддун, орустун киносуна сугарылып жатышат.
- Башкасын айтпаганда да, кино жаатында коррупциялык көрүнүштөр көп. Каратып туруп чоң акчаларды жеп алгандар арбын. Анын баарын сиз жакшы билесиз. Бул маселелер боюнча жаңы министр чара көрө турганбы? Айттыңарбы?
- Кыргыз киносундогу коррупцияны өзүң журналисттик иликтөө кылып, гезитке сандан-санга кеңири кылып жазып чыкпадыңбы. Тилекке каршы, бийликтегилер гезитке жарыяланган ошол далилдерге кол шилтеп, көңүл бурбай жатышпайбы.
3-ноябрь күнү министр Максүтов бардык киночуларды Кино үйүнө чогултуп, чоң жыйын өткөздү. Ал жерде кино тармагындагы коррупциялык иштер, схемалар ачык айтылды. Министр жетекчилерге жалган отчетуңарды токтотуп, болгонун болгондой ачык айткыла деген талапты койду.
Бир мисал айтайын, 20 жылдан бери "Кыргызфильмдин" жетекчилиги ар бир киного бөлүнгөн каражаттан, студиянын жалпы чыгымына деп жок жерден эле 20 пайызын кармап калат. Ал акча каякка кетет? Албетте, сол чөнтөктөргө солонот да. Мисалы, бир киного 3 млн. сом каралса, анын 20 пайызын (600 миң сом) дароо кармап калышат. Антип кармап калуу боюнча мыйзам да жок. Ушундай да болобу? Мунун баары ал жыйыналышта ачык айтылды, министр эми көзү жетип, түшүнө баштады окшойт. Ошол эле кинодогу биздин жетекчилер режиссерлорду чет өлкөлөргө ар кандай кинофестивалдарга чакырганда, өздөрүнө чакыруу жок болсо да өлөрманданып кошулуп алып барып келишет. Же алардын эч пайдасы жок, маселе чечпей, ашка жүк, башка жүк болуп жүргөндөн да уялып коюшпайт. Булар мамлекеттин каражатын жегенден башка бир тыйын да пайда алып келишкен эмес. Аны өздөрү да жакшы билет, өлбө жаным, өлбө болуп, беттерин тултуйтушуп басып жүрүшөт. Жалган отчет бергенди укмуш өздөштүрүшүп алышкан, кооз сүйлөгөндү укмуш билишет. Жогору жактагы чоңдордун башына бат эле чай кайнатып коюшат. Кыскасы, тилинен башка берекеси жок. Анан иштеген ишин көрсөң иренжийсиң. Мына "Кыргызфильмдин" кебетесин көрүп жатасың. Аткана бул жакта калсын. Артыбызда дунгандардын көрүстөнү жармашып турат, караңгыда арт жагынан келсең байкабай көрүстөн аралап кетесиң. Бир жак капталындагы дубалга ар ким үйлөрүн жармаштырып салып алышкан. Имараттын баары эскирген. Коридор, бөлмөлөр капкараңгы. Терезе, эшиктер сынган. Айтор, оңолуунун ордуна аркабыздан кетип эле баратабыз.
- Кино жетекчилер деп жалпылап айтып жатпайсызбы. Аттарын ачык эле айтпайсызбы?
