presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Бир күндүк болгону менен кылымга тете иш сапар болду
Кыргыз-казак элдеринин ортосундагы боордоштук, бир туугандык жана достук мамиле Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин коңшулаш Казакстанга жасаган алгачкы мамлекеттик иш-сапарында дагы бир жолу тастыкталды. Бул иш сапар бир күнгө гана созулганы менен кыргыз эли үчүн өтө маанилүү бир топ маселелер чечилди. Эки өлкө башчыларынын жолугушуусунда эки элдин каны да бир, тили да бир бир тууган эл экендиги айтылып, эки лидер бирдей эки тараптуу достук мамилелер мындан ары да чыңдалышы керектигине өзгөчө басым жасашты. Алмазбек Атамбаев буш иш сапарында Кыргызстан үчүн тез арада чечүүгө зарыл болгон өтө орчундуу маселелер менен келгендигин дагы жашырган жок. Тактап айтканда кылычын сунган кыш мезгили босогого келип калды. Ал эми быйылкы жылдын кургакчылдыгынан улам энергетика тармагындагы түзүлгөн көйгөйлөр чукул арада чара көрүүнү талап кылып турат. Андыктан мамлекет башчысы дал ушул маселени коңшулаш Казакстан аркылуу чечүү максатын ачык эле билдирди. Натыйжада Казакстандан Кыргызстанга жакынкы убакыттардан тарта ай сайын 200 миллион киловатт-сааттан электр энергиясы берилип турмакчы болду. Жалпы жонунан 1 миллиард 400 миллион киловатт-саат электр энергиясы алынат. Анын 1 миллиардын сатып ала турган болсок, калган 400 миллион киловатт-саатын Казакстанга сугат суусун жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн суу ресурстарын чогултууну камсыз кылган товар алмашуу шарттарында кайтарып бере турган болдук. Дагы бир эң чоң жетишкендик - бул бир нече айлап кыргыз-казак чек арасындагы Луговая станциясында өтө албай турган кыргыз ишкерлеринин 471 вагонго жүктөлгөн күйүүчү-майлоочу майлары Кыргызстандын аймагына өткөрүлө турган болду. Бул товарлардын документтеринде анча-мынча катачылыктар болгонуна карабастан Казакстандын жетекчилиги вагондорду чек арадан кое берүү чечимине келишти. Ал эми Казакстанга барып, тиричилигин өткөрүп жаткан кыргыз жарандары үчүн каттоого туруу мөөнөтү 5 күндөн 30 күнгө чейин узартылды. Бул дагы болсо кыргыз мигранттарынын шарттарын жеңилдетери белгилүү. Ошондой эле Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин айтымында Казакстандан Кара-Балтадагы нефтина кайра иштетүүчү заводго 100 тонна чийки нефти алынып келе тургандыгы боюнча келишимге кол коюлган. Булардан сырткары Казакстан Кыргызстандын Бажы союзуна тезирээк киришине кызыкдар экендиги билинди. Кыргызстан аталган союзга кирүү үчүн Жол картасын тезирээк ишке ашыруусуна Казакстан 100 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлө турган болду. Эске сала кетсек буга чейин дал эле ушул багытта Россия 200 миллион доллар бөлө тургандыгы маалымдалган. Казак лидери Нурсултан Назарбаев кыргыз лидери Алмазбек Атамбаевге эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилени чыңдоого кошкон салымы үчүн мамлекеттик деңгээлдеги эң жогорку сыйлык 1 - даражадагы "Достук" ордени менен сыйлады.
Бир күндүк гана иш сапар… Бирок, кыргыз эли менен боордош казак элинин ортосундагы кылымдарды карыта турган бир туугандык жана достук мамилени чыңдаган улуу иш сапар болду…

Тиленбек Азык




Саясат деген ушундай...
Саясат дегениң ушундай экен: кечээ өзүнө көр казган режимдин "атамандары" менен бүгүн коюн-колтук алышып дос болуп кеткен көрүнүштөр бизде кадимки салтка айланып калды. Буга "Ата-Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин жоругу айкын мисал. Ал ушу тапта "Улуттар Биримдиги" партиясы менен биригип, эмки шайлоого чогуу барууга ниеттенгенин уктук. Убагында Жаныш Бакиев уюштурган "матрешка-гейт" операциясынын айынан Европанын темир торлорунун биринде чирип кала жаздаган Өмүкенин эми ошол Жаныш Бакиевдин "жан-жөөкөрлөрү" менен коюн-колтук алышып жүргөнү кандай?


Билимин 13 жыл жогорулаткан ким?
Диплому жасалма экен деп иш козголуп, көпчүлүккө мыш болуп жаткан ЖК депутаты Нурлан Төрөбеков жогорку окуу жайын 13 жылда бүтүптүр. 1990-жылы 14 - августта КУУнун Юридикалык факультетине тапшырган кайран Нукең 2003-жылы араң көптөн күткөн дипломун колуна алган экен. Баса, кесиптешинин дипломунун жасалмалуулугун текшермекчи болгон депутаттык комиссия №2155 саны менен катталган диплом Нурлан Төрөбековго берилбегендигин тактап чыкты.


Бажы биримдиги босогодо
Эки анжы болуп турган элибиз акыры Бажы биримдигине кирмей болдук. Жогорку жактагы жолдоштор ушундай деп чечишиптир. Орусия, Казакстан жана Беларусия менен биротоло кол кармашчу күн 23-декабрь экен. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков сүйүнчүлөдү. Сүйүнөбүзбү же күйүнөбүзбү ал жагын айтуу азырынча оор болуп турат, бирок Бажы биримдиги элибизге эң чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып берээрине ишеним күч. "Биримдик бар жерде тирилик бар" - деген казак туугандардын айтканындай, экономикасы күчтүү өлкөлөр менен бириксек, балким ишибиз оңолуп кетээр...


"Өлө албай жатып өлөң айтат"
Экс-премьер министр Амангелди Муралиев тыңчылык боюнча шектелип камакка алынып, УКМКнын тергөө абагында жаткан Өкмөттүн аппаратынын эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген баласы Алтынбек Муралиевге жолуга албай жатканын айтып арман кылды. Бул тууралуу: "Менин уулумду ким коргойт. Биз сунуштаган адвокаттар уулума жакпай жатат. Мага жана үй-бүлөмө жолугушууга тыюу салынган. Бул менин жалгыз уулум"- деген кабатырлануусун билдирди. "Өлө албай жатып өлөң айтат" дегендей, укугун коргой турган адвокаттарды жактырбай жаткан уулу даана "эр" экен.
Эске сала кетсек, Алтынбек Муралиевге жакынкы чет өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө жашыруун документтерди берген деген айып тагылууда. Мындан сырткары башка дагы өкмөттүн аппарат кызматкерлеринин тиешеси бардыгы айтылып келет. Бирок алар качып кетишкенине байланыштуу кармала элек. Кылмыш иши жашыруун болгондуктан алардын ким экени ачыкка чыгарылбайт.










??.??