Жоомарт Оторбаев, Премьер - министр:
"Текебаев менен мамилем жакшы,
бирок мен бир фракцияны укпайм..."

(Башы өткөн санда)
- Чечилбеген чек ара маселеси боюнча качан чечкиндүү аракеттер көрүлөт? Башкасын айтпаганда да, Өзбекстандын кыйноосун тарткан байкуш Барак айылындагы мекендештерибиз ата-бабабыздан мураска калган жерди таштап, башка жакка көчүп жатышпайбы...
- Чек ара маселеси бир тараптуу эмес, эки тараптуу чечиле турган өтө чоң маселе да. Ошондуктан биз өзүбүз каалаган аракеттерди ишке ашыра албайт экенбиз. Андыктан кошуна мамлекеттер менен конкреттүү жана активдүү түрдө иш жүргүзүшүбүз зарыл. Бир топ жылдан бери Өзбекстан жана Тажикстан менен делимитация, демаркация боюнча эки тараптуу комиссия иштеп жатат. Убактысы созулуп жатса да, кырдаалга жараша аз да болсо жыйынтык чыгып жатат. Биздин өкмөттүн өз принциптери, алдыга койгон максаты бар. Кудай буюрса, аны колдон келишинче кыска мөөнөттө ишке ашырууга аракет кылабыз. Чек арачыларды колдоого алып, алардын айлыгын, санын көбөйтүп, жаңы заставаларды куруп жатабыз. Ал эми сиз айткан Барак айылынын көйгөйүнө өзгөчө көңүл бурушубуз зарыл. Акыркы учурда таза суу, жол, электр энергия маселелери менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Аталган айылдын дээрлик бардык тургундарына Ош облусунан үй салууга жер тилкелерин бөлүп бердик. Бирок бул деген Баракты таштап, карабай коюу дегенди билдирбейт. Себеп дегенде, мен ал айылдын жашоочулары менен сүйлөшкөнүмдө алардын аксакалдары: "Биз туулган айылыбызды таштап кетпейбиз. Биз өзүбүз Ошко там салсак да, бул жерде балдарыбыз жашап калышы керек"- деп өз ойлорун билдиришкен. Демек, өкмөт алардын ой-максатын ишке ашырууну колдоого алууга милдеттүү! Калган элге толук шарттарды түзүп берип, чек арачылардын санын көбөйтүү зарыл. Барак айылында суу тартыш эмес. Илгертен пахта өстүрүп, мол түшүм алып келишкен. Андыктан өкмөт келечекте Барак айылында чоң деңгээлде айыл чарба кооперативин уюштуруу маселесин да колго алышы мүмкүн.
- Талапка ылайык кооператив уюштурууга өкмөттүн кудурети жетеби?
- Жетет. Бул маселени ишке ашыруу биз үчүн приоритет да.
- Кышка даярдык деген чоң маселенин күңгөй-тескейин кеп кылалы. Токтогул ГЭСиндеги суунун аздыгы арбын азапты тарттырганы турат. Жакында эле кымбат болсо да Казакстандан электр энергия сатып алуу маселеси ишке ашты. Ошентсе да, байма-бай өчүрүүлөр башталды дегендей...
- Жазында гидрометеорологдор быйыл өлкөдө суунун орточо көлөмү 80 пайызды түзөт деп өз божомолдорун айтышкан. Бирок иш жүзүндө 80 эмес, 60 пайызга чейин азайып кетти. Себеби кургакчылык өз өкүмүн узакка сүрүп туруп алды. Ошон үчүн Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырганда 4 млрд. кубга аз болуп калды. Мунун айынан өлкөдө электр энергиянын дефицити 2,4 млрд. киловатт саатты түзгөндүктөн улам, биз биринчи кадам катары электр энергияны үнөмдөйлү деп үч фазаны колдонууга чектөө киргизгенбиз. Бирок көп өтпөй президентибиз жана мен Казакстанга барганда, электр энергияны сатып алуу маселесин көтөргөнбүз. Негизинен, быйыл биз аталган өлкөдөн 1 млрд. киловатт саат электр энергияны сатып алганга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок 1 киловаттын баасы 5 сом 50 тыйынды түздү. Себеби, Казакстандын өзүндө ички баа 4-5 сомду түзөт экен. Казакстан өкмөтү бизге: "Өзүңөрдүн газыңарды Жамбылга алып келгиле да, ал жактагы ГРСтен өзүңөргө электр энергия өндүрүп алгыла, биз уюштуруу жагын колго алалы, силер чыгымдар менен транзитке төлөгүлө" - дешти. Муна ушундай келишимге жетишкенден кийин, биз үч фазаны колдонууга чектөөнү токтоттук.