- Ачык эле айтам. Жогоруда мен айткан сөздөргө азыр маданият министринин орун басары болуп олтурган Мукталы Бектеналиев толук татыктуу. Ал буга чейин жасаган ар кандай тескери иштери үчүн эчак камалып кетмек. Жүрөт, кызматтан кызматка секирип. Жакшы уурдайт экенсиң дештиби, айтор аны департаменттин жетекчилигинен кайра өйдөлөтүп, министрдин орун басары кылып койбодубу. Өтө шуулдак. "Макулдун башы оорубайт болуп", эмне айтсаң да баарына макул боло берет, бирок эч качан аткарбайт. Бул киши эзели киши менен да урушпайт. Танса, укмуш танып кетет. Сымаптай гана мөлтүлдөп турат, карматпай. Анын болгон мүнөзүн айтып жатам. Менин ага эч кандай кусаматчылыгым жок. Канча жылдан бери олчойгон кызматтарда жүрөт, бирок эч бир иш жасабайт. Болгону ушуга күйүп жатам. Мени жалган жалаа жаап жатат десе айтылгандарды текшерсин, керек болсо сотко берсин. Былтыр биз менен кошо Евразияга кинофестивалга барып келди. Кимдин эсебинен барды? Эмне иш бүтүрүп келди? Эмнеге барган максатын да билбейт. Биздин аркабыздан бекерпоз болуп ээрчип жүрөт. Андай фестивалдарга жетекчилер барбайт. Андан кийин бир кыздын жеке менчик бир киносун көтөрүп алып, Кореядагы фестивалга барды. Ал кызга айтып да койбоптур. Эми ал кыз сотко берем деп жүрөт окшойт. Президент саякаттаганыңарды токтоткула деп какшап жатса, булар аны уруп ойнобой кыдырып жүрүшөт. "Кыргызфильмдин" жетекчиси Гүлмира Керимова болсо биздин автордук кинолорду сурап койбой, Эстонияга алып барып көрсөтүп келди. Айтып да койбойт. Азыр аны продюсер Эмир Сарпашев сотко берем деп жүрөт. Жетекчилер чыгармачыл адамдарга шарт түзгөндүн ордуна, өндүрүштү жылдыргандын ордуна ушинтип ар кайсы мамлекеттерди кыдырып жүрүшөт.
- Керимованын "Кыргызфильмде" жетекчинин милдетин аткарып олтурганына 6 айдан ашты. Дагы эле бекий элек. Ал эмне иш кылып, кандай өзгөрүү кылып жатат?
- Эч кандай өзгөрүү кылган жок. Кулмендеевдин учурунда 3-кабаттагы терезелер талкаланып турган, Керимованын учурунда ого бетер талкаланып, ал жерге фанера кагылып калыптыр. Мына болгон өзгөрүү! Эми киностудиянын айланасын көрсөңөр толтура акыр-чикир. Бактар башаламан кыркылган. Жөн эле кускуңар келет. Жогоруда айттым, студиянын бир капталын көрүстөн басып калса, бир капталын ар кимдин салып алган үйлөрү басып калды. Кино тартууга акча бөлө келгенде, директор ар кайсы режиссерго ар кандай суммада берет. Өзүнө каяша айтпагандарга албетте көп берет. Айрым учурда мурун эле тартылган кинолорду быйылкы же эмдиги жылкы планга киргизип коюшуп, акча жасашат. Мисалы, "Сезим" (бир аты "Керээз") деген кинону "Манас" университетинин студенттери эчак тартышкан экен. Аны Мамбетакунов деген режиссер кайра тартып, ага 400 миң сом кеткен имиш. Көркөм кеңештен да өткөн эмес. Мына булар ушинтип акча жасашат. Бул билингени эле, билинбегени толтура да. Мындан тышкары, "Кыргызфильмден" бөлмө алып олтурганыбыз үчүн мен, Эрнест, Садык баштаган ондогон адамдар ижара төлөйбүз. Айтор, ижарадан да бир топ каражат чогулат. Бирок аны кайда, кайсыл ишке коротуп жатканы да белгисиз.
Эсептөө палатасы баштаган бир нече текшерүүчүлөр келип бир топ былыктарды ачыкка чыгарышып жатышат. Менден да "Кумарга" алган каражаттан "Кыргызфильмге" 20 пайыз берипсиң, эмнеге бердиң, ал акча эмне пара беле? -деп түшүнүк кат жаздырып кетишкен. Бирок далай былыктарды казышкан менен, алар боюнча чара көрбөй эле жаап коюп жатышпайбы. Мына азыр Керимова "Кыргызфильмде" көп жылдан бери жоюлуп кеткен, башкы инженердик кызматты кайра ачып, ага маданият министринин орун басары Айнура Темирбекованын күйөөсүн дайындады. Анын жадагалса оператордук билими да жок неме экен. Бизде ушундай өзүм билемдиктер көп.
