presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Челпек тарыхы чектеле элек

Ушул рубриканы уюштурганда, Ысык-Көл облусунун аймагында жашап жаткан ар улуттардын турмушун чагылдырууну көздөгөм. Учурда элибиздин басымдуу бөлүгү өз-өзүнчө тырмалаңдап иштеп, өзү менен өзү болуп, коңшу жашап жаткан улуттардын баалуулуктарына, маданиятына кызыкканы деле аз. Башка улут эмес, жаныңдагы адамдын жашоосуна кызыкпай калдык чындыгында. Биз ар улуттун өзгөчөлүгүн көргөзүп, жакшы жагын алып чыксак, улут аралык достукка өбөлгө болсо керек деп ойлойбуз. Окурмандардын эсинде болсо, алгач Ырдык айылына барып, дунган улуту жөнүндө жазып, ал жөнүндө көп окурмандардан жакшы пикирлерди укканбыз. Андыктан, бул сапарыбызды дагы уланттык, дагы улантабыз. Бул жолу сөз калмак туугандар жөнүндө болмокчу.
Алар жашаган Ак-Суу районунун Челпек айыл аймагына Таш-Кыя, Челпек, Бурма-Суу деген биринин артынан бири эле чиркелишкен айылдар жана Бөрү-Баш айылы кирет. Баарын бир айыл деп койсо да жарашат. Челпек айыл аймагынын башчысы Жыргалов Эрландын айтканына караганда, бул айыл аймакта 8000ге жакын калк жашайт. Бир жарым миң түтүн эли бар бул жерде 4,5 миңге жакын шайлоочу болсо, алардын 50 пайызынын улуту калмак деп көрсөтүлгөн.
"Биздин айылда көп улуттун өкүлдөрү жашайт. 2 мектеп, 3 мечит бар. Мен келип иштегениме бир жылдан ашып калды. Негизи эл дыйканчылык менен алектенет. Айылдыктар кийинчерээк алма, өрүк, карагаттын жаңы сортторун тигүүгө кызыгууда. Спорт-комплекс, китепкана болгон менен, маданият үйүбүз жок экени өкүнүчтүү",-дейт айыл аймак башчысы.
Албетте, ар бир улутту жазганда, алар кандайча бул аймакта түптөлгөнүнө кайрылбасак, чекилик кетирген болобуз. Өзгөчө бул жөнүндө ошол жерде жашаган элдин оозунан укпай кете алмак эмеспиз. Айылда тарыхты, салт-санааны жакшы билген аксакалдар менен жолугушуум керек десем, ал мени Таш-Кыя айылындагы 77 жаштагы Жолдошев Токтобек деген адамга жолуктурду.
"Бизди сарт-калмак деп коет. Эл бул жерге 1880-1882-жылдары келген экен. "Сарт" деген сөз "соодагер" деген эле сөз турбайбы. Мурда биз өзбектерди сарт дейт элек. Мен бала кезде өзбек дегенди уккан эмесмин. Бир миң жети жүз бир канчанчы жылдары Ошур, Бакы деген эки "сарт" Намангандан Кытайга соода кылып барып, кытай кыргыны башталганда чек аралар жабылып, экөө ошол жерде жашап калат. Булар намазын окуп, Кудайга жалынып, кадимкидей жүрүшөт. Ал жердеги кытайлар, калмактар будда дининде эле да. Ошол кезде Солто, Сарбагыш өңдүү кыргыздын 5-6 уруусунан да барып калышат. Бири качып, бири соода кылып барган дейт. Алар баары мусулман болгондон кийин бир жерге топтолушкан экен.
Кийин ошол жердеги 30 адамга баш болгон Бакы деген киши калмакка үйлөнөт. Беркилер каапырга үйлөндүң деп жакшы көргөн эмес го сыягы. Тиги киши: "Биз бул жактан жакында кетпейбиз, мен тукумсуз кала албайм",- деп түшүндүрөт. Ал 2-3 балалуу болгондон кийин башкалар аны туура түшүнүп, алар да калмактан аял алат. Баары бала-чакалуу болот. Кыздар чоңоюп калмактарга турмушка чыгат, балдар чоңоюп калмакка үйлөнө баштайт. Анан ал жердегилер "биздин динибиз каапыр болуп кала турган болду. Эптеп кетиш керек" деп кеңешет. Көлдү "нур" дейт калмакча. Көлгө, Караколго барыш керек деп, Чыныбай бийге келишет. Анда Каракол уезди филиал экен, андан жер алганга уруксат алып, түпкү ордосу Верный шаарына ат менен барып, уруксат кагазды бекиттирип келишет",-деген ойду ортого салды карыя.