- Жаңылбасам, Казакстандан сатып алынган электр энергиянын 1 киловаты элге 2 сом 05 тыйындан берилери айтылды...
- Бизде электр энергиянын 1 киловатты 1 сом 20 тыйын да. Биз ушул баа менен Казакстандан сатылып алынган баанын орточо баасын алып, натыйжада элге 2 сом 14 тыйындан берели деп жатабыз. Калган чыгымдарды өкмөт өз мойнуна алат. Бишкек жылуулук борборуна да тынымсыз көмүр ташылып жатат. Буюрса, ал ишканага кандай отундун түрү канча көлөмдө талап кылынса, буюрса анын баары менен тең толук камсыз болот.
- Ушуну менен кыштан толук, аман - эсен чыгабызбы? Же кышында туруктуу өчүрүүлөр жазга чейин уланып, арылгыс адатка айланабы?
- Тилекке каршы, эл электр энергияны бардык маселеде колдонуп жатышат. Көпчүлүгү кышкысын көмүр албай чоң үй болсо чоң, кичине үй болсо кичинесин да жылытышат. Мына ушундай көрүнүштөн улам электр энергиянын пайдалануу өз чегинен ашып, тартыштык жаралды. Лимиттер жетпей жатат. Эми биз аймактарга белгилүү өлчөмдө лимиттерди берип, үнөмдөө маселесин коюп жатабыз. Электр энергиянын көлөмү бир учурда кыш айларында көп дегенде 1800 мегаваттка жетет. Себеби өзүбүздүн электр зымдарыбыздын болгон кубаттуулугу 1800 мегаватт. Андан ашса көтөрө албай, чыңалуу болуп авария болот, жарык өчөт. Кышында аба абдан суук болсо, эл электр энергияны талап кылынгандан көп колдонот. Өзгөчө эртең менен кечинде күчөйт эмеспи. Ошол учурларда айрым жерлерди операторлор өчүрүшү мүмкүн. Эми муну убакыт көрсөтөөр. Балким кыш жылуу болуп электр энергияга талап анчалык көп болбосо, анда туруктуу өчүрүүлөр болбойт. Бирок авариялык оңдоолор учурунда да электр энергиянын өчүрүү муктаждыгы келип чыгат. Муну да эске алуу зарыл. Элге биз чынын айтышыбыз керек. Эгер туруктуу өчүрүүлөр муктаждыгы жаралса, анда алдын ала эскертип, убакыт-саатын айтышыбыз абзел.
- Коомчулукту абдан тынчсыздандырып, кыжырын кайнатып жаткан дагы бир маселе - бул чет элдик ар кандай ишкерлердин кыргыз өкмөтүн Эл аралык сотко берип, бергенде да жөн бербей "Кумтөрдүн" акцияларын "тутукундап" жатышы болуп турат. Мисалы бүгүнкү күндө сот аркылуу доо койгондордун саны "Ак - кеме", "Манас" банк, Куттусай болуп баары 8-9 га жетип, алар Кыргызстандан төлөтүп алабыз деген сумма 800 млн. долларды чапчыды. Мындай кырдаалдан өкмөт татыктуу чыга алабы же доочуларга майышып "сынып" береби?
- Биринчиден баса белгилеп айтып коөюн. Ушул чыр-чатактуу иштердин баары мурунку бийлик, мурунку президенттердин учурунда коррупциялык жолдордон улам келип чыккан. Эски бийлик анын баарына өзүм билемдик кылып кол шилтеп койгон. Акыр аягы биз ушундай кырдаалга туш болдук. Ушул чыр маселелер мен өкмөт башчы болгондо козголуп олтурат. Бирок биз сот процесстеринен коркпошубуз керек. Бул деген эл аралык норма жана дүйнөлүк практика. Ошондой болсо да биз соттук иштерге активдүү катышып, өзүбүздүн укугубузду коргоп, "Центерра голддогу" акциябызды тез аранын ичинде толук кайтарып алышыбыз зарыл. Себеп дегенде аталган ишкана менен жаңы келишимдерге ушул айдын ичинде кол койгонго даяр болууга абдан аракет кылышыбыз керек.
- Биздин "Кумтөрдөгү" 77 млн. ашкан акциябыздын бир канча млн. акциясын "Ак-Кеменин" чуусу менен "камакта" жатса, бардык акция толук эмес болуп жатпайбы. Анан "Центерра" менен кантип кол коюшасыңар? Алар акцияңар толук эмес деп сүйлөшүүгө макул болбойт да...
