Талас даңазасын арттырган маараке
Манас Кудурети
Бул ирет да Манас кудурети өзүнүн шоокумун салып көпчүлүктү аң-таң калтырып койду. Таң эрте чыйрыктыра сыдырым жүрүп ала бүркөк тартып турган күн Манас Ордого чогулуп келген элдин ниетин түшүнгөндөй, негедир бир касиет коштогондой заматта чайыттай ачылып, ысык аптабы менен мемирей тийип берди. Жаан жаап жиберсе канттик деп турган көпчүлүктүн санаасы тынчый түштү. Бүгүн Манас ордо комплеси жайгашкан аймакта Талас областынын 70 жылдыгы белгиленмек.
Манас керемети ушу кезде мамлекетибиз абдан муктаж болуп турган идеология башаты жанардай оргуштаган, толкуну көк чапчып чалкып жаткан мухиттей тереңде уюган угуту бар өзүнүн табышмактуулугу менен толукшуп да, айбарлана кубулуп да турган сырдуу аалам экенин сезидирип келет. Ал Көк Теңир менен үн алышып турган касиеттүү дүйнө чексиз мейкинде өз чабытын сала шаңшып турган Манас керемети асман менен боорлошуп, ошол эбегейсиз каттамы ай-ааламга жуурулушуп кетип, анын куттуу шапатасы биз мекендеген жерге түшүп, мээрими тийип турат.
Даңазасы арткан Талас Манас Атабыз өзү жактырып мекендеген касиеттүү жер. Талас Манастын ордосу жайгашкан жер экенин кылым каттамдары менен тең жүргөн тарых барактары тастыктап турат. "Жылгындуу Кең Кол, кең Талас, жер соорусу турбайбы, бул жерди жердеген адам тунбайбы",- деп баа берген экен Манас Атабыз өз кезегинде. Манас уркунун элибиздин бактысы менен бүтүндүгүн айбаты менен коргоп, канаты менен калкалап турган кудуретин, куттуу касиеттерин тарых өзү ырастап турат.
Талас жергеси дүйнөгө ай-ааламды таңыркаткан Чынгыз Айтматовдой талантты, атагы алыска угулган ак таңдай төкмө Өтө Жеңижок баш болгон Атай, Муса, Шекербек сыяктуу залкарларды,Байдылда, Сүйүнбайга окшогон көптөгөн акындарды берген жер. Манастын урку коштогон ондогон таланттарды, баатырларды берген жер. Талас- таланттардын, баатырлардын мекени.
Айкөл Манастын Кең Таласты жактырып мекендеп калгандыгынын төркүнү тереңде, сыры Көк Теңирде. Кең Талас де айтылып калгандыгынын себеби да ошондон деп ойлойм. Бул дүйнө ааламдын өзгөчө каттамы жүрүп турган куттуу да, касиеттүү да жер. Эчен бир цивилизациялардын изи түшкөн, анын табышмактары азыр да жаңырыктап угулуп турган өзгөчө бир энергия менен кошул-ташыл болуп айбарланып өткөн менен азыркынын байланышы жүрүп турган аймак.
Мындан 19 жыл мурда Манас мааракеси дүйнө дүңгүрөтө белгиленген жер. Ошондо Манасы бар эгемен мамлекетти дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү тааныган, таңыркап тан берген. Шардана айтылбаган менен аалам кыйырларынан да көрүнүп көрүнбөгөн меймандар келип кеткен. Бул дүйнөнүн биз билип билбеген сырлары толтура.
Аалам менен катташып, Көк Теңир менен үндөшүп турган Талас жергеси Манас кереметинин колдоосу менен түбөлүккө сапар арыта берет. Кудайдын ыкыбалы ушундай. Манас кудурети Көк Теңир менен боорлошуп дүйнөлүк цивилизациянын мейкининде шаңшып турган кезде Талас даңазасы кылым кыйырына аңыз болуп, салтанаты ааламга угулуп, ооматы артып тура бермек.

Чыңгыз Айтматовдун айкели ачылды
Талас областынын 70 жылдыгына катышууга келген элдин бир тобу жана меймандар алгач Талас шаарындагы Чыңгыз Айтматовдун айкели ачылуучу аянтка чогулушту.
Дүйнөлүк залкар жазуучу агабыз Чыңгыз Айтматовдун монументалдуу айкелин ачууга арналган салтанатты Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубеков ачык деп жарыялады…
…Көптөн күткөн саат да келип дүйнөлүк улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкели салтанаттуу түрдө ачылды. Бул чогулган көпчүлүктү толкундаткан өзгөчө көз ирмем болду. Куттай жанган таланты менен ааламды таң калтырган феномен, гений жазуучунун залкар айкели (улуу тоолорго ойлуу көз чаптырып) көккө бой созо шаңкайып турду. Кудум эле аалам таңыркаткан улуу жазуучу, биздин замандын корифейи Чыңгыз Айтматов келип калгандай туюм ой сезимибизге көз ирмемге серпиле түштү… Аттаганат!... Эстелик деп, дүйнө эли тан берген улуу талантка урмат-сый деп ушуну айтыңыз! Эстеликтин долбоорун түзгөн жана жүзөгө ашырган айкелчи, өнөр адамдарына чогулган эл баракелде өркөнүңөр өссүн деп ыраазы болуп, кат-кат алкыштарын айтышты.
Чыңгыз Айтматовдун Бишкек шаарындагы айкелине салыштырганда бул монументалдуу эстелик бийик, телегейи тегиз, төгөрөгү төп болуп бакыбат жана талантуу инсан жөнүндө терең мазмуунга толуп өзгөчө шаңдуу чыккан. Залкардын бейнеси чеберчилик менен ачылып берилген. Ушул жерден Чыңгыз Айтматовдун Кара Буура районунун борборундагы айкели да жакшы жасалганын айтып койбосок болбойт.
Салтанатта Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева,Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри Тайырбек Сарпашев, Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Бөдөш Мамырова, дүйнөлүк улуу жазуучунун бир тууган карындашы Роза Айтматова жана башка адамдар чыгып сүйлөшүп Чыңгыз Айтматов, анын жаңыдан ачылган эстелиги, бул окуянын мааниси, айкелдин мыкты жасалгандыгы, Айтматовдук дүйнө жөнүндө омоктуу жана жалындуу ойлорун ортого салышты.
Дүйнөлүк улуу жазуучунун айкелине гүлдестелер коюлду. Театрлаштырылган оюн, зооктор көрсөтүлдү. Тарыхта кала турган күн ушинтип башталды.

Манас Ордодогу окуя
Талас облусунун 70 жылдыгынын салтанаттары өткөрүлүүчү бул аймак майрамдык шаңга бөлөнүп, улуттук оюн-зоок менен коштолуп, кыркалакей тигилген жарашыктуу боз үйлөр менен көчмөн элдин айылын эске түшүрүп, ага удаалаш көк майсаңда жер дүбүрттөтүп ат оюндары кызып, эр азаматтар көк бөрү тартышып, тай чабышып, эр эңишке түшүп, саяпкерлер таптаган тулпарларын жарышка салып, мүнүшкөрлөр ар түркүн аңга куш салып, анадан тышкары дагы ар түркүн улуттук, спорттук оюндар элдин бүйүрүн кызытты. Байыркы кыргыз урку, көчмөндөр дүйнөсү чукуранып ойгонгондой болду.
Майрамдык сахнада оозунан сөзү төгүлгөн төкмөлөр алым-сабак айтышып, үнү кубулжуган булбул таңшык ырчылар обон созуп, кыргыз бийи делебе козгоп, айлана өзгөчө көрккө жана өнөр ыргагына толуп турду. Кошуна Жамбыл областынан келген өнөрпоздордун концерти да майрамдык маанайды бир кыйла көтөрүп койду.
Манас Ордодогу салтанатты Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева ачып, куттуктоо сөзүн айтты.
- Бардыгыңыздарды Талас областынын 70 жылдык мааракеси менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын,- деди Койсун Аблабековна. Бүгүн областта өзгөчө эсте каларлык күн, кош майрам ээси болуп турабыз. Талас шаарында атагы дүйнө жүзүнө угулган жазуучу агабыз Чыңгыз Айтматовдун монументалдуу айкели ачылды. Бүтүндөй кыргыз эли сыймыктануучу бул өзгөчө маанилүү маданий окуя окуя менен да бардыгыңыздарды куттуктаймын.
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атмбаевдин жарлыгы менен "2014-жыл мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөө жылы" деп жарыяланганда аны турмушка ашыруу максатында биз үстүбүздөгү жылды Талас областында Манас жылы деп жарыялаганбыз. Анткени, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө Айкөл Манастын салымы өзгөчө зор. Мамлекеттүүлүүгүбүздү чыңдоо аракети да Манас доорунан башталып турат эмеспи. Андан ары Койсун Курманалиева маараке баянына, областтын алдында турган милдеттерге учкай токтолуп, Манассыз Таласты, Талассыз Манасты элестетүү мүмкүн эмес. Чамгарагыбыз бийик болуп, жергебизге кут консун, жакшылык орносун,- деп айтты.
Майрамдык салтанат асманды көрккө бөлөп жаркылдаган салюттар жана элдин купулуна толгон жагымдуу концерт менен соңуна чыкты.