Мен андан "челпек" деген сөз эмнени түшүндүрөт деп сурадым. "Бул май токоч деген сөз. Мурда Кызыл - Челпек делчү. Кийин кызылы калып эле, Челпек болуп калды",- дейт ал. Мен: "Сиздер эми кыргыз эле болуп калдыңыздар да" десем, "Кыргыз болуп калбай эле, баарыбыз эле кыргызбыз. Калмактан аял алган кыргызбыз. Биздин салттын баары кыргызча. Калмак деп айтууга эч кандай себеп да жок. Бакы менен Ошур тууралу мен сага бала кезде укканымды айттым. Атам санжырачы адам эле, 94 жашында дүйнөдөн өттү,-деген карыя бул жердеги калк Текеске мечит салып, ак боз ат союп, анын канына кол салып, "эч убакта бөлүнбөйлү" деп антташып келгенин да айтып берди. Челпек орто мектебинин, Пржевальск педагогикалык институтунун орус тили факультетинин 1-бүтүрүүчүсү болгон бул карыянын айтуусу боюнча Эгембердиев Шариптин эжеси 96 жаштагы Махира Хаджанова тарыхты, салт-санааны билет дегенинен Таш-Кыядан чыгып, Челпек айлына жөнөдүм. Картошка менен алышып жаткан уул-келини анын ооруп жатканын, биз менен сүйлөшө албасын айтты. Жолду катар ак сакалдар, жаштар менен сүйлөшүп, дагы эле Токтобек атанын айтканы боюнча Каракол суусун бойлоп, айылдагы өңгүл-дөңгүл жол менен Бурма-Суу айлындагы жылкычы Жумабай деген адамдын аялы Балык апага бардым.
86 жаштагы Балык апа небереси Тынчтык, небере-келини Гүлзат менен турат экен. Гүлзат сүттүү чай куюп, жаңы эле тандырдан чыккан калмак токочтон туурап, үстүнө май салып, салт болуп калган калмак чайды сунду. Алгач эле Балык апанын атына кызыктым. "Апам 10 бала төрөп, 10у тең чарчап калыптыр. Мени көрүп, ажал кызымды издесе, суудан издесин деп, ырымдап атымды Балык коюптур. Ар ким эле, молдолор да атыңды өзгөрт деп айтат. Тиги дүйнөгө барганда, абышкам мени таппай калат деп тамашалачумун. Эми чоң тайэненин атын койдурайын деп жатам. Аны Кытай кызы Бахчихан дейт эле. Кызым, калмактын тамак-ашын, салт-санаасын айт дейсиң, калмак деле кыргыздай бешбармак жасайт. Биздин сарт-калмак сүттөн быштак, эжигей, курут жасайт",- деп сапсары эжигейди тезек калап аздан кайнатып олтуруп, бир күн кечке даярдаарын айтып берди.
Мен андан калмактын кыйма кесмеси кантип жасаларын сурадым. " Бул бат жасалган тамак. Койдун же уйдун эти жарашат. Өтө майлуу кылбай, этин көп кылып, эт, пиязды мантунукундай туурап жыгач табакка салып, кичине балка менен чабат, өтө майда кылбай, этке аз-аз туз аралаштырып, шакылдап кайнап турган сууга этти салып, тегиз аралаштырып, табы менен кайнатып, эт бышканда кесме чач. Кесменин камырын көпкө ийле",- деп түшүндүрдү. Караколдуктарга катуу белгилүү болгон калмак токочту азыр ак сүт менен жууруп жатканын, аны көк сүт менен жуурса, жумшак да, даамдуу да болорун айтат. Калмакча ырдап бериңиз десем, Элистадан келгендерге ырдап бердим эле, анда жаш болчумун, азыр кайдагы ыр деп ырдоодон баш тартты. Азыр мында калмак бийин бийлегендер да жокко эсе.
