presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Жолдон өткөн улуу нерсе барбы?

Редакциядан: Жылдыз Мусабекова учурда Ленин районунун №3 муниципалдык аймактык башкармалыктын башчысы болуп үзүрлүү эмгектенүүдө. Журналист кезиндегидей эле мамлекеттик кызматты дагы кабгым-кашым дебей, жаркылдап, тарсылдап ийгиликтүү улантып кетти. Жылдыз айым башкарган Ала-Тоо, Ак-Ордо, Ак-Өргө жаңы конуштарында кадимкидей жаңылануу болууда. Жолдор жасалып, имараттар курулуп, элдин көйгөйү чечилип жатат. Мамлекеттик кызматтын катыгын берип баштаган мыкты журналист Жылдыз Мусабекова эжебизди бүгүнкү майрамы менен куттуктайбыз. Facebookтагы өздүк баракчасын барактап отуруп, 2011-жылдын күзүндө жазылган ушул макаласын таап алдык. Окуп көрсөк азыр деле актуалдуу экен...
Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт,
Көрөйүн дейт жандагандар көнүшпөйт.
Жолду көрбөй жок болушат акыры,
Жолду көргөн падышалар өлүшпөйт…
(Шайлообек Дүйшеев)


Адам баласы тагдырына саресеп сала "өмүр эмне, жол эмне?" - деген баш-аягы белгисиз суроого көп такалат. Бала там-туң басканда кубанычы койнуна батпаган ата-эне "мүдүрүлүп-жыгылбай, өмүр жолу түз болсун" деген ниетте тушоо той берет. Анан улуу жолго аттантат. Ооба, жолдон улуу нерсе барбы? Баарыбыз баш-аягы чексиз жолдо көлөкөбүз. Өмүр, өлүм, кубаныч, кайгы, муң, жакшылык, жамандык, тагдыр, жол менен байланышып, чырмалышкан. Чексиз жолдо өмүр көчүн улайбыз. Күн кээ бири үчүн эрте батса, кээси үчүн кеч батат. Айрымдарга таң атпай, таалайын колдон талашса, кээсине таңдын нуру түн бир оокумда эле тиет.
Ата-бабабыз "жолдун көзүн карап бас" деп айткандай, бүгүн улуу жолдо эки кербен жүрүшү. Бири бийлик, бири эл кербени. Өмгөктөгөн өкмөткө жүгүн артпай, өз жандары менен өздөрү алек эл бир тарабында жакшы күндөрдөн үмүт артып тим турат. Кербени кебездей жумшак. Экинчи кербен бийлиги, байлыгы, мансабы, короо толо кой, уюу туруп деле бир нерсеге жанталашкан төбөлдөрдүкү. Алсам-жулсам, тоносом-тойсом дегендер…
