presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Түлеев ак жерден торго чалынганбы?
Ушу тапта Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев жана анын ошол кездеги чогуу иштеген жооптуу кызматкерлеринин үстүнөн козголгон кылмыш иши дыкат иликтөнүүдө. Дыкат дегенибиздин себеби, шаардык сот райондук соттун өтө шашылыш жана түшүнүксүз кабыл алган чечиминин күчү канчалык экендигин ачык көрсөтүүгө аракет кылып жатат. Ошондон улам 23 томдон турган бул кылмыш ишиндеги айрым райсот "аттап" кеткен учурлар боюнча күбөлөр көрсөтмө берип, кошумча далилдер туш-туштан ортого ташталууда. Кошумча далилдер демекчи, кечээки 29-октябрда болуп болуп өткөн сот отурумунда Нариман Түлеев бир топ айныксыз документтерди түп нускасы менен соттордун колуна карматып, айыптоочу Башпрокуратоуранын адамдарын бир топ эле ыңгайсыз абалга кептеп койду.
Башынан баштасак, сотто алгач соо жанын оору кылып, бир жарым айдан бери сот отурумуна күбө катары көрсөтмө берүүгө келбей жаткан Эсеп палатасынын аудитору Минура Сүйүналиеванын маселеси каралды. Прокурорлор адаттагыдай эле буту сынган аудитордун сотко келе албасын айтышты эле, актоочулардын бири Эсеп палатасына өзү барганын, барса Сүйүналиева куландан соо эле кайсы бир мамишканыны текшерүүгө кеткенин ал жердеги чогуу иштегендер айтышканын жар салды. Ушундан соң соттор өздөрү "оорулуу" ауидтордун райсоттогу өзүнүн сөзүнө өзү каршы чыгып, калпы ашкере болгон сурак баянын ачык окуп чыгышты. Анда Сүйүналиева таштанды тазалоочу унааларды каржы полициясынын "Алибаба" деген белгисиз сайттагы белгисиз техника баалары боюнча справканын негизинде эле шилтеп койгонун айтканы бар. Кудум эле коллегасы дагы бир Эсеп палатасынын аудитору Эрнис Мамыркановдун "УКМКнын алып келген сүрөтүн карап эле, эки автобус окшош деп жазып койгом" дегенине окшош.
Кыскасы, аудиторлордун так ошол мыйзамсыз аудитинин жыйынтыгынын негизинде кылмыш иши ачылганын дагы бир жолу баса белгилеген экс-мэр актоочуларынын Кытайдагы таштанды тазалоочу унааларды жана автобустардын саткан, аларды Кыргызстандын ченине чейин алып келген компаниялардан алган тастыктамаларын ортого таштады. Мисалы, Бишкек мэриясы Кытайдын "Ясинь" заводунан автобустарды түз сатып алган менен ал автобустарды ошол Янчжоу шаарынан КЭР менен КРнын чегиндеги Торугарт постуна чейин жеткирүү милдетин алган унааларды жеткирүүчү компаниянын жетекчилиги Түлеевдин актоочуларына расмий түрдө жооп жазышкан экен. Бул КРнын ТИМи жана Адилет министрлиги тарабынан расмий күбөлөндүрүп, Кытайдагы кыргыз элчилигинен жана консулдуктардын мөөрү басылган жоопто, бул транспортторду ташуучу компания Бишкек мэриясы менен атайын келишим түзгөнүн, алар өз кызматкерлери аркылуу автобустарды 7000 чакырымга айдап, Торугартка чейин жеткиргенин, бул кызмат үчүн башында ар бир автоуска 13 миң АКШ доллары болжонуп, бирок, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 7000 АКШ долларынын тегерегине баа түшүрүлгөнү айтылат. Демек, Башпрокуратуранын "Түлеев жеп алган" деп жаткан каражатын эч кандай желбегени ачыкка чыгып отурат. Чынында эле, анча автобусту Кыргызстанга айдап келүүдөн башка алып келүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк жок экендигин, аба же темир жол аркылуу жүктөп келүүгө болбостугу сабаттуу адамга дайын эле болуп турбайбы. "Буга чейин Башпрокуратура бул документтерди тааныбай, документтердин көчүрмөсүн көргүсү келбей келген. Андыктан, бул толук легалдуу, расмий таанылган каттардын көчүрмөсүн колуңузга тапшырып жатып, бул баасы жок документтер бизге козголгон кылмыш ишинин толук түрдө жокко чыгараарына жардамы чоң боолорун, буга көңүл бурууңуздарды суранам" -деди экс-мэр.
Айыпталып жаткан тараптын мындай далилдерине жооп таба албай калган Башпрокуратуранын сот отурумуна катышып жаткан прокурорлору айласы кеткенден артка кылчакташып, "аталган документтер менен таанышып чыкмайынча, ишке тиркебей туруш керек" деп чыгышканы да алардын акыркы аракеттери экендигинен кабар берип турду.
Буга кошумча, экс-мэр Нариман Түлеев соттордун колуна ага коюлган айыптардын бири болгон таштанды ташуучу унаалардын баасы боюнча далилдерди да өткөрүп берди. Себеби, сөз башында кеп кылгандай Эсеп палатасынын аудитору Сүйүналиева "аталган таштанды ташуучу унаалар "Алибаба" аталган сайтта 16-17 миң сом тураары жазылганын каржды полициясы айтты" деп туруп, Түлеевдин мойнуна миллиондорду иле койгон эмеспи. "Урматтуу сотко төрагалык кылуучу! Менин актоочум Кытайдагы ошол таштанды ташуучу унааларды чыгарган заводко суроо жөнөтүп, расмий түрдө жооп алган. Анда, заводдун жетекчилиги "Бишкек мэриясы 2008-жылы ар бири 41 миң АКШ доллары турган 16 даана таштанды ташуучу унаа сатып алганы анык. Мындай таштанды ташуучулардын компектациясы 2008-жылдары 38-51 миң АКШ долларына бааланган. Эч убакта 16-17 миң АКШ долларына бааланган эмес" деп жооп жиберген. Бул эки өлкөнүн тиешелүү органдары тарабынан таанылып, күбөлөндүрүлгөн жоопторду түп нускасы менен Сиздерге берем. Ишке тиркеп, баам салыңыздар",-деди Нариман Түлеев.
Андан да кызыгы, экс-мэрдин колуна Башпрокуратура менен Эсеп паталасы бетине кармаган "Алибаба" аталган Кытай товарларын сатууну уюштурган сайттын ээлеринен да келген расмий жооп бар. Анда, аталган сайт эч качан таштанды ташуучу унааларды 16-17 миң АКШ долларга баалап, жарнамалабаганын айтышкан.
Демек, Башпрокуратуранын Нариман Түлеев баштаган төрт адамдын тагдырын менен обу жок жерден ойноп, жасалма кылмыш ишин ачып, "1млн. 400 мин АКШ долларына мамлекетти чыгып кылган" деген жалган жалаасы толук ачылганы туру. Баса, бул далилдерди эске албаган Ленин райондук сотунун судьяларычы? Ойлонбой чыгарган чечимдери менен өздөрүн отко таштаган эмеспи?!




