presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
"Таза тиштерди сууруп, сулуу кылганга аракет кылабыз"

Стоматологияда ортодонтия деген түшүнүк бар, бул - жаак сөөктүн жана тиштердин туура эмес жайгашып калуусун изилдеген жана дарылаган илим. Бул боюнча 1981-жылы негизделген Бишкек шаардык №6 стоматологиялык поликлиникасынын ортопедия, ортодонтия бөлүмүнүн башчысы Джанов Кадыр Алишевич жооп берди:

- Кадыр Алишевич, ортодонтия оорусу боюнча түшүнүк берсеңиз? Бул жаңы түшүнүкпү?
- Ортодонтия деген кыйшык тишти дарылоо, түздөө дегенди билдирет. Бул жаңы түшүнүк эмес, стоматологияда көп жылдан бери кездешет. Азыркы учурда көпчүлүк балдар, өспүрүмдөр бул оорудан жабыр тартып жатат десек болот. Бул проблемага туш болгон адамдарды көп жылдан бери дарылап келебиз, биздин борбордо бул боюнча атайын беш адис дарыгер иштейт. Ортодонтия боюнча республикада эң чоң борбор биздин борбор. Шаардын эли, айыл жергесинен биздин поликлиникага келип тиштерин дарылатып кетип турушат. Башка стоматологиялык поликлиникаларда бирден адистер болушу мүмкүн, бирок негизги мурдатан калыптанган борбор биздики. Ортодонтия жаңы түшүнүк эмес, жөн гана азыр жаңы дарылоонун түрлөрү чыгып жатат, медицина алдыга кетип жатат, мисалы мурда гипс колдонуп келсек, азыркы учурда гипстин ордуна эластикалык материалдар бар аны колдонобуз жана башка ушул сыяктуу мисалдарды келтирсек болот.
- Кандай жолдор менен дарылайсыздар жана дарылануунун, тишти түздөөнүн убагы канча?
- Дарылоонун методдору ар кандай, тиштин абалына карап, ошого жараша дарылоонун, түздөөнүн жолун табабыз. Ар кандай методдор бар, мисалы пластикалык метод жана дагы коронкалар менен түздөйбүз анан жаңы брекет -система методу деген пайда болгон, аны колдонобуз. Тиштер ичке кирип калат же тескерисинче сыртка чыгып калат, толгонгон тиштер бар дегендей. Мунун баары чечиле турган көйгөй десем жаңылышпайм. Үстү-үстүнө чыккан тиштерди тарттырыш керек болот, тиштер жылыш үчүн орду бош болуш керек, ошондуктан таза тиштерди суурганга туура келет. Жөн жеринен сулуулук курмандыкты талап кылат деп айтылган эмес да. Жалпысынан толук түздөлүш үчүн 1 жылдан 3 жылга чейинки убакыт керек болот.
- Ортодонтия оорусунун келип чыгуу себебин айта аласызбы?
Ар кандай болушу мүмкүн, мисалы тукум куушу мүмкүн, дегеним, атасы же энесинде кездешкен тиштердин кыйшык жайгашуусу баласында кайталанышы мүмкүн. Дагы мисал, баланын сүт тишин дарылабай суурутуп койгондон да болот. Жылышкан боштукка сөөк тиштер туура эмес өсүп чыгат. Ар бир тиш өз убагында түшүш керек . Негизинен 6 жаштан 11 жашка чейин сүт тиш толук түшүп бүтүш керек. Ата эне баланын тишине көз салып, учурунда дарыгерге кайрылып турса мындай көйгөйлөр болбойт эле.
Гүлмира Шаршеева











??.??