presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Нурлан Насип, ырчы:
"Концертим өзгөчөлүктөргө бай болот"
- Нурлан, алгач маегибизди сенин чыгармачылыгыңда болуп жаткан жаңылыктарыңдан баштасак…
- Чыгармачылыгым өз нугу менен уланууда. Жакшы ийгиликтер, жаңылыктар бар. Алардын эң жаңысы жакында бере турган концертим. Тактап айтканда, 16-17-ноябрь күнү студенттердин майрамына карата өзүмдүн жеке концертимди кыргыз элиме, күйөрмандарыма тартуулаганы турам. Акыркы күндөрүм мына ушул концертке болгон даярдыктар менен өтүп жатат.
- Концертиңе даярдык кандай?
- Кудай буюрса баары өз нугу менен болуп жатат. Азыркы учурда сахна жасалгасы, концерттик программа бүтүп калды. Азыр болсо жаңы ырларды жаздыруу, ал ырларыма ылайыктуу кийим тиктирүү менен алек болуп жатам. Чынын айтканда концерт берүү аябай эле оор. Ары-бери чуркап жүрүп көп нерсеге жетишпей каласың. Бирок колдон келген аракетти көрүп, жакшы даярдык көрүүгө болгон күчүмдү жумшап жатам. Концерттин жүрүшү, анын уюштурулушу, сахна жасалгасы, коноктордун тизмеси айтор бардыгына кылдаттык менен мамиле жасап, болгон күч-аракеттерибизди жумшап жатабыз. Мындан сырткары менин ырларымды аткарып жүргөн казак кесиптештерибиз да мени колдоп келгени турушат. Жакында эле алар менен да кызуу баарлаштым. "Биз жакшы даярдык көрүп, камдануудабыз",- деп убада беришти. Ал эми кыргыз эстрадасынан калың элдин катмарына таанылып калган ырчы мырзалар, айымдар менен жаңы дуэттерди жаздырып жатам
- Концерт берүү оор эмеспи, ким жардам берип жатат?
- Чын-чынына келгенде аябай эле оор. Бирок оор деп кол куушуруп отура бербей, жеке концертимди берүүгө кам көрдүм. Былтыркы жылы продюсерим Канат Кадыржан менен биргеликте концертти бергем. Канат байке менен беш жылдык келишимдин негизинде иштешкен соң, былтыр жаңы жылда жай, бири-бирибизди туура түшүнүшүп келишимди аягына чыгарганбыз. Буюрса продюсери жок жалгыз иштеп жатканыма бир жыл болгону калды. Жаман дебейм. Баары жакшы. Аракет кылсаң баарына жетишсең болот экен. Ал эми концертиме тиешелүү бардык иштерди өзүм жасап жатам дегенден алысмын. Концертке болгон көзөмөлдү өз мойнума алгам. Калган иштерге мага колдоо көрсөткөн жакын досторум, эжекелерим, байкелерим, кесиптештерим бар. Алар колума-кол, бутума-бут болуп болгон жардамдарын берип жатышат..
- Концертке каражат көп кетет эмеспи, демөөрчүлөр барбы?
- Демөөрчү биздин мамлекетте жокко эсе. Ошондуктан өзүмө-өзүм демөөрчүмүн. Көп жерге кат жазып кайрылып көрдүк. Бирок, алардан азырынча бир да жооп келе элек. Жооптор келип калса кызматташабыз. Жок болсо Кудайдын жазганы, бардык түйшүктү өзүбүз тартабыз
- Концертиңди кандай максатта берип жатасың?
- Максатым элге жакшы концерт берүү. Ушунча жылдан бери сахнада жүрүп, жасаган ишимди эл сынына коюу. Концерттин өзгөлүгүнө аябай басым жасап жатам. Кудай буюрса, концерт башынан аягына чейин өзгөчөлүктөргө бай болот. Кандай өзгөчөлүктөр болорун сыр кылып айтпай турайын. Концертиме кимдер келери да азырынча сыр боло турсун.
- Азыр концерт бергендер көп. Эл келбей калат деп чочулаган жоксуңбу?
- Кудайдан улук сүйлөбөйүн, менин чыгармачылыгымды баалаган канча көрүүчү келсе ошого ыраазы болуп, кучак жайып тосуп алам. Анткени алар менин ырларымды сүйүп уккан жана мени колдогон күйөрмандарым. Бирок аншлаг болот го деп үмүт кылып жатам.
- Сахнага чыкканыңа бир топ убакыт болду. Эмнеге жетише алдың?
- Көп нерсеге жетиштим десем болот. Сахнанын ысык - суугун көрдүм, жакшы - жаман жактарын талдап өз башымдан өткөрдүм. Жакын санаалаштарды, жакшы досторду күттүм. Күйөрман таптым. Материалдык жактан бутума турдум. Музыка, чыгармачылык эмне экенин түшүндүм.
- Сахнага жаңы чыккандан бери өзүңдө кандай өзгөрүүлөр болду?
- Сахнага жаңы чыкканда жаш болчумун, көз карашым башкача эле. Азыр болсо көз караш, адамдарга болгон мамиле өзгөрдү. Кимдин - ким экенин, кандай учурда кандай сүйлөө керектигин үйрөндүм. Ырларым, күйөрмандарым көбөйдү. Өз стилимди таптым. Кыскасы, көп эле өзгөрүүлөр болду. Негизи адам убакыттын өтүшү менен жашоого, адамдарга болгон көз карашы, табити өзгөрөт эмеспи. Менде да ошондой өзгөрүүлөр болбосо, түпкүрүмдө ошол эле Нурланмын.
Жаркынай Кадыркулова













??.??