Азыр эки кербенди алмак-салмак карап Атамбаев акыл калчап жаткандыр. А Атамбаевдин алдынан өтө албай, тогуздап төөсүн жетелеп канча кербен жүрү дейсиң. Анткени ушу тапта Кыргызстанда Атамбаевден башкасынын баары ишсиз. Дегеним, азыр ким болбосун креслосу бары да, жогу да жүрөкзаада. Бири "ордумда каламбы" деп талмасы кармап ажтса, бири "мен ал кызматты алышым керек" бүбү-бакшыга чейин чуркап, ак уруп атканы. Ошентсе да элдин авансы менен ажолукка аттанган Алмазбек мырза эл кербенинин күйүт, арманын, ыйын, ырын көңүл сыртында калтырбайт деп тилейбиз. Жеп-ичкендерди колго чаап, "өмүр бою кыргызга түшпөс хан болом" деп эйфорияга алдырбай, айтор түз жолдо бараткан эл кербенинин алдын тоспосуна ишенебиз. Элдин кербенин тоскон кандай болоорун бүгүн Акаев да, Бакиев да жон тери менен сезип турган чактары.
Кыргыздарда акылман адамдар арбын болгон, "ит үрө берет, кербен жүрө берет" деген сыяктуу учкул сөздөрдү оң жактагыларга да, сол жактагыларга да кызмат кыла бере тургандай кылып, муундан-муунга мураска калтырган. Түшүнгөндөр түшүнөт, түшүнбөгөндөрдүн өз шору. Бул накыл сөз азыр тил эркиндигин, дил азаттыгын, адилеттүүлүктү, адамгерчиликти, чындыкты туу туткан азамат уулдардын чакырыгы. Ошон үчүн азыркы кербен-карапайым адамдардын кербени деп ойлойм. Ал кербен адилеттикти самап, азаттыкты эңсешет. Бейкут, бардар турмушта жашап, бакубат карылыкты көргүсү келет. Карыганда элдин ташбараңында калбай, ээн-эркин, башты бийик көтөрүп, эл арасында жашагысы келет. Мына ушундай тилек менен улуу жолго чыккан элдин кербени. Ал кербен бийлик төбөлдөрүнүн каңкылдап үргөнүн каакы ордуна да көрбөйт. Жолбун иттерди жолго калтыра жолун улайт.
Ал эми ит иттигин кылбай койбойт. Мейли, үрө берсин арсылдап, борсулдап, каңкылдап, кааласа ызы-чуу түшүп, чаң талашып, кан самашып. Ар замандын, ар кыл бийликтин чоң-кичине дөбөт, канчык иттери болбосо да жарашпай калат. Алар канчалык арсылдап, ажылдабасын, алыс сапарга чыккан эңсөөнүн, теңчиликтин, демократиянын, токчулуктун, ынтымактын, ырыстын кербенинин кылын кыйшайтып, жолун буза албайт. Бекеринен Шайлообек акын "Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт, көрөйүн дейт жандагандар көнүшпөйт, жолду көрбөй жок болушат акыры, жолду көргөн падышалар өлүшпөйт" деп жазбагандыр. Ошол үчүн "кыргыздын шоруна эмес, багына жаралганбыз, гүлдөтөбүз, өнүктүрөбүз" дегендер ЖОЛду көргүлө. Эл кербенине жол бергиле, аттарын башка чаппагыла. Анан бир-бириңерге ор казбагыла. Ошондо гана оңолобуз… Ошондо гана иттер үрө берет, кербен жүрө берет деп, бизге сынтаккан башка күчтөргө айта алабыз…
Жылдыз Мусабекова
"Айат" гезити