- Туура, биз ушул маселени колдон келишинче чечели деп жатабыз. Ушул маселе менен өкмөттүн алдында сот боюнча департамент активдүү иштеп жатат. Аталган департаменттин адистери: Куттусай боюнча биздин мүмкүнчүлүгүбүз жакшы экенин билдиришти. Калгандары боюнча да жакшылап аракет кылабыз. Мындай кырдаалды азыр 8-9 соттук доо менен чектелип калат деп айта албайбыз. Кыргыз өкмөтүнө дагы кандай доо болушу мүмкүн деген маселелерди биздин адистер иликтеп, алдына алуу иш - чараларына көңүл буруп жатышат.
- Кадр маселеси боюнча коомчулук өкмөттү өтө сынга алып турат. Айрымдары соттолгонуна карабай министр болушту. Бул боюнча эмне айтасыз?
- Эгер министрлер алмашпай олтура берсе, коомчулук эмне үчүн алмаштырбайсыңар дейт. Алмаштырсак, эмнеге алып салдыңар деп сындайт. Бул нормалдуу көрүнүш. Баарына бирдей жага албайсың да. Турдубаевди соттолгон деп катуу сындашты. Биз анын соттолгону боюнча толук иликтеп чыктык. Натыйжада толук акталган экен. Демек, ага тоскоолдук жок. Жакшы иштейт деген үмүтүбүз бар. Максүтов болсо өмүр бою маданият тармагында жүрүп, көйгөйлөрдү жакшы билет экен. Эми өзүн көрсөтүүсү керек. Ар бир министр-губернатор, жетекчилерден мен таза ишти талап кылып, жакшы жыйынтыкты сурап жатам.
- Турдубаевдин министрликке талапкер болушуна Текебаев башында турган "Ата Мекен" партиясы катуу чыкты. Сиз эски партиялаштарыңызды уккан жоксуз, бул маселеде аягына чейин турдуңуз. "ата мекенчилер" менен мамилеңиз сууп калган жокпу?
- Мен "Ата Мекенге" мүчө эмесмин. 2010-жылдагы шайлоодо тизмеде болгонум чын. Бирок жактоочу менен биротоло мүчө болуу эки башка нерсе да. Өкмөт башчылыкка мени көпчүлүк коалиция сунуштап добуш берди, президент кол койду. Ошондуктан мен бир фракцияны укпашым керек. Мен өкмөт башчы болгондон кийин баарына тең карап, баарына калыс болууга милдеттүүмүн жана колдон келишинче ушул принципте иштеп жатам.
- Текебаев менен азыркы учурда мамилеңиз кандай? Сиз премьер болгондо коомчулук Текебаевдин "куурчагына" айланат деп катуу сындашкан. Бирок 7 айдан бери байкашыбызча андайга жол бербей, президентти көбүрөөк угуп жаткандайсыз...
- Мамилем жакшы. Туура, Өмүрбек Чиркешович менен кээ бир маселелер боюнча макулмун, айрымдары менен макул эмесмин. Демократиялык көз караш деген ушундай да. Талаша турган, колдой турган маселе бар. Бул деген көйгөй эмес. Тескерисинче демократиялык принцип. Саясатчы катары менин да өзүмө таандык көз карашым, пикирим бар. Мага берилген укуктар бар. Мага эч ким андай кыл же мындай кыл деп буйрук бербейт. Себеби өзүмдүн саясатым бар. Бирок мен парламент жана президент менен тыгыз байланышта иш алып барышым керек. Алардын көз карашы, акылы менен эсептешем. Менин укугумдагы маселе болсо, анда акыркы чечимди өзүм кабыл алам.
- Сиз гезитибиздин өткөн санында президент менен бир "гармонияда" иштеп жатам дегенсиз. Ал эми парламент менен өкмөт бир "гармония" боло албай, бирине - бири далысын салгансыйт. Негедир өкмөттүн мыйзам жазуу жагынан активдүүлүгү байкалбайт. Депутаттар өкмөттү ыгы келсе да, келбесе да катуу сындайт, айрым учурда келесоо дегенге чейин барышат. Бул боюнча оюңузду уксак...
- Бул көрүнүш нормалдуу процесс. Жогорку Кеңеш өкмөттү мактабашы керек. Тескерисинче, туура сунуш айтып, туура сындап турушу керек. Мен эч бир депутатка таарынбайм. Ар ким өз оюн, өз билгенин жана билимине жараша айтат да. Негизи талаш-тартыштан, туура эмес сындан эч кандай пайда чыкпайт. Андан көрө экономиканы бирге көтөрүп, мамлекеттин өнүгүшүнө ак дилден кызмат кылышыбыз керек. Ал эми мыйзам жазуу боюнча өкмөт анчалык деле аксаган жери жок. Бизден ар кандай мыйзам долбоорлору парламентке көбү эле жөнөтүлүп жатат. Мисалы, акыркы эки жылда өкмөт парламентке 65 мыйзам долбоорун жөнөтүп, 300дөн ашуун токтом, буйруктарды чыгарганбыз, сунуштаганбыз.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев