presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
"Кыз боозуп, энесин коркутат"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Мамагенттиктин мурдагы кызматкерлеринин аларды куугунтуктоо, мыйзамсыз жумуштан бошотуу жана башка мыйзамга каршы аракеттер маселелери боюнча жазылган арызын карап чыгып, төмөндөгүлөрдү билдирет:

К. Айбашовду, А. Дүйшөналиевди жана Г.Добулбекованы кыстоо жолу менен жумуштан бошотуу боюнча
К.А.Айбашов өз каалоосу менен жумуштан бошонгон. Өз колу менен жазган арызында башка жумушка кетип жаткандыгын белгилеген.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 25-майындагы "Кыргыз Республикасындагы саясий мамлекеттик кызмат жөнүндө" №200 Жарлыгына ылайык саясий мамлекеттик кызматка кирген адам өз алдынча жана конкурстук тандоосуз кесипкөй жардамчыларды жана кеңешчилердин штатына ээ болуу укугуна ээ. Ал эми аларды тандоо штаттын чегинде жумушчуларды иштетүү укугуна ээ кызмат адамы тарабынан ишке ашырылат. Саясий мамлекеттик кызматкердин алмашуусу анын жардамчыларынын жана кеңешчилеринин кабыл алынган тартипте кызматтан бошонуусуна алып келет.
Ошентип директор эгер кааласа Мамагенттиктин мурдагы директорунун кеңешчисин мыйзамдуу негиздерге таянып бошотуп коюусу мүмкүн эле, бирок директор мындай ишти кылган жок.
Ал эми эмгек өргүүсүнөн баш тартуу боюнча билдирсек, Кыргыз Республикасынын учурда колдонуп жаткан мыйзамына ылайык, эмгек өргүүсүн колдонуу укугу Айбашовде 2014-жылдын октябрь айында гана мүмкүн болмок, себеби жумушка 2013-жылдын ноябрь айында гана алынган.
Г. Добулбекова 2013-жылдын июнь айында Мамагенттиктин жетекчисинин катчысы кызматына кабыл алынган жана азыркы учурда да Мамагенттиктин жетекчисинин катчысы кызматында эмгектенип жатат. Арызда жазылган маалыматты тактоодо, Г. Добулбекова бул фактыны толугу менен жокко чыгарды.
А. Дүйшөналиев - айдоочу дагы берилген арызынын негизинде өз каалоосу менен жумуштан бошотулган.
К. Айбашовду - директордун кеңешчисин убактылуу эмгекке жарамсыздык учурунда жумуштан бошотуу боюнча
К.А.Айбашов өз каалоосу менен жумуштан бошонуп, өз колу менен жазган арызында башка жумушка кетип жаткандыгын белгилеген.
Анын убактылуу эмгекке жарамсыздыгын тастыктаган документтер берилген эмес, чындыгында ал жумушта болгон, буга байланыштуу 2014-жылдын июнь жана июль айларында толук иш убактысы көрсөтүлүп - 8 саатка эмгек акы төлөнүп берилген.
Ж.О.Орозовду - пресс-катчыны 2014-жылдын 4-июлунда ээлеген кызматынан бошотуу боюнча
Ж.О.Орозов андан аркы жумуштан бошотуу менен эмгек өргүүсүн берүү тууралуу арызын жазган. Эмгек өргүүсүнүн бүтөөр күнү 2014-жылдын 7-августту болгон. 2014-жылдын 4-августунда болсо, аны жумуштан өз каалоосу менен бошотуу тууралуу буйрук чыгарылган.
Бирок аталган буйрук 2014-жылдын 6-августунда Ж.О.Орозовдун ооруп калгандыгына байланыштуу, аны узартып жаткандыгы жана жумуштан бошотуу тууралуу жаатында арызын кайрадан чакыртып алуу тууралуу арызы келип түшкөндүгүнөн улам, аталган буйрук 2014-жылдын 6-августунда жокко чыгарылган.
(Уландысы 12-бетте)
(Башы 7-бетте)
Түшүнүк катты албоо, жумуштан бошогонго чейин кызматтык териштирүүнү жүргүзбөө жана Т. Ашыркул уулун жумуштан бошотууга профкомдун макулдугун албоо боюнча
Аталган кызматкерге тартип жаза чарасын колдонуудан мурда андан кагаз жүзүндө түшүнүк кат жазуу суралган, бирок Т. Ашыркул уулу аны жазуудан баш тарткан, бул туурасында тиешелүү акт түзүлүп, жалпы бөлүмдөн каттоодон өткөн.
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 147-беренесине ылайык кызматкер тарабынан кагаз жүзүндө түшүнүк кат жазбай коюу, ага карата жаза-чарасын колдонууга тоскоолдук кылбайт. Кызматтык териштирүү жүргүзүү анын милдети эмес, укугу болуп саналат. Бул ченем Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамында бекитилген жана практикада эреже катары мамлекеттик кызматкерлерге карата колдонулуп келет. Т. Ашыркул уулу мамлекеттик кызматкер эмес болчу.
Т. Ашыркул уулун бошотууга профкомдун алдын-ала кагаз жүзүндө макулдугу зарыл эмес эле, себеби бул ченем Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 84-беренесине ылайык, профсоюздук уюмдун мүчөлөрүнө гана таркалат. Т. Ашыркул уулу профсоюздук уюмдун мүчөсү болгон эмес жана профсоюздук төлөмдөрдү төлөгөн эмес.
Ошентип, жумуш берүүчүнүн бардык аракеттери учурда колдонулуп жаткан мыйзамдардын ченемдерин сактоо менен жүргүзүлдү.
Монополияларды жөнгө салуу бөлүмүнүн кызматкерлеринин "Э.Айтымбетов менен иштеше албай тургандыгы тууралуу" жасалма кайрылууну жазгандыгы боюнча
Э.Ж.Айтымбетов менен анын карамагындагылардын мамилеси башынан эле анын бул бөлүмдө иштеп баштаганынан тартып оңунан чыкпай калган. Себеби бул кызматкер бөлүмдүн ишин уюштура албай, карамагындагыларга конкреттүү маселелерди кое албай, кызматкерлерге мекемеде болуп жаткан окуялар, мекеме ичиндеги чыккан актылар, аппараттык жыйында талкууланып жаткан көйгөйлөр ж.б.у.с. туурасындагы маалыматты маалымдаган эмес. Бөлүмдүн кызматкерлери ушул маселелер туурасында бир нече ирээт көзөмөлдөөчү директордун орун басарына кайрылышкан жана бул туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Ошентип, Э.Ж.Айтымбетов менен анын карамагындагылардын иштеше албай тургандыгы тууралуу бөлүмдүн кызматкерлеринин кайрылуусунун себеби жетекчилик тарабынан кысым эмес, Э.Ж.Айтымбетовдун компетентсиздигинин натыйжасы, бул туурасында Чүй облустук райондор аралык сотунун 2014-жылдын 21-майындагы №13/233 каты да тастыктайт (тиркелет).
Э.Ж.Айтымбетовду жумуштан бошотуу тууралуу мамлекеттик тилдеги буйруктун туура эмес жазылгандыгы боюнча (2014-жылдын 20-августунан тартып кызматтык милдеттерин ылайыксыз аткаргандыгы туурасында)
Мамагенттиктин директорунун Э.Ж.Айтымбетовду жумуштан бошотуу туурасындагы 2014-жылдын 20-августундагы буйругу кызматтык милдеттерин 2014-жылдын 20-августунан тартып ылайыксыз аткаргандыгы жөнүндө эмес, милдеттерин ылайыксыз аткаргандыгы үчүн болгон.
Буйруктун котормосу Мамагенттиктин штаттагы котормочусунун катышуусунда ишке ашырылган.
А.А.Жунусовду кыстоо жолу менен жумуштан бошотуу туурасында
А.А.Жунусов башка жумушка кеткендигине байланыштуу жазган арызынын негизинде өз каалоосу менен жумуштан бошотулган. А.А.Жунусов менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүдө Ош шаардык мэриясына жумушка чакырылгандыгы, мындан мурда да бул жерде иштеп кеткендиги жана спецификасын мыкты биле тургандыгы, мэр тарабынан коюлган милдеттерди так аткаргандыгы жөнүндө билдирди.
Ошентип арызда жазылган маалымат аныкталган жок.
