presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
"Сакалдын" артында кайсы депутат турат?
Жакында эле Турцияда мыйзамдагы ууру тажысын кийди делген "Сакал" каймана атына ээ Улан Токтосунов Кыргызстанга келээри күтүлүүдө. Анын келиши менен крим чөйрөдө бир топ өзгөрүүлөр болушу ыктымалдыгы айтылууда. Башкача айтканда, кандуу кагылышуулар орун алып, Камчы Көлбаев өз таасирин бекемдөө үчүн түрмөгө түшкөнгө аргасыз болот экен. Кызыл шапкечендер кырдаалга кылдат байкоо салып турбаса, "каралардын" кагылышы коомчулукка кыйла эле чуу жаратчудан. Баса, Сакалдын артында Азис Батукаев жана Жогорку Кеңештеги белгилүү эле бир депутат турат деген сөздөр чыгууда. Ал депутат Сакалдын мыйзамдагы ууру таажысын кийишине аябай эле кызыкдар болгон дешет.


Эртелеп устуканга умтулуп
Францияга саякаттап кетип, андан ары Бразилиядагы дүйнөлүк футбол чемпионатын көрмөкчүмүн деп ээлген кызматынан кол жууган, Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Айбек Осмоналиев учурда ак үйдөгү үлкөн адамдардын эшигин жыртып жүргөн чагы экен. Канадалыктар менен 6 айдан бери ары тартышып, бери тартышып, аягына чыкпай жаткан жаңы түзүлөт делген Кумтөр ишканасынын вице-президенти болмокчумун деп. Учурда Өкмөт канадалыктар менен тил табыша албай айласы кетип жатканда, Айбек мырза эмненин жытын алып, эртелеп кам уруп жатат табышмак. Сыягы, муз ордунан жылган го.


Амалдуу немеге айла жок тура
Төрт жылдан бери ордунан козголбой отурган, ошого жараша жарытылуу иш жасабаган Канат Садыков деген министр бар. Билим берүү жана илим тармагын тейлейт. Тилеке каршы, колунан эч нерсе келбеген катардагы мажүрө экенин эчак далилдеп бүттү. Мындайлар кызматка жетсе, креслого жамбашы жабышып калат өңдөнөт, даремет деңгээли жетпеген иш болсо деле жармашып отура беришет экен. Жөн эле отура бербестен, жеткен кыйды болушат тура. Буга Канат мырзанын өзүндөгү кемчиликти жабыш үчүн, орун басарларын кызматтан алып, өзү ордунда былк этпей отурганы мисал боло алат. Өткөн айда Кендирбаева деген орун басарын кызматтан бошотсо, эми болсо жогорку окуу жайлар боюнча орун басары Назаркул Ишекеев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу деп садага чабылды..


Шаки "Ынтымактын" желегин желбиретеби?
Парламенттеги "Республика" партиясынан бөлүнүп кеткен "Ынтымак" тобундагы депутаттар Шаршенбек Абдыкеримов, Алмазбек Баатырбековдор өздөрүнчө партия ачканы жатышыптыр. Булардын арасында Чүй облусунун губернатору Канатбек Исаев бар дешет. Учурда даярдыктар кызуу жүрүп жатканын эшиттик. Партиянын аталышы "Ынтымак" деп аталат экен. Бул партияны түзүп жаткандар келе жаткан парламенттик шайлоодо КСДПнын курамына кирип, ынтымакта биргелешип иштөөгө ынтызар экенин Ак үй тараптагылар айтышты.


Жапаровдун эжеси 7 жылга соттолду
Октябрь райондук соту тарабынан Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарова алдамчылык, коррупция жана кылмыштуу жол менен табылган каражатты адалдоо сыяктуу беренелер менен козголгон кылмыш ишине байланыштуу күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылды. Жапаровадан тышкары Батырланбек Асанкулов, Вячеслав Зайцев, Сергей Толкачев 4 жылга кесилди. Булар "Ысык-Көл" Инвестбанктын директорлор кеңешинин мүчөлөрү болушкан.
Ошондой эле, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, медициналык ишмердик кылууга мыйзамсыз лицензия берген делип кылмыш иши козголуп, камакка алынган, Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Кубанычбек Чойбековго Бишкек шаардык соту 500 миң сом айып пул салды. Ошентип Кубанычбек мырза жеңил жаза менен кутулду.
Мындан сырткары, Жалал-Абад облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Тайгожо Гиязов кармалып, камакка алынды. Маалыматтарга караганда Тайгожого Кадыржан Батыровдун мүлкүнө байланыштуу кылмыш иши козголгон. Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Нурлан Дарданов, Гиязов укук коргоо органдары тарабынан өткөн жумада Бишкекте кармалып, Сузак районун соту тарабынан бир айга камалганын билдирди.


Жакыповду дагы эске алышса
Бийлик коррупцияга каршы күрөштүн добулбасын канчалык каккан сайын, коррупционерлердин дүбүртү ошончолук катуу чыга баштады. Кудайдан коркпогондорду Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан корккондой кылам деген президенттин сөзү күндөн-күнгө суу кечпей баратат. Коррупционерлер камалган менен, көп өтпөй бошоп, бул жөн гана саясий оюн катары бааланып калды. Мындай жагдай коррупционерлердин каалаган ишин жасаганга түрткү берүүдө.
Мына учурда "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Каныбек Осмоналиевге жалпы мамлекеттик тестирлөөдө белгиленген чектен өтпөй калган баллы аз бир нече жүздөгөн абитуренттерди кыргыз-орус Славян университетине өткөргөнү боюнча кылмыш иши козголгону айтылды. Дал ушундай эле маселе Ички иштер министринин Академиясына да тиешелүү болуш керек болчу. Анткени Академияга да аз балл топтогондор кабыл алынган экен. Бул маселе боюнча Билим берүү министрлиги "ИИМ Академиясы бизге баш ийбейт" деп баш ооруткулары келишпейт экен. Жеңиш Жакыповго бул көрүнүш майда эле жагып, өз билген талканын чалыптыр. Бийлик төбөлдөрү, тиешелүү органдар Каныбек Осмоналиевдин жоругун Жакыпов кайталап калышы ажеп эместигин эске алышса жакшы болмок.









??.??