Оңтойсуз суроолор?
Ким
биринчи
талак берет?
- Камчыбек Кыдыршаевич, Сиз учурда "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен биригип саясий "никеге" турдуңуз. Мындай биригүү кимиңиздерге көбүрөөк пайда алып келиши мүмкүн? Дегенибиз, коомчулук экөөңүздөрдү тең оңтойлуу учурда ойт берип кетмейи бар, туруктуу позициясы жок саясатчы катары таанышат. Же калпы? Анын үстүнө экөөңүздөрдүн бизнесмен, жалпак тил менен айтканда алып-сатып күн көргөн соодагер экениңерди эске алганда, ким кимди сатып кетиши ыктымал? Анткени саясатта достук жок, кызыкчылык бар эмеспи. Буга сиздердин сөгүшүп жүрүп, өбүшүп калганыңар ачык мисал болот десек жарашат да, туурабы? Экөөңүздөрдүн президент болууга умтулган асманды чапчыган дымагыңар бардыгын көңүлгө алганда, "эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" дегенге ишенсек болобу? Мына ушул сыяктуу нюанстарга карабай баш кошкон сиздердин "никеңер" канча мезгилге чейин созулат? Ким биринчи талак берет? Парламенттик шайлоого чейинби, же ага да жетпей калабы? Дегенибиз, сиздин мойнуңузда шайлоого катыша албай турган соттолгон деген "кара так" бар. Учурда "соттолгон" дегенден акталыш үчүн президентке жылуу сүйлөп, жагынып жатат деген кептер айтылып келет. Чын эле ошондойбу? Себеп дегенде, сиз "бийликке расмий оппозициябыз" дейсиз да, кайра ал сөзүңүздү жымсалдатып, "биз президентке эмес, көпчүлүк коалицияга, өкмөткө оппозициябыз" деп буйтайсыз? Деги эл сиздин кайсы сөзгө ишенет? Өйдө-төмөн пикирлерди билдирип, туруктуу көз карашты карманбаган, соттолгон адамды эл кантип президент кылат? Ушул жагын ойлондуңузбу? Азыркы тапта Бабанов менен биригип жатасыз, эгер Жогорку Сот сиздин соттолгон деген такты ошол бойдон калтырса, алдыдагы саясий жарышка кантип катышасыз? Демек, саясий карьераңыз өлөт да, ыраспы? Мындан улам, тагдырыңызга баш ийип шүк отурасызбы, же "биз уруш-талаш, митинг-пикет болушун" каалабайбыз деген сөзүңүздү көнгөн адатыңызга салып унутуп коюп, жол тозуп, темир тосмодон секиресизби?

Эми канча миллиардды мойсойсуз?
- Кубанычбек Апышевич, Сиз Энергетика жана өнөр жай министри болуп ызы-чуу менен келдиңиз. Чү дегенде эле баскан жолуңуздагы мандемдүү жоруктарыңыз калкып чыгып, эчак эле булганып калганыңыз жаамы журтчулукка дайын болду. Башкача айтканда, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Жети-Өгүз" районунун РЭСнин жетектеп турганыңызда өндүрүлгөн электр энергиясынын 49 пайызын казактардын жел фирмаларына сатып, 30 млн. 160 миң сомду мойсоп койгонуңузду жар салып, "миллиарддарды уурдаган жигит эми минтип министр болом деп турат" деп катуу айтты. Сиз сындан жыйынтык чыгарып, министр болуудан баш тарткандын ордуна, уялбай министр болуп келдиңиз? Бул кадамыңыз менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, коррупцияга жол бергендер министр боло алат деген үлгү көрсөттүңүз, чынбы? Кезинде Максим Бакиев, ошол кездеги Өкмөт башчы Данияр Үсөнов менен биргелешип, электр энергиясынын баасын 1 сом 50 тыйынга көтөрүшкөндөрдүн бири сиз болгон экенсиз. Эми ошол максатыңызга жетпей калган кыялыңызды ишке ашырууга жан үрөйсүз да, туурабы? Буга сиздин "баары бир электр энергиясы кымбаттайт" дегениңиз ачык мисал, ыраспы? Бир районду жетектеп турганыңызда эле мамлекетке 30 милион сомдон ашык чыгаша келтирип, кызмат абалыңыздан кыянат пайдаланчу экенсиз. Көнгөн адат калмак беле дегендей, сиз "Түндүкэлектр" тармагын башкарып турганда да кызмат абалыңыздан пайдаланып, сөзүңүздү сүйлөгөн адамдарга айлыгынан тышкары 4 айлык маянасынын өлчөмүндө сыйлык акы жазып берип, жүз миңдеген сом коромжу кылган элеңиз. Эми министр болдуңуз, бул сан канча эсеге өсүшү мүмкүн? Мамлекет канча миллиард сом чыгаша тартышы ыктымал? Эркиңиз жетип алдын-ала айта алсызбы? Деги сиз мамлекетке чыгаша алып келгенден бөлөк, эмне пайда келтирдиңиз? Эң кур дегенде бирөөсүн айтып бербейсизби? Сизге окшогондордун кесепетинен кирешелүү энергетика тармагы кыйрап, жарыксыз отурабыз десек жарашабы? Эми таптакыр сызга отургузбайсызбы?

Жеңден
кончко куюлган шылуунсузбу?
- Болсунбек Күмүшбекович, Сиз Монополияга каршы жөнгө салуу агенттикти жетектеп турасыз. Бул кызматка келгениңизге көп деле мезгил боло элек. Бирок аз убакыттын ичинде аталган тармактын ички ынтымагын кетирип, кызматкерлердин нааразычылыгын жаратып жатканыңыз эмнеси? Кызмат абалыңыздан пайдаланып өзүңүзгө жакпагандарды жумуштан алып, айрымдарын өз каалоом менен кеттим дедиртип күчтөп арыз жаздырып, кызматтан айдалгандардын иштеп тургандагы калган айлыгын бердиртпей тополоңун чыгарып жибериптирсиз. Буга эмне себеп? Бул тууралуу аталган агенттиктин кызматкерлери Өкмөт башчыга чейин арызданып, айлалары кетип жатышат. Сиз болсо чым этип койгон жоксуз. Сизге бирөөнүн укугун тебелөө катардагы ишпи? Же колдогонуңуз күчтүүбү?
Айтмакчы, сиз азыркы ээлеп турган кызматыңызга КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун арты менен келген дешет. Ушул чынбы? Анткени сиз Мамлекеттик мүлк фондунун банкроттук иштер боюнча департаментин жетектеп турганыңызда Чыныбай мырзага борбордун чок ортосундагы, кыйла чуу болгон Бишкек арак заводун арзан баада сатып алышына үлкөн эмгек кылган экенсиз, туурабы? Мына ушул эмгегиңиз үчүн Турсунбеков сизди түртмөлөп отуруп Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин ээрине мингизиптир, ыраспы? Эгер жашыруун болбосо, Кудай алдында калп айткандан корксоңуз, кимдин аркасы менен агенттикти жетектеп калдыңыз ачык айта аласызбы? Дегенибиз, аталган арак заводуна байланыштуу чырдан улам, ошол кездеги Мүлк министри Дайыр Кенекеев кызматтан кеткен. Сиз суудан кургак чыгып, эч нерсе болгон жоксуз. Мунун сыры эмнеде? Бул сиздин актыгыңызды айгинелейби, же бул сиздин "эбин тапкан эки жейт" дегендей, жеңден кончко куюлган шылуундугуңузду туюнтабы? Дегенибиз, учурдагы ээлеп турган кызматка келээриңиз менен кызматтык машинаны талкалап салып, кайра жаңы сатып алууга аукцион жарыялаганыңыз шылуун экениңизден кабар бербейби? Кандай дейсиз? Же сиз мамлекеттин акчасын өз чөнтөгүңүздөй эле пайдаланасызбы?