Таластыктар
таарынсак кайда барабыз?
Быйыл жыл оор болду. Жаз бир айга кеч келди. Айдоо аянттары дыйкандарды күтүп көпкө айдалбай томсоруп турду. Алгачкы бороздор майдын онунан баштап жер тиле баштады. Тракторлор көк түтүнүн асманга бүркүп, талаа ээлери топуракты колдоруна мыкчып, жыттап ырахаттана жаз демине мас болуп турушту. Тээ күздүн берекелүү түшүмүн элестетишип, бир килограммын жүз сомдон эсептеп, немистин эски "аудиси" эшигинин алдына келип калганын түшүндө да көрүп жиберди. Кээ бирлери көп жылдан бери жабылбай турган тамын бүткөрүп, уул-келинин өзүнчө бөлүп, туугандары дагы бир түтүнгө көбөйгөнүнө кыялданып турду. Бир жагынан өкмөт башчынын Талас облусуна болгон иш сапарындагы жүрүшүндө, быйыл төө буурчактын баасы 120 сомго чейин көтөрүлөт деген сөзү ар бир дыйканга кубаныч тартуулаганын, күзгө чейин көкүрөктөрүнүн түпкүрүнө катышты. Өкмөткө катар-катар алкыштарын жаадырып ийишти Манастын урпактары. Премьер-министрдин 120 сомго дейре көтөрүлөт деп ынанымдуу айтканы кулактарына жаңырып турду таластыктардын. Анын үстүнө президентибиздин 2013-жылы теледен элге сүйлөгөнү, мындан ары эч кандай күч төө буурчактын үстүнөн "доляга" олтура албастыгын, баа мүмкүн болушунча көтөрүлөрүн айтты. Бекеринен Алмаз Шаршенович узак жылдар бою чындыкты туу тутуп, карапайым калктын таламын талашып, куугундарга карабастан оппозицияда жүрбөгөндүгүн бүгүн өлкө президенти катары тастыктады. Журт башы ар дайым мамлекеттин оор жүгүн көтөрүп келген жөнөкөй элдин үмүттөрүн суу сээп өчүрбөй тургандыгына, ошол президенттик тактыга жеткирген эл ишеним артат. Мындан 3 жыл мурда президенттик шайлоонун астында урматтуу Алмаз Шаршеновичти азыркы бийликтегилердин бир да бирөөсү колдогон эмес. Баягы эле карапайым момун кыргыз өз добушун берип, бир караса элди ушул жүзүнөн нур тамган, бетке түз айткан, эч нерседен жалтанбаган, жаман ишке баспаган деп ажолукка шайлап алган эле. Быйыл жыл оор болду. Бир жагынан жаратылыш каарын чачып, суу аябай тартыш болду. Чоң Талас каналынын этектеги айылдарына миңдеген га жерлерге 50 литр суу араң жетип жатты. Облустун көпчүлүк айылдарында дыйкандар суудан өксүк болушту. Өзгөчө суунун аздыгын Кара-Буура районуна караштуу Жоон-Төбө, Сулуу-Маймак, Чолпонбай, Ак-Жар айылдарындагылар сезишти. Дыйкандар жылдагыга караганда түшүмдү өтө эле аз алганы өкүнүчтүү болду. Көпчүлүгү сепкен уругун араң алышты. Башка райондогу дыйкандардын абалы деле көңүл жубатаарлык эмес. Жылдагы облус боюнча алган түшүмдүн тең жартысы алынды десек аша чапкандык болбос. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам, үшүк жүрүп, түшүмдүн 50% нан кол жуугандар мындан көп. Канчалаган мээнеттер, пешенеден тамган тер менен кошо жерге сиңип кетти. Жүз миңдеген сомдор шамал менен кошо жарышып обого сиңип кетти. Кайран эмгектер. Шору арылбаган дыйкандар. Буларга кошул-ташыл болгон кымбатчылык элди бир жагынан кыйноодо. Бүгүн бензиндин баасы асманды чапчыганына бийлик кайдыгер, чөнтөгүнөн акча чыгарып жатты беле. Бир жагынан ала жаздан бери свет өчөт эле өчөт, суу аз дей беришип элдин үшүн да алып бүтүштү. Кыш болсо босогодо. Көмүр болсо жок. Аны ойлогон район, облус жетекчилиги жок. Айылдарга көмүр таратууну эбак эле эсинен чыгарып койгондой. Пенсияны болсо көбөйттүк деп ооз көптүрө сүйлөшөт. Ошол кошкон 250 сомуна азыркы баа менен 5 литр бензин араң келет. Дегеле биз 80000 миң сом пенсия алып жаткансып, аны алса өмүр бою бюджеттен айлык алып, элдин акчасын оңду-солду чачкандар алып жаткандыр. Ошол ири суммадагы пенсияларды өмүр бою кара жумушка каржалып же күндүн ызгаарында, жайдын аптабында какталып жүргөндөрдүн пенсиясына теңеп койчу мыйзамдарыбыз жок. Кечээ оппозицияда жүргөндөр депутат болсом эле пенсияны көбөйтөм, ар бириңердин үйүңөргө көмүр түшүртөм, айлыгыңар арбын болот, бак-дөөлөт башыңарга конот, деп толгон токой убада бергендер бүгүн депутаттык креслодо чалкалап олтуруп, бири да төө буурчактын адам эмес мышык ыйлагыдай баасына көңүл бурушкан жок. Тээ илгери Акаев доорунда жалгыз эле Б.Шерниязов сессияда төө буурчак маселесин козгогондо зал толо депутаттар шаңшып күлчү эле. Кайран Б.Шерниязов бүгүн кайраттан жана түштүбү же башка себептери барбы, облус жетекчилигинен эмне болуп жатат деп сурап койгонго жараган жок. Таластык дыйкандардын укугун ким коргойт? 15-октябрда кечки жаңылыктарды көрсөтүү учурунда КТРден төө буурчак жөнүндө аңгеме-дүкөн курушту. Сценарий атайын түзүлгөндөй сезилди. Бирөөсү күпүлдөп сүйлөп жатты. Алгач жаан жаады, арты карга айланды. Төө буурчак сапатын жоготту. Ошол үчүн баасы арзан болуп жатат дейт. Ар качандан бир качан ушул дүжүрлөрдөн жададык. Дүжүр эмегенде эмне. Кудайды бир карап койсо боло. Жаан-чачынга калып калган төө буурчакты жыйноо жаңыдан башталды. Өткөзмөк түгүл дыйкандар талааларда күндөп-түндөп түшүмүн алуу менен убара. Тээ алгачкы жаанга дейре алып койгондор өткөзүп жатышат. Катуулугунан тишиң сынат. Өзгөчө быйыл сапаты жогору. Даны ирик болду. Ойду, тоону сүйлөөнү токтотуш керек. Ансыз да элдин маанайы пас. Чоңдорго жагынсаң жагына бер. Бирок элдерге залакаң тийбесин. Теледен экинчисинин ээктери эбирейт. Бир га жерге 15000 сом кетет. Калганы өзүмө жетет. Тээ көктүн нуру төгүлгөн жерде Алланын бар экенин, эртеби-кечпи анын астына барып сурак берерибизди унутпасак.
