presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Сиз кимсиз, Жорж Сорос мырза?
17-ноябрда Кыргызстанга бир күндүк иш сапары менен Жорж Сорос келгени жатат. Бул адамды тааныбаган жан жок болсо керек. Бирок дүйнөгө таасирин тийгизип келаткан бул миллиардерди биздин өлкө эмнеси менен кызыктырат?
Теги боюнча Жорж Сорос Будапештте туулуп чоңойгон венгерлик еврей. Өзүнүн чыныгы аты-жөнү Дьердь Шорош. Ал көпчүлүккө биржадан капиталын тапкан адам катары белгилүү. Бирок, еврейдин мурдагы кедей баласы оңбогондой байлык эле топтоп тим болбой, кантип дүйнөнүн тагдырына таасирин тийгизгенге жетишти? Мында чоң оюнчулардын катышуусусуз болгон жок. Ансыз анын баш айланткан ийгилигин түшүндүрүү мүмкүн эмес.
Чынында эле Соростун тагдырында Ротшильддердин кланы эбегейсиз роль ойногон деп айтылып келет. Тагыраагы, өткөн кылымдын 60-70-жылдарында дал ушул Ротшильддердин кланы өз активдерин башкарууну Сороско ишенип беришиптир. Сорос активдерди сактоо менен эле чектелбей, аны эселеп көбөйтүү менен дүйнөгө таасирин таркатып турган кландардын зор ишенимине кирүүгө жетишкен. Бүгүнкү күндө "Комитет 300" уюмунун (же башкача айтканда "Дүйнөлүк өкмөт") же Бельдербург клубунун бир да жыйыны Соростун катышуусусуз өтпөйт экен. Бул дүйнөлүк алп уюмдар дүйнөлүк саясаттын ар кандай маселелери боюнча жашыруун чечимдерди кабыл алышаары айтылып келет. Нефтиге болгон баа, акчанын курсу, санкциялардын колдонулуусу, революциялардын ишке ашуусу, дүйнө өлкөлөрдүн башчыларынын бийликке келүүсү сыяктуу ж.б. маселелер дал ушул уюмдан көз каранды деген сөз бар. Буларды сөз кылып жатканыбызга таңыркаган окурмандар мунун Кыргызстан менен кандай байланышы бар? - деген суроо бериши мүмкүн.
Эч нерсе жөн жерден болбойт. Жорж Сорос көпчүлүккө Грузиядагы, Украинадагы "түстүү революциялардын" уюштуруучусу катары айтылып келет. Ооба, дал Украинанын өзүндөгү революция. Революция жайдак жерден эч кимди кызыктырбайт, бул жашыруун деле эмес. Бирок революцияга өлкөдөгү айрым бир топтор кызыкдар болсо, анда…
Ротшильддер Украинада Советтер Союзу ыдырагандан кийин эле пайда болушкан. Ошондо эле алардын максатына Украина менен Орусиянын ортосунда газ конфликтисин жаратуу кирген. Ротшильддердин тобу өлкөнүн чыгышында активдүүлүк кылып келишет. Бул алар өз колуна бийликти алууну каалаган аймак, өзгөчө Днепропетров аймагы. Украинанын бул бөлүгүндө Ротшильддердин кызыкчылыгы Оруссиянын кызыкчылыктары менен катуу кагылышууда дегендер көп. Ротшильддер дүйнөлүк кризисти Украинадагы жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү байлыктарды сатып алуу максатында активдүү колдонуп келишет. Ушул жерден Кыргызстандын түштүгүнө газдын эмне үчүн жеткирилбей келатканы түшүнүктүү болуп жатса керек, окурман. Кыргызстанга орусиялык компаниялардын, тагыраагы Газпромдун келүүсү Сорос баштаган финансисттерди уйкудан коюп, жегендерин аш кылбай жатпайбы. Балким, Кыргызстандын аймактарындагы активдүү жаштарга "Сорос-Кыргызстан" фонду аркылуу колдоо көрсөтүмүш этип, түпкүлүгүндө батыштын таасирин арттыруу максаты ишке ашырылып жаткан болбосун?! Ошол себептен Жорс Соростун алдыдагы иш сапарынын расмий программасында өзүнүн фондунун өкүлдөрү жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенттери, окутуучулары менен гана жолугушуу каралып жаткандай.
Тиленбек АЗЫК











??.??