presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Алмазбек Атамбаев:
Кыргыз эли, кыргыз тили түбөлүктүү!
3-нябрда болгон коргонуу Кеңешинин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, улутубузга тийешелүү руханий байлыгыбыз жөнүндө, ислам динине зордук менен жабыштырылган кээ бир жосунсуз көрүнүштөр жөнүндө сөз сүйлөдү. Төмөндө президенттин сөзүн кээ бир кыскартуулар менен окурмандарга сунуш кылабыз:
- Руханий байлыгыбызды, улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү башка нормалар, айталы, диний нормалар көлөкө түшүрбөгөндөй кылып сакташыбыз керек. Кыргыздын руханий байлыктары менен эмнени түшүнөбүз? Бул биринчи иретте, Айкөл Манас жөнүндөгү эпос, биздин санжыралар, комузубуз, кыргыздын, ырлары, бийлери, кыл кыягы, оймо-чиймелери, чоору, ат оюндары, улуттук тамак-ашы, салт-санаалары, шырдагы, жаратылышка болгон мамилеси, ак калпагы, улуттук кийимдери, анан, албетте, улуттук тили болуп эсепетелет.
Эгерде кимде ким биздин адамдарга "ислам кийимдери" : хиджабды, шөлбүрөгөн боз дамбалды кийгиле деп аларды даңазаласа, күндөрдүн бир күнүндө алар кыргыздын улуттук кийимдерин кийгендерди , же күндөлүк турмушка ыңгайлуу башка кийим кийгендерди динге ишенбегендер деп чыгышы мүмкүн. Ыйык Куранда кандай кийим мусулмандардыкы, кандай кийим мусулман эместердики деген түшүнүк жок. Ислам дини адамдардын таза, тыкан кийинип жүрүүсүн гана талап кылат. Кайсы бир адам сакал өстүрө калып, көлөктөгөн дамбалын кийип, анан эле намазын курулай окуй калып мусулман боло калбайт. Тескерисинче, кээ бирде сакалдуу дамбалчандар Кудай таалага жамынып алып ак дил адам жасабачу не бир жаман кылыктарды жасашат. Мындай фактылар көп. Мусулман деген атты кийим менен эмес, баскан-турганы менен, таза дили менен, таза ою менен , акактай ыйманы менен бышыкташ керек.
Ар тараптан исламдаштырууга аракет кылгандык улуттук өзгөчөлүктү жоготуп, коомду манкуртташтырууга чейин алып келиши мүмкүн. Биздин бир белгилүү саясатчыбыз "Орозо айт менен Курман айтты гана майрам деп эсептеш кепрек, калган майрамдар мусулманчылыкка туура келбейт" деп жатпайбы. Анын кебин туура көргөн дагы бир молдоке телевизордон: "Мусулмандар Жаңы жылды тозбош керек" деп жатпайбы. Кыргызстандыктар небактан эле Жаңы жылды накта элдик майрам кылып алганы менен деле иши жок. Кээ бир молдокелердин оюнча Жаңы жылды тоскондорубуз мусулман эмес экенбиз да. Карт тарыхтын өзү бизге белек кылып берген накта элдик майрамдарга башка майрамдарды каршы коюштун өзү туура эмес жол.
Ооба, бизде майрамдар көп, бирок, Көз карандыксыз, Жеңиш күнү, Нооруз сыяктуу майрамдар накта элдик болуп, кан-жанга сиңип калган. Аларды эч качан тана албайбыз!
Кээ бир молдокелер Айкөл Манасты Кудай таалага каршы койгонго аракет кылып келет. Анысы болуп көрбөгөндөй наадандык болор! Молдолордун ал аракети кыргыздарды тамырынан ажыратуу аракети деп билишибиз керек жана аларга жол бербешибиз керек. Кээ бир диний активисттер Айкөл Манастын эстелигин борбордук аянтка орнотордо мага жихат да жарыялап жиберишкен. Биздин улуттук рухий байлыктарыбыз болгон калпак, комуз, шырдак ж.б. менен бирге Манас да улуттук руханий байлыгыбыз болуп эсептелет!
Аксакалыбыз Бексултан Жакиев айтты эле: "Кайсы бир радиоуктурууда бир молдо халал дегенди чечмелеп жатат дейт. Алып баруучу, халал деген кыргызча адал, харам-арам, демек, халалды адал деп айтсак болот да десе, тигил молдо "жок, биз деген Курандын тили менен сүйлөшүбүз керек" деп. Эмне, баарыбыз араб тилине өтүшүбүз керекпи?!
Совет доорун да басып өтпөдүкпү. Ошондо кээ бир жазуучулар "Ата Мекен" дебеш керек, аны Лениндин тили менен "Родина" деш керек" деп да чыгышкан. Тилин жоготкон эл, эл эмес! Муну баарыбыз түшүнүп коюшубуз парз.
Урматтуу молдокелер, кыргыз элине жат элдин кийимин, тилин, салт-санаасын таңуулабагыла. Эгерде силерге кыргыз эли, жери жакпаса, анда силер өзүңөргө жаккан элге, жерге барып жашагыла, силерге эч ким тоскоол болбойт.
Ооба, кыргыздар илгертеден эле ислам динин тутунуп келген. Демек, биз мусулманбыз, Мухаммед пайгамбардын жолун тутунуу менен бирге, улуттук салттарыбыздан жазбашыбыз керек. Кыргызда эч качан диний фанатизм болгон эмес. Биздин бабалар "ханафиттик мазгаб" жолун, азыркыча айтканда толеранттуулукту тандап алган.
Кээ бир молдокелерге дагы айтар элем, кыргыз элине жаттардын кийимин, тилин, салттарын таңуулабагыла. Биз мусулманбыз. Дүйнөдө мусулманчылык түбөлүк жашайт. Аны менен бирге биз кыргызбыз. Дүйнөдө кыргыз эли, кыргыз тили түбөлүк болот деп ишенебиз.
Баратбай АРАКЕЕВ





Ага Хандан алыс болгулачы, байболгурлар
Ушул айдын башында Кыргызстанга Ага Хан келди. Аны Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү адаттагыдай кучак жая тосуп алышып, каякка барса артынан калбай, "шалпактап" ээрчип жүрүштү. Жаны тынбаган Ага аксакал спикер, премьер баштаган жогоркулар менен жолугушууга да үлгүрдү. Анын биздин өлкөгө болгон бул жолку иш сапарынын эң маанилүүсү: Нарын шаарында 2016-жылдын сентябрь айында ачууга пландап жаткан Орто Азия университетинин курулушуна капсула салганы болду. Ал жакка министр Садыков да барып анын демилгесин, саясатын колдоого алып, "колуна суу куюп" кошо чуркап жүрдү. Негизи, Ага Хандын дин жаатындагы жүргүзгөн түпкү саясатынын мааниси биздин динге шайкеш келбей турганы белгилүү. Ошол себептен аны Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан баштаган бир катар мамлекеттер өз өлкөсүнө киргизбей, эчак эле кубалап чыккан. Ал эми биздин жерде Ага Хан өз хандыгын жүргүзүп, каалаганын сатып алып, окуу жайларды ачып жаштарды дин багытында көз карашын башка жакка тарбиялап жатат. Бул маселени эмне себептен өлкө башчылары ойлонбойт. Ансыз да мамлекетибизде дин жаатындагы кырдаал жакшы эмес. Маселенин алды-артын ойлобой эле акча берем деген, көз карашы такыр башка көпөстөрдүн көчүгүнө көрпөчө болуп төшөлө бергенди токтотпойлубу, ыя бийлик аке!










??.??