presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Максүтов баарын таң калтырды
Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтовдун эл билбеген эрдиктери эмитен чыга баштады. Ал жакында Россияга КМШ мамлекеттеринин министрлери чогулган иш-чарага барып, жемиштүү жана жеңиштүү кайтып келди. Иш - чаранын расмий бөлүгү учурунда КМШнын министрлери биздин жаңы шайланган министрди көп этибар алышпай, жашсынтып, сөз талашып, тилдүүлөрү өтө бакылдап, Кыргызстандын пайдасына чечиле турган келишимдерге көп көңүл бурбагандай мамиле жасашкан экен. Жыйын аяктагандан кийин Россиянын маданият министри кесиптештерин эс алдырып жер көрсөтүп, черин жазуу иретинде Сочидеги жаңы ачылган "Скайпарк" деген бир укмуштуудай аттракционуна алып барыптыр. Ал жерден министр баарына кайрылып: "69 метр бийиктиктен ким секирет?" - деп суроо салса эч ким унчукпайт. 250 метр бийиктиктен секире турган жерге келип: "Ким секирет?" - десе, биздин министр секирерин билдиргенде, башкалар: "Тамашалап жатат го, ошентсе да ушунтип айтып койгонуна ыраазыбыз" десе да болбой: "Бир нерсе болсом эч кимге доом жок" деп тил кат жазып, бутуна, белине байланган жипке жана өзүнүн ички туюмуна ишенип, эч коркуп койбой ошончо бийиктиктен секирип, карап тургандын баарынын оозун ачырып келди. Анын бул эрдигине министр кесиптештери баары таң калып: "Кыргыздын министри ушунча бийиктен секирет, криминалы канча бийиктен секирет болду экен?" - деп шыпшынып, кошоматка кой сойгондор да болуптур. Ошентип Алтынбек мырза, ошол эрдигинин аркасы менен биздин министрликке пайдалуу 3 келишимге кол коюшуп келиптир. Анын чоо -жайын жакында биздин гезиттен кеңири маектен окуй аласыздар.



Жогорку Кеңештин байлары
Жогорку Кеңештин депутаттары тапшырган 2013-жылкы декларацияга ылайык, эл өкүлдөрүнүн ичинен бешөө Кыргызстандагы эң бай үй-бүлөлөрдүн катарын толукташты. Алсак, биринчи орунда КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсүнүн жылдык жалпы кирешеси 97 235 558, 75 сомду түзгөн. Туугандары 96 154 952 сом иштеп табышса, Чыныбай мырза депутат катары 1 080 633, 75 сом тапкан. Экинчи орунда "Республика" фракциясынан чыгып, "Ынтымак" тобун түзүп кеткен Шаршенбек Абдыкеримов турат. Анын үй-бүлөсүнүн жылдык жалпы кришеси 75 510 999, 0 сомду түзгөн. Туугандары 3 441 521 сом тапса, депутат өзү 72 069 478 сом тапкан. Үчүнчү тизмени 53 441 205, 0 сом киреше таап "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев ээлеген. Туугандарынын кирешесин көрсөткөн эмес. Төртүнчү орун "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышановго тийген. Депутаттын үй-бүлөсүнүн бир жылдык жалпы кирешеси 27 557 452, 78 сом болгон. Туугандары 26 770 000 тапса, депутат өзү 787 452, 78 сом тапкан. Бешинчиликти "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов ээлеп, бир жылда 18 291 776, 13 сом киреше тапкан. Туугандарынын кирешеси көргөзүлгөн эмес.



Канат Садыковго да кылмыш козголобу?
"Ар-Намыстын" атпай журтка белгилүү депутаты Каныбек Осмоналиев азырынча өзүнө кылмыш козголо элек экенин, Коррупцияга каршы кызмат мени негизсиз эле айыптап жатканын, Кыргыз-Орус Славян университетинин ректоруна 27 абитуриенттин окууга өтүү маселесине көңүл буруу боюнча гана кат жолдогонун, ал катты негиз кылып тиркеп, министр Канат Садыков буйрук чыгарганын билдирди. Демек, бул маселеде Билим берүү жана илим министри Канат Садыков да күнөөлүү болуп табылабы? Буйрук чыгарганды билген министр жооп бергенди да билиш керек. Кыскасы, бул чуулгандуу иш боюнча депутат менен министр экөө бирдей жоопкер болот окшойт.