(Башы 6-бетте)
Эми Алтынбек мунун баарын тартипке келтирет деп ойлоп, үмүт кылып жатабыз. Себеби анын ушул жерде студиясы бар, ижара төлөйт. Көп жылдан бери жашап, иштейт. Ал өзүнүн акчасына студиясы жайгашкан имараттын экинчи кабатын бүт оңдотуп чыкса, аны көргөн директор: "Эмнеге оңдотосуң, ишиң болбосун, сенден ким сурады эле" - деп чакчаңдаганын бул жерде көпчүлүк жакшы билет. Министр командасын жаңыртып, министрликтеги шылуундарды кызматтан айдап, биринчи кезекте министрликтин аппаратын тазалашы керек. Ансыз болбойт. Алтынбек абдан оор учурда министр болуп келди. Эми ошого жараша абдан катуу иштеши керек.
Кино тармагындагы ушундай өзүм билемдик, коррупциялык иштерди канча айтканыбыз менен көптөн бери эч кандай майнап чыкпай жатат. Мен эле жеке айтканым жок, башкалар деле айтып жатышат. Бирок мен баарын ачык айтам. Ошон үчүн "Айткандын оозу жаман" деп көптөргө жек көрүнүп да бүттүк.
- Кинодепартаментке караштуу кинопрокат деген чоң мекеме бар? Ошол мекеме эмне иш аткарат? Мамлекетке кандай пайда келтирип жатат?
- Пайдасына караганда зыяны чоң экенин далилдер менен айтып берейин. 20 жылдан бери кинопрокат деген шылтоо менен союздун, АКШнын, Индиянын ж.б. мамлекеттердин болжол менен 400-500дөй эски кинолорун пленка түрүндө сактап жатабыз деп, мамлекеттен жыйырма жылдан бери миллиондогон сом алышат. Ал мекеменин аймагы абдан чоң да. Союз тарап, прокат жүрбөй калгандан кийин аны киноархив деп атын өзгөртө коюшту. Маселен, ал архивде жаткан кинолорду тарткан мамлекеттер менен эч кандай келишими да жок. Келишим түзүшкөн эмес. Демек, ал кинолорду көргөзгөнгө, сактаганга, сатканга да эч кандай укугу жок. Эгер кайсы бир кинону сыртка чыгарып, колдонууга аракет кылышса, дароо ошол эле Россия же башка мамлекет сотко берип, олчойгон айыпка жыгат. Себеби келишим жокпу, кайсы кинону болсо да колдонууга да акысы жок. Эң кызыгы ал кинолордун пленкалары эскирип, эчак жарактан чыгып акыр-чикир болуп калган. Ал архивде сакталып жаткан кинолорду азыр Ош базардан 50 сомго сатып алсаң болот. Эмнеге сактап олтурасыңар десек, "Жогору жактан көрсөтмө болмоюнча сактай беребиз" - дейт. Ушундай схема менен акча таап, өз чөнтөктөрүнө иштеген кино прокаттын кимге кереги бар? Учурда республикадагы 38 кинотеатр ушул биз сөз кылып жаткан кино прокатка караштуу. Анын жетекчиси Бектеналиевдин бекиткен кадры Урмат Айталиев деген жигит. Мисалы, ошол 38 кинотеатрдын ар бири айына болбой калды дегенде 1млн. сом тапты дейли, анткени, көрсөтүлгөн кинолордон түшкөн каражаттын 50 пайызы кинотеатрда калат. Демек, бир жылда орто эсеп менен 38 млн. сом топтойт. Булар болсо ошол 38 кинотеатрдан болгону 4 млн. сом топтодук деп жалган отчет берип жатышпайбы. Калган ондогон миллион сом кимдин чөнтөгүнө түшүп жатат? Дагы бир мисал, Бишкектеги 4 кинотеатр айына 500 миң сом ижара төлөйт. Анын 30 пайызы мамлекеттик мүлк фондусуна кетет. Он айда ижарадан эле 4 млн. сом түшөт, мейли 30 пайызы мамлекетке кетсин, калганы каякка кетип жатат? Мунун баарын текшерсе абдан көп былыктар чыгат. Кыскасы, ушундай схема менен иштеген кино прокатты эчак жоюш керек эле, болбосо ага жаңы милдеттерди тагып "Кыргызфильмдин" өзүнө караштуу кылып коюу зарыл. Кино прокат биздин мурунку жана азыркы кинолорубузду чет өлкөлөргө сатып, прокат кылышы керек эле. Мисалы, өзбектер киносун орустарга сатып жатат. Ал иш да колунан келген жок. Өздөрү иштете албай, ар кайсы кинотеатрды ар кимге ижарага берип коюп, ошол акчаны чогултуп коюп олтурат. Францияда кинону өнүктүрүү боюнча мындай модель иштейт экен. Мисалы, кайсы мамлекет өз кинолорун Францияда көрсөткүсү келсе, анда ал жактын мыйзамы боюнча кинодон түшкөн каражаттын 30 пайызын Франциянын улуттук киносун өнүктүрүү кинофондуна төгүшү керек. Ушул моделди биз да кабыл алалы деп мен сунуштап келатам. Тилекке каршы кабыл албай, укпай жатышат. Кабыл алсак, кино тармагыбыз мындан да жанданып, өнүгөт эле.