Баалуу салым, омоктуу ойлор
Оморбай Нарбеков,
академик, коомдук ишмер
Биз жараткан бешенебизге жазып койгон ырыс-дөөлөттөрүбүздү баалап, барктап кадырлай билишибиз керек. Бактылуу жашап, бакыбат доор сүрүүгө төгөгөргү төп бардык шарттары бар керемет жерде жашап турабыз. Талас Манас Атабыз өзү жактырып мекен кылган касиеттүү жер. Аны айтпасак да тарыхта жазылуу, дүйнөгө маалым. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөндөрдүн куттуу башатында Айкөл Манас Атабыз турат. Бүгүнкү кыргыз мамлектинин калыптанып турушунда анын салымы эбегейсиз зор. Манас дүйнөсү, анын кереметтери менен ар дайым сыймыктанабыз.
Талас областынын 70 жылдыгынын өткөрүлүшү, Талас шаарында дүйнөлүк залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун монументалдуу айкелинин ачылышы сыймыгыбызга сыймык кошту. Ушундай даңазалуу окуяга салым кошкон азаматтарыбыздын дээрлик баардыгынын өркөнү өсө берсин. Келечегибиз кең болсун.

Дөөлөтбек Шадыбеков,
республикалык аксакалдар Кеңешинин төрагасы, академик
Талас областынын 70 жылдыгын өткөрүүдө элдин ынтымгы жалпыбызды кубантты. Бюджеттен каражат каралбагандыгына карабастан элдин, чыгаан азаматтарыбыздын колдоосу менен Талас мааракесин ойдогудай өткөрүп алганыбыз зор сыймык, дубаныбыздын чоң жеңиши болду.
Манас Атабыз мекендеп даңазалуу окуялары менен кылымдан кылымга аңыз болуп келген касиеттү Талас жергесинде дүйнө көңүлүн өзүнө бурган мааракелердин жогорку деңгээлде өткөрүлүп келе жатканы тегин жеринен эмес. Мындай тагдыр ар бир элдин эле бешенесине ыроолоно бербейт. Мындан он тогуз жыл мурда Манас мааракеси дүйнө дүңгүрөтө өткөрүлдү. Былтыр эле чыгаан акын, куйкум сөздүн чебери Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдыгы, аалам тааныган залкар жазуучу агабыз Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгы эл сыйлаган азаматтарыбыздын жардамы, калайык-калктын колдоосу менен жогорку деңгээлде белгиленди. Бул элдин нарк нускалуу салттарын, руханий дөөлөттөрүн урматтай тургандыгын аныктап турат.

Мүнүр Мамбеталиев
Талас областынын аксакалдар Кеңешинин төрагасы
Талас жергеси дүйнөгө талантуу инсандарды, баатырларды берип келген касиеттүү жана ыйык жер. Мындан он тогуз жыл илгери мына ушул Манас ордодо Манас мааракеси дүңгүрөтө өткөрүлгөндө элибиздин каада-салтын, улуттук оюн-зоокторун, Манас руху менен айбарланып турган кереметин, кылым таңыркаткан касиеттерине тан берип кыргыз тегин эл эмес экенине дүйнө жүзү баа берген. Ушу кезде Манас Атабыз мекендеген Талас жергесинде областыбыздын 70 жылдыгы жогору деңгээлде белгиленгенине төбөбүз көккө жете сүйүнүп, сыймыгыбыз артып турат.
Бул мааракенин өткөрүлүшү элибиздин, Манас дүйнөсүнүн ооматын ого бетер арттырып, зоболосун көтөрүп койду. Ушул салтанатты өткөрүүгө каражатын аябаган чыгаан азаматтарыбызын, калайык-калкыбыздын өркөнү өсүп, куттуу тилектери кабыл боло берсин.

Байымбет Мураталиев,
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Талас областынын 70 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү, коомдук ишмер
Талас областынын 70 жылдыгын белгилөөгө чукул убакыт калганда киришсек да эл арасындагы мекенчил, жүрөгүндө оту бар азаматтарыбыздын көрүнүктүү колдоосу, калайык-калкыбыздын жардамы менен ойдогудай даярдык көрүп, мудаасы менен өткөрүп алдык. Албетте, буга сыймыктанып турабыз. Баалуу салым кошкон, ар тараптан колдоого алган, эл-журт үчүн тике туруп кызмат кылып келе жаткан көк жал, чыгаан азаматтарбызга кат-кат алкышыбызды айтабыз. Баарыңарды Манастын руху колдосун. Силер элдин алкышына арзып батасын алуу менен катар Манас дүйнөсүнүн сыймыгын арттырып,Талас жергеси үчүн эбегейсиз зор иш кылдыңар
Областтын мааракесин өткөрүүгө жалпы акчалай фонд 6 миллион сомдон ашты. Белгилүү ишкер Райкан Алканов 200 миң сом, "Учкун" ачык акционердик коомунун башкы директору Рыскелди Момбеков 150 миң сом, академик, көрүнүктүү коомдук ишмер Оморбай Нарбеков 100 миң сом, ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатыбалдиев 50 миң сом, мамлекеттик бажы кызматынын орун басары Жеңиш Исаков 50 миң сом кошкон. Атай берсек мындай азаматтардын сан арбын. Кезеги келгенде кимдин канчалык салым кошкону жана башкасы кийин дагы айтыла берер. Кийинкиге өрнөк болор, сабак болор.