Б.О.Оморовду жумуштан бошотуу туурасында
Б.О.Оморовду жумуштан бошотууга негиз болуп арызда белгиленген себеп - акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөр тармагындагы директордун жүргүзгөн саясаты менен макул болбоо эмес, мамлекеттик кызматта эмгектенгенине 65 жыл болгондугуна байланыштуу, жумуштан бошотуу туурасында өз колу менен жазылган арызы болгон. Жумуштан бошонуу туурасындагы чечим Б.О.Оморов тарабынан жаңы директор дайындалганга чейин кабыл алынган. Бирок, жумуштан бошонуу ниетин билдирген учурда, бөлүмдө бир гана кызматкер калгандыгына (бир кызматкер эмгекке жарамсыз жана бир кызматкер эмгек өргүүсүндө болгон) байланыштуу Б.О.Оморовду бөлүмдүн кызматкерлери жумушка чыкканга чейин жумуштан кетүү мөөнөтүн узартып туруу өтүнүчүн билдиришкен.
К.Айбашовду 2014-жылдын 4-июлунан тартып жумуштан бошотуу жана аталган датада С.Э.Сакебековду директордун кеңешчиси кызматына дайындоо боюнча
К.Айбашов 2014-жылдын 9-июлунда жумуштан бошотулган, ал эми С.Э.Сакебеков 2014-жылдын 15-июлунда директордун кеңешчиси кызматына дайындалган.
Э.Ж.Айтымбетовду 20-августтан тартып бошотуу жана С.Э.Сакебековду ошол эле датада дайындоо туурасында
Э.Ж.Айтымбетов 2014-жылдын 20-августунда Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүмүнүн д) пунктунун 5-абзацы боюнча кызматтык милдеттерин бир нече жолу жөнсүз аткаргандыгы үчүн бошотулган.
Э.Ж.Айтымбетов өз милдеттерин аткаруудан баш тарткан, 2014-жылдын 31-июлунда коллегия өткөрүү жана ал жетектеген бөлүмдүн ишин кароо болжонгондугун билип туруп, 2014-жылдын 30-июлунда эмгекке жарамсыздык баракчасын ачтырган. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу ДСУнун (ЛОО) маалыматы (19.08.2014-ж.чыг.№404) боюнча аталган кызматкер 2014-жылдын 6-августунан тартып дарыланууда болуп, 17-августта жумушка чыгышы керек эле. Бирок 19-августка чейин ал жумушка келген эмес, кийинчерээк аталган мекемеден 2014-жылдын 18-августунан тартып эки күнгө ачылган эмгекке жарамсыздык баракчасын алып келген.
С.Э.Сакебеков монополияларды жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы кызматына 2014-жылдын 21-августунда дайындалган.
2014-жылдын 25-июлунан тартып Т. Ашыркул уулун жумуштан бошотуу жана Р.Р.Абдразакованы банкроттуулук иштери боюнча департаментте иштеп турган учурунда укуктук иштер жана эл аралык кызматташтык секторунун башчысы кызматына дайындоо боюнча
Т. Ашыркул уулу 25инде эмес, 2014-жылдын 24-июлунда эмгек милдеттерин жүйөөлүү себептерсиз бир нече жолу аткарбай койгондугу үчүн (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пункту) жумуштан бошотулган.
Т. Ашыркул уулу Мамагенттиктин директорунун тапшырмаларын дайыма четке кагып, соттук териштирүүнүн жүрүшү жөнүндө так эмес маалыматтарды берип, алдоо жолу менен соттук жыйында жүргөндүгүн билдирип, бирок ал жерде болбогондуктан сот тарабынан кабыл алынган чечимдер туурасында маалыматы жок болгондугун белгилөө зарыл.
Р.Р.Абдразакова 2014-жылдын 25-июлунда дайындалган, анын эмгек китепчесинде банкроттуулук иштери боюнча департаменттен 2014-жылдын 24-июлунда бошотулгандыгы тууралуу жазуу жүргүзүлгөн.
С.Э.Сакебековду директордун кеңешчисин конкурстан өтпөй туруп, монополияларды жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындоо боюнча
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренесине ылайык анын таасири мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген кеңешчилерге, консультанттарга жана жардамчыларга дайындоо, жылдыруу, бошотуу жаатында таркалбайт.
Ошондой эле жогоруда аталган Мыйзамдын 24-беренесине ылайык, конкурстук тандоодон сырткары квалификациялык талаптарга ылайык келгенде, мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген кеңешчилер, консультанттар жана жардамчылар мамлекеттик кызматтын административдик милдеттерин ээлөө укугуна ээ.