- "Кыргызфильм" менен жогоруда айткан кино прокаттын үстүнөн карап, акча бөлүштүргөндөн башка иш кылбаган кинодепартаментти да жоюу керек деген сунуштар айтылып келет...
- Кинодепартаменттин да эч кандай деле кереги жок, аны да жоюу зарыл. Анткени, ал өз милдетин так аткара алган жок. Бир эле мисал. Кинотеатрлардан түшкөн акча менен эски кинотеатрларды оңдош керек эле. Буга чейин бир да кинотеатрды оңдогон жок. Жабдыктарды алыш керек эле, бир да жабдык алган жок. Айтор, бул департамент тууралуу айта берсек, сөз көп.
- Ушундай көйгөйлөрдү дайым айтып жүрөсүз. Жетекчилик кызматтарга сынактар жарыяланып жаткансыйт. Сиз да катышып, жетекчи болуп, айтылган көйгөйлөрдү чечпейсизби?
- Былтыр Султан Раев министр болуп турганда мени чакырып "Кыргызфильмге жетекчи болуп бериңиз" - деп сураган. Макулдугумду бергем. Бирок ошол жерден Бектеналиев: "Темир жетекчи болуп келсе, коррупциянын баарын казып чыгат, бизди, айрыкча мени сөгөт" - деп ыйлактап жиберген. Ошону менен орто жолдон оюн болуп, сынак өткөрүмүш болуп, акырында Бектеналиев өзүнүн унчукпаган орун басары Керимованы алып келип олтургузуп койду. Так айтканда, Мукталы мырзага бул жерде өзүн уккан, оң-сол ишти калчаган ыңгайлуу, өзүнө табакташ боло турган кишилер керек. Мен келсем, алар менен табакташ болбойм да, болгонун болгондой айтып, чындыкты мыйзамдуулукту талап кылам.
- Сизди кесиптештериңиз айтканга көнбөйт, кыялы чорт, терс аяк деп ушундай себептерден улам айтышабы? Ар кандай иштерди сизди көндүрүүгө аракет кылгандар көп эле болсо керек...
- Туура, баамдагансың. Чындыкты чыркырап айтып чыккандар илгертен кимге жакчу эле. Алар ханга да, бийге да жакпайт. Айрым кесиптештерим эмне деген жолго салууга аракет кылды, аны да ачык айтып берейин. Алар мени көп учурда кафе-ресторандарга чакырып, "Темир, сен "Кыргызфильмге" ижаранын акчасын төлөбөй эле кой. Аны чечип коёбуз" - дешет. Эмнеге төлөбөйм? Төлөйм! Эртең төлөбөй коюп, көйгөйлөрдү айтып чыкканда: "Койчу, Темир сен деле ижара төлөбөй бекер олтурбайсыңбы" - деп жаагымды жапканга аракет кылышат да. Анан, мен алардын алдаганына ушинтип көнбөй жатсам, терс аяк болом да. Бирөөгө бир нерсени айтаардан мурун, өзүң таза болушуң керек да. Иши кылып, айрымдар мени көп нерсеге илгенге аракет кылышат.
Маектешкен Айбек Шамшыкеев











??.??