presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Жоомарт Оторбаев, Премьер - министр:
"Президент туура айтты, ал маселе боюнча
менин да жоопкерчилигим бар..."
- Жоомарт Кайыпович, жакында эле 9 айдын жыйынтыгын чыгардыңыздар. Жалпы жыйынтык кандай болду? Кайсы тармактарда мактанарлык жетишкендиктер бар? Же мактанууга негиз жокпу?
- Өзүбүздүн расмий сандарыбызга таянып айтсак, быйыл 9 айдын ичинде жалпы экономиканын өсүшү 3,5 пайызды түздү. Өткөн жылы ушул кезде экономикалык өсүш 7 пайыздын тегерегинде болгон. Бирок быйылкы жыл менен былтыркы жылдын айырмасы чоң. Себеп дегенде быйыл кургакчыл болду, суу маселеси абдан тартыш болуп, айыл чарба тармагындагы көрсөткүчтөр аз болуп калды. Биз агрардык мамлекет болгондон кийин жалпысынан түшүмдү аз алдык. Экинчиси биздин негизги соода партнерлорубуз: Кытай, Россия жана Казакстан мамлекеттериндеги экономикалык абалдын таасири сөзсүз биздин экономикага тиет. Соода өнөктөштүк боюнча биринчи орунда турган Россияда быйыл 4 айдын ичинде рубль өз наркынан 29 пайызга түшүп кетти. Ал эми биздин сом болсо, ошол эле 4 айда 12 пайызга түштү. Мына ушул жагдайдан алып караганда, биздин сом рублден күчтүүрөөк болуп калды. Бирок сомдун наркы туруктуу болбой, кырдаалга жараша түшүп жатат.
- Башка тармактарда баса белгилеп айта турган маселелерге токтолсоңуз?
- Биринчи мактана турган тармагыбыз - бул курулуш тармагы. Өткөн жылы да катуу темп менен өнүгүүгө бет алган. Быйыл да ошол темптен жазбай, 10 айдын ичинде 18 пайызга өстү. Көңүлгө толбогон, талапка жооп бербеген тармак - бул жогоруда айткан айыл чарба тармагы, өсмөк тургай тескерисинче - 1,5 пайызга түшүп кетти. Инфляциянын деңгээли 6,4 пайызга жетти. Анткени, сомдун рубль менен тиешелүү девальвациясы өзгөчө орунга чыкты. Ошондуктан, айрым азык-түлүктөргө баа өсүп жатканын жашырбай ачык айталы. Сырттан инвестиция тартуу маселеси былтыркы жылга салыштырмалуу бир аз төмөнүрөөк көрсөткүчтө. Россия, Казакстандын өзүндө экономикалык көйгөйлөр орун алгандыктан, быйыл аталган эки өлкөдөн инвесторлор аз келди. Жалпысынан алганда кыргыз экономикасы абдан ачык. Маселен, соода көлөмүн ИДП менен салыштырсак, көбүрөөк. Бирок экономикадагы эң негизги көйгөйлөрдү кыска убакыттын ичинде чече албасак, анда бир топ эле кыйналып калышыбыз мүмкүн. Өкмөт андай кыйынчылыктарды алдын-алып, анализ жүргүзүп даярданып жатат. Келечекте талбай тынымсыз, таза иштесек, андай көйгөйлөрдү жеңип чыгабыз деген ишеним бар. Анткени, жалпы мамлекеттин күчүн, экономикалык аракетин көрсөтүп турган бир топ чоң долбоорлорду баштаганбыз. Алардын айрымдары бүтүү алдында турса, айрымдары ортолоп, айрымдары башталууда. Мисалы: Бишкек-Торугарт жолу, Балыкчы-Жалал-Абад жолу, Ош - Баткен - Исфана жолдоруна биз жалпысынан 1,5 миллиард доллар сарптап жатабыз. Энергетика секторуна да акыркы эки жылда жалпы көлөмү 4,8 миллиард долларлык долбоорлорду баштадык. Атап айтканда: "Камбар-Ата -1", "Датка-Кемин", Жогорку Нарын- ГЭС, Бишкек жылуулук борборун реконструкциялоо ж.