"Учкун" ААКы тарабынан даярдалган аскердик билеттердин бланктарынын наркын макулдашуу боюнча
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министри Т.Д.Сарпашевге мурда белгиленген бааны кайрадан карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылган. Ушул эле маанидеги кат менен коом Мамагенттикке да кайрылган.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министринин тапшырмасын аткаруу максатында, "Учкун" ААКы мамлекеттик ишкана болгондугун жана ата мекендик өндүрүүчүнү колдоо максатында "Учкун" ААКынын далилдери менен макул болуу чечими кабыл алынып, Мамагенттиктин "Катардагы, сержанттык курамдын аскердик билеттерин даярдоонун наркын белгилөө жөнүндө" буйругу менен рентабелдүүлүктүн көлөмү 15% өлчөмүндө белгиленген, буга байланыштуу аскердик билеттердин наркы 72 жана 83 сомду түздү.
Мамагенттиктин коллегиясынын монополияларды жөнгө салуу бөлүмүнүн ишин канааттандыраарлык эмес деп табуусу жөнүндө
2014-жылдын 6 айындагы Мамагенттиктин ишмердигин кароонун жыйынтыгы менен Мамагенттиктин коллегиясы тарабынан 2014-жылдын 31-июлундагы №25 токтомунун 3-пункту менен монополияларды жөнгө салуу бөлүмүнүн иши арызда белгиленгендей канааттандыраарлык эмес, жетишээрлик эмес деп табылган.
"Токмок Буллс" ЖЧКсы боюнча
"Токмок Буллс" ЖЧКсы Мамагенттиктин токтомун жокко чыгаруу тууралуу Мамагентикке доо арызы менен кайрылган. Аталган иш боюнча соттук жыйындарда өкүл катары Э.Ж.Айтымбетов жана Т.Ашыркул уулу катышкан. Э.Ж.Айтымбетов башынан баштап ушул ишти алып баргандыгына жана иштин материалдары менен жакшы тааныш болгондугуна карабастан, анын туура эмес кылык-жоругунун натыйжасында Чүй райондор аралык сотунун судьясы сот процессине башка компетенттүү өкүлдү жиберүү маселесин кароону өтүнгөн.
Андан аркы сот жыйынына Т.Ашыркул уулу катышкан. Иштин материалдарында 2014-жылдын 26-августуна соттук териштирүүгө катышуу тууралуу телефонограмма бар. Бул учурда Т.Ашыркул уулу жумуштан бошотулган, бирок ал бул телефонограмманы кабыл алып, бул туурасында Мамагенттикке боло турган соттук жыйын туурасында маалымдаган эмес. Жыйынтыгында, сот иши Мамагенттиктин катышуусусуз өтүп, чечим "Токмок Буллс" ЖЧКсынын пайдасына чечилген.
Азыркы учурда Мамагенттик тарабынан соттун 2014-жылдын 26-августундагы чечимине кассациялык арызын Чүй облустук сотуна жолдоду.
Авиаташуулар рыногундагы атаандаш чөйрө боюнча
"Эйр Манас" Авиакомпаниясы" ЖЧКсы рыноктогу 44%үлүшү болгондугунун негизинде табигый жана уруксат берилген монополиялардын субьектилердин мамлекеттик республикалык реестрине киргизилген. Бирок, республика ичиндеги авиа ташуулар рыногундагы кырдаал азыркы учурда өзгөрүлдү. Ушул жылдын июнь айынын жыйынтыгы боюнча эсептөөлөр көрсөткөндөй рыноктогу субьектилердин үлүшү теңделип, Бишкек-Ош-Бишкек каттамы боюнча төмөндөгүчө түзүлдү:
"Кыргызстан Авиакомпаниясы" ААКы - 27 1%;
"Авиа Траффик Компани" ЖЧКсы - 24,4%;
"Эйр Манас" Авиакомпаниясы" ЖЧКсы - 26,4%.
Көрүнүп тургандай, "Эйр Манас" Авиакомпаниясы" ЖЧКсынын үлүшү 44%дан 26,4% төмөндөгөн компания. Башкача айтканда, азыркы учурда компания монополдук абалга ээ эмес.
Ошондуктан, жарандык авиация тармагындагы атаандаш чөйрөнү өнүктүрүү максатында, "Эйр Манас" Авиакомпаниясы" ЖЧКсынын авиабилеттердин бааларын төмөндөтүү бөлүгүндөгү рынокко болгон оң таасирин эске алып, Бишкек-Ош-Бишкек каттамы боюнча каттамдардын санын көбөйтүүсүн өбөлгөлөп, Мамагенттиктин ушул жылдын август айындагы буйругу менен "Эйр Манас" Авиакомпаниясы" ЖЧКсы Мамлекеттик республикалык реестрден чыгарылган.