Болжол менен 32 миң 810 сомду түздү. Адамда бет деген болуш керек. Бир тонна өткөзсөң (подкомбайн) азыркы "генийлердин" койгон баасы менен 60000 сомду түзөт. Ошондо өзүңө накта 27 миң 200 сом калат. Базардан бир чоң торпок аласың. Мээнетиң кайттыбы? Албетте жок да. Мунусу да дүжүр экени көрүнүп турат. Ушундай мезгилге туш келдик бурадар. Жакында облуста губернатор К.Курманалиева жетектеген актив болуп өттү. Жыйынга Кара-Буура районунан Кызыл-Адыр аймагынын башчысы, Талас, Манас райондорунун зам акимдери жана өкмөттөн келген өкүл катышты. Суунун тартыштыгына басым жасашып, сууну жылдагыдай 5-6 жолу эмес 2-3 жолу гана ичкенин, ошондуктан төө буурчак майдаланып кеткенин айтышты. Булардын пикиринде баа ошол үчүн түшүп кеткен имиш. Тескерисинче Талас районунун зам акими чөнтөгүнө төө буурчактын данын сала келген экен. Аны теледен баарыбыз эле көрүп турдук. Анчалык деле майда эмес. Макул алардыкы майда экен. Анда Кара-Буура районунун түштүк аймагында жайгашкан кадимки Чыңгыз жана Манас ата тоолорунун түбүнөн оргуп чыккан булактардан, тоо мөңгүлөрүнөн пайда болгон суулардан аккан суулардын куралып чыккан, кокту колоттон шылдырап аккан суулардын башын бириктирген кадимки күркүрөө суусу тоо ылдый кулап түшүп, Кара-Сай, Шекер, Аманбаев, Көк-Сай айыл аймактарынын 10000 га жерден ашык сугат аянттарын суу менен камсыз кылат. Кудайга шүгүр, быйыл суу жылдагыдай эле өз нормасында болду. Төө буурчак суудан өксүк болгону жок. Ар бири бармак башындай болуп барсайып турат. Анда биз жакка келип жогорку баа менен ала беришсе ким тоскоол болот. Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү К.Курманалиева жана анын биринчи орун басары Б.Жуманазаров "доляда" отурганына көңүлүмдүн түпкүрүндө ишенгим келбейт. Бул эки инсанды алыстан да, жакындан да жакшы билем. Биринчиси менен узак жылдар бою оппозицияда чогуу жүрдүк, экинчиси менен чек ара маселеси боюнча олуттуу сөзүн көп эле уктук. Олуттуу маселелерди так чечүүгө кылган аракеттерине көп эле жолу күбө бодук. Азыр да азыркы бийликтегилердин көбүнөн мыкты адам кандай иш болсо да камчы салдырбас инсан. К.Курманалиева өз мезгилинде Бакиев бийлигине каршы турган Таластыктардын башын бириктирип, аял болсо да эл башында турган. Анан эле ушул эки адам өз элине кыянаттык кылмак беле. Бизге бир нерсе түшүнүксүз болуп турат. Эмне себептен бир эле күндө төө буурчактын баасы 70 сомдон 65 сомго түшүп кеткенин (подкомбайн) балким айыл чарба министри Т.Айдаралиев түшүндүрүп берээр. Буга өлкө башчысы А.Атамбаев жол бербес. Жана төө буурчактын баасы жөнүндөгү жаңылыктарга жакын арада чекит коөр деп Талас эли сизге үмүт артып турат. Өкмөт бүгүн сүйлөшүү жолдору менен бааны кайра калыбына келтирүү керек. Элди тынчсыздандыруунун бирден бир жолу ушул. Талас эли кыргыз тарыхында Ф.Кулов үчүн биринчи жолу Кара-Буура районунун админстрациясын басып алышкан. Экинчи жолу апрель революциясын ишке ашырып, өлкөнү жакшы багытка бура алды. Президент А.Атамбаев башкарган мезгилде мамлекетибиз толук кыйынчылыктан арылды. Жана бүгүн оңолуу жолундабыз. Келтирилген кемчиликтер тез аранын ичинде жоюлууга тийиш. Таластыктарды таарынтуу жарабас.
Анарбай Корчубеков,
Кара-Буура району