presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Кадам ушул…
Ишиң кыйын… дилиңди тазала
Аз күн мурун милийсабыздын 90 жылдыгын дурус белгилеп алдык. Жакшысы ошол болду, бул майрамды жаңы министр менен тостук. Жаңынын да түрдүүсү болот, бул жолку жаңы министр Мелис Турганбаев милийса ишин "ит жатагына" чейин билет, өзүнүн жигиттик курчтугу арбын, ал биринчи иретте милийсага керек. Милийса кесиби мылжыйып, мурдунун суусун куюлтуп турган мүнөздү четке кагат, демек, милийса деген дамашки кылычындай курч, чагылгандай чартылдаган, керек делген учурда жылаңач төштү окко тоскон жигиттерди, кээси менен кыздарды талап кылат. Аны менен бирге милийса дегениң адамгерчиликтүү, билимдүү, этиканы түшүнүп жана да баскан-турганында аны сактай билген айкөл жандар болуш керек. Бүгүнкү күндө андай милийса кызматкерлери бар, бирок, алар көпчүлүктү түзбөй турганын элеңдебей эле айтып койсок, күнөө болбойт, турмуш чындыгы ошондой айттырып жатат.
Тээ илгери милийса уюшулуп, анан калыптанып Владимир Маяковский "Менин милийсам-мени коргойт" дегенди айта салган учурда, милийсанын турпаты азыркыдан таптакыр башка болчу. Алар накта эл арасынан чыккан, элинин кызыкчылыгын көздөгөн жана да кылмышкерлерге аеосуз күрөш жүргүзүп келген. Милийсанын ошол таза турмушу жөнүндө толгон китептер чыкты, көркөм кинолор тартылды, спектаклдер коюлду ж.б. Бир кезде бүтүндөй СССРде жашаган балдар, чоңдор деле, "Дядя Степа" деген чыгарма менен жашап калган. Бою эки метрденби же үч метрденби ашкан Сергей Михалковдун бул каарманы ар кимибиздин дилибизге бекем сиңип, а турсун үй-бүлөнүн бир мүчөсү деңгээлине чейин жеткен. Анан убакыт өттү… Убакыт деген нерсе эч бир жагдайга баш бербейт. Ал жаңыны эскиртип тынат, үлпүлдөтүп багып албасаң, жакшыны жаман чекке жеткирет. Аны менен бирге жаңы көрүнүштөрдү, жакшылыктарды алып келет. Ушуну милийса турмушуна алып келип такасак, өткөн узак мезгилдин ичинде милийса турмушу жалаң гана "көчүгүнөн кетүү" жолу менен келатыптыр. Милийса досторум таарынбасын, мен турмуштун дал өзүнөн сузуп алган көрүнүштөрдү бетке кармап айтып жатканым…
Ошентип, бүгүнкү милийса менен мындан кырк-элүү жыл мурунку милийсалардын айырмасы асман менен жердей десек да даана салыштырмасын бербейт, андан өткөн айырмалуу… Азыркы милийсалардын бир катары, а балким, көпчүлүгү жеке кызыкчылыктын кулу болуп калган. Милийсага дили сүйүп баргандар аз, ал жактан "бакыт" издегендердин көбү жеңил оокат самап баргандар. Ушул кезде улунуп-жулунган милийса дегениң толуп кетти. Алар жөнүндө угуп жатабыз, көрүп жатабыз. Адам тоногондор, жалган жалаа жаап туруп пара алгандар, наркотик колдонгондор, наркотик саткандар, кыз зордуктагандар, алсыз адамдарды кордогондор, алардан каалаган нерсесин өндүргөндөр, криминал менен коюн-колтук алышкандар ж.б. таза, ак дил адам түкүрүп таштачу кылыктары бар милийса дегениң карышкырдын кара капталынан. Милийсанын Академиясы бар, орто билим берген мектеби бар. Мына ошолор эмнени окутарын түшүнүп болбойт. Анткени, кийинки муундагы милийсанын көбү таптакыр эле билимсиз, өтө эле билимсиз. Эң жөнөкөй нерселерди билбейт. Анткени, алар эзели китеп окубайт, гезит-журнал окубайт. Бир тилеги- бүгүн колуна бир нерсе илинеби же жокпу? Негизги маселе ошондо. Баналдык чындыкты айта турган болубатабыз: адамдын адам болуп жашашына, биринчи иретте, руханий байлык керек. Ансыз, адам болуудан калат, уй менен койдон айырмасы деле болбойт. Адам дегендин дилинде адамзат баскан тарыхтын орчун учурлары, анын ичинде өз эли баскан жолдун тарыхы, дүйнөлүк адабияттан, искусстводон, кинодон ж.б. тармактардан болуш керек, колдон келсе, скульптура, живопись, опера менен балетти кошо билсе… Жок, ар адамга эле энциклопедиялык билим сөзсүз керек дебейбиз, бирок, жалпы түшүнүк сөзсүз керек. Айталы биздин кыргыз азаматтарына кыргыздын санжыраларынан, уламыш-болумуштарынан, "Манас" баш болгон эпосторду, Сагынбай, Саякбай сындуу манасчыларды, Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Токтогул, Тоголок Молдо, Барпы сыяктуу акындарды, Аалыке, Түгөлбай, Чыңгыз баш болгон акындарды, жазуучуларды, алардын чыгармаларынан билишибиз керек, баарын болбосо да азын… Аны менен бирге кино өнөрүбүз бар, балет өнөрүбүз бар, сүрөт искусствосу бар… Жок эле дегенде Айтиевдин бир-эки сүрөтүн, Бүбүсаранын бир-эки ролун санап бергенге жараш керек эмеспи… Маданияттан түшүнүгү жок адам эч качан дурус милийса болуп бере албайт! Ушул чындыкты эч ким жокко чыгара албас!