Эчкинин жүнүн майда тытып, туздан көп кошуп, ак топурактан ийлеп жасалган тандыр бул жерде дээрлик ар бир үйдө бар. Бир тандырга орточо 40 токоч батат. Айыл аймагынын башчысы Жыргалов Эрлан айылда тандыр нан менен чакан ишкерлик жүргүзгөн 7-8 адам иштээрин, патент алып, салык төлөй турганын айтат. Бир нече адамды жумуш менен камсыз кылат экен. Эртең менен саат 5те жумуш башталып, саат 8де Караколго ысык калмак токочтор келип калат.
Ошентип, калмак туугандарга барып келдим. Чындыгында учурда мында тарыхты так билген ак сакалдар деле калбаганын бул жердегилер айтышты. Бул элдин салт-санаасында дагы өзгөчөлүк жок. Кыргыздан келин алып, тойду да кадимки кыргыздай өткөрөт. Ал эми Бөрү-Баш айылындагылардын 20 пайызы гана калмак улуту экен. Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин: "Көлдөгү сарт-калмактардын келиши дүйнөлүк этнографтар үчүн да дагы эле кызыктуу бойдон кала берүүдө. Мажарстандан келип ушул сарт-калмактардын этнографиялык өзгөчөлүктөрүн иликтеп жүргөн окумуштуулар да бар. Жалаң гана 1881-жылдан кийин бизге Чыгыш Түркстандагы көтөрүлүштүн кесепетинен ооп келген сарт-калмактарды карабастан, ошол эле учурда Кулжада, Текесте, башка аймактарда калып калган, буларга тектеш деп эсептелген элдерди да иликтеш керек",- деген оюн айткан.
Челпек айыл аймагында азыр калмак тилин билгендер жокко эсе. Тил билген ошол аз киши дагы бул жердегилердин тили байыркы калмак тили экенин айтат. Ал азыркы элисталыктар менен монголдордун тилинен көп айырмаланат экен. 1970-жылы Элистадан бул жерге атайын эки мугалим кыз келип, кайрадан калмак тилин жалпы айылда жайылтабыз деген аракеттер болгон экен. Бирок, ал кыздар көпкө чыдабай эле кетишет, бул жердеги өздөрүн кыргыз деп эсептегендердин көпчүлүгү калмак тилин үйрөнүүдө өтө кыйынчылыкка дуушар болду, үйрөнгүсү келбегендер да көп болду, бул ишке ашпай калды дейт айыл тургундары.
Калмак туугандардын арасынан көптөгөн илим-билимдүү окумуштуулар, таланттуу адамдар чыгып, Кыргызстандын өнүгүшүнө өз салымын кошуп келген. Айта кетсек, Бектур Ниязов, Турдукожо Исхаков, Өмүралы Носинов, Мухамед Султанов, Магрифа Рахимова, Калий Рахимов, Казбек Бакеев, Кыргызбай Добаев, Айым Айтбаева, Данил Илязов жана башкалар. Мындай тизмени айта берсе узарып кетер. Замандашыбыз Бектур Мансуров "Инсандар дөөлөтү" деген китебинде бул жөнүндө кенен баяндаган.
Албетте, биз бул жерге тарых изилдегени барганыбыз жок. Болгону көл аймагындагы улуттардын жашоо-турмушун билип, алар этнос катары кандай сакталганын билип, алардын маданиятын чагылдырууга, анын аркасы менен улуттар аралык достукту чыңдоого салым кошобуз го деген максатында барганбыз.
Ал эми илим деген башка. Челпектиктер жөнүндө эки тараптуу көз караш бар. Бири бул жердегилер кыргыздын өзүнүн эле урууларынан десе, экинчиси чыныгы сарт-калмактардын арасында этностук теги, тили жагынан батыш моңголдор, тактап айтканда, ойроттордун уруусуна кирген бир катар "кошоо", "тыргоо" жана башка урууларынын урпактары бар деп жазып келет. "Бизде негизинен солтолор, жедигерлер, кыпчак аталыштагы уруулар бар, тынымсейит деген кыргыздын эле урууларына барып кошулабыз. Көпчүлүгү мына бүгүнкү күндө солто элинен өздөрүнүн урук-туугандарын таап, алар менен кадимкидей катташып жатат дейт" ак сакалдар. Айтор, бул күнү Челпекте көп кишиге жолугуп, бул эл кыргыздан анча деле айырмаланбай калгандыгын сездим. Элеттиктер менен баарлашып, "бул айылга дагы көп жолу кайрылышым керек" деп ойлодум.
Жумагүл БАРКТАБАСОВА











??.??