presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Баратбай Аракеев
Жүз киши жана кыргыз

Токтобай Маанаев
Бүгүнкү заманда дарыгерлердин адамзат турмушунудагы ролу укмуштуудай эле бар. Анткени, жаратылышынан бузулбаган заттар азайып, алардын ордун жасалма заттар басып, анын ичинде тамак-аш да бар… кийген кийимибиз койдун жүнү эмес, желимден, үлпүлдөтүлгөн кездемелерден болуп жаткан убакта оору дегениң ашкере көбөйдү. Демек, дарыгердин керектиги эселенбейби. Аны менен бирге дарыгердердин арасында "ич өткөк" менен "сокур ичегини" айырмалай албагандар толуп кетти. Анткени, таанышы менен өтөт, окугусу келбейт. Башка кесип болсо го бир жөн, анан адам өмүрүн саксактап турчу кесип алгандардын начар билими трагедия эмеспи! Анткен менен кыргыз дарыгерлеринин арасында мыктылары толо. Алардын бири Ысык-Көл облусунун ооруканалар бирикмесинин башчысы медицина илимдеринин кандидаты Токтобай Маанаев. Бул жигит бир топ жыл Ак-Суу райондук оорукананы башкарып турду. Кийин ал облусттук ооруканага башчы болуп которулганда мурунку эмгек жамааты аябай капа болуп, аялдар ыйлап жүрөт дейт, алардын арасында өз аялы да бар экен!
Токтобай облусттук оорукананы дурус иштетип жатат. Анын тегерек четин сөздүн түз маанисинде гүлдөтүп салды. Оорулууга айланадагы тазалык, кооздук канча пайда экенин билет эмеспизби, ошол абал дагы бир дары эмеспи, оорудан арылтчу.Кесиптештеринен көп уктум бу Токтобайда тыныгуу, эс алуу деген дегеле болбойт сыяктуу дейт, качан болсо оорукананын маселелери менен чапкылап жүргөнү жүргөн дейт. Ооба, азыркыдай заманда жетекчи деген Токтобай сындуу жан аябай иштебесе, кандай гана уюм, ишкана болбосун оң иш жасалбай самсаалап калышы бар. Токтобай кол алдындагы дарыгерлердин талапка жооп бергендей иш алып баруусун катуу таап кылат, ал маселени кулагына куюп турат. Кандай гана оору болбосун дарыгердин жылуу-жумшак мамилеси ошол оруну жок кылууга жардамын берет. Ушул чындыкты айныгыс билген Токтобой дарыгерлерден эң биринчи иретте оорулууларга болбгон жумшак, этият мамилени талап кылат.
Экономикабыз өлө-сөлү абалда турган кезде ооруканалардын көргөн күнү курусун!

Советбек Байгазиев
Бу Сокебиз тээ илгери кыргыз адабияты деген деңизиби, же мухитиби, айтор, ошонусуна сүңгүп кирип кетти эле, ошол бойдон ал жактан чыккан жери жок. Казып атат, жазып атат… казып атат, жазып атат… Анын адабиятчы, сынчы болуп калыптанышына жараткандын тиешеси бар окшобойбу, айтканым ушул болуп турат: ал адабиятчы болуп жаралган турбайбы… Анан анын жазгандарын окуй бер да ошол айтып жатканына кирип жок бол. Жок, ошол маанайды жасалмалаган жокпуз, ал маанай өзүнөн өзү келет. Анткени, анын жазганында окурманын тартып ала турган күчү бар, бура бастырбай турган кандайдыр бир сыйкыр чалыш нерсеси бар. Ал айтып жатакан адабий маселе сеники болот да калат!
Соке жалаң эле адабияттын аки-чүкүсү менен алектене бербей, кыргыз элиндеги ар кыл проблемаларды чагылдырган таасирдүү публицистикаларды тынбай жазып келет. Алардын кайсынысын окуба бутага дал тиет да, окуп жаткан адамды ошол маселесеге баш-оту менен батырып таштайт, ошол маселе Байгазиевдики эмес, дал сеники болуп жашап кеткенин сезбей, билбей да каласың. Ал таасир чеберчиликтин, акылдын, билимдин, эл тагдырына чындап күйгөндүктүн жемиши болубатпайбы! Ооба, филология илиминде доктор дегениң аябай эле көп, кимиси кантип доктор болгонун көбүбүз билебиз. Мына ошолордун арасында жалаң гана билими менен, умтулуусу менен, анан да ошол илимге болгон берилүүсү менен доктор болгон аз адамдын бири да ушул Байгазиев Советбек, кыргыз адабияты деп,кыргызым деп өзүн бүтүндөй элине арнап салган да ушул Байгазиев!

Рыскелди Момбеков
Рыскелди журналисттик карьерасын кадимки Замиранын "Республика" гезитинде баштаган. А кезде аталган гезит Акаевдерге, анын жөкөрлөрүнө желмогуз болуп көрүнүп, аны кантип "жантаслим" кылыштын жолун издеп да турушпадыбы. Баса, Замира Акаевди сындңайм деп "баландага" тоюп да чыкты. Азамат кыз да! Дал ошол учурда Рыскелди жөн адамдын жүрөгүн түшүргөн материалдарды жазып турду. Эми анын баарын тизмектеп отурбайлы, кезегинде, китеп бетинде тегиз айтылат… Ошондон соң кыргыз журналистикасына өзүнүн өзгөчө кыялы менен: дамашки кылычындай курчтугу менен, чындыктан эч качан тайыбагандыгы менен, жогорку кызматтарда иштегендерден таптакыр коркпой турган тоотпогон мүнөзү менен, анан да жазганы кимдин да болбосун дилине суроо-сопкутсуз кирип кеткендей баяны менен таанылды ушул Рыскелди. Таң каласың, кези келсе ким менен болсо да кармашчу катаалдыгы бар, аны менен бирге адамда аз кездешчү ак көңүлдүгү бар. Ушул эки карама-каршы мүнөз бир адамда кантип жашап келерине таң калам?! Анан ойлоп коем, накта жигитмин дегендерге аталган эки мүнөз бирдей керек экен го деп. Ошондой экен!
Азыр Рыскелди килейген "Учкун" концернин карыздарынан кутултуп, кирешелүү кылып зуулдата иштетип жатат. Кол алдындагы адамдарга жасаган мамилеси чынында суктангандай бар: ар киминин чоң кичине маселесин дароо чечип, ошол жамааты сүйгөн, ак дилден урматтаган жетекчиси болуп турат. Жетекчиге андан башканын кереги не?! Бир ирет Рыскелди маданият минстри да болду. Болору менен ал жаатта чирип бараткан акыр-чикирлерден арыла баштады. Мен министрмин деген жок, мурунку калыбынан жазбай, ошол эң керектүү министрдикти баралына келтирип баратканда кызматынан кетти. Кеткени ошол болду, жанагы парламент дегениң кызмат бөлүштүрүп жатпайбы, маданият министрдиги Рыскелдиге"чоочун" фракцияга тиешелүү болуп ишти өлтүрдү да. Жок эле дегенде эки жыл иштесе, Рыскелди жигит ал тармактын "жоргосун салдырмак".
Элим дегенде эт-бетинен кеткен, эли үчүн эрдик жасап жиберүүгө мына азыр даяр турган жигит бар Рыскелди деген, кыргызынын жигити!

Бакыт Төрөбаев
Сөз чынынан бузулбайт дейт, адам баасы да бузулбайт! Ошол жааттан алганда Бакыт Төрөбаев кыргызы таянчу, кыргызы пир тутчу жигиттердин бири. Ошондой баадагы аз жигиттердин бири. Ушул сыпаттаманы мен асмандан албадым, симптияма да дайыны жок алдырганым жок. Аны Бакы инимдин өтөгөн жана да өтөп жаткан өмүрү айттырып жатпайбы.
Бакыт токтоо жан, ошол токтоолугунун жардамы болсо керек, жасаган иши маңыздуу, элине керектүү. Көп эле депутаттарды көрүп жүрөбүз го, айткан кебинин дайыны жок, билими өлчөлүү, ага карабай өзүн кыйындардын катарына коет, популизмдин туткунунда калган небак. Бакытта жогорудагыдай сапат жок, анысын жигиттиги деп билишибиз керек.
Бакыт түзгөн "Өнүгүү Прогресс" партиясы аз гана убакытта таасирдүү партиялардын бири болуп чыга келди. Анткени, партия лидери кандай болсо, партиясы да ошондой болот турбайбы. Аталган партия азыр Кыргызстандын бардык аймагында колдоо таап жаткан учуру. Келерки парламенттик шайлоодо Бакыттын партиясы парламенттен орун алат деген аңыз бар, ал чындыкка айланчу аңыз экенин биз деле сезип турабыз. Ойлоп калам, тилегим ушул- кыргызым таза болсун, кыргызымда ар дайым жакшылык болсун деп, ага жараша аракетин аябаган Бакыттай жигиттер парламенттин өзөгүн түзсө кана атаганат деп…Ошондо мамлекетибиз таза да болмок, өнүгүү жолу менен жолун шыр уламак.









??.??