Рыскелди Момбеков
"Учкун" ачык акционердик коомунун башкы директору
Талас областынын 70 жылдыгы элдин маанайын көтөрүп, сыймыгын арттырып эсте каларлык өттү. Талас шаарында дүйнөлүк залкар жазуучу агабыз Чыңгыз Айтматовдун монументалдуу айкелинин ачылышы өзгөчө зор маданий окуя болуп калды. Эстеликтин телегейи тегиз, бакыбат жасалгандыгы, улуу жазуучунун бейнеси ар тарабынан жеткилең ачылып турганы элди толкундатып кубанткан көз ирмем болду.
Таластагы Манас Ордо, өз кезегинде Манас Атабыз өзү тандап келип мекендеген касиеттүү Кең Талас көп нерсени эске салып турат. Азыр да байыркынын урку ойгонуп тургандай. Бул жерде сөзгө сыйбай тургандай кудурет бар. Ошол Манас кудурети кыйын кезеңдерде кыргыз элин айбарлана коргоп жана сактап келатат. Биз Манас дүйнөсүн, анын кереметтерин дүйнө таанып, тан берип турган кезде жашап тургандыгыбыз менен бактылуубуз. Биз ата-бабаларыбыздын ушул күндү эңсеп кандай кыйын кезеңдерди башынан өткөрүп келгенин тарыхтан жакшы билебиз. Ошол бактылуу доор биздин энчибизге, ырыскыбызга туш келди.
Юнесконун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча мамлекеттер аралык комитети тарабынан кыргыз элинин "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигинин дүйнөнүн маданий баалуулуктарынын тизмесине катталгандыгын тастыктаган күбөлүктүн касиеттүү Кароол Чокунун жанындагы " Манас Ордо" комплексинде сакталып тургандыгы улуттук дөөлөтүбүздү көкөлөтүп, сыймыгыбызды арттырат. Сыймыгыбызга сыймык кошулуп, Манас дүйнөсүнүн ооматы арта берсин.

Чолпонкул Төрөкулов
Кара буура районунун акими
Талас мааракеси өзгөчө даңаза менен жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Байыркы замандан Манас Атабыз өзү жактырып мекен кылган касиеттүү Талас жергесиндеги салтанат элдин маанайын көтөрүп, эстен чыккыс болуп сакталып калды. Ага эл арасында кадыр-барктуу, колунда бар чыгаан азаматтарыбыз, калайык-калкыбыз өз салымдарын кошушту. Бул жөн эле маараке эмес экенин, өткөн менен азыркынын үн алышып, келечегибизге кут чачып турган касиети зор экенин түшүнгөн эл колунан келгенин аянган жок. Ошонусу менен бул салтанат кылым кыйырына аңыз болуп айтылып калмакчы.
Биздин район областтын 70 жылдыгын өткөрүүгө 1,5 миллион сом каражат кошту. Ар бир айыл өкмөтү 100 миң сомдон которуп берди. Бардык жасалгасы менен келишимдүү
13 боз үй тиктик. Салтанатка келгендер меймандостук менен ар тарабынан мудаа тейленип турду. Келген эл ыраазы болуп кетти. Кыргыз элинин эл күтүүдөгү маданияты, каада-салттары менен жакшы жөрөлгөлөрү, меймандостугу менен кичи пейилдиги ушул жерде шардана болду.
Дегиси, тарыхыбыз менен тыгыз байланышкан даңазалуу мааракелерди өткөрүп туруу элибизге да, келечегибизге абдан керек экен. Андан биз өткөн турмушубузга абай салып, азыркыбызды баалап- барктап алууга үйрөнүп, бакыбат жашоого, улуттук нарк- нуска дөөлөттөрүбүзгө кунт кое карап, таалим-тарбия алат экенбиз. Жергебизде элдин маанайын көтөргөн жакшы окуялар, шаңдуу салтанаттар болуп турса жакшы сөз арбып, орошон ойлор айтыла берет.

Меңдибек Асылбеков Сүрөттөрүн тарткан Ташболот Досалиев