presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Канткенде мусулман боло алабыз?

Ушул жумада Коргоо кеңешинде дин саясаты боюнча концепция кабыл алынды. Бул боюнча Президент Алмазбек Атамбаев азыркы ислам дининин бурмаланып жатышы жөнүндө кенен айтып өттү. Биз бул ушул маселе боюнча айрым адамдардын пикирин уктук.

Айылчы Сарыбаев, экономикалык серепчи
- Бул боюнча президенттин айткандары туура , кыргыз калкы негизинен ислам динин тутунат, мусулманчылыкты ызааттайт. Ал эми дин жагынан жикке бөлүп, элдин нааразылыгын туудуруп жаткандыгы туура эмес. Мусулман десе эле узун сакал койдуруп, көлөктөгөн көйнөктөй узун кемселдерди кий, аялдарды чүмбөттөлүп жүр деп эч ким айтпайт. Жоолук салынганды же сакал койгонду эле мусулман деп, сакалы жоктор каапыр болуп калабы. Эгер узун сакал коюп, бутуна көлөч кийип, 10-кылымдагы адамдардай жашаганда гана мусулман болот дешсе, андай болсо машина айдабасын, телевизор көрүшпөсүн, учакка түшпөсүн деп талап коюлса туура болобу. Албетте жок.

Осунбек Жамансариев, юрист
- Ар бир адам жүрөгү менен кудайга ишениши керек. Ал эми араб элинин кийимин кийгендер эле мусулман болуп калбайт да. Эң башкысы абийири таза, ыймандуу болуш керек. Дин эркиндиги деген бар. Ар бир адамдын динге болгон көз карашын, ишенимин сыйлаш керек. Ошону менен катар эле динди дагы жакшылап талдап, кийими менен эмес жүрөгү менен кудайды тааныш керек. Мына ошонун өзүн президент айтып жатат.

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер
- Президенттин айтканы туура, бирок кылганы туура болбой жатат. Жогорку Кеңешке намазкана ачып жатканда "баш мыйзамды сыйлагыла" деп койсо болмок, эмнеге айткан жок. Булардын бардыгын президент өзү караш керек болчу. Негизинен президенттин теледен айтканы туура, туураны туура деш керек.

Кусейин Исаев, мударист
- Азыр ислам дининин классикалык түрү эмес бурмаланган түрү өкүм сүрүп жатат . Ошол бурмаланган түрүнүн азабын карапайым эл тартып жаткан учуру. Байкасаңар, бир жылда канчалаган мечиттер курулуп жатат, ал эми мектептердин саны менен эле салыштырсак болот. Мен дин боюнча концепциянын кабыл алынышын күтүп жүргөм. Ырас, бул кабыл алынган концепция менен жакындан тааныша элекмин. Бирок, президенттин сүйлөгөн сөзүн уктум. Чынында сакал коюп, узун кийим кийип эле мусулманчылыктын кадырын көтөрө албайбыз. Азыр теледен көрүп, угуп жатабыз Сирияда согуш болуп жатканын. Ал жактагы согушка биздин өлкөдөн канчалаган жарандарыбыз, динди жакшы түшүнбөгөндүгүнөн барып жатышат. Азыркы башты айланткан диндин бул бурмаланган түрүнүн айынан туура эмес жолго түшүп кеткен жаштарыбыз толтура.

Гүлмира Шаршеева




Майрамыңар менен журналисттер!

Бүгүнкү 7-ноябрь басма сөз кызматкерлеринин майрамына карата кыргыз тилдүү айрым журналисттерге ар кандай суроолор менен кайрылып, жооп алдык…


Үсөн Касыбеков,
журналист:
Учурда журналисттердин коомдогу орду жана таасири кандай?
- Журналистика экиге бөлүнгөнүн билесиң. Бири орус тилдүүлөр, экинчиси кыргыз тилиндеги пресса. Орус тилдүүлөрүң коомдук пикирди түзүүдө таасири сакталып келет. Ал эми кыргыз тилиндеги гезиттерге келсек, ит эле болду. Тегиз катын ушакка айланып кетишпедиби. Ким болуп иштейсиң деп сурашса журналистмин деп айткандан уяласың. А, ушакчы турбайсыңбы деп, этегинин чаңын күбүп тескери басышат эл. Шермендечиликтин мындан артыгы жоктур.