Жогорудагылардын негизинде, жамааттык арызда келтирилген маалыматтарды негизсиз, жүйөсүз жана так эмес, Мамагенттиктин бүтүндөй эмгек жамаатынын ишкер репутациясына шек келтирген маалымат деп эсептейбиз.




Сулайманов Рахат, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү:
"Терроризм - бул эч кандай мамлекети, улуту, жыныстык айырмасы да жок кыймылдар"
- Рахат мырза, алгач Кыргызстанга террордук жана экстремисттик уюмдардын тийгизген таасири боюнча маалымат берсеңиз?
- Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук кызматынын маалыматтарына таянсак, тышкы жана ички саясий факторлордун негизинде жалпы Борбордук Азия аймагында кырдаал оорлошу мүмкүн. Аларды атап айтсак: Афганистандан коопсуздукка көмөктөшүүчү эл аралык күчтөрдүн чыгарылышы менен коңшу мамлекеттин ички тирешүүсү шериктештик өлкөлөрүнө өтүп кетүү коркунучу. Экинчиден террористтик жана экстремисттик топтордун жең ичинен үгүт жүргүзүүсүн улантышы. Үчүнчүдөн Сириядагы согуш аракеттерине катышып келген боевиктердин Борбордук Азия өлкөлөрүндө диверсиялык-террористтик иш-чараларын уюштурушу. Муну менен катар чет өлкөлүктөрдүн массалык түрдөгү мыйзамсыз миграция коркунучу бар жана диний-экстремисттик, сепаратисттик идеяларды экспорттошу мүмкүн болгон "коркунуч жараткан өлкөлөрдүн" жарандары келип жаткандыгы өзгөчө тынчсыздандырат. Андыктан, бул шарттарда Кыргызстандын атайын кызматы тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүп жатат.
- Азыркы тапта Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган канча диний- экстремисттик уюм бар?
- Кыргызстанда расмий түрдө 13 террористтик-экстремисттик кыймылдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Аларды атап айтсак:
1. - Аль-Каида;
2. - Талибан кыймылы;
3. Чыгыш Түркстан ислам кыймылы;
4. Күрд элдик конгресси;
5. - Чыгыш-Түркстандын бошотуу уюму;
6. - Хизбут-Тахрир-аль - Ислами;
7. - Жихад тобу;
8. - Түркстан ислам партиясы же Өзбекстан ислам кыймылы;
9. - Жайшуль Махди;
10. - Джунь аль Халифат;
11. - Ансаруллох;
12. - Ат Такфир Валь-Хиджра;
13. - Акромия:
- Экстремизм менен күрөшүүдө мамлекет анын себеби менен эмес, натыйжасы менен гана алышып жатат деген сын пикирлер бар? Мамлекет менен муфтият чогуу иш алып барса алгылыктуу натыйжа чыгаар беле, сиз кандай ойдосуз?
- Бүгүнкү күндө Сирияга барып келгендерди мыйзам чегинде жоопко тартуу боюнча сунуштар берилген. Кыргызстандын сыртында, башка өлкөлөргө барып, террористик аракеттерге катышып, кайра келген жарандардын жоопкерчиликке тартуу чараларын күчөтүү боюнча жаңы мыйзам долбоору биз тараптан сунушталып жатат. Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса жоопкерчиликке тартуу болот. Муну менен катар жалпы жарандык коомдун өкүлдөрү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, ИИМ, муфтияттын өкүлдөрү менен биргеликте жыл башынан бери мектептерде, жогорку окуу жайларда жана айыл аймактарында ар кыл мүнөздөгү 500дөн ашуун жыйындар, профилактикалык иш-чаралар өткөзүлдү. Бул дагы биргелешкен иш аракеттердин жыйынтыгы.
- Сирияга биздин жарандарыбыз кандай жолдор менен барып калышууда?