Алмамбет Шыкмаматов:
"Центеррадагы" акциябызга көз кызарткандар көп

24-октябрда Париждеги эл аралык арбитраж латвиялык ишкер Валерий Белокондун пайдасына 16.5 млн. доллар төлөп берүүгө кыргыз өкмөтүн милдеттендиргени белгилүү болду. Ага чейин түркиялык "Систем мүхендислик" компаниясы "Ак кеме" мейманканасы боюнча соттошууда кыргыз өкмөтүн утуп, "Центерра голд инктеги" Кыргызстандын акцияларын камакка алууга жетишкен. Андан кийин Канаданын "Стэнс энержи корп" компаниясы сейрек кездешүүчү Куттуу-Сай кени боюнча кыргыз өкмөтүн Москвадагы арбитражга берип, 118 млн. долларга утуп алган. Мындай утулуулардын себеби эмнеде? Бул боюнча "Азаттыктын" таңкы түз обосундагы суроолоруна юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов жооп берди.
- Ошентип Кыргызстан удаама-удаа, ушуну менен үчүнчү ирет эл аралык соттон утулуп отурат. Мындай утулуулардын себеби эмнеде, Кыргызстан эмнеден жаза тайып жатат?
- 2007-2009-жылдары мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев жана анын шериктери аркылуу Кыргызстанга келген чет элдик компаниялар ар кандай жолдор менен биздин кен байлыктарга ээ болуп алышкан. 2010-жылдан кийин мурда түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылып, аларга текейден арзан: 300-500 сомдун тегерегинде берилген лицензиялар тартылып алынган. Эми ошолордун баары эл аралык сотторго барып, биздин "Центеррадагы" акцияларга көзүн кызартууда. Буга эми прецедент түзүлүп калды да, ошондуктан баары ошол бир жол менен кетип атат.
Эми эл аралык соттордо Бакиев, Елисеев деген түшүнүк жок да, аларда мурдагы президент, мурдагы парламент, мурдагы өкмөт кабыл алган чечимдер бар, аларды аткарыш керек деген гана түшүнүк бар. Эл аралык нормалар ушундай. А биз мурдагы бийликтин туура эмес чечимдерин кантип улантабыз? Андыктан азыркы бийлик аларды жокко чыгарганы абдан туура болгон.
Эл аралык сотторго берсе эле андан чочуп, дүрбөлөң түшпөш керек. Эл аралык сотторго биз да өз жагдайларыбызды, аргументтерибизди далилдешибиз керек. Маселен, "Манас" банкы Максим Бакиев менен Алексей Елисеевдики экени айдан ачык да, алар муну өздөрү да танган эмес. Алар бүт мамлекетин акчасын, Соцфонддун акчасын ошол банк аркылуу айландырып турушкан...
- Эл аралык соттордун чечимине карата кыргыз өкмөтү кандай кадамдарды жасаганы жатат?
- Кыргыз тарап дагы азыр тажрыйбалуу юристтерди жалдап, өз укугубузду коргогону жатабыз. Эми алар соттун чечимин утуп алган жок, болгону сот аркылуу "Центеррадагы" Кыргызстандын акцияларын камакка алып коюшту, соттон утсак, уткан акчаны акциянын дивиденддеринен алалы деп. Бул биринчи жагдай.
Экинчиден, биз эми мындан ары мындай практиканы токтотуу үчүн батыл кадамдарга барышыбыз керек. Тактап айтканда, алтын биздин жерде, Кумтөр бизде болгондон кийин акциябызды Канадада кармабай, керек болсо Кумтөрдү улутташтырууга чейин барышыбыз керек.
- Жалпысынан азыр Кыргызстандын үстүнөн дагы канча арыз бар эл аралык соттордо?
- Жалпы жонунан 10 чакты арыз бар, анда коюлган доонун жалпы суммасы 2 миллирад долларга жетет. Атап айтсак, Жерүй, "Ак кеме" Куттуу-Сай боюнча арыздар бар. Андан сырткары Надель, Гуревич дегендер бар, ошолордун баары соттошуп атат...
Шайырбек Эркин уулу "Азаттык"











??.??