Ыргал КАДЫРАЛИЕВА, КСДП фракциясынын депутаты:
"Дискредитация методу колдонулгандан кийин кол салуу болот…"
- Ыргал Кармышаковна, агаңыз Канжар Кадыралиев Сактан Келдибаев дегенди коркутуп акча алгандыгы жалган, ал жөн гана агамды каралап жатат деп чыктыңыз, Сактан Келдибаевдер болсо окуя чын экендигин айтышууда. Бул боюнча кимиңиздерге ишенсек болот?
- Дискредитация - коомдук ишмерди, саясатчыны жана анын үй- бүлө мүчөлөрүн жамандоо жолу менен саясий карьерасына бөгөт коюп, элдин ишеничинен чыгаруу, каралоо. Бул методду саясатта атайын колдонушат. Көптөгөн чоң саясатчылар дискредитациянын курмандыгы болушат. Мен алардын каралаганынан эч коркпойм. Бирок, мындай каралоонун аягы жакшылыкка алып барбайт. Тарых тастыктагандай, дискредитация методу колдонулгандан кийин кол салуу болот. Буга чейин канчалаган азаматтарыбыз ошондой "дискредитациянын", каралоонун курмандыгы болуп калышкан. Мен болгону ошондон гана корком. Калганы мен үчүн коркунуч эмес, мен мындан жаман каралоолорду, мындан жаман кол салууларды баштан кечиргем. Бул иш сөзсүз аягына чыгып, укуктук баа берилиш керек. Эгер, агам күнөөлүү болсо жазасын тартат.
- Бул окуя мындан ары эмне болот, аягына чыгабы?
- Албетте чыгат, укуктук баа берилет. Жалган маалымат таратуу, жөнү жок каралоо боюнча Жогорку Кеңеште мыйзам кабыл алынганда, мен журналисттерге, сөз эркиндигине чектөө болбосун деп, каршы добуш берген элем. Бирок менин каршы добуш бергениме карабай ал мыйзам кабыл алынып калган. Эми ошол мыйзамдын негизинде жалган маалымат таратып, каралагандар жоопкерчиликке тартылат деген ишеничтемин. Эгерде, тереңирээк кызыксаңар, Башкы прокуратуранын тергөөчүсүнөн жеке беттешүү (очная ставка) протоколу менен таанышсаңар болот. Сактандын баштапкы көрсөтмөсү менен аягындагы көрсөтмөсү дал келбейт. Демек, Сактан жалган жалаа жапкан.
- Окуянын артында кимдир бирөө турат деп, бирок анын атын атаган жоксуз, эмнеге?
- Окуянын артында ким тургандыгын, аны ким уюштуруп жаткандыгы тууралуу маалыматтарды беришти. Бул боюнча жакын арада журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, ошондо анын ким экендигин, аты, жөнүн так айтып берем. Ал кандай метод менен, саясий аренага кандай жол менен бара жаткандыгын да ачыктайм.
- Ал саясатчыбы?
- Бул табышмак болуп турсун, эгер мен азыр айтып салсам, иштин аягына чыгуусуна, менин айтканым жолтоо болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, азыр айтпайм. Бирок, мени сүйүндүргөнү, мына жакында эле Президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаев тергөө амалдары бүткөнгө чейин Кадыралиев Канжарды жумушунан убактылуу четтетип, иштин реалдуу, таза изилденүүсүнө тапшырма берди. Демек, жакында чындык чыгат. Мен да буга ишенем. Бирок, ишти иликтөөгө алымыш эткен айрым журналисттер, иликтөөчүлөр, атамдын короодогу тоогуна чейин санап, агамдын мектептеги таарынышкан балдарына, жаш кезинде сүйлөшкөн кыздарына чейин барып алып арыз жазып кой деп суранганын, баш тартышса коркутуп, акча сунуштаганга чейин барганын угуп жатам.
- Сактан Келдибаев агаңызды, "Менин карындашым Президент менен түз сүйлөшөт деп телефондон айтты" деп чыкты…
- Агам менен Сактан Келдибаевдин телефондогу сүйлөшүүсүнө жалпы Кыргызстан күбө болду. Сактан жана сүйлөшүүнү үйрөтүп жаткандардын агамды атайын провокация кылып, жаман сөздөрдү айттырууга аракет кылып жаткандыгына баарыңыздар күбө болдуңуздар.
Мен Парламенттин депутатымын. Маанилүү элдин көйгөйү, социалдык оор маселелерди көтөргөндө фракция лидери болобу, парламенттин спикери болобу, Өкмөт башчы жана Президентибизге кеңешип, маселени чечип берүү - менин депутаттык милдетим.
Ошондон кийин мен агамдын ак экендигине толук ынандым.




Зордуктап колго түшүштү
26-октябрда Бишкек шаарындагы Рыскулов жана Павлов көчөлөрүнүн кесилишинен 25 жаштагы К. Айпери аттуу кызды белгисиз жаран күч колдонуп зордуктап салган. Көп узабай эле милийсалардын тузагына окуяга шектүү катары 20 жаштагы Ш. Айбек аттуу жаран түшүп, учурда сурак берип жатат. Ошондой эле эртеси 27-октябрь күнү Л. Инна атуу 23 жаштагы Сокулук районунун тургунун белгисиз адам күч колдонуп зордуктап кеткен. Кордук көргөн Л. Инна милийсага кайрылып, укук коргоо органдарынын ыкчам иликтөөсүнүн натыйжасында, окуяга шектүү делип 33 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну колго түшкөн.

Милийсанын погонун жулду…
26-октябрь күнү түнