presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Сабыр Атаджанов, Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси:
"Быйыл браконьерлик боюнча 406 факт боюнча катталды"

(Башы 6-бетте)
-Экологияны коргоо, жакшыртуу багыты боюнча кандай алгылыктуу иштер аткарылып жатат?
- Биринчи вице-премьер министр Т.Сарпашевдин төрагалыгы астында климаттын өзгөрүүсүнүн маселелерин координациялоону жакшыртуу иштери жүрүп жатат. Чынын айтыш керек, акыркы кезде экологиянын бузулушу борбор шаарыбызда жогорку деңгээлге чыкты. Анткени, шаарыбыз машинеге толуп, көчөлөрүбүзгө батпай баратат. Ал аз келгенсип машинелердин көбү эски. Ал эми эски машине экологияны белгиленген өлчөмдөн көп булгайт. Андан тышкары, шаардагы атмосфераны Бишкек жылуулук борбору да бир топ булгап жатат. Ошон үчүн биз БЖБга фильтрлерин алмаштыруу үчүн былтыр жаратылышты коргоо фондунан 10 млн. сом бөлүп бергенбиз. Бирок ал акча да жетишсиз.
Учурда Германиянын курчап турган чөйрө, жаратылышты коргоо жана ядердик коопсуздук Федералдык министрлигинин колдоосу астында, климатты сактоо боюнча Эл аралык демилгенин алкагында, NAMA долбоорунун "Кыргыз Республикасынын чакан көмүр котельныйларын өркүндөтүү боюнча Программасы" иштелип чыгып, аны ишке ашыруу жана иштетүү үчүн грантты тартуу жөнүндө потенциалдуу донорлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул долбоордун максаты: парник газдарынын чыгарылышын кыскартуу, төмөн көмүр тектүү экономикалык өнүгүүгө бара-бара өтүүгө көмөктөшө турган, чакан көмүр котельныйларын башкарууда жана өркүндөтүүдө жылуулук менен жабдуу үчүн колдонулган көмүр котельныйларын натыйжалуулугун 2020-жылга чейин 34%га жогорулатууга жетишүү болуп эсептелет.
- Илбирсти сактоо боюнча секретариаттын планы кандай жана эмне иш жасалды?
-Өкмөттүн 2014 - жылдын 11-июлундагы буйругу менен Ак илбирсти жана анын экотутумун сактоо боюнча ааламдык программанын Жумушчу секретариаты түзүлүп, азыркы учурда жумушчу секретариаттын уставы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоо процедурасын өтүүдө. 2013-жылдын 6-10-июнунда ак илбирс байыр алган бардык ареал өлкөлөрдүн улуттук координаторлорунун жолугушуусу болуп өттү. Жалпы чечимге ылайык, 23-октябрь Бүткүл дүйнөлүк илбирсти сактоо күнү деп белгиленип, бул күнү жыл сайын талапка ылайык ар кандай иш-чаралар өткөзүлүп турмакчы болду. Быйыл да жаштар арасында флешмоб өттү.
- Агенттиктин Эл аралык уюмдар менен кызматташуу маселеси талапка жооп береби? Алардан кандай пайда болуп жатат?
- Кудай буюрса, бул багытта жакшы иштер ишке ашып жатат. Мисалы, биз дүйнөдөгү БУУнун курчап турган чөйрө боюнча программасы (ЮНЕП), Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ), БУУнун Өнүгүү программасы (ПРООН), БУУнун Европалык экономикалык комиссиясы (ЕЭКООН), БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба программасы (ФАО), Бүткүл дүйнөлүк Банк (ВБ), Азия өнүгүү Банкы (АБР), Европалык өнүгүү жана реконструкция Банкы (ЕББР), JICA, Германиялык эл аралык кызматташуу боюнча коому (GIZ), ТИКА ж.б. абройлуу уюмдар менен тыгыз байланышта кызматташып жатабыз. Аталган уюмдар биздин ишти жакшыртуу үчүн ар кыл багытта миллиондогон долларларды которуп, жакындан жардам берип келатат. Алардын айрымдарын айтсак: БУУну өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) Кыргызстандын экологиялык көйгөйлөрүн чечүүдөгү салымын белгилей кетүү зарыл, 2005-жылдан баштап ПРООНдун Экологиялык программасынын алкагында институционалдык жана техникалык деңгээлде чоң колдоо көрсөтүлдү. Климаттын өзгөрүүсүнө карата ГЭФ 5,5 млн. доллар, Кыргызстанда суу менен камсыз кылуунун туруктуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү үчүн ЕБРР 5,0 млн. АКШ доллар жардам көрсөтүүдө. Мындан тышкары, ГЭФтин кароосунда суммасы 6 млн. АКШ доллары турган төрт долбоор каралды.