- Расмий түрдө айтсак,150 кыргыз жараны Сирияда согуш аракеттерине катышып жүрүшөт. Алардын басымдуу бөлүгү 18 жаштан 26 жашка чейинкилер. Себеби, жаштардын дүйнө кабылдоосу турукташа элегинде үгүттөөгө тез берилишип, бат алданып жатышат. Кетүү жолдору да ар кандай. Сирияга согушка кетип жатам деп айтышпайт да. Эгер билинсе, мыйзам алдында жоопко тартылышат эле. Ошондуктан кандай жол менен чыгып жаткандары билинбейт. Көпчүлүгү Сирияга чектеш мамлекеттерге окууга, эс алууга же жумушка кетип жатабыз дешет. Айрымдары ишенип, билип эле өз каалосу менен үй-бүлөсүн, туугандарын, элин, жерин алдап чыгып кетишкен. Экинчиден, Сирияга барып келген кыздар, балдар биз алданып барыптырбыз дешүүдө. Баргандан кийин гана ал жакта согуш жүрүп жатканын билдик деген себептерди айтышууда. "Бул жакта мусулмандардарды кырып жатышат. Мусулман баласы мусулманга жардам берүүсү керек. Жихад кылсаңар бейишке барасыңар!" деген үгүттөөлөр менен барышкан. Ал жакта согуштун башатын, саясатын көпчүлүк биле бербейт. Анда саясий кызыкчылыктардын гана кагылышы жүрүп, талашуу болуп жатат.
- Өлкөбүздүн коопсуздугу коркунучта эмеспи? Себеби сиздердин кызматтын активдүү иш-аракети анчейин байкалбагансыйт...
- Быйыл Сирияга барып келген жарандардан 7 экстремисттик топтун мүчөлөрү кармалды. Сирияга барып келип террористик топторду түзүшүп, Кыргызстанда террактык актыларды, Ош жана Бишкек шаарларында жардыруу иштерин уюштурууну көздөп жатышканда кармадык. Андан сырткары, колунда барларды талап-тоноп алышып, курал-жарак чогултуу менен алектене башташкан. Ушундай максаттарды көздөгөн 36 жаран кармалып, учурда сурак берип жатышат. Мына ушул сыяктуу иштер өткөзүлүп жатат. Ал эмибиздин ишибиздин ыйгарым укуктарына байланыштуу кылган ишибизди көп айтпай, жалпы Кыргызстандын тынчтыгын камсыздап, мамлекеттүүлүгүн бекемдөө үчүн бардык күч-аракеттер жумшалууда.
- Милиция менен тил табыша албай жатканыңыздар тууралуу маалымат таркады, анын чыныгы себеби эмнеде?
- Кыргызстандын жалпы коопсуздугу, Кыргызстандыктардын укугун коргоо, өлкөдөгү стабилдүүлүктү жөнгө салууда күч түзүмдөрү биргеликте иш алып барат. Андыктан ортодо кандайдыр бир тил табыша албагандык же пикир келишпестик деген жок.
- Интернет-сайттар аркылуу үгүттөө иштери жүргүзүлүүдө, алар менен күрөшүү кандай жүрүүдө?
- Жердештерибиздин кандай экстремисттик топтор же диний агымдар менен үгүттөлүп кетип жатканын тактоо кыйын болуп турат. Көпчүлүгү туруктуу бир жердеги уюм эмес, интернет сайттары аркылуу үгүттөө болуп жатат. Дүйнө жүзү боюнча эктремисттик маанайдагы 4000 дөн ашуун интернет-сайттары бар. Алардын баарын карап отуруу абдан кыйын. Мыйзамдуу түрдө соттун чечимин кабыл алып, экстремисттик маанайдагы сайтты жапкандан кийин, эртеси кайра башкасы ачып алышат экен. Дүйнө жүзүндө "Аль-Каида" деген террористтик уюмду баары билет. Бирок кайсыл жерде, кандай иш кылат эч ким билбейт. Мыйзамдуу түрдө тыюу салынып жаткан уюмдар, өзүлөрүнүн мыйзамсыз иш алып барып жатышканын билишет да, бир жерде туруктуу отурукташпай көчүп-конуп жүрүшөт. Үгүттөө иш-аракеттерин көбүнчө интернет аркылуу жүргүзүшөт. Негизи эле терроризм - бул эч кандай мамлекети, улуту, жыныстык айырмасы да жок кыймылдар десек болот. Анткени ал жакта аялбы-эркекпи, баары бирдей укукта болушат. Эгерде Кыргызстандын ичинде болуп туруп интернет-сайт аркылуу үгүт жүрсө, атайы хаккерлердин жардамы менен тапса болот, өлкөдөн сырткары аймакта болсо табуу кыйынга турат.
Маектешкен Алмаз ТЕМИРБЕК уулу











??.??