Журналист менен касташпа…

Бүгүн Басма сөз тармагында талыкпай иштеп жаткандардын майрамы. Жаманбы, жакшыбы дал ушул журналисттер ирип-чириген чиновниктердин туура эмес ишин айтып, ашынгандарынын тизгинин тартып келет. Бакиевдин тушунда деле чындык деп чыркырап жүрүп далай журналисттер куугунтук жеди, далайы бейажал оо дүйнөгө кете берди. Азыр деле эркиндик бар дегенибиз менен ээликкен айрым аткаминерлердин кылыгы менен былыгын айтсаң эле эдиреңдеп сотторго чуркашчу болду. Жөн чуркабай миллиондогон акчанын башын айтып киришти. Азыр орус, кыргыз тилдүү баардык гезиттер ар-намысын миллионго баалап, барктангандар менен алышып келишет. Кечээ жакында майда чиновник деңгээлиндеги Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов Людмила Жолмухамедова деген журналистти сотко берип, 10 миллион сом доолап жатыптыр. Соттошууга Жолмухамедованын пресс-конференцияда Шабданов кайсы эмгеги үчүн революциядан кийин мэр болгону, ушул күнгө чейин ишинде алгылыктуу эч нерсе жасай албаганын айткан сөздөрү себеп болгон имиш. Баса Жолмухамедова шаар мэринин ишине баа берүүгө, анын кемчиликтерин ачык айтууга толук укугу бар, себеби ал Кара-Балта шаардык мэриясынын алдындагы коомдук байкоочулар кеңешинин мүчөсү. Карапайым журналисттен 10 миллион сом талап кылган мэрдин бул аракетине жаны ачыган Людмила Жолмухамедова Facebookтагы өздүк баракчасына мындай деп агынан жарылды.
"Мэр кече күнү мени коомдук байкоочулар кеңешинин мүчөсү эмес деп жарыялап, миллион талап кылды. Бүгүн журналист эмес деп баалап, 10 миллион талап кылып олтурат. Эртең жаран эмес деп 100 миллион талап кылабы? Анда мен оюмду айтканым үчүн соттолгон Кыргызстандын тарыхындагы биринчи адам боломбу?! Менин кайсы сөздөрүмдү миллионго баалап жатканын билгиңер келеби? "Шабданов өзүн бул шаардын падышасы жана Кудайы сезип алды. Шаардын тагдырын эч ким менен кеңешпей чечип баштады...", "мэр Шабдановго карата 4 кылмыш иши ачылган...", "Мэр өзүн ишенимдүү түрдө бийлик менмин деп эсептөөдө...". Дал ушул сөздөрүм үчүн менден 10 миллион сом өндүргүсү келет"
Бул пикирдин астына өз ойлорун айткандар да болду. Жүздөгөн пикирлердин арасынан айрымдарын келтирсек:
Ирина Дубовик: - Бул сөздөр ага бир тыйынча да турбайт. Эгер сот аркылуу ал баарынан акча өндүрсө эбак эле миллиардер болмок. Балким бул анын жаңы бизнесидир?...
Ильсияр Айткулова: - Эң негизгиси менин пикиримде бул жерде жергиликтүү бийликтин өкүлү, Кара-Балта мэриясынын алдындагы коомдук байкоочулар кеңешинин мүчөсү, журналист жана чындыкты бетке айткан эр жүрөк жаран Людмила Жолмухамедовага мэр тараптан ачык эле коркутуу болуп жатат. Себеби, ал журналист жана жаран катары ММКга мэрдин одоно кетирген иштерин ачык айтып жана ага карата козголгон кылмыш ишинин жообун сурап жатат. Мындай мамилени коомчулук кызматтык абалдан пайдаланып сот аркылуу кысым жасап жатат деп баалап жатышат. Кызматтык абал менен мэр сот аркылуу Кара-Балта мэриясынын алдындагы коомдук байкоочулар кеңешинин мүчөсүнө басым жасаганга эч кандай укугу жок. Бул жерде ачык опуза таасир бербегендиктен, жашыруун опуза менен таасир тийгизе башташты. Себеби, Людмила Жолмухамедова өз учурунда бейтааныш адамдын колу тийгенин билдирип, телефон аркылуу ага коркутуу болгонун айтып, "сенин маалыматыңды эч ким билбесин" деп үч даректи атап, телефонду коюп койгонун ачыктаган. Деги бул жерде эмне болуп жатат? Же эмне Шабданов Бакиев же Акаев болуп болуп калдыбы? Ал чын эле сөз эркиндигин муунтабы? Ушундай жагдайдан улам Данияр Шабданов мыйзамсыз ыкмалар менен иш алып барабы деген ойго кептелесиң...
Айтмакчы, Кара-Балтанын башчысы журналист Жолмухамедовадан тышкары шаардык кеңештеги "Республика", "Ата-Мекен", "Ак-Шумкар", "Эл-Аман", партияларынын депутаттарын дагы сотко берип, баарынан 1 миллион сомдон талап кылууда. Элдин баары калпычы, жагыз өзүнүкү чындык деген Шабдановдун кылыгы чынында көпчүлүктүн кыжырын келтирип жаткандай... Майрамыңар менен урматтуу журналисттер!!!
Даярдаган Тиленбек Азык











??.??