presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Элмира Жумалиева, ЖК депутаты
"Төө буурчак алган фирмаларды Курманалиева жеке өзү көзөмөлдөйт..."
- Төө буурчак маселеси бүгүн таластыктардын башкы көйгөйү болууда. Бул боюнча сиз дагы четте калбай, таластык дыйкандарга көмөктөшүп жатканыңызды уктук эле...
- Өткөн жумаларда он чакты айылдык кеңештин депутаттары келип төө буурчак маселесин айтышты эле. Биз спикерге жеткирип, өткөн жуманын бейшембисинде Айыл чарба министринин орун басары Керималиевдин маалыматын уктук эле. Бүгүнкү күндө бул министрлик эч кандай иш кылган жок. Быйыл малдын ар кандай оорулары күч алды. Карантин жарыялап, адистерди жиберип, бир чара көрүп койгонго жарашкан жок. 2013-2014-жылдары канчалаган гранттар, кредиттер келди. "Силер ошол акчаны эле эсептеп отурасыңар, башка иш кылган жоксуңар" - деп айттым. Өткөндө өкмөт башчысы, губернаторлору баш болуп "фасоль тиккиле, 100дөн кем болбойт" - деп элди ишендиришкен экен. Элдер ошолорго ишенип, гектарлаган жерлерди ижарага алып, олчойгон кредиттерди алышыптыр. Бүгүн эмне кылаарын билбей отурушат. Таластагы өкмөттүн өкүлү Койсун Курманалиева төө буурчак алабыз деп келген фирмалардын баарын жеке өзү көзөмөлдөйт деген имиштер жүрүп жатат. Мындан эки жума мурун килограммын 80 сомдон алабыз деп келишкен экен. Азыр элге 40 сомдон деп жатышат. Эл мунун баарын көрүп-билип турат. Быйыл түшүмдүүлүк начар. Үшүк албаса дагы, кардын астында калды. Карда калган төө буурчак сортун жоготту, саргайып калды. Керималиевдин оозу боюнча "Бразилияда 20 эле сом экен, Өзбекстанда 40 сом экен, силер мынча кымбатка кантип сатасыңар" - деп жатат. Ар кайсынын башын айтпай, толук кандуу иш алып барышы керек эле. Дыйкандарга жардам бериши керек эле. Быйыл бүтүндөй Талас төө буурчакка өтүп алышкан. Картошка жок, тоют айдашкан эмес. Эртең алар кантип оокат кылышат? Илимий жактан көзөмөлгө алып, элге туура түшүндүрүп, "которуштуруп айдагыла, бир жылы муну, экинчи жылы тигини айдагыла" деп кеп - кеңештерин бериши керек эле. Анын бири жок.
- Саясат темасынан азыноолак кеп кылсак. Учурда "Республикадагы"мурунку фракциялаштарыңар менен мамилеңер кандай?
- Көпчүлүк биле бербесе керек. "Республика" партиясы 2007-жылы мен башында турган "Эл талабы" деген партиянын негизинде пайда болгон. Жөнөкөй мугалим кантип депутат болуп калды деген суроолор пайда болушу мүмкүн. Ошол кездери жаңы партиялар каттоого алынбайт деген талап бар эле. Өмүрбек Токтогулович келип: "Партияңызды бериңиз" - деди. Кийин ошондогу платформа, программалардын бири дагы аткарылган жок. "Республикадагы" депутаттардын көз караштары, идеологиялык ишенимдери ар башка болгондуктан, өзүңөр жакшы билгендей бул 4-5 ке чачырап кетти. Биз дагы Эшимов Акылбек, Батырбеков Алмаз, Абдыкеримов Шаршенбек, Нурбек Алимбеков, мен болуп "Ынтымак" депутаттык тобун түзгөнбүз. Кийин кимдер көпчүлүк болсо, ошолор фракцияны түзүшөт деген тартип чыкпадыбы. Ошондо "Бир Бол" менен "Өнүгүү" өзүнчө кетти. Мөөнөтүбүздүн аяктаарына көп болсо бир жыл калыптыр, башында чогуу келген "Республика" менен бир бололу деп, бир фракция болууга макулдугубузду берип, кол коюп бергенбиз. Компромисске барып, жаман-жакшы айтышпай, түз эле мамиледебиз.
- Сиз мүчө болгон депутаттык топтогулар "Ынтымак" деген партия түзөт экен деген кептер айтылды эле. Мунун чындыгы канчалык?
- Андай партия түзгөн жокпуз. Өзүңөр жакшы билсеңер керек, Шаршенбек Абдыкеримовдун өзүнүн партиясы бар. Ал тууралуу кийин дагы айтылаар. Негизи ушу топтогулар чогуу эле кетебиз. Балким башка партияларга кошулаарбыз. Бирок ал жагы азырынча белгисиз. Биз азыр шайлоону ойлогон жокпуз. Күнүмдүк көйгөлөрдү чечип, ишибизди кылышыбыз керек. Учурда палатадагылардын баары эле шайлоого даярдык көрүп, жер-жердин баарын кыдырып кетип калышты. Бирок эл деле кимдин ким экенин билип, түшүнүп калды. Шайлоодо чуркагандарга эмес, эл үчүн кызмат кылгандарга добушун берет го дейм.