Ооба, милийса балдарыбыз Ала-Тоонун тээ нары жагынан келген жок, өзүбүздүн эле балдар. Демек, кан-жаныбыз бир. Андыктан "сен милийса, мен башка…" деген түшүнүгү жок, бир бүтүнгө, бүтүн болгондо да тилеги бир, ниети бир бүтүнгө айланып өмүр өтөөбүз керектир. Жогорудагы учкай кепти сага айттым Мелис иним, сага айттым Бакы иним, сага айттым Курсан иним! Эки тизгин, бир чылбыр колуңарда, анда эмесе, ишиңер мыкты болсун! Бул тилек жүз миңдеген адамдардыкы экендигин унутпагыла!
Америка бизге дос, бирок, Россия өтө жакын…
Американын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен элчилик мөөнөтү бүтүп, кетер алдында бир макала жазып Кыргызстан жөнүндөгү оюн ачык-айрым айтып алды. Макала менен шашпай таанышып чыккан адамга Памела айымдын таарынычы даана эле байкалат экен. Анын себеби ушул эмеспи: бир жерге убактылуу аскердик база орноткон Америка оңой менен кетчү эмес эле, Президент Алмазбек Атамбаевдин чечкиндүүлүгү менен Американын базасы чыгарылбадыбы. Кыргызстан стратегиялык жактан аябагандай ыңгайлуу жерде жайгашкан турбайбы. Эгерде Америка "Манастагы" базасын бекемдеп, акырындап олтуруп ракеталарын орнотуп алганда, анда Россияны кежигесинен мээлеп айласын кетирип турмак да. Анын ал планы ишке ашпай калды. Биздин президент аябай туура кылды: кандай маселе болсо да экинин бирин тандаш керек, кош стандарттуулук деген саясат убактылуу ийгилик алып келгени менен акыр-аягы жакшылыкка жеткирбейт!
Памела Спратлен Россиянын Канттагы базасы калганына жаны кейийт да, Кыргызстан Россиянын таасиринде калып, демократиялык жолу анча жакшы болбойт дегендейди айтып турат. Канттагы база калабы, жокпу ал биздин мамлекеттин жеке иши, ага эч бир мамлекеттин кийлигишүүсү керек эмес. Ооба, ал базадан бизге киреше түшпөйт, киреше түшүрчү база америкалыктардыкы болчу. Бирок, аны кетирүү көп жолдун туура жолу болуп эсептелет. Кандай болгон күндө да, мейли, таасиринде калалы, мейли, дагы бир балакетинде калалы, Кыргызстандын турмушу Россия менен аябагандай чырмалышкан, керек болсо, менталитетибиз да окшоп барат… Биздин бирден бир экономикалык шеригибиз да ушул орустар. Биз кийинки жыйырма үч жылда казагын да көрдүк, өзбеги менен тажигин да көрдүк… аларга анча деле ишенич жок экен. Кандай болсо да ишенерибиз орус тарап экен. Андыктан ал тараптагы мамилени уламдан-улам жакшыртканга аракет кылгандан башка бизде айла жок, жол жок. Кытайлар менен, түрктөр менен, азербайжандар менен деле мамилени жакшыртып жатабыз, бирок, орустар менен болгон мамиле баарынан жогору турат, анткени, ал салттуу жол. Туура, орустар да бизди кылымдар эзип келди, анысы бар. Бирок, алар бизди эзип келген деп, алар менен болгон экономикалык алаканы токтотуп көрөлүчү… ошондо катуу кыйынчылыкка учурарбыз. Аз өтсө далай жылга чети оюлбачы газынан берет, чакан ГЭСтерди бүтүрөт, аскер куралдарынан үзгүлтүксүз камсыз кылып турат, күйүүчү май менен такай камсыз болобуз… минтип санай берсек ойрон орусуңдун бизге тиер пайдасы түбөлүктүү. Эң негизгиси: орустар кытайларчасынан каптап кетпейт, анткени, небак эле каптап бүткөн.
Урматтуу окурманым, бул үстүрт айтылган пикир менен Силерди үн кошууга чакырып жатканым. Жогорудагы эки маселе тең Силер менен бирге ар дайым талкуулап, ал талкуудан жакшылык таап турчу нерсе. Демек, гезит бети силер үчүн даяр…

Баратбай Аракеев








??.??