Тынчтык Алтымышев,
журналист:
Журналисттер байып кетпейт, ачка калбайт дейт, сиз журналистикадан эмне таап, эмнеге жетиштиңиз?
- Журналисттердин байыбаганы булар ишкерлер менен саясатчылардан айырмаланып жеке кызыкчылыкты көздөбөй жалпы элдин, мамлекеттин байгер жашоосу үчүн иштеп, чындыктын туусунун алдында жүрөт. Ачка калбаганы ар дайым адал эмгек акы, ачык-айкын ишмердик менен алпурушкандыктан, аларды Кудай дагы куру калтырбайт, эл дагы эсинен чыгарбайт. Журналистикадан менин тапканым эл тааныдым, жер тааныдым, токсон түрлүү тармактын адистери менен баарлаштым, жан дүйнөм байыды, дос, тууган күттүм, далай адамдардын жылуу сөзүн уктум, алкышын алдым, жалпы Кыргызстандын жака, белинен сыйлашаар санаалаштарга марыдым, эмгегим элдин баасында болду, ушуга шүгүрчүлүк.

Кубаныч Заинидинов,
журналист:
Бизди бийлик өкүлдөрү кектешет,
Жеп-ичкендер жаман көрөт, жектешет.
Ушуга да бирок шүгүр кылабыз,
Ушул айдын бир күнүндө эстешет дегенге кандай карайсыз?
- Эгерде майрамдык куттуктоо же чайга чакыруу жагынан алсак так ушундай. Ал эми башка учурда унутулуп калат дегенге кошулбайм. Бирок эстөө же эсептешүү форматы башкачараак болот. Мисалы, ошол эле бийликтеги ким бирөөнү жылаңач төөнү бучкакка чапкандай факты менен бетин ачсаң, ал адам же анын чачпагын көтөрүп чуркачулар албетте ошол журналистке чыгып аны коркутуу, үркүтүү же сылык "конверттин ичинде" сүйлөшүү жүргүзөт. Муну эч ким тана албайт. Анан да кайсы бир кырдаалдарда ошол эле бийлик тарап журналисттердин кызматына муктаж болот. Мына ошондо деле эске алат. Аныгында бийликти деле ушул күнү гана эске алат дей бериш туура эмес. Анткени ушул күн журналисттерге арналган соң ушул күнү эске алат да. Анын үстүнө биздин календарыбыз жалаң эле кызыл жаян болуп кеткен. Бүт эле майрам. Анан бийлигибиз ар кимди эле куттуктап жүрө берсе мамлекетте ким иштейт? Муну да туура түшүнүшүбүз зарыл.

Дилбар АЛИМОВА,
"Жаңы дем" журналисттик агенттигинин жетекчиси:
Учурда сөз эркиндиги барбы? Журналисттердин деңгээли кандай?
- Кудайга шүгүр, азыр сөз эркиндиги бар. Бакиевдин доорунда журналисттер өлтүрүлүп, бычакталып, бир канчасы чет өлкөгө качып кетүүгө мажбур болушпады беле. Ошолорду эстеп, азыркы сөз эркиндигине Кудайга шүгүр дешибиз керек. Мындай эркиндик кошуна өлкөлөрдүн биринде да жок экени эч кимге жашыруун эмес. Ошол эркиндикти айрым кесиптештерибиз туура эмес түшүнүп алып, жоопкерчиликти сезбей калып жатышат. Эркинбиз деп эле ушакты, такталбаган маалыматтарды жаза берген болбойт, бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген туура эмес. Журналист өзүн-өзү ооздуктап турушу керек деп ойлойм. Ал эми журналисттердин деңгээли боюнча айтсам, ар кандай журналисттер бар. Журналист деген күн сайын өзүн-өзү өнүктүрүп, жаңы бир нерсени үйрөнүп, замандын жаңы технологияларын кууп жетип турушу керек. Ошентип жаңы нерсени үйрөнүүгө дайыма умтулган кесиптештерибиз көп. Алар менен катар эле деңгээли төмөн болсо дагы "мен баарын кыйратып салдым" деп амбициясы ашынган кесиптештерибиз да жок эмес. Журналисттердин коомдогу орду болсо чоң. Журналистика - коомдун күзгүсү да. Өлкөдө, дүйнөдө эмне болуп жатканын массалык маалымат каражаттары аркылуу билесиң. Президенттин журналисттерге карата айткан сынын көп кесиптештерим сындап чыгышпадыбы. Мен аны түшүнүү менен кабыл алдым. Чынында эле өлкөнү чет өлкөлүктөргө кандай кылып көрсөтүү биздин колубузда. Сындаш керек, туура эмес иштерди көзгө сайып көргөзүп туруш керек, бирок ошону менен катар эле ар бир журналист мамлекеттин, улуттун бүтүндүгү үчүн күрөшүп турушу керек деп ойлойм.

Даярдаган Мирлан Алымбаев









??.??