presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Айбек Саралаев, ырчы:
"Тоюна чакырганда тоону томкором дейт, иш жүзүндө эч нерсе жок"
- Айбек мырза, күркүрөгөн күз айында ырчылардын көбү концерт берип же киного тартылып жатышат. Сиз учурда эмне менен алектенип жатасыз?
- Берекесин төккөн күз болобу, мээ кайнатып, аптабы көлөкөнү саматкан жай болобу же кычыраган кыш болобу, айтор, кандай гана мезгил болбосун биздин бир гана ишибиз чыгармачылыгыбыз. Өнөр, чыгармачылык мезгил ылгабайт эмеспи. Кандай учурда, кай жерде жүрбөйлү максатыбыз элибизге жагымдуу ыр арноо. Ошондуктан азыркы учурда да чыгармачылык менен алектенип жаңы ырларды жаздыруу аракети менен жүрөм. Азыркы учурда төрт ырымдын аранжировкасы жазылып даяр турат. Ал ырларыма үн жаздырайын деп эле такыр убакыт жок. Сааты чыкпай жатат көрүнөт. Бирок аз күндүн ичинде жаздырып, элимдин сынына коем деп аракет кылып жатам. Качкын Оторбаев деген агабыздын "Жашыл шаарым" деген ырын ырдап чыгайын деп жатам. Бул ырдын обонун Муратбек Бегалиев жазган. Текст да, обон да абдан жакты. Кудай буюрса, бул ыр дагы жакында даяр болуп радиолордон жаңыра баштамакчы. Мындан сырткары Моцарттын "Дон Жуан" деген операсынын ачылышы болгону жатат. Бул операга баарыбыз кызуу даярдык көрүп жаткан кезибиз.
- Опера жана балет театрына келгениңизге бир жылдай убакыт болуптур. Театрдан кетип, ырчылык өнөргө сүңгүп кирсем деген ойлор жокпу?
- Менин чыгармачылыгымдын эң жеткен чеги опера жана балет театрында ырдаганымды эсептейм. Ырчылык өнөрүм жакшы эле, өз нугунда эле бара жатат. Ырларды жаздырып, эл алдына чыгып, тойлорго чакыруулар келип, Кудайга шүгүр эле дейм. Тескерисинче, мен опера жатында жакшы эмгектене албай жатам. Эми убакытымдын көбүн операга бөлүп, жакшы эмгек кылсам дейм. Мурдагы маектерде айткандай жалкоолук деген балекет менен достошуп алып, көп нерсеге жетишпей жатпаймынбы. Бирок баары алдыда. Жалкоолук менен таарынышып, достуктан кечип, көптөгөн ийгиликтерди жаратам деген ишеничим бар. Эми азыр деле колдон келишинче иштеп жатат окшойбуз. Анткени экс-министр Камила Талиева биздин эмгегибизди баалап "Маданияттын мыкты кызматкери" сыйлыгын берген. Сыйлыкты алгандан кийин "аа, биз да кыбырап жатыптырбыз" деп кубанып калгам.
- Сизди куттуктайм. Бул сизге чоң стимул болсо керек?
- Рахмат. Албетте, жакшы сөз жан эргитет дегендей, мактоо, сыйлык кимге эле жакпасын. Баарыбыз өзүбүз туурасында жакшы сөз угуп, мыкты болгубуз келет. Башкырстанда өткөн эл аралык "Урал-Моңо" сынагынан келгенден кийин алдым бул сыйлыкты. "Маданияттын мыкты кызматкери" деген сыйлык мен үчүн чоң сыймык болду. Кубануу менен кабыл алдым. Биздин эмгекти баалап, берген адамдарга ыраазычылык билдирем.
- "Урал-Моңо" сынагына барып жакшы орунга жетишип келдиңиз эле. Дагы эл аралык конкурстарга катышуу ойлоруңуз барбы?
