presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Жылдызкан Жолдошева, "Ата Журт" фракциясынын депутаты:
"Ташиевди абийрине койдум…"

- Жылдыз айым, Ата Журт менен Республиканын биригиши боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер айтылды. Бул боюнча эмне айта аласыз?
- "Ата Журт" менен "Республиканын" мындан аркы ишине ийгилик гана каалайм. Ташиев да, Бабанов да жаш жигиттер, жаш саясатчылар. Экөөнүн биригиши саясий кадам, саясий биригүү болду. Саясатта кечээки досуң, бүгүн душман, бүгүнкү душманың, эртең дос болот экен, башкача айтканда саясатта дос дагы, душман дагы болбойт экен, жөн гана кызыкчылык болот экен, бул нерсени мен депутат болгону, 55 жашка чыкканы түшүнүп жатам. Мен ойлогом, депутат эл үчүн, чындык үчүн гана иштеши керек экен деп. Көрсө андай эмес турбайбы. Мен Бабанов менен Ташиевге кааларым, алар бири-бирин алдабаса, бири- бирин сатпаса, элге кандай убадаларды берсе, ошонун баарын аткарышса дейм. Бирок, чын-чынына келгенде экөөнүн биригиши саясий кызыкчылыктын негизинде гана болду. Саясий кызыкчылыкта туруктуулук деген болбойт экен да.
- Камчы Ташиев сизди партиядан чыгаруу керек дегендей дагы пикирин билдирбедиби, буга не дейсиз?
- Мен Камчы Ташиевди инсан катары сыйлайм. Жаманбы жакшыбы экөөбүз бир партиядан депутат болдук. Ал жөнүндө эч кандай жаман кеп айтпайм. Бирок Ташиев өзүнүн "Майдан" гезити, жана башка маалымат каражаттары аркылуу мени жамандап, ар кандай сөздөрдү айтып жатыптыр. Мен аны анын жөн гана көр пендечилиги деп эсептейм. Кандай айтса ошондой айтсын. Баардыгын Ташиевдин абийрине койдум. Биринчи жолу саткынчылыкты, чыккынчылыкты көрүп, жон терим менен сезип жатам. Мен буга терикпейм. Саясатта мындан дагы ыпылас нерселер болот экен, саясатка аралашкандан кийин баарына чыдоого аргасыз экенбиз. Ал эми, "Ата Журт" партиясы чындыгында абдан күчтүүү партия болчу. Миңдеген шайлоочуларыбыз бар эле. Тилекке каршы ошонун баарын эске албай туруп, партиянын ушундай абалга келип калышына партия лидерлеринин күнөөсү чоң. Бирок Камчы Ташиевге бийлик тарабынан, 295 берене колдонулуп, ал берене туура эмес колдонулганын мен ошондо эле айткам. Айтып отуруп аягына чыгардым. Башкаларчылап айтканымды ара жолдо таштап салган жокмун. Ага жалпы кыргыз эли, журналисттер силер күбөсүңөр. Бийликти басып алууга аракет кылып, дарбазыны ашып түшкөнү үчүн Ташиев "хулиганчылык" беренеси менен соттолсо болмок, мен аны коргоп жатып күчүм, энергиям кетти. Мен эле эмес шайлоочулар дагы коргоп жатып чарчашты. Бийлик Ташиевге "биз башында сени туура эмес соттоптурбуз, кайрадан "реблитация" жасайбыз"- дешсе, жасашсын, мен буга каршы эмесмин.
- Эки партия кызыкчылык үчүн бириккендигин айттыңыз, эгер "Ата Журт" - партиясы бирикпей эле, өз алдынча шайлоого барса, жеңишке жетишмек беле?
- Албетте болмок. Бул менин жеке оюм, менин жеке оюм, учурда эч кандай суу кечпей калды. Себеби, эки партия биригип алышты. "Ата Журт" шайлоого өз алдынча барса туура болмок. Эл колдомок. Партияны шайлаган электоратыбыз айтып жатат. "Ата Журт" шайлоого өз алдыңарча барсаңар болмок, бириккениңер туура эмес болду деп.
- Келерки шайлоодо кайсы партия менен депутаттыкка аттансам деп жатасыз?
- Шайлоого аттанаар, аттанбасым, азарынча белгисиз, кыштан аман-эсен чыгып алсак, андан кийин анан буюрса шайлоону ойлой баштайбыз. Бүгүнкү күнү мен эле эмес ар бир депутат, ар бир министр, шайлоону ойлобой, кыштан кантип чыгабыз деп, элди ойлошу керек.
- Шайлоодо "Ата Журтка" канча добуш алып берген элеңиз?
- Депутаттар аймака бөлүнгөнбүз да. Мен аймактан тышкары, Республика боюнча да добуш алгам. Канча экендигин санабаптырмын. 2010- жылдан кийин түштүктө абал оорлоп, мен шайлана турган аймактарда абал абдан татаалдашып калган эле. Ошого карабай мен Сура-Таш, Кызыл- Кыштак айылдарынан 4700 дөн ашык добуш алгам.
- "Ата Журтка" сизди ким чакырды эле, Ташиевби, же Ахматбек Келдибековбу?
- Келдибеков май айында чакырганда: "Менде акча жок, эки жолу аттанып, акча жок өтпөй калгам" деп баш тарткам. 2010- жылдагы июнь окуясынан кийин Келдибеков кайрадан чакырды. Кудайдын буйругу менен депутат болуп шайланып калгам.
- Шайлоого канча каражат сарптадыңыз эле?
- Жыйырма миң доллардай каражатым кеткен. Тууган - урук, жоро-жолдошторум чогултуп беришкен эле. Ошол каражат менен депутат болгом.
- Ал каражатты партияга бердиңиз беле?
- Партияга берген жокмун. Менин атымдан иштегендерге, штаб кызматкерлерине бергем.
- Эки партия бирикпеш керек эле деп жатасыз, "Ата Журтта" сиздин ойду колдогон депутаттар барбы?
- "Ата Журттун", "Республика" менен биригип кетиши, партияда каралган эмес. Ташиев партия лидери катары ошондой чечимге барып, биригип алды. Партия менен фракция жуурулушуп, камыр-жумур болуп иштеше алган жокпуз. Ошондуктан, өзүнчө чечим кабыл алынды. Партияда мага окшоп бириккени туура эмес болду дегендер да, туура болду дегендер да бар. Биз сыяктуу бириккенин колдобогон депутаттар "Республика" партиясында дагы жок эмес. Башында айтпадымбы, саясатта бир гана кызыкчылык болот экен деп.
Даярдаган
Мирлан Алымбаев











??.??