Турганбаев Москвада
Ички иштер министри Мелис Турганбаев кезектеги иш сапары менен алыскы Москвага аттанды. Министр ал жерден кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугуп, чоң жыйын кылды. Ошондой эле, буга чейин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында иштеп келген подполковник Аскат Алиевди ИИМдин Орусиядагы өкүлү кылып дайындады. Акыркы эки жылдан бери ИИМдин Москвадагы өкүлү катары Ибрагим Асанов иштеп келген. Жакында эле бул адамдын жакшы иштебей жатканына нааразы болуп, Москвадагы мекендештерибиз биздин гезит аркылуу министрге кайрылган болчу. Бирок расмий өкүлчүлүк тууралуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда келишим ушул кезге чейин жок экен. Турганбаев орус кесиптеши, министр Владимир Колокольцев менен кечээ күнкү жолугушуусунда бул маселени кабыргасынан койду.



Жардамды жалмашыптыр
Белгилүү ырчы Сыймык Бейшекеев Мелис Мырзакматов мэр болуп турганда Оштогу эстакада көпүрөнүн курулушуна жардам катары кошкон 100 миң сом каражаты дайын-дарексиз жоголгонун маалымдады. Бул тууралуу Сыймык мырза: "Изги тилек менен атайын концерт берип, ал кездеги Ош шаарынын вице-мэри Дастан Ходжаев агабызга 100 миң сом акчаны тапшырып кеткем. Анан ортодо калаада бийлик алмашып, көпүрө боюнча кылмыш иши козголуп, бир топ ызы-чуу болуп кетти. Учурда ал боюнча текшерүү иштери жүрүп жаткан экен. Мага Оштон аудитор чалып, "Сиз эстакада көпүрөгө акча коштуңуз беле?" деди. Мен кошконумду айтсам, ал "Анда сиз берген акча бул жакта көрсөтүлбөптүр"- деди. Мен чынында аябай таң калдым. Бир сыйра сураштырсам чын эле мен берген акча которулбаптыр. Анан мен Дастан Ходжаевге чалып сурасам, ал алгач "Акчаңды банкка которуп койгонбуз, көпүрө боюнча жарыяланган атайын эсепке түшкөн" деди. Анда эмнеге тиги жакка түшкөн жок десем, бир аздан кийин кайра байланышып, "100 миң сомду которуу боюнча бир адамдар жооптуу болчу, алар бербей калышыптыр, акча азыр аларда экен" деди. Чынында аябай жаман абалда калдым. Адамдар ушул көпүрө бүтүп кетсин деп, чын ниетинен салым кошуп жатса, анан ал акча орто жолдо ар кайсы жакка кымырылып кетип жатса, капа болосуң да. Башкаларга сабак болсун деп, мен бул иштин акыйкат териштирилишин жана буга тиешелүү адамдар жоопко тартылышын талап кылам",- деген оюн билдирди. .




"Газпромдон" башкасында май арзандады
Апрель айынан бери казак-кыргыз чек арасында турган май ташыган 400 вагондун тагдырын кыргыз президенти чечип келгенден кийин күйүткө салган күйүүчү майдын баасы акырындап арзандай баштады. 50 тыйындан 1 сомго чейин арзандай түшкөн мунайды көрүп, айдоочулардын жүзүнө күлкү жүгүрө баштады. Бирок Кыргызстандагы башкы монополист "Газпромдун" май куйуучу жайларында баалардын арзандачу түрү жок. Болот Абилдаев башчылык кылган "Газпром нефть Азияга" эки күндөн бери элдин көбү байкот жарыялап да жиберишти.









??.??