Оорулуу аткаминерлерден арылууга мезгил жетти

Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттары Нурлан Төрөбеков, Урмат Аманбаева, Каныбек Осмоналиевге карата удаа кылмыш ишинин козголушу эл өкүлдөрүн ичине бүлүк салып, бир топторун селт эттирди. Айрымдардын дароо жердешчилик инстинкти ойгонуп, кылмыш иши козголгон депутаттарды коргоп, адаттарынча комиссия түзүп иликтейли десе, кээси "Башкы прокурор Жогорку Кеңешти чычкан аңдыган мышыктай" телмире тиктебей, бийликке да көңүл бурса" деген ачуусун бүрктү.


Акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин бир тууган эжеси, Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын депутаты, Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан 27-октябрда Кылмыш Кодексинин 303-берене, 2-бөлүгү ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголду. Башкы прокуратура тараткан маалыматта Урмат Аманбаева Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча Ош областтык борбордун башкы бухгалтери болуп иштеп турган кезде материалдык пайда көрүү максатында топ түзгөнү, ал топтун курамына аталган борбордун директору, борборго таандык дарыкананын бөлүм башчысы жана Аманбаеванын демилгеси менен 2005-жылы ачылган "Б." аттуу ЖЧКнын директору, ж.б. жетекчи-өкүлдөр киришкени, уюшулган топтун аракеттеринин негизинде кургак учукту дарылоочу өмүр үчүн баалуу жана өтө тартыш дары-дармектер менен дезинфекциялоочу каражаттардын баалары документтерге жогорулатылып жазылып, алар үчүн бюджеттен түшкөн каражаттан айырмасы өздөрүнө пайда катары алынып турганы жана мындай аракеттер 2009-жылдан 2013-жылга чейин созулуп, мамлекетке 17 миллион 263 миң 500 сом зыян келтирилгени айтылат. Депутат айым болсо кылмыш иши козголоору менен "Ош-Кардио" менчик ооруканасында жатып алган.
Ал эми 31-октябрда кылмыш иши козголду делген "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Каныбек Осмоналиев кыргыз-орус Славян университетинин медициналык факультетине 24 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышына байланышы бар шектелүүдө.

Буга дейре, дагы бир "ар-намысчы" депутат Нурлан Төрөбековго алдамчылык жана жасалма документ жасоо беренелери боюнча айып тагылган. Башкы прокуратура тараткан маалыматка таянсак, Төрөбеков "Үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчи" деген чин алуу үчүн тапшырган жогорку окуу жайдын диплому жасалма экени белгилүү болгон. Бирок эл өкүлү өзүнө тагылган айыпты четке кагууда.
Айтор, бул жолку 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарына буга чейин Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөндөй көп кылмыш иши козголду. Бир тобу камалып, соттолду. Кээси тергөөдө сүйрөлүп жүрөт. Алсак, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров, Нариман Түлеевдер камалып, соттолду. Ахматбек Келдибеков ден соолугун шылтоолоп чет өлкөдө дарыланып жатат. Нурлан Сулайманов качып жүрөт. Булардан сырткары Курманбек Осмонов, Райкан Төлөгөнов, Турат Мадылбеков, Равшан Жээнбековго да кылмыш иши козголгон болчу. Азамат Арапбаевге да кылмыш иши козголуп, бирок жабылып калганы айтылган. Исхак Пирматов, Элмурат Обдуновго кылмыш иши козголуп, жабылбай турат. Азырынча кол тийбестигине байланыштуу камала элек.
Кыскасы, бул чакырылыштагы парламентке жалаң эле баскан жолу мандемдүү, булганып бүткөндөр депутат болуп келгендей туюлат. Бул жагдай Жогорку Кеңештин аброюн түшүрүп, кадырын кетирип жатат деген сындарга негиз болууда. Бирок бир жагынан алып караганда эл өкүлдөрүнө карата көп кылмыш ишинин ачылышы тазаланууга жол ачкан эң туура көрүнүштөй сезилет. Анткени буга дейре эл өкүлү болуп мандат алсам, кол тийбестик укукка ээ болом, мага эч ким эч нерсе кыла албайт деген сезим менен баары (дарамет деңгээлине карабай мейли кылмышкер болсун) депутат болууга жанталашса, эми эгер кылмыш кылсаң, "кыңыр иш кырк жылда билинет" дегендей, эртеби-кечпи баары бир жоопкерчиликтен кача алышпай турганын сезе башташты. Бул жагдай мурда кылмыш жасап, ага жооп бербей кутулуш үчүн депутат болууну көксөгөндөрдү эсине келтирүүгө шарт түзүүдө.
Деги эле Атамбаевдин бийлигинин тушунда эл өкүлдөрүнө, жогорку даражадагы чиновниктерге карата кылмыш иши көп козголуп, мурунку бийликтин тушундагы "чоңдор жооп бербейт" деген стереотип бузулду. Чынын айтыш керек, Акаевдин да, Бакиевдин да бийлиги өкүм сүрүп турган чакта үлкөн кызматтагы чиновникке карата кылмыш ишин козгоо сейрек учурачу. Ал түгүл дээрлик болгон эмес десек да аша чапкандыкка жатпайт. Себеби Аскар Акаев "коррупция 7-кабатка жетти" деп кыйкырган менен коррупция беренеси менен эч ким камалган эмес. Бакиевдин тушунда да бирөө-жарым камалып, сурак берген жок. Учурда болсо кызмат абалына, даражасына карабастан бир катар министр, чиновниктер камалып, асты түрмөдө жатса, бир тобу сурак берип жатышат. Мисал катары айта кетсек, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго, Жаратылыш ресурстар министрлигинин мурдагы жетекчиси Замирбек Эсенамановго, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчиси Равшан Сабиров, кылмыш иши козголду. Айыл чарба министрлигинин мурунку жетекчиси Чыңгыз Узакбаев Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү менен күнөөлүү деп тыбылып, 50 миң эсептик көрсөткүчтө же 5 млн сом өлчөмүндө айып салынды. Геология жана жер ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Ишенбай Чунуевге кылмыш иши козголду. Ушул эле аталган агенттиктиктин дагы бир мурунку жетекчиси Учкунбек Ташбаев Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 316-беренеси (шалаакылык) боюнча күнөөлүү деп табылып, 200 миң сом айып пул төлөп, 5 жылга эркинен ажыратылды. Булардан тышкары губернаторлордун бир катар орун басарларына, аким, мэрлер, статс-катчыларга кылмыш иштери козголгон.

Албетте, камалды деген менен көп өтпөй ар түрдүү шылтоо менен, айрыкча ден соолугуна шылтоолоп абактан бошоп же үй камагына чыгарылып, жоопкерчиликтен кутулууну көздөгөн көрүнүш арбын. Айрымдар "карга карганын көзүн чокубайт" болуп татыктуу жазасын албай, суудан кургак чыгып, акталып жатат. Бирок бир нерсени моюнга алыш парз. Дегенибиз, муз козголду. Ичип-жеп, каалаганын жасап, эч нерсеге жооп бербей тургандай теңирин тааныбай көпкөндөр, эртедир-кечтир жооп берчү күн бардыгын унутууга мүмкүн эместигин эстерине түйүп, арыдан-бери болуш керектигин аңдоого мезгил жеткенин туюшту. Ошого жол чабылды. Эми кылмыш кылып коюп, ден соолугуна шылтоолоп же тууган-урук, жердештерин көчөгө алып чыгып жол тостуруп, жоопкерчиликтен кутулуу амалын көздөгөн көрүнүштү токтотуш калды.
Жол тоскондор боюнча го жаза күчөтүлдү. Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш тарабынан 25-сентябрда кабыл алынган, өлкөдө нааразылык иретинде жол тороого жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду. Аталган мыйзамда өлкөдөгү жолдорду тоскон жарандарга үч миң сомдон тарта, коомдук уюмдарга 50 миң сом айып пул салуу, ал эми стратегиялык мааниси бар жолдорду 24 сааттан ашык торосо он миң сомдон баштап, үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бул мыйзам долбоору жол тороо сыяктуу акциялар мамлекеттин туруктуулугуна, экономикага терс таасир тийгизип жатканын эске алуу менен иштелип чыккан.

Эми жогорку кызматка бекитилип жаткан чиновниктерди ден соолугу чыңбы, жугуштуу оорусу жокпу, ичип-жеп күптүү болуп куса албай ооруп калбайбы, медициналык кароодон өткөрүп, анан дайындоо зарыл болуп турат. Антпесе, "оорулуу" чиновниктер Кыргызстанды "оорутуп" жатышат. Башкача айтканда, куландан соо жүрүп, кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп, анан кылмыш иши козголгондо, жок оору менен оорушуп, эң кур дегенде томугу мертинип, аны Кыргызстанда дарылай турган врач табылбай, чет өлкөгө качып же үй камагына чыгып, бийликти мыш кылдым деп мыйыгынан күлүп, дөөгүрсүгөн адат пайда болду. Ошондуктан, мамлекетти ооруткан оорулуу чиновниктерден арылыш үчүн, жогорку кызматка дайындалып жаткан аткаминерлерден сөзсүз ден соолугу чың экенин далилдеген медициналык справка талап кылыш бүгүнкү күндүн талабына айланды. Медициналык справка менен бирге эле, кокус министр болгондо ичип-жеп күптүү болуп ооруп калсам, ден соолугума карабай соттой бергиле деген дагы түшүнүк кат жаздырып, нотариус аркылуу күбөлөндүрүп коюу ашыкча кылбайт. Антпесе, биздин төбөлдөрдө уят, абийир, намыс, эл-жер, мамлекет деген руханий иммунитет калыптанчудан эмес.

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу