presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Урматтуу президент...?!

Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке
Урматтуу Президент, алгач Сиздин ушул убакытка чейин көрсөтүп келген көмөгүңүзгө рахмат! Сиздин колдооңуз менен Москва, Минск шаарларында болдум. Бирок, ал жактагы дарылануум натыйжа бербей, айрыкча Минскидеги дарыгерлердин олдоксон аракеттери ден соолугумду бир топ алсыратты. Мендеги дарттын күндөн-күнгө күчөгөнү болбосо азайган жери жок. Ушундай оор учурларда Сиздин мындан бир жыл мурун берген убадаңыз, жакшы сөзүңүз мага али да тирек болуп келет! Сиз анда:"Кенжебек, мен сени жакшы билем. Сен кейибе! Биз сени ажалга алдырбайбыз! Мен өзүм жардам берем. Бүгүндөн баштап тийиштүү кишилерге тапшырма берем. Алар иштей баштайт" деген элеңиз. "Хандын сөзү эки болбойт" деген бабалар сөзүнөн уламбы, ошондогу айткандарыңыз онтоткон оорудан уктай албай, уйкусуз түндөрдү өткөрүп жүргөн азыркы табымда да мага күч, үмүт берип келет. Ооба, андан бери бир жылга жакын убакыт өтүп барат. Аттиңдики! Тилекке, каршы жакшы тилек менен айтылган Сиз айткан ошол сөздөр өтөөсүн таба албай, айтор кыйнаган оору дале мени кыйнап келет. Жакында үйүмдү, машинемди, мал-мүлкүмдү сатып, боорумду алмаштырам деген үмүт менен келинчегим жана донор болчу агамды ээрчитип атак-даңкы бар "Меданте" аттуу Индиядагы клиникага бардым. Ал жактагы өтө кымбат, анткен менен дыкат текшерилген изилдөөдөн кийин Белоруссиядан тешилген ичеги карынымдын айынан, анын бүтүшү да далай убакытты алып өнөкөттү создуктуруп жиберип, натыйжада боордогу ириң өпкөгө өтө баштагандан улам, индиялык дарыгерлер операция кылуудан убактылуу баш тартышты. Олчойгон дары-дармектерди колума карматып, аларды ичип бүткөн соң кайрадан текшерүүдөн өткүн дешти. Азыр минтип бир бутум үйдө, бир бутум ооруканада. Арадан бир айлаган убакыт өтсө, КУДАЙЫМ колдоп айыгып кетээрмин деген тилектеги оор операция күтүп турат мени. А үмүтүм болсо өзүңүздө, урматтуу Президент!
Кезинде далай мыкты гезиттерди жетектедим. Байлык, бийликке жутунбадым. (Ошого жетүүгө мүмкүнчүлүктөр болсо дагы); Бир гана Мекенимдин келечеги, жакшылыгы үчүн эмгек өтөп келдим. Бул үчүн азыр жүзүм жарык. Бирок, мени кыйнаган оору минтип азыр жардамга муктаж кылып турган учур...

P/S. Учурдан пайдаланып, ушул бир жыл аралыгында оорумду колдон, жеңилимди жерден алып маалыматтык колдоо көрсөтүп келген кесиптештериме, ошол гезит,теле-радиолордун башкы редакторлоруна , жан дүйнөмдү жанчыган учурдагы кыйын кезеңде моралдык жана финансылык колдоосун көрсөткөн кагылайын карапайым калкыма, коомдук ишмерлер Аскар Салымбековго,Тайырбек Сарпашевге, Рыскелди Момбековго, Каныбек Иманалиевге, Алтынбек Сулаймановго, Алманбет Шыкмаматовго, Турат Акимовго , кыргыз журналистикасынын корифейлери Баратбай Аракеевге, Кенжаалы Сарымсаков, Жолдошбек Токоевге, М.Эшимканов атындагы фондго, Кыргыз Республикасынын Россиядагы, Белоруссиядагы, Индиядагы элчиликтерине, президенттик аппараттын пресс кызматына, өлкө башчысынын кеңешчиси Фарид Ниязевге, алтын колдуу дарыгерлер Рахат Оморов менен Расул Султангазиевге жана ал жетектеген хирургия бөлүмүнүн жамаатына да өзүмдүн жана үй -бүлөмдүн атынан терең ыраазычылыгымды билдирем! Кудайым өзү колдосун, эч качан оорубагыла!
Жаратканым шыпаасын берсе, мен да бул дарттан да айыгып, кайрадан катарга кошулуп, Кыргызстанымдын келечеги үчүн күрөшчү күн да алыс эместир деген улуу үмүтүм менен
Кенжебек Арыкбаев, журналист, Кыргыз Республикасынын
маданиятынын отличниги
Редакциядан: Кенжебекке колдоо көрсөтчү азаматтар болсо байланыш телефондор- 0555 38 17 37, 0770 200 451
Эсеп счету1180000031308069(сом),1180000031308170(доллар) БИК 118005 ЗАО Демир интернейшнл Банк





Кийинки парламенттен кайсы партияны көргүңүз келет?

Кийинки чакырылыштагы парламенттен кайсы партияларды көргүңүз келет деген суроо менен айрым мекендештерибизге кайрылып, ойлорун ортого салдык
Аскар Асанов, пенсионер:
- Кийинки шайлоодо азыркы "крысалар" келбесе экен деп тилеп жатам. Тактап айтканда, "Ата - Журттун" кайрадан келишин каалабайт элем. Ошолор уялбай эле иштеп жүрүшөт, андайларда уят азыраак болот окшойт. Негизи эле Бакиевдин убагында жеп - ичкендер азыр деле иштеп жатышпайбы, алар эмне мамлекетибиздин акчасын уурдабай калды дейсиңерби. Көнгөн адат калмак беле? Алар телевизордон чыгып алып элге акыл айтып, кеңеш берип жатышат. Кийинки шайлоодо бул партиялардан кудай өзү сактасын! Бийликте мындай "крысалар" көп. Жакында чет мамлекеттен 1, 5 миллиардга жакын доллар келет деп кубанып жатабыз. Ал акчага канализация курабыз дешет мээси жоктор. Сууну сактоочу платина курмайынча, мага демек жүз канал кур, андан пайда барбы? Суусу жок болсо каналдарыбыз кургап тура береби? Бул уурулар ал акчаны дагы эптеп бир ишти баштамыш болуп, калганын сол чөнтөктөрүнө салганы жатышат. Айтпаса адамдын жанын кашайтып жатышпайбы, болбосо эмне менин мээм жеткен нерсеге алардыкы жетпей калмак беле.
Аида, жеке ишкер:
- Негизи эле партиялардын бирине да ишенбей калдык. "Ата Мекен" партиясина ишенчү элек, ал да ишеничтен чыкты. Шайлоонун алдында шумдук иштеп ийчүдөй болушат, бирок эптеп өтүп алгандан кийин эле болду илең- салаң иштешип, анда - санда бир кыйкырып коюп жүрө беришет. Келээрки парламентке азыркы партиялардын биринин да кайра келишин каалабайт элем.
Расул Искендеров, ординатор:
- Азыр бийликте кайсы партия болсо, ошол партия биринчилерден болуп келет деп ойлойм. Мисалы, КСДП жана бул партиянын кайрадан келишин мен каалайт элем. Бул партиядан башкасынын кыйкыргандан башкасын жеке мен көрө алган жокмун.

Амир Сабыржанов, КЭУнун студенти,
- Партиялар жаңырса жакшы болот эле. Баягы эле партиялар, баягы эле адамдар. Бакиевдин убагындай эле заман. Ошол учурдагы адамдар азыр деле иштеп жүрүшөт. Биз жаңыланууну күтөт элек.
Адилет, КУУнун 5-курсунун студенти:
- Менимче , КСДП биринчилерден болуп өтөт. Анткени , негизги бийликке ээ партия эле көп добуш менен өтөт да. Кийинки жылдагы шайлоого эмитен эле даярдана башташпадыбы. Мисалы, "Ата Журт" менен "Республиканын" биригиши. Бул да болсо кайра эле эски партиялардын келээринен кабар берип тургансыйт.
Абдыганы Халилов, КУУнун журналистика факультетинин деканы:
- Негизинен Кыргызстанда жүздөн ашык партия бар. Бирок алардын көпчүлүгү региондук масштабдагы, коомдук масштабдагы партиялар. Ал эми кийинки шайлоодо деле азыркы фракциядагы партиялар келет болуш керек. Анткени алардын коомчулукта, жалпы элдин арасында таасири чоң. Улуттук коопсуздук комитетинде шайлоонун тартиби жөнүндө жаңы жоболорду киргизүү жөнүндө сөз болбодубу, анда "Ар -Намыс" фракциясынын лидери, Феликс Кулов айтып жатпайбы "Эң көп болсо төрт партия, болбосо эки эле партия жетиштүү"-деп, мунун да жөнү бар. Андан көп партиянын мандаттык орунга жетиши кыйын. "Ата Журт" менен "Республика" биригип жатпайбы, демек ушул эле төрт партия кайрадан келет деп ойлойм.
Улукбек Кожоев, КЭУнун 2- курсунун студенти
- Мен деле эл катары кыргыз эли үчүн иштеген партия келсе деген ойдомун. Азыркы "Ата - Журт" менен "Республиканын" биригишине караганда булар мурдагыдай эле күч менен келет деп ишеничтүү айта алам. Эгер КСДП менен "Ата Мекен" же "Ар - Намыс" бириксе, аларды да кийинки парламентке көп добуш менен келээринде шек жок болот эле.
Гүлмира Шаршеева











??.??