presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Мааракеси кут болсун, бирок...

Кечээ, 10-ноябрда биринчи президент Аскар Акаевдин туулган күнү болду. 70 жашка чыгып жетине албай турганы менен эли-жерине жете албай, мааракесин Маскөөсүндө белгиледи. Кыргызстанда болсо аны актагандар, акырындап мактагандар пайда боло баштады. А түгүл басма сөз беттерине бакыйтып макала жазып, мааркесин өткөрөлү деп жактагандар чыкты. Бирок Акаевдин аялына алы жетпеген алсыздыгы, кыргыз жерин, байлыгын талаган арсыздыгы элибиздин эсинен оңой менен эле кете койбостур. Бул туурасында айрым аттуу-баштууларыбыз эмне дээр экен?

Тынчтыкбек Чоротегин, тарых илимдеринин доктору, профессор:
"Өзүнүн тарыхый ордуна өзү кедерги тийгизди..."
- Ар бир коомдук жана мамлекеттик ишмердин, илимпоздун, өнөрпоздун жана башка тарыхый инсандардын мааракелери белгиленүүсү керек. Аны ар кыл деңгээлде белгилөөгө болот. Кыргыз эли көзү тирүү инсандардын салымдарын, ийгиликтерин жана жосунсуз жоруктарын (эгерде ошондой жагы бар болсо) таразалап, калыс баалай алган эл. Манасты деле "дардая түшөт экенсиң" деп ачык сынга алгандар болгон.
Албетте, көзү өткөн кишини адатта, акыркы сапарга узатып жатканда жамандашпайт, бирок анын сөөгү коюлгандан кийин убакыт өткөртүп, кыйла кийинчерээк чыкчу китептерде жана макалаларда маркумдун деле кемчиликтери айтылбай койбойт. Болбосо Абыке-Көбөштү, Канчорону сындаган дастандык саптар таптакыр жаралбас эле да.
Академик Аскар Акаев мырза 1980-жылдары эле маалымат технологиясы тууралуу билимди кыргыз тилинде таркатууга аракет кылган окумуштуу катары алкоого татыган. Анын алгачкы бийлеген жылдарында реформачыл иш-аракети, демилгелерге жол тоспогон, демөөрчү болгон мамилеси тарыхта калыс жазылып келет. Албетте, үй-бүлөлүк башкарууга, авторитардык ыкмага жол берип, туңгуч президент катары өзүнүн тарыхый ордуна өзү кедерги тийгизип алды, акыры элдик ыңкылаптын натыйжасында ата журтунан бозгунга кетти. Аскар Акаевдин терс жактары тууралуу анын жакындары 70 жылдык мааракеси күнү эч унчукпаса да, анын оппозициясы бул торколуу той күндөрү деле тайманбай сөз кылаары айдан ачык.
Тарыхтын күңгөй-тескейи эртедир-кечтир бүт ачыкталаарын бөркүбүздөй көрүшүбүз керек. Кыргызстанда мындан ары авторитардык башкарууга биротоло бөгөт коюу үчүн мурдагы бардык оң жана терс коомдук көрүнүштөр жана саясий жүрүмдөр азыркы парламенттик демократияга багыт алынган өткөөл доордо ачык талданууга тийиш.

Надира Нарматова, ЖКнын депутаты:
"Акаевдин убагында өлүм-житим болгон эмес..."

- Ар бир адамдын кетирген кемчилиги бар. Түз жүргөн адамдар бүгүнкү коомдо аз эле болбосо, дээрлик жокко эсе десем жаңылышпайм. Акаевдин кемчилиги тоодой экендигин жокко чыгарып болбойт, албетте анын кылган күнөөсү өтө чоң. Бирок кыргыз эли Акаевдин күнөөсүн эске алып эле аны жамандай берсек, анда биз туура эмес кылган болобуз. Албетте, Акаевдин жакшы жагы деле жок эмес. Жаман да болсо ал биздин туңгуч президентибиз. 15 жылдан ашуун мамлекетти башкарды. Акаевдин президент болушу менен, Кыргызстан эгемендүү өлкө болдук, мамлекеттик атрибуттарыбыздын баары ошол мезгилде кабыл алынды. Анын убагындө өлүм-житим деген болгон жок. Ошондуктан Акаевди күнөөлөп, ага кек сактабай кечиримдүү болуп, аны кечирсек деле туура болот. Ал келип кетирген кемчиликтерин, күнөөлөрүн мойнуна алып элден кечирим сураса, биз аны кечиришибиз керек.