- Элмира Бусурманкуловна, 30 жылдан ашык билим берүү тармагында иштеп келдиңиз. Сурайын дегеним, эмне үчүн бүгүнкү күндө мектепке чейинки билим берүүгө мынчалык кызыгуулар болууда? Мектепке чейинки билим берүүчү борборлор козу карындардай көбөйүп жатса да, ошого карабастан алар эмне себептен жетишпей жатат?
- Мектепке чейинки куракта баланын дене бою, эмоционалдык, өзгөчө психикалык жактан өспөй калышы атайын коррекциялык иштер аркылуу да кайра ордуна келбей тургандыгын жана баарынан мурда баланын инсан болуп өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизерин окумуштуулар айтып чыгышууда. Чын-чынында бейбашчылык, балдар кылмыштуулугу, психикалык жактан оорукчан балдар көйгөйлөрү мектепке чейинки этапта түптөлө баштайт. Ушуга байланыштуу батыштагы жана россиялык окумуштуулардын, эксперттердин пикирлери боюнча мектепке чейинки билим берүү ата-энелердин гана түйшүгү болуп саналбастан, ошондой эле кандай гана мамлекет болбосун анын социалдык турмушунун маанилүү бир бөлүгү болуп саналат. Мамлекет мектепке чейинки билим берүүгө өзгөчө көңүл буруусу зарыл.
- Теориялык жактан ошондой деңизчи, бирок иш жүзүндө мамлекеттин балдар бакчасына көңүл бурууга чамасы жетпей, кыйла маанилүү социалдык проблемаларды чечүү менен алаксып жатпайбы.
- Толук кандуу жаранды тарбиялоодон, турмушка жөндөмдүү, гумандуу инсанды калыптандыруудан маанилүү эч нерсе жок. Бул жеке адам үчүн гана эмес, коом үчүн да маанилүү. Мектепке чейинки тарбияга тийиштүү деңгээлде көңүлдүн бурулбай жатышы социалдык жактан туруктуу эмес, кайдыгер инсандын өсүшүнө алып келет, мындай инсандар жаңы социалдык экономикалык жана социалдык шарттарда коомдун өнүгүшүнө олуттуу салымын кошууга жөндөмсүз болуп чыгышат. Ошондуктан азыркы шартта мектепке чейинки билим берүү көйгөйлөрү көптөгөн эксперттер тарабынан кыйла актуалдуу маселе катары каралууда.
- Бирок балдардын жалпы билим берүүчү мекемелериндеги орундардын жетишсиздиги боюнча көйгөйлөрүн чечүүгө мамлекет жарактуубу? Анткени балдар бакчалары караманча жетишпей жатпайбы?
- Чын-чынында балдар бакчалары жетишпей жатат, ал эми иштеп жаткандарында орун жок. Балдар бакчаларында орундардын жетишпей жатышынан улам кезек күтүү узарып, бул өз кезегинде паракорлуктун өсүшүнө негиз болуп жатпайбы. Пара алгандан кийин бала-бакчасынын башчысы балдарды кабыл алуунун өз алдынча артыкчылыктарын аныктай баштайт. Мектепке чейинки билим берүүдөгү коррупция күн өткөн сайын өсүүдө. Балдар бакчаларын курууга жана бул үчүн керектүү финансылык ресурстарды издеп табууга мамлекет милдеттүү. Бирок бул негизги көйгөй эмес.
- Сиздин оюңузча эмне негизги көйгөй болуп саналат? Аны мамлекет чече алабы?
- Биринчи планга мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү саясатын алып чыгуу зарыл. Дал мына ушул чөйрөдө артыкчылыктарды аныктоо керек. Бул мамлекеттин карамагындагы иш. Мектепке чейинки мекемелердеги колдонулуп жаткан стандарттарды өзгөртүүгө тийишпиз.
(Уландысы кийинки санда)
Маекташкен
Эрнис Балбаков

- Аларды атап айтсаңыз?
- Мектепке чейинки мекемелердеги билим берүү саясатынын көйгөйлөрүнүн актуалдуу бир маселеси балдар бакчасына барган баланы, баарынан мурда окууга, эсептөөгө жана жазууга үйрөтүү сыяктуу көз караштарды кайра кароонун зарылчылыгы болуп эсептелет. Балдардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү үчүн артыкчылыктуу болууга тийиш. Анткени чыгармачылык ой чабытты өнүктүрүү мектепке чейинки курактагылардын борбордук психикалык билимин гана эмес, ошондой эле аң-сезимдин жалпы касиети, "универсалдуу жөндөмдүүлүк" болуп саналат. Билим берүүнүн мектепке чейинки бала бакчасында окуучунун прообразын түзүү зарыл эмес, анын универсалдуу өбөлгөлөрүн жаратуу зарыл. Дал мына ушул мектепке чейинки балалык адамдын чыгармачылык жана коммуникативдүү жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн цензитивдүү мезгил болуп саналат. Ишмердиктин мектепке чейинки спецификалуу түрлөрүнүн каражаттары менен аны калыптандыруу жалпысынан баланын психикасынын калыптанышын, мектепте билим алууга даярдыгынын пайдубалын түзүү камсыз кылат.