б. Келечекте биз Кара-Кечеде сөзсүз түрдө көмүрдөн электр энергияны өндүрө турган жылуулук борборун (ТЭЦ) курганы турабыз. Буюрса, анын кубаттуулугу 1400 мегаватт болот. Бул көрсөткүч Токтогул ГЭСинин кубаттуулугунан көп дегенди билдирет. Учурда анын техникалык экономикалык негиздемеси (ТЭО) даярдалууда, кудай каалааса жылдын аягына чейин бүтүп калат. Ошонун негизинде ишти баштайбыз, балким анын курулушун мамлекет катары өзүбүз каражат таап жүргүзөбүз же сырттан инвесторлорго сынак жарыялайбыз. Болжолдуу эсептөө менен жылуулук борборун курууга миллиард доллардан ашык каражат керек. Ошондой эле Сүлүктүдө да 100 мегаваттык электр станция курабыз. Андан тышкары, "Газпром" менен бир топ долбоорлор боюнча сүйлөшүүдөбүз. Балким, Бишкектеги №2 жылуулук борборунун курулушун жандантып, аны көгүлтүр от (газ) менен иштей турган кылып, электр энергияны өндүрөт. Мына ушуларды эске алганда, буюрса келечекте экономикабызда бир топ эле алдыга жылуу болот.
- Сиз санап кеткен бул чоң долбоорлордун басымдуу бөлүгү Президенттин саясатына тиешелүү экени белгилүү. Өкмөт бул маселеде кандай ролду ойноп жатат?
- Туура, аны биз четке кага албайбыз. Президент чындыгында эле жогоруда айткан долбоорлорду ишке ашырууда чоң роль ойноп жатканы белгилүү. Эмне дегенде, Алмазбек Шаршенович биздин эң негизги өнөктөш мамлекеттерибиздин президенттери менен абдан жакшы мамиледе. Кадыр-барктуу, сөзү өтөт. Ошон үчүн ага ыраазычылык билдиришибиз керек. Өкмөт болсо, президенттин мындай чоң демилгелерине түздөн-түз жардам кылып, айрым министрликтер эсептөөлөрдү, анализдерди даярдап берүүдө. Кыскасы, өкмөт президент менен бир командада болуп, орусча айтканда "гармонияда" иштеп жатат.
- Бул суроонун төркүнү мындай. Президент өз сөзүндө "Өкмөт айрым мамлекеттерден макулдашып койгон акчаны алып келгенге жарабай жатат"- деп ачык айтты. Мисалы, Айыл-чарба министрлиги президенттин Кытай мамлекети менен ирригация маселесине деп макулдашкан 30 млн. долларын ала албай жатканын сынга алды...
- Президент бул маселени туптуура айтты. Мен буга толугу менен кошулам. Чынында эле Айыл чарба министрлиги бул ишти убагында жасай албай, натыйжада 6 айдан 1 жылга чейин созуп койду.
- Сиз өзүңүз жакшы билгенсиз да. Көзөмөлгө алган эмес белеңиз?
-Билгем. Бирок бул маселеде бир катар көйгөйлөр жаралып калды. Ошентсе да биз активдүү иштешибиз керек эле. Бул жерде менин да, министрликтин да жоопкерчилиги бар.

"Жогорку Кеңештен 45 мыйзам жана өкмөттүн 65 токтому керек... "
- Чындап келгенде Бажы биримдигине мүчө болуу "башты ооруткан" чоң маселе болуп турат. Сүйлөшүүлөр кайсыл этапка жетти? Кайсы мезгилден баштап толук кандуу мүчөсү болуп калабыз?
- Биринчиден биздин эң негизги максатыбыз Россия, Казакстан, Белоруссия мамлекеттеринин Евразиялык экономикалык союзуна кирүү. Ал үчүн Бажы биримдигинин принциптерин кабыл алып, ага макул болушубуз керек. Өзүбүздүн жол картабызды бекитип, аны Жогорку Кеңешке тапшырдык. Андан тышкары, Экономикалык биримдик мейкиндигинин жол картасын да бекитип, ушул айда парламентке сунушташыбыз абзел. Ушул эки пакет ишке ашыш үчүн Жогорку Кеңеш тарабынан жалпысынан 45 мыйзам жана өкмөттүн 65 токтомдору жана буйруктары кабыл алынышы зарыл. Ошентип, 1-январдан тарта биз Евразиялык экономикалык союзуна толук мүчө болобуз.
- Бажы биримдигине киргенден кийин Кыргызстанда эмне өзгөрүү болот? Элдин жашоосу кандай нукка бурулат? ББнын келечекте орун ала турган "бүдөмүк" жетишкендиктерин, көп көйгөйлөрүн өз оозуңуздан угалычы. Анткени, адистер ар башкача айтып элдин башына "чай кайнатып" жатышканын билесиз. Өкмөт башчы катары, сиздин эсептөөлөрүңүз кандай?
- Биздин алдыбызда эки жол турат. Чек араларыбызды коңшу өлкөлөр үчүн жабышыбыз керек же ачышыбыз керек. Жаба турган болсок, кыйынчылыктар кандай болоорун айтпай эле коелу. ББга киргенден кийин, ага мүчө болгон мамлекеттер ортосунда бажы көзөмөлү болбойт. Ишкерлерибизге ар тараптан жеңилдик түзүлөт. Дыйкандарыбыз, ишкерлерибиз өздөрү өндүргөн азыктарды, ар кандай товарларды төрт мамлекеттин 170 млн. эли бар чоң базарга ээн-эркин чыгарып, татыктуу баада сата башташат. Мигранттардын эмгек укуктары кеңеет. Мисалы, жумушка орношууга ж.б. уруксат кагаздарын алышпайт. Эч кандай текшерүү, "кара тизме" болбойт. Ички инвестициялык климат өзгөрүп, сырттан көп инвесторлор келип, экономикабыз оңоло баштайт.
Ал эми эң чоң көйгөйлөрдүн бири - бул инфляциянын көтөрүлүшү болуп калышы мүмкүн. Ага ылайык өзүбүздө азыктарга баа көтөрүлүп, кымбатчылык орун алат. Кытайдан ташылып келип жаткан товарларга баа өсөт. Мисалы, биздин азык-түлүк жогоруда айткан ББнын базарына чыгып, сатылып баштаганда, өзүбүздө бир аз жетишпестик, тартыштык байкалып, баа саясаты Россиянын базарындагы баа менен тең келип калышы мүмкүн. Бирок азыркы күндө: Бишкек-Алматы-Астана-Москва шаарларынын базарларындагы бааларды салыштырып көрсөк, анчалык айырма жок. Жалпысынан алганда бирдей эле. Эң чоң айырма бир гана эт азыктарына коюлган баа 30 пайызга жетет экен. Тактап айтканда, эт бизде арзан. Жакында эле Таласка барып, баа саясатын уктум. Тараз шаарында нандын баасы кандай болсо, Таласта да баа ошондой экен.
- Машинелердин кымбатташы ББнын саясатына канчалык деңгээлде тиешелүү?
- Машинелерге болгон баанын өсүшү Бажы биримдигинин саясатына тиешеси жок деп айтсак болот. Анткени, ал эң ириде өзүбүздүн иретке келтирүү саясатыбыз экенин баса белгилеп айта кетели. Кыргызстанда 800 миңден ашуун үй-бүлө болсо, ага 1 миллиондон ашык каттоодон өткөн машине туура келет. Мисалы, 2012-жылы өлкөгө сырттан 100 миң машине алып келишиптир. Анын 70-80 пайызы эски. Экологияны эки эсе булгайт, жолдордо авариялык кырдаалдарды көп жаратат. Эми мындан ары сырттан ташылып жаткан эски машинелердин кереги жок. Ошон үчүн эски машинелерге салыкты жыл сайын аз-аздан кошуп баштайбыз.
(Уландысы кийинки санда)
Маектешкен Айбек Шамшыкеев











??.??