Кубат Оторбаев, КТРКнын мурдагы директору:
"Акаев жакшы иштегенде анын жүзү жарык болмок..."
- Акаевге укук коргоо органдарынын бере турган суроолору көп. Себеби Акаев Кыргызстандын начар өнүгүшүнө чоң салым кошуп кетпедиби. Эгер Акаев жакшы иштегенде, анда ал Кыргызстанга жүзү жарык болуп, 70 жылдык мааракеси дагы мамлекет тарабынан белгиленмек да. Акаевдин кетирген кемчиликтеринин бирөөсүн эле алалы, мисалы "Кумтөр" боюнча, баласы Айдар Акаев аркылуу, үй-бүлөлүк бийликтин дагы бир мүчөсү болгон ошол кездеги өкмөт башчы Николай Танаев аркылуу "Кумтөр" Кыргызстанга өтөөр маалда келишимди өзгөртүп, Канаданын карамагына өткөрүп салып жатышпайбы. Акаев башкасын коюп, мына ушул маселе боюнча эле жооп берсе, чоң жоопкерчиликке тартылат.

Осунбек Жамансариев, юрист:
"Жеп-ичкенин кайтарышы керек..."

- Аскар Акаевдин келиши тууралуу акыркы учурда көбүрөөк айтыла баштады. Анан 70 жылдык мааракесин өткөзүш керек дегендей, а көптөгөн мыйзамсыз менчиктешкен мүлктөр, "Кумтөр" жана миллиондогон акча алып чыгып кеткендиги боюнча эмне кылыш керек? Кыргызстанга алган акчадан кайтарса туура болот деген ой бар.

Самсаалы Четимбаев, коомдук ишмер:
"Акаев баштаган калктын көйгөйүн Бакиев уланткан..."
- Мен Аскар Акаевдин Кыргызстанга келишине каршы эмесмин. Бирок, Аксы окуясынан жабыркаган адам катары айтсам, ал киши мыйзам алдында жооп бериш керек. Баарыбыз билебиз "Кумтөр" чыр- чатагынын башы бул кишинин тушунда башталып, азыркыга чейин бүтпөй келет. Аксы окуясын алсак, канчалаган мекендештерибиз жабыркаган. Ушунун баарына кимди күнөөлүү дейбиз, албетте, Акаевди. Союз учурундагы канчалаган завод, фабрикалардын жок болушуна, Кыргызстандын олчойгон карызга батып калышына, электр энергиясы боюнча маселелердин чыгышына, Үзөнгү-Кууштун сатылышына окшогон чоң-чоң маселелерди жаратып качып кеткен президентти моралдык жактан күнөөлүү болгону менен юридикалык күнөөсү жок деп жатышат. Бакиев уланткан буга окшогон маселелердин түбү Акаев заманына барып такалып жатпайбы. Ал эми мааракесин өткөрөбү же өткөрбөйбү ал кишинин өз иши.

Осмонакун Ибраимов, коомдук ишмер:
"Окумуштуу адам катары ал кишинин мааракесин өткөрсөк болмок"
- Аскар Акаев кааласак да, каалабасак да Кыргызстандын биринчи президенти катары тарыхта аты жазылып калды. Кыргызстанда дипломатияга сиңирген эмгеги үчүн, окумуштуу адам катары ал кишинин 70 жылдык мааракесин өткөрүш керек болчу. Байкашымча, азыркы өкмөт буга каршыдай. Минте берсек оңолбойбуз. Кеткен адамды эле жектей берсек болобу. Ал киши киши өлтүрбөсө. Ар бир адамда кемчилик болгон сыяктуу, бул өкмөттө да оркойгон кемчиликтер бар. Өкүнүчтүүсү ошол учурда айтылбай кеткенден кийин артынан айтылып калганы болуп жатпайбы.

Маамытбай Салымбеков, КСДП фракциясынын депутаты:
"Мааракесин өткөрүү тууралуу сөз да кылбашыбыз керек"
- Биринчиден, Аскар Акаев келбейт, анткени ага иш козголгон. Экинчиден , мааракесин өткөрүү жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Эгер, кыргыз калкынан кечирим сурап, реабилитациядан өтсө анда келсе болот эле.


Кыялбек Урманбетов, акын:
Түгөлбай Сыдыкбековдун ак батасы менен президент болгон, ак батаны актай алган жок
- Аскар Акаев Кыргызстандын биринчи президенти катары тарыхта калды. Бирок, кандай ат менен калды кеп ошондо. Эл ага ыраазыбы деген суроо туулат. Эл баатырыбыз Түгөлбай Сыдыкбековдун ак батасы менен ишин баштады эле, элдин батасын алып ордун өткөрүп бере алган жок. Ал эми, 70 жылдык мааракеси жөнүндө анын жакшылыгын көргөн адамдар өткөрөбүз деп жатышса керек. Эгер келсе, эл кайра дүрбөп чыгышы мүмкүн. Ошондуктан, элдин тынчтыгы керек го дейм. Аскар Акаев илимпоз- окумуштуу катары мыкты инсан

Даярдаган Мирлан Алымбаев, Гүлмира Шаршеева









??.??