- Башкача айтканда баланын инсан катары калыптанышы мектепке чейинки мекемелерде билим берүүнүн сапатына жараша болот деп эсептейсизби?
- Туура айтасыз, ошондуктан мектепке чейинки билим берүү илимпоздор, эксперттер тарабынан социалдык жактан калыптануунун маанилүү фактору катары каралып жатат. Бала үчүн балдар бакчасына баруу социалдык фактор болуп саналат. Ошондуктан мектепке чейинки билим берүүгө мүмкүн болушунча балдардын дээрлик баарын тартуу зарыл. Мындай учурда балдар бакчасында мектепке чейинки окутуунун тийиштүү программасы болууга тийиш.
- Ага кантип жетишүү керек? Биринчи кезекте кандай кадамдарды жасоо керек? Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүнүн абалы өтө терең кризисте жатат. Мамлекеттик балдар бакчаларында орун жетишпейт, ал эми жеке бакчалардын баасы өтө жогору. Мектепке чейинки мекемелерди куруу үчүн бүгүнкү күндө мамлекеттин каражаты жетишсиз. Ошентип балдар бакчасы азыр зарылдыкка эмес, колунда барлар же байланышы бар адамдар жете турган бардарчылыкка айланууда.
- Буга мен макулмун. Чынында мектепке чейинки мекемелерде кошумча орундарды түзүү боюнча маселени чечүү көптөгөн убакытты жана ири көлөмдөгү каржылоону талап кылат. Мындай иштерди аткарууда биздин республиканын чамасы чектелүү.
- Мындай абалдан чыгуу үчүн эмне кылуу керек?
- Биринчи кезекте биз баарыбыз уюштуруучулук усулдары менен жеке, корпоративдик, үй-бүлөлүк, жамааттык балдар бакчаларын түзгүлөрү келгендердин баарын колдоого тийишпиз. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин жеке каражаттын негизинде ачууда ишкерлерге мүмкүнчүлүк берүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө тийишпиз. Мектепке чейинки билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө мамлекеттик эмес түзүмдөрдү тартуу мектепке чейинки билим берүү тармагында камтылган балдардын санын гана көбөйтпөстөн, ошондой эле мамлекеттик бюджетке түшкөн оорчулукту кыйла басаңдатат. Бул, акыры келип, балдардын мектепке чейинки мекемелеринин ортосундагы атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүп, алардын ишинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө болот.
- Бул секторду мамлекеттик жана жеке капиталды кошуу менен каржылоо мүмкүнбү?
- Бул дал мына ушул сектордо өтө зарыл. Мектепке чейинки мекемелердин ишин уюштуруу боюнча мамлекеттик - жеке өнөктөштүктү ыкчам өнүктүрүү керек. Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө бизнесин ачууну каалашкан ишкерлерди, ата-энелерди усулдук жактан колдоону жүзөгө ашырууга тийишпиз. "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган 6 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдарга арналган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун түзүмдүк бөлүмчөсү болгон жамааттык балдар бакчаларын түзүүнү Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына тапшыруу зарыл.
Ошону менен бирге мамлекет балдар бакчаларынын жаңы курулуштары үчүн каражаттарды таап, мектепке чейинки мекемелер жайгашууга тийиш болгон жаңы орун-жайларды жана имараттарды куруу жана сатып алуу максатында жеке инвесторлорду тартуу боюнча долбоорлорду сунуш кылууга тийиш.
- Ал эми мектепке чейинки мекемелердин билим берүү программалары кандай болот?
- Мамлекет, биринчи кезекте, баланын чыгармачылык потенциалын жана креативдүүлүгүн ачууга багытталган мектепке чейинки билим берүү системасынын кызматкерлери үчүн жаңы кесипкөй жана билим берүү стандарттарын иштеп чыгууга тийиш. Программанын мазмуну постсоветтик мейкиндикте таанылган автордук программаларга негизделген баланын коммуникативдик-инсандык, аңдап билүүчүлүк, көркөм-эстетикалык жана дене түзүлүшүнүн өнүгүүсүн камтууга тийиш. Мамлекеттик жана жеке сектор деп бөлбөй туруп, мындай стандарттарды мектепке чейинки мекемелерге жеткирүү, мектепке чейинки мекемелердин кызматкерлери үчүн окутуу семинарларын, тренингдерди өткөрүү байма-бай зарыл. Ошондой эле мектепке чейинки мекемелер үчүн кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана аларды даярдоо боюнча туруктуу иштеген курстарды уюштуруу маанилүү. Бул проблемага бүткүл коомчулукту тартуу менен аны чечүүгө кыргызстандыктардын жаңы муунунун тагдырына жана биздин өлкөнүн келечегине күйгөн окумуштууларды, саясатчыларды жана практиктерди тартуу керек.











??.??