presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаевге !

Сизге кайрылуубуздун себеби төмөнкүдөй: биз Ысык-Көл облустук автовокзалдар жана автокассалар Мамлекеттик ишканаларында алдыбыз 37, артыбыз 10 жылдан ашык убакыт бою эмгектенип келе жатабыз. 2006-ж.15.03.Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгы тарабынан ГПР №073927 Уюштуруу-укуктук формасы - Мамлекеттик ишкана, Менчик -Мамлекеттик деген күбөлүк берилет(тиркелди).Ошону менен ишкананын жамааты эч капарсыз, күнүмдүк ишибиз менен алектенип келе жатканбыз.
К.Бакиевдин коррупциялык-мафиялык мезгилинде КР Өкмөтүнүн 2008-ж. 17.09.№518 токтому менен бекитилген, 2008-2012жылдарга КРда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына "Ысык-Көл облустук автовокзалдар жана автокассалар"Мамлекеттик ишканасы менчиктештирилүүчү ишканалардын тизмесине кирип калат. ЖЧК "REVEAL" Консалтингдик компаниясы "Ишкананын"рыноктук наркын 26млн. 608 миң 500 сомго баалайт. Ишкана жамааты "мындай суммага ким алмак эле" деп камаарабай иштей бердик.
Бирок, жамаатка билгизбей 2010-ж. 25.02.№4 сатуу-сатып алуу келишими аркылуу, ал мезгилдеги Мам.мүлк министрлигинин Ысык-Көл - Нарын аймактык башкармалыгы "Тарнас", ЖЧК башкы директору К.С.Намзалиевге Караколдогу автовокзалды жана анын курамына кирген жети обьектини (Түп, Кызыл - Суу, Бөкөмбаевдеги автокассалар ж.б.) 4млн. 100сомго сатат (тиркелди). (Ушул акчага Бишкектен эки бөлмөлүү үй келмек). Бул жерден коррупциялык-мафиялык иштер ачык көрүнүп турат:
1. Автовокзалдын жамaаты ишкананын менчикке берилери тyуралуу эч нерсе билишкен эмес;
2. 2010-ж. 25.02.№4 сатуу-сатып алуу кeлишими жөнүндө эмгек жамааты эч кабардар болгон эмес. 4 млн. сомго сатылаарын билгенде эмгек жамааты өзүбүз эле сатып алмакпыз;
3. Ишканаларды менчиктештирүүнүн эч зарылдыгы жок эле. Себеби, ишкана кирешелүү тармак. КР Эсептөө палатасынын Ысык-Көл-Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмдүн 2012-ж. 15.06.аудит жүргүзгөндөн кийин ишкананын 2011-ж.таза кирешеси 4 млн. 567 миң сомду түзгөн.
4. 2007-ж.10.07. Каракол шаардык кеңешинин токтому менен Каракол автовокзалы жергиликтүү мааниге ээ тарыхый-маданий жана архитектуралык обьектилердин тизмесине киргизилип паспорт берилген (тиркелди).КР 2009-ж. 7.04. №119 Маданият жөнүндө" мыйзамынын 34 беренеси боюнча мамлекеттик жана муниципалдык менчик болуп эсептелген маданият жана искусствонун бардык обьектилери менчиктештирүүгө жатпайт (тиркелди).
5. Ишкана стратегиялык обьект болгондуктан Өкмөттүн уруксааты менен сатылышы керек эле.
Эмгек жамааты ишкананын сатылганын, 2012-ж. мартта "Тарнас" ЖЧКнын өкүлү кабыл алуу-өткөрүү актысын жүргүзүүгө келгенде билдик. 2013-жылы 23-январда Ысык-Көл облустук район аралык соту К.Ш.Абакиров КР Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, 2010-ж. 25.02. №4 келишимди жокко чыгаруу боюнча "доо арызы өндүрүшкө алынсын" деген аныктама чыгарат да, соттук териштирүүнү 2013-ж. 7-февралга дайындайт (тиркелди). Ошондон кийин сот процесси жети жолу жылдырылды (тиркелди). Бирөөндө "Тарнастын" өкүлү "ооруп" калат, бирөөндө Каракол-Ак-Суу госрегистри келбей калат, эки-үчөөндө сот Э.М.Шаршеев командировкада, отпускада болуп калат. КР Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун юристи М.Ж.Жанузаков Бишкектен келип жатып чарчады (6 жолу келди). 2013-ж.14-августтагы сот процессине келе алган жок. "Урматтуу гумандуу сот Э.М.Шаршеев" ушуну эле күтүп турганбы, "КР Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун доо арызы каралбасын" деген аныктамасын чыгара салды (тиркелди). Буга чейин деле жогорку өкүлдөр белгисиз себептер менен келбей калса сот процесси жылдырылып келген. "Гумандуу сот Э.М.Шаршеев иш каралбасын" дегенден кийин, КР Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 2013-ж.,21.08. Ысык-Көл обулустук район аралык сотуна кайра кайрылат.
