Элиза Орозова, ырчы:
"Бат эле атакка жетүүнү
самабайм"

- Элиза, адегенде окурмандарга өзүң туурасында айтып берсең?
- Мен 1989- жылы Орусиянын Красноярск шаарында төрөлгөм. Түбүм Токтогулдан. Ата- энем Токтогул районунан болушат. Жеке иштерине байланыштуу, кийинчерээк Орусияга барышып жашап келишкен. Мектепти Бишкектен бүтүргөм. Мындан сырткары Улуттук филармониянын алдындагы музыкалык окуу жайда музыкалык билимимди алгам. Ал эми жогорку окуу жайды болсо Улуттук университеттин маалымат менен камсыздоо бөлүмүн аяктагам. Бирок жан дүйнөм ырчылыкты самап, кесибим менен алектенбей ырчы болууну тандап алдым. Учурда жеке ырчымын.
- Ырчылыкка кантип келип калдың деген суроого көптөр эле жаш кезимден ырчы болгум келчү деген жоопту айтышат. Сенин да ырчылыкка келишиңе жаш кезиңдеги каалооң таасир этсе керек?
- Ооба, секелек кездеги кыял- тилек баарынан таза, аруу болот эмеспи. Мен дагы башкалар сыяктуу, секелек кезимден тартып эле ырчы болууну кыялданып, ошол кезде эле кыңылдап ырдап, телекөрсөтүүдөн ырчыларды көргөндө аларды туурап кошо ырдап, ырчы болом дей берчүмүн. Менин балалык кыялым эс тартканда деле калган жок. Тескерисинче, ырчы болууну самаганым чоңойгон сайын күч алды. Ошондуктан мектепке барганда, мектепте өткөн ар кандай ийримдерге катышып, райондук, областтык, республикалык сынактарда өзүм окуган мектептин намысын коргоп жүрчүмүн. Негизи ырдагандан ырахат алам. Ырдасам жан дүйнөм эс алат. Мектепти бүтүп жогорку окуу жайга тапшырганым менен секелек кезимден эле жан дүйнөмдө билинбеген, бирок мени ыр дүйнөсүнө тартып турган бир күч акыры мени ыр дүйнөсүнө алып келди. Атактуу, мыкты ырчы болуу азыр да менин эң чоң тилектеримдин бири. Кудай буюрса, талбай эмгектенип, келечекте кыргыз элинин намысын коргогон мыкты ырчылардын катарын толуктайм деп өзүмө ишенем.
- Чыгармачыл жаатта колдоо кылып, жол көрсөткөн адамың болбосо абдан оор. Сага ким колдоо көрсөтөт?
- Чынында чыгармачылык оор. Түйшүгү түмөн экендигин ырчылык өнөргө аралашкандан кийин билип отурам. Сахнага чыгып жаркылдап ырдап жүргөн ырчыларды көрүп, ырдаган, артист болгон оңой эле дегендер да бар. Бирок андай эмес, бир ырдын жаралышы эле көп убакытты, талбас эмгекти талап кылат. Туура, чыгармачылыкта ар дайым колдоо көрсөткөн, кеп- кеңешин айткан жакындар керек. Кудайга шүгүр, менин чыгармачылыкта ишене, таяна турган адамдарым бар. Мага моралдык жактан дайыма колдоо көрсөтүп келген ата- энеме, бир туугандарыма, чыгармачылыктагы досторума терең ыраазычылык билдирем.
- Чыгармачылыкка аралашканыңа бир топ эле жыл болуптур. Бирок сени көп көрбөптүрбүз...
- Чыгармачылыкка аралашып жүргөнүмө 6 жылдын жүзү болуп калды. Бирок бат эле атакка жетип элге таанылып жылдыз болуп кетейин деген максат менен иштеген жокмун. Мага баарын акырындык менен ишке ашырган жагат. Анын үстүнө ырчылыктан сырткары башка жумуштарым менен алек болуп, ырчылыкка баш- отум менен кирише алган жокмун. Кудай буюрса, эми билек түрө киришип, жакшы иштеп, чыгармачылыгыма кызуу киришкени турам.
- Чыгармачылык менен алектенип жатканыңа бир топ эле жыл болуптур. Ушул кезге чейин жакшы эле ырларды жаздырып, клип тарттырууга да жетишсең керек?
- Эл алдына көп чыгып, бат эле атакка жетип жылдыз болбосом дагы ыр жаздырууга, клип тарттырууга көп эле убакыт бөлүп, колдон келишинче жакшы ырларды жаздырып репертуарымды байытуудамын. Учурда ырдап жүргөн 20дай ырым, 10дон ашык клибим бар. Ырларым радиолордон жаңырып, клиптерим телекөрсөтүүлөрдөн көрсөтүлүүдө. Жакындарымдын, чыгармачылыктагы досторумдун сын- пикирине караганда ырларым жакшы, клиптерим сапаттуу тартылууда. Негизи эле ыр тандоодо ырдын текстине, музыкасына абдан көңүл бурам. Жакшы ыр болсо ырдаганга да жеңил, элдин кабыл алуусу да бат болот эмеспи. А клип тарттырууда болсо сценарийге басым жасайм. Ырымдын текстине клиптин сюжети шайкеш болуусун каалайм.
- Ырларыңды кимге жаздырасың?
- Ырларымдын көбүн атам жазып берет. А калгандарын акын агай- эжелерге жаздырам. Обондорун болсо өзүм чыгарам.
- Оо, обончу турбайсыңбы, кантип обон чыгарып калдың эле? Обондоруң бири- бирине окшош эмеспи?
- Обончумун деле дебейм. Ырдап жүргөндө кээде өзүнөн - өзү эле жакшы обондор жаралып калат. Андай учурду колдон чыгарбай дароо кагазга түшүрүп же жакшы ырыма обон жаза салам. Албетте, ар бир обон чыгарган обончунун окшош кайрыктары болот. Азырынча менде андай окшоштук жок. Бирөөнүн музыкасын уурдап алуудан, кайталоодон качам.
- Азыр көп жаш ырчылар эл аралык фестивалдарга барууга аракет кылышууда. Буга чейин сынактарга катыштың беле? Деги эле кайсы сынакка барсам дейсиң?
- Жок катыша элекмин. Сынакка катышууда жөн гана барып ырдап келүүгө каршымын. Кыргыз элинин атынан барып жаткандан кийин намысты талашууга, коргоого аракет кылыш керек. Ал үчүн абдан чоң даярдык, мыкты ыр, кийим керек. Азыр мен сынактарга катышуу үчүн даярдык көрүп, Түгөлбай Казаков агайыбыздын "Насыйкат" деген чыгармасын жаңы жаздырып бүтүп эл сынына коюп жатам. Менимче, абдан жакшы чыгарма болду. Негизи эл аралык сынактарга ушундай элдик ырларды, улуттук колориттеги чыгармаларды ырдап, элибиздин жүзүн көрсөтсөк дейм. Биздин келечек алдыда. Кудай буюрса, көп сынактарга барып, элибиздин намысын коргойм деген тилектемин.
- Кандай ырчы болбосун, чыгармачылыкка аралашкандан кийин жеке концертин берүүгө аракет кылат эмеспи. Сен жеке концертиңди качан берейин деп жатасың?
- Мындай ойлор менде бар. Репертуарым жетиштүү. Бир же эки ыр менен эле концерт берейин дебейм. Кудай буюрса, кийинки жылдын башында өзүмдүн тушоо кесүү концертимди берсемби деп ойлонуп жатам.
Жаркынай Кадыркулова