presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Алтынбек Муралиев тыңчылыкка шектелип камалды

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Муралиев коңшу мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн тыңчылык кылган делип, 4-ноябрда 2 айга абакка алынды. Алтынбек Муралиев Кыргызстандын эки жолку экс-премьер министри Амангелди Муралиевдин уулу болот. Амангелди Муралиев Чүйдүн кулуну, бирок, түпкү теги кыргыздашып кеткен өзбек элинин өкүлдөрүнөн экендиги айтылып жүрөт. Биринчи жолу Амангелди Муралиевди премьер-министрликке 1999-жылы президент Аскар Акаев сунуш кылса, экинчи жолу 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева сунуштап өткөргөн.

Суранчиев эми
"Мегакомду" талкалайбы?
Мындан 10 күн мурун ИИМдин өздүк курамы илгертен калган салт менен татыксыз иштесе да экс-министр Абдылда Суранчиевди ардактуу эс алууга узатышкан. Пайгамбар жашынан ашкан бул аксакал жаны тынбайт экен, үйдө тынч олтуруп неберелерин эркелеткенди эң жаман көрөбү, айтор бир килтейген министрликтин кадырын кетиргени аз келгенсип, кайрадан жанталашып мурунку иштеген жери "Мегакомго" барып, Башкы директор Азат Базаркуловдун биринчи орун басары болуп калды. Бул кызматты ага өз каалоосу менен арыз жазган Алтынбек Карамолдоев бошотуп берген. Мамлекеттик маанилүү иштин маңызын чыгара иштей албай, жетекчилик жөндөмүн көрсөтө албай, коомчулукка жек көрүнгөндөн кийин Абдылда аксакал сакалын сүйрөбөй, үйүндө тынч олтурса болмок. Персоналдык пенсиясы, өмүр бою кызматта иштеп оң-солдон топтогон байлыгы деле башынан ашса керек. Айта кетсек, ал министр "Мегакомдо" Коопсуздук маселесин көзөмөлдөгөн бакыйган жетекчи болчу, министр болуп кеткенден кийин анын ордун дагы бир генерал Абдыгул Чотбаев ээлеп калган. Ал эми көп жылдардан бери укук коргоо жаатында иштеп, өзүнүн иш билгилигин көрсөткөн кадимки залкар Кармолдонун небереси Алтынбек мырза "Мегакомду" мамлекеттештирүүгө эбегейсиз эмгек өтөдү. Кыязы, ал бул жерге Ак үй менен Көк үйдөн ошондой олуттуу тапшырма менен келсе керек. Эмнеси болсо, татыктуу иштеп, башкалардай болуп тырышпай татыктуу кетти. Бирок жакынкы арада Алтынбек мырза бакыйган бир кызматка барып калышы мүмкүн. Анткени, бийлик анын эмгегин унута койбос.

Жусубалиев Казакстанга кетеби?
Эки жылга жакын убакыттан бери Ички иштер министринин биринчи орун басары болуп ийгиликтүү иштеп келген милициянын генералы Бакыт Жусубалиевдин кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы белгилүү болду. Ал ортодо аны эми анын карьерасы өкмөттө уланат, же ИИМдин Казакстандагы өкүлү болуп дайындалат деген такталбаган кеп да тарады. Бирок азырынча анын кызматтан кеткени жана кайсыл кызматка барары тууралуу расмий маалымат чыга элек. Бакыт байкебизге кайда иштесе да ийгилик каалайлы. Ал эми Уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү башкы башкармалыгын башчысы Рафик Мамбеталиев ИИМдин 10-башкармалыгына дайындалып, анын ордуна, мындан 1 жыл мурун Уюшкан кылмышка күрөшүү башкы башкармалыгында орун басар болуп иштеп кеткен, мыкты опер Мирлан Каниметов дайындалды. Мындан тышкары, ИИМдин Басма сөз кызматынын жетекчиси болуп, айтылуу Бакыт Сейитов бекиди.


Аманбаеванын амалына баракелде
"Республиканын" депутаты Урмат Аманбаевага Баш прокурор Аида Салянова өзү кылмыш ишин козгоду. Себеби, ал Ош облустук учук оору менен күрөшүү борборунда башкы бухгалтер болуп турганда, тактап айтканда 2009-жылы дары-дармек боюнча коррупциялык схеманы баштаган деп айыпталууда. Натыйжада, андай схемадан 2013-жылга чейин мамлекетке 17 млн. 263 миң сом зыян келген. Бул схеманы Баш прокуратура буга чейин эле ачыктап, депутат айымды суракка чакырып жүргөн. Бирок мандатына, кол тийбестигине таянган Урмат айым, чакырууларды четке кагып келгени айтылат. Акыры минтип кылмыш иши козголоору менен, жеке менчик "Ош-Кардио" аттуу медициналык борборуна "эс алууга" түшүптүр. Эми бул тергөөгө барбай башын сактап калуунун бир амалы да. Айтылган борбордун директору камакка алынды. Айтмакчы, былыгы чыккан бул эл өкүлү 3 жаштагы кызын зордуктаган айбанды коргоого алган Акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин эжеси, ал эми байкеси белгилүү обончу, Мукаш Абдыраев атындагы музыкалык мектептин директору Исирадин Аманбаев. Негизи биздин аткаминерлер кылмыш козголгондо көз ирмемде "ооруп" калмайды модага айлантып алышты. Аман эле болушса экен, "байкуштар".


Бөлөкбаевдин жардамчысы кармалды
"Жашылдар" партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевдин жакын тууганы буга чейин Алматадан 14 кг. баңгизат менен кармалып, 16 жылга кесилгени белгилүү. Эми Эркин мырзанын жардамчысы Тилек Сыдыков деген жигит 2 кг. баңгизатты "Лексус" үлгүсүндөгү машинеге алмаштырып жаткан жеринен из кубарлардын колуна түштү. Деги, "Жашылдар" "бандасы" баңгизатка байлангандан сообу? Эчак эле кызматтан кетип, эригип-зеригип жүргөн Эркин мырза буга эмне дейт болду экен?










??.??