Мыкты окумуштуу анан да мыкты инсан

Сапар Бегалиев агайыбыз сексенге чыгыптыр деп өткөн сандарда бир материал бергенбиз. Ошондой техникалык ката кетип, агай менен Салтанат эжейдин ордуна башкалардын сүрөтү кетип калыптыр. Ал үчүн агайдан арбын кечирим сурайбыз.
Сапар агай мына мени да окуткан, адабияттын теориясынан түшүнүк берген, эл оозеки чыгармачылыынан мээбизге толтурган. Бүгүнкү күнгө чейин агайдын лекция окуганы эсимде турат, эми эле тарта койгондой сүрөтү турат: ал лекция окуганда эч качан кагазын карачу эмес, парталардын ортосу менен наркы-терки жай гана басып, бир калыбы менен айтчусун айта берчү. Кандай адам ушинтип кагазы жок сүйлөйт деп аябай таң калчубуз, мына бүгүнүкү күнгө чейин агайдын ошол кездеги бизге тийгизген таасири калыбында турбайбы. Агайдын билими аябай терең эле. Бул бир жагы. Экинчиден, ошол билген билимин окуган студенттерине жеткириш керек, бул татаал маселе. Ал эми агайдын айткандары бизге дароо жат болгондой сезилчү, анын айткандарын мурун эле билип жүргөндөй абал келчү. Көрсө, баяндоонун мыктылыгы ошол сезимди жаратып салат тура.
Агайдын дагы бир өзгөчөлүгү ал эч качан бирөөгө үнүн көтөрүп катуу айтчу эмес, жай аккан дайрадай эле анын баскан-турганы. Ал сапатына да суктанчубуз, мына бүгүнкү күнгө чейин суктанып келебиз.Адам деген атка накта эгедер адамга суктанбай коймокпузбу…
Көп жыл мурун агай Каракол университетине которулуп кеткен. Ал жерде эмгектенип, бүтүндөй жамааттын сыйына татып турган убагы.
Агайдын түгөйү Салтанат Осмоналиева эже химия илимдеринин кандидаты, Караколдогу юридикалык колледжде эмгектенет. А киши да агайдай мыкты жан. Эки мыкты жандын бирге жашашы дегендин өзү бакыт! Демек, Сапар агай да, Салтанат эже да бактылуу адамдардын катарында. Болсун дейли!

Баратбай Аракеев