- 2001-жылы Казакстан мамлекетинде өткөн "Шабыт" эл аралык сынагына барып классикалык вокал боюнча барып келгем. Калыстар тобунун курамында кыргыздардан мүчөлөр жок болгондуктан бизди биринчи турдан эле өткөрбөй коюшкан. А быйыл болсо классикалык вокалды алып салыптыр. Ошол себептен барган жокмун. Бирок ноябрь айында Англияда өтө турган фестивалга баруу планым бар. Мага ал жактагы кыргыздар интернет булактары аркылуу байланышка чыгышып ырларымды, өзүм туурасындагы маалыматтарды жөнөтүүмдү суранышкан. Жөнөткөм. 10- ноябрга чейин жообу келмек. Күтүп жатам. Чакыруу келип калса, жакында Англияга аттанам. Бул фестивалга кырктан ашык түрк тилдүү мамлекеттер катышып, жыл сайын өтүп турат экен.
- Бизде эл аралык сынактарга катышууда мамлекет тарабынан эч кандай көзөмөл да, колдоо да жок экенин билебиз. Ошол себептен татыктуу талапкерлерди жөнөтө албай, ар дайым эле байгелүү орундарга жетише албай калабыз. Эл аралык сынактарга мүмкүнчүлүгү бар ырчылардын бара бергени туурабы же мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынганы туурабы?
- Чынын айтыш керек, ушул кезге чейин бир дагы ырчы мамлекеттин колдоосу менен эл аралык сынакка барып келди дегенди уккан эмесмин. Эч бир ырчыга бир дагы жолу мамлекет тарабынан 100 пайыз каражат жагынан колдоо болгон эмес. Ошондуктан биздин ырчылар өз киндиктерин өзү кесип, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша эле конкурстарга барып жатышат. Бул үчүн ырчыларга да ыраазычылык билдирүү керек. Бирок акчанын күчү таланттуу атаандаштардын жанында түккө да арзыбайт калат экенине, акчалуу бирок таланты жок ырчылар барып, финалга жетпей келген сайын күбө болуп жатпайлыбы. Ал эми талапкерлерди тандоодо эстрада жаатында өзүнчө тандашат экен го. А биздин опера жана балет театрында андай жок. Бирок мындай топтун түзүлгөнү жакшы болот эле. Чыныгы өнөрдү баалаган, музыка, нота эмне экенин мыкты түшүнгөн калыстар тобунун курамы эл аралык сынактарга бара турган талапкерлерди сындан өткөрүп турса абдан эле жакшы болмок. Эми маданият мамлекеттин жүзү болгондон кийин эл аралык сынактарга барган ырчыларды, бийчилерди мамлекет колдоп, кандай сынак болору маданият министрлиги тарабынан жарыяланып, бара турган ырчылар жылдап даярданышы керек дейм да. Ал ырчынын кандай ыр ырдаары, кийими, баары көзөмөлгө алынып турса, биздин ырчылар алдыңкы орундарды бермек эмес. Себеби бизде таланттуу ырчылар абдан эле көп. Эң башкысы татыктуусун жөнөтүү гана керек.
- Сахнага чыгып, ырчылыкка аралашканыңызга бир топ убакыт болуп калды. Жеке концертиңизди качан берейин деп жатасыз?
- Жылда эле концерт берем деп калпычы да болуп бүтө турган болдум. Бирок концерт берүү ойлорум бар. Учурда даярдык көрүп жатам. Быйылкы жылдын акыркы айында берип калайын деп жатам. Негизи өзүм даяр элемин. Ырларым да даяр. Өз үнүм менен ырдоодон коркпойм деле. Болгону баары каражатка келип такалууда. Концерт берген деле оңой эмес. Жарнамаларга көп каражат жумшалат экен. Сахнанын жасалгасы, форма дегендей. Кыскасы, азыр мени каражат жагы гана токтотуп турат. Демөөрчүлөр той учурунда көп эле чыкты эле, ишке келгенде кетенчиктеп жатышпайбы. Бизде акчалуу, бизнесмен кишилер көп эле. Тойлоруна чакырганда "Ой Айбек, керегиңе жарайм. Керек болсо сен үчүн тоону да ордунан козгоп коем" дегендер көп болчу. Эми алардын бири жок. Ал жалындаган сөздөр той бүтөрү менен жалп өчүп, унутта калган же бир стакан арак менен денеге сиңип жок болгон. Мына ушундай, бизде адамгерчилик, жакшылыкка жакшылык деген. Эми баарын убакыт көрсөтөт. Колдон келгенин жасап жатам. Каражат жагы чечилсе эле концерт бергенге даярдык көрөм.
Жаркынай Кадыркулова











??.??