-Чоң-Кеминдеги Токой чарбасындагы көйгөйлөрдү айтсаңыз. Жаңылбасак, аталган токой чарбанын мурунку жетекчиси коррупциялык иштерге барганы айтылды эле. Жыйынтыгында сизди да жаманатты кылып, айрым ЖМКларга "шыбатып" жүрдү окшойт...
- Эми бул боюнча сөз көп. Мен кыскача гана айтайын. Жергиликтүү жаштар уюму тарабынан "Чоң-Кемин" Тянь-Шань карагайынын 45 даана көлөмүндөгү дөңгөчтөрүн жүктөп алып чыгып жаткан 4 автомашина кармалганы маалым. Ал машиналар "Чоң-Кемин" чарбалык короосуна киргизилип коюлган. Кармалган 4 машинанын 3 машинасы 15 - январда чыгарылган. Ал эми анын 1 автомашинасын 16 - январда "Чоң-Кемин" МЖПнын директору К. Абдылусонов өзү кое берген экен.
Мыйзамсыз кыюу фактысын аныктоо үчүн департаменттин кызматкерлери тарабынан Чоң-Кемин МЖПда текшерүү маалында анда кароол постундагы эсеп каттоо жүргүзүү журналында 2014 - жылдын 14 - январында карагайдын 45 даана көлөмүндөгү дөңгөчтөрүн жүктөп алып чыккан машина жөнүндө каттоо жүрбөгөндүгү жана 88 даана Тянь-Шань карагайынын мыйзамсыз кыйылгандан калган дүмүрү аныкталды. Мына ушул иш ачыкка чыккандан кийин "Чоң-Кемин" МЖПнын директору К. Абдылусонов ээлеген кызматынан өз каалоосу боюнча бошотулду. Негизги чындык ушундай. Бирок айрым адамдар мунун такыр башкача кылып өзгөртүп айтышып, мени ЖМКларга жамандап, өздөрүн ак көрсөткүсү келишти. Канчалык жан алакетке түшүп аракет кылышпасын, жыйынтыгында баары бир чындык ачыкка чыкты.
- Жакында эле сиз жетектеген агенттиктин жетекчилик кызматтагы адамы ири суммада пара алып кармалды. Бул боюнча эмне айтасыз?
- Мусаканов бизде лицензия, ар кандай уруксат кагаздарын берген бөлүмдүн башчысы болуп эки жылдан бери иштеп келаткан тажрыйбалуу, өз ишин жакшы билген адам. Биз андан болгон окуяны сурадык. Анын айтымында укук коргоо органдары эч кандай санкциясы жок эле үйүн аңтарышыптыр. Пара деп алган 16 миң доллардан ашуун акчаны өрттөп жиберген деп айтылганы менен, ал күйүп кеткен акчабы же кагазбы, айтор белгисиз дешти. Себеби ал күйүп кеткен эмдигиче экспертизадан өтө элек экенин айтышты. Ошондуктан, бул ишти "подстава" деп да айткандар бар. Кыскасы, азыр иликтөө иштери жүрүп жатат. Чындап эле күнөөлүү болсо жазасын алсын, биз ага каршы эмеспиз.
Маектешкен Айбек Шамшыкеев.











??.??