presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Өмүрдү өлчөп болбойт жылдар менен
Кудурет
Сүйүү- адамдын ой-кыялына канат бүтүрүп, чыгармачылык эргүүнү, жигерленүүнү күчөтөт. Анын касиети чыгармачыл ой-кыялды укмуштай керемет эргүүгө туш кылып, ааламга шаңшытып жиберет. Сүйүү адамга укмуштай күч-кубат берет. Анын кереметин айта берсе сөз жетпес. Кыдыр колдоп, кут коштоп дегендей, адам өмүрүнүн куттуу жандоочусу болуп жүргөнүн айтыңыз. Бул түбөлүк темага ар дайым кайрылууга аргасызбыз. Турмушубуз өзү ошондон мээрим таап, кубат алып түбөлүк сапарын улап келет.
Сүйүүгө кайдыгер карабаган адамдын чыгармачылыкта да жолу болот. Таанымал бир өнөр адамы: "Эгер мен аялзатына мурдагыдай кызыкпай калсам анда искусство менен кош айтышам",-деп айтыптыр. Ал уулдуу болгондо жашы сексенге келип калган кези эле. Керемет кадырын сезген чыгармачыл бул инсан өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин аялзатын сүйүп, аздектеп жана урматтап жашаган.
Белгилүү орус композитору Никита Богословский 79 жаш курагында 39 жаштагы Алла Сивашевага үйлөнгөн. Таанышкандарына бир ай болгондон кийин эле ал Аллага турмуш куралы деген оюн айткан.
- Ал кудайдан башка эч кимден коркчу эмес. Кокустан жылаандын куйругун басып алып башыма азап үйүп албайын деп ойлонуп да койбогон. Ар кандай кыйынчылыктардан, ооруудан, ал турсун өзүнүн жашынан, улгайып калган кезинде мага үйлөнүүдөн да корккон эмес,-деп эскерет жубайы Алла.
Ал турмушта былк эткен нерсенин баарын туура түшүнүп, кебелбестик менен кабыл алып, өзүнө ар дайым бекем ишенип туруучу. Анан ушундай эркекти кантип сүйбөй кое аласың. Мага Никитаны ар дайым жогор жактан бир кудурет колдоп тургандай сезилчү. Ал ар дайым өзү каалагандай эркин жүргөндү жакшы көрчү, ошондой өмүр сүрдү.
Бир топ жашка келип калгандыгына карабастан ал ар дайым шайыр, шайдоот, тамашакөй жана алдуу күчтүү эле. Ушундай да болот тура деп жаштар да биздин турмушубузга тамшанып турушчу…
Токсон жашында да күчү ашып-ташып, жаштык дем менен кан кызытып темпераменттүү эле. Бөлмөдө жаткан кезимде негедир ошол кез эсиме түшүп кетет. Ал мага турмуш курганы ооруган эмес. 91 жашка келгенде гана капысынан ооруп бейтапканага жатып калды. Эки жума өткөндөн кийин эле дүйнө салып кетти…
Буга окшогон түгөйлөр турмушта көп эле кезигет.

Өмүрүңө түгөй тап
Арзыган аялзатка жетип түгөй болуу, ошону менен бирге эле ал да сени сүйүп, кадырлап турганы жан дүйнөңдү, турмушуңду гана бактылуу кылбастан келечек максаттарыңа жетүүдө да аба менен суудай эле өтө керек.
Жүрөгүң сүйгөн перизаттын бир эле мээримдүү көз карашы сага дүйнөнү өзгөртүп жиберүүгө боло тургандай күч-кубат берет. Аялзатын сүйүү, бул ага жетүү, кадырман түгөй табуу деген гана сөз эмес, бул- бактылуу жашап, кудай берген өмүрдүн кадырына жетүү үчүн эң эле керектүү керемет касиетке ээ маани-маңыз экендигин айгинелейт.
Сүйүү-бул жашоого угут берүүчү кудурет. Сүйүүгө туш келсең, анан албетте ага жете алсаң бактылуу болгонуң. Ийгилик жалында болосуң. Көртирлик көйгөйүнөн өйдө турасың. Сүйүүгө жолугуп жетпей калсаң азапка туш келгениң, бирок ал да сага чоң күч кубат берип, дымагыңды арттырат.
Сүйүү- теңирдин кудурети менен көктөн түшүп турган нур.
Сүйүү- кандайдыр бир жалпы адамзаттык мыйзамдарга баш ийбеген теңирдин буйругу,өз мыйзамы менен жүрүп турган табышмактуу кубулуш.
Сүйүү керек, сүйүү керек ар дайым,
Бул өмүргө нур дөөлөттү өткөрүп.
Жашоо керек, жашоо керек жалбырттап,
Ысыкты да, суукту да тең көрүп.

Сүйүү керек сүйүүгө да ээ болуп,
Бул өмүрдүн кубанычын арттырып.
Жашоо керек түтөп турбай жалындап,
Күндүн өзүн, мезгилди да шаштырып.

Нур
Ошол кеч күтүлбөгөн жерден бизге ажайып сезимдин асан-үсөн желесиндей керемет дүйнөсүн тартып койду. Ошол бир жолку жолугушууда, бир көз ирмемде сүйүп калганымды сага айта алган жокмун. Ушундай да болот экен. Күткөн да эмесмин. Мындай жаркын сезимден окчундап да кеткен элем. Үмүтүм да жок болчу. Капысынан сен көрүндүң. Жарк этип периштедей болуп. Чын эле пери экенсиң. Пери кызы белең деп койдум ичимден.
Жан дүйнөмдө түнөп, кыялымда жашап жүргөн пери экенсиң. Көптөгөн жылдар боюу эчен курдай түшүмө кирип, кээде кайыптан пайда болгондой жан дүйнөмө майрам түшүрүп бир заматта пайда боло калчусуң. Мен сага жолуга албай, таанышууга үлгүрө албай өкүттө калар элем. Чынын айтсам кээде өңүмдөбү же түшүмдөбү деп толук ажырата албай бушайман боло берчүмүн. Бирок, турмушумда кандайдыр бир кубаныч даамын татып, өзүмдү аябай бактылуу сезип калар элем. Ушундай да турмуш болобу, ушундай бакыт болорбу деп тообо келтирип. Мен үчүн сулуулуктун генийи элең. Жүзүңө күн конуп тургандай көрүнчү. Кызгылтым жүзүң нурланып, жибектей чачыңдын тарамы келишип, карагаттай көздөрүң мөлтүрөп, куш канатындай чийилген каштарың серпилип, төгүлүп турган кирпиктериң ирмеле калганда өзүнчө бир керемет дүйнө тартыла түшчү. Ал сырдуу да, таңгалычтуу да эле. Чын эле ушунчалык да керемет сулуу болобу деген ички туюмум ой-сезимимди дүргүтүп, апкаарый түшөөр элем.
… Сени көргөндө эле ошол кыз экен дедим. Кайдан, жайдан келгениңди билбедим, сурабадым. Балким сурагандырмын. Ага деле маани бербедим. Мени түйшөлткөн сенин керемет пери дүйнөң эле. Өзүңдөн көз ала албай телмирип, жалооруп тиктей бергенимди, жан дүйнөм гүлдүн желекчесиндей үлбүрөп, сезимим делбир болуп дирилдеп туурганын билем. Азыр да пери экениңди сездим.
Эл арасында айлан-көчөк болуп бийлеп жүрдүң. Бийиң да өзгөчө экен, жылдыздуу мейкинди эске салып. Жөн эле кыз сендей болуп бийлей албайт. Ошондой сулуулукка, гүлбурак назиктигиң, ийкемдүүлүгүң, жөнөкөйлүгүң, жибектей найын мүнөзүң, ачык айрым жайдары жүргөнүң, булактай шыңгыр тунук күлкүң төп келишип, өзүнчө бир куюулушуп бири бирине дал келген шайкештикти көрсөтүп, эгиз дүйнөнүн ажайып бейнесин тартып койду.
Кудай буйруп, акыры сени мага жолуктурду. Бул да өзүнчө тагдыр экенин сезип турдум. Сен да аны сезип турдуң. Атың Нур экен. Затына аты окшош экен деп койдум ичимден.
-Эл байкаса эмне дейт?-дедиң.
-Эмне десе ошо десин. Эл тагдыр болуп бербейт,- дедим.
-Бардыгы карап жатышат,-деп койдуң өзүңчө эле кымырылып.
-Карай беришсин, биз болгону сүйлөшүп турабыз. Жакшы дүйнөгө кезиктик, табыштык, тааныштык. Жар салсак да жарашат,- деп койдум.
Жүзүң ого бетер нурланып албыра түштү. Ыйбаа кылып, тартынып турганыңды байкадым. Экөөбүз тең эзелтен тааныш жандардай болуп, эгиздей окшош дүйнөнү сезип, бакыттын көзүн көрүп сүйүнүп да, бири бирибизди айттырбай түшүнүп кадыресе сүйлөшүп да турдук. Капарыбызда экөөбүз эки жакка кетебиз деген кыпындай да ой жок эле. Чексиздиктен түбөлүккө таанышкандай, биротоло кол кармашкандай болуп турганбыз.
-Нур, экөөбүз чогуу кетели-, дедим.
-Дагы да жолугушчу күн бардыр, -дедиң айтканыңдан кайтпай.
Ыйбаа кылып, тартынып турганыңды байкадым. Кетүүгө ашыгып, шашып кеттиң.
…Бир курдай сүйлөшмөдөн кадыр-баркыбызды кетирип алып жүрбөйлү. Эски тааныш бойдон эле калбайлыбы,-деп калдың. Мындай сөздү күтпөпмүн. Дендароо боло түшүпмүн. Ойго түшүп кетипмин.
- Адамдын бактысынан да анын кадыр-баркы жогору турчу беле,- деп жооп айтканым эсимде. Кийинчерээк кат жазыптыр, кабарлашпагын дегендей мааниде.
Пери кыз күтүлбөгөн жерден кандай кезиксе, ошондой эле бир паста капыстан алыстап кетти. Азыр да анын нур төгүлгөн дидарын көрүп турам. Турмушумда издеп жүргөн аялзаттын туура өзүн көрдүм эле. Баарына тобокел дедим эле. Аруу тилегимди айттым эле, болбоду. Муңайбачы деп соороттум өмүрдү. Бизден эмес, кудай билет…
( PS: Окулуктарды даярдоодо оюн айтып берген адамдардын өтүнүчтөрүн эске алып ысымдарын атабадык).
Бул беттин материалдарын Меңдибек Асылбеков даярдады











??.??