2013-ж.12.12. Ысык-Көл облустук район аралык соту (төрага Даркимбаев Т.К.) КР Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, мамлекеттик мүлк министирлигинин Ысык-Көл-Нарын аймактык башкармалыгы менен "Тарнас" ЖЧКнын ортосундагы 2010-ж.25.02. №4 келишимди жараксыз деп табууну суранган доо арызын канааттандырган чечим чыгарат (тиркелди), ишкана мамлекеттин менчигинде калат. Соттун бул чечимине макул болбой "Тарнас" ЖЧК обулустук сотко кассациялык арыз жазат.Ысык-Көл обулустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы (төрага А.К.Молдакунов, Г.С.Алиева, М.Ж.Жаныбеков), Ысык-Көл обулустук район аралык сотунун 2012-ж. 12.12. чечимин жокко чыгарып, ишти өндүрүштөн токтотуу жөнүндө 2014-ж.30-майда аныктама чыгарат. Эң кызыгы жогорку "гумандуу соттор" 2010-ж.25.02. №4 келишим көптөгөн мыйзам бузуулар менен болгондугун белгилешип, бирок, КР Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду сотко (2010-ж. 25.02.№4 келишимди жокко чыгаруу боюнча) 2013-ж.14.08. кайрылышкан. Даттануу мөөнөтү 3 жыл өтүп кеткен. Башкача айтканда 6 ай кечиккен экен. Ал эми КР Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун 2012-ж. 21-декабрдагы доо арызын (тиркелди) Ысык-Көл обулусунун район аралык соту К.Ш.Абакиров 2013-ж., 23-январда өндүрүшкө алганын жогорку үч "гумандуу сот" көрмөк турсун, уккулары келбей койду. Кыязы К.С. Намазалиев катуy тамактарын майлап койгон окшойт?!
Эми, жогорку "гумандуу төрт соттордун" башка "гумандуу чечимдерине" келели, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-ж., 8-май, № 217 "Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу чараларын жакшыртуу" Токтомунун негизинде, 2002-ж.16-январдагы Каракол муниципалдык троллейбус-пассажирдик автобазасынын мурдагы директору М.Буржуев (мындан ары КМТПА) менен Ысык-Көл областтык автовокзалдар жана автокассалар ишканасынын мурдагы генералдык директору К.Жангабыловдун (мындан ары ИПАА) ортосунда келишим түзүлөт. Келишимдин негизинде Каракол шаарындагы Гагарин - Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 0,18 га жер участогу КМТПАдан ИПААга берилет. Жогоруда көрсөтүлгөн 0,18 га жер участогу үчүн ИПАА, КМТПАнын кассасына 56882 сом которушкан (тиркелди).
2002-ж., 22-мартта, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мам. администрациясынын Каракол шаарындагы Гагарин - Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 0,18 га жер участогу КМТПАдан ИПААнын балансына берилүүсү жөнүндө №78 Токтому чыгат. Түшүнүктүү болуш үчүн ал мезгилде Ак-Суу району менен Каракол шаары бир административдик бирдикте болушкан.
2003-жылы 6-августта Ак-Суу райондук (шаардык) жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы ИПААга Б сериялуу №000823 Жер участогун мөөнөтсүз (көргөзүлбөгөн мөөнөттө) пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акт жана 2-01-03-0015-0013 - техникалык паспорт берип, кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттайт. 2012-жылы же тогуз жылдан кийин горизонтто Аманкожоева А. Б. аттуу белгисиз айым пайда болуп, Каракол мэриясынын 24.01.2102-ж., №18 Токтому менен жогорку жер участогунан 187м/кв аянтты коммерциялык багытта убактылуу беш жылга пайдаланууга бөлдүрүп алат. Бул №18 Токтом биздин колубузга тийген жок. Кайсы мэр, эмненин негизинде жерди бөлүп берди же баягы акча роль ойнодубу бизге белгисиз. Каракол шаардык прокуратурасы ал жер Каракол шаардык мэриясына таандык эмес, 2002-ж., 22.03. Ак-Суу рай.мам.администрациясынын №78 Токтому менен ИПААнын балансына берилгенин, №18 мэриянын Токтому мыйзамсыз экенин, анын жокко чыгарылышын талап кылган протест жазат (тиркелди). Протестин негизинде Каракол мэриясынын 09.04.2012-ж. №1/16 Токтому менен 24.01.2012.№18 Токтом алынып салынат (тиркелди). Кызык ушундан башталат. Көрсө Каракол мэриясы да, Каракол шаардык кеңеши да 2002-ж., 22.03. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын №78 Токтому менен тааныш эмес экен?!
Ысык-Көл обулусунун район аралык сотунун 2013-ж. 11-июндагы Чечими ИПАА тарабынан Ысык-Көл обулустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясына кассациялык даттанууга берилет. 2013-ж., 22-ноябрда курамында баягы эле соттор Алиева Г.С.(төрага), Жаныбеков М., Молдакунов А.К., карап, кассациялык даттанууну канааттандырбай, 2013-ж.11-июндагы Ысык-Көл облустук район аралык сотунун чечимин күчүнө калтырды (тиркелди). Бирок, жогорку үч гумандуу сот өз Токтомун "бирдеме сеп этип" алып чыгарышканбы? Токтомуна "2013-ж.11-июндагы Чечим" деп жазышкандын ордуна "2013-ж.17-апрелдеги Ысык-Көл облустук район аралык сотунун Чечимин күчүнө калтырылсын" деп жазышкан. Кайсы 17-апрелдеги чечим жөнүндө айтып жатышкандары белгисиз. Сот процессинде 2002-ж. 16-январдагы келишимди кан какшап көргөзсөк да, жогорку үч инстанциядагы "гумандуу соттор" көрмөксөн болуп коюшту.
Байкадыңыздарбы? Биринчисинде "датттануу мөөнөтү өтүп кеткен" (6ай) деп 4 соттор Э.М.Шаршеев, Алиева Г.С., Жаныбеков М., Молдакунов А.К., ишти К.С.Намазалиевдин пайдасына чечишет. Экинчисинде, ошол эле соттор 11жыл мурдагы "иштин мөөнөтү өтө элек" дешип А.Б.Аманкожоеванын пайдасына чечишет.
Жогорку "гумандуу төрт сот" өз ара сүйлөшүп алганбы, орусча айтканда "сговор" түзүп алышканбы? Эмне эле ишти мамлекеттин пайдасына чечпей, жеке адамдын пайдасына чече беришет деген суроо туулат? Же баягы акча роль ойноп жатабы?
Ысык-Көл облустук автовокзалдар жана автокассалар мамлекеттик ишканасынын коллективи эки иш боюнча Жогорку Сотко адилеттик сурап кайрылдык. Бирок, "карга карганын көзүн чокубайт" деген окшойт, 2014-ж.31-июлда Жогорку Соттун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы (төрагасы Арапбаев Н.М., судьялар: Токбаева А.А., Акматов Б.Ж.) Ысык-Көл обулустук район аралык сотунун 2013-ж.11-июндагы Чечимин жана Ысык-Көл обулустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-ж. 22-ноябрдагы Токтомун күчүнө калтырды (тиркелди). Бул Токтомду биз колубузга дээрлик эки айдан кийин 2014-ж. 22-сентябрда араң алдык. Үч соттук процессте тең биздин "гумандуу соттор", 2002-ж. 16-январдагы КМТПАнын директору М.Б.Буржуев менен ИПААнын генералдык директору К.Ж Жангабыловдун ортосундагы келишимге түкүрүп да коюшкан жок. "2002-ж., 22.03. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын №78 Токтому жараксыз деп табылсын" деген чечим чыгарып салышты. "2002-ж. 16-январда КМТПА менен ИПААнын ортосунда келишим түзүлүп, ИПАА КМТПАнын кассасына 56882 сом (ал мезгилде чоң акча эле) которгон, андан кийин Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын №78 Токтому чыгып, ИПАА ал жерге кызыл китеп алгандыгын далилдесек да, үч инстанциядагы соттор уккулары келбей койду.
Урматтуу Алмазбек Шаршенович !
Эми кимге кайрылабыз адилеттик сурап? Страсбург сотунабы? Же адатыбызча жол тосолубу? Деги, Кыргызстанда адилеттик орнойбу? Сизден башка адилеттик сурап, кимге кайрылаарыбызды билбей калдык? Аргасыздан сизге кайрылууга мажбур болдук. Өлкөбүздө сот реформасы жүрүп жатат дегенибиз менен жогорку "гумандуу соттордун" чыгарган "адилеттүү чечимдери" ишенимизди өрт өчкөндөй жок кылды. Бир гана ишеничибиз сизде калды. Кайрылуубузду кылдат изилдетип, жогорку "гумандуу сотторго" ишеним көргөзбөй, маселени мамлекеттин пайдасына чечип берүүгө көмөктөшүүңүздү суранабыз?

Ысык-Көл облустук автовокзалдар жана автокассалар мамлекеттик ишканасынын жамааты:

Каракол шаары, Пржевальск көчөсү 149
o Черикова К. тел.0770312933
o Жунушалиева Э. 0552430530
o Туганбаева Ж. 0555090759
Бардыгы 20 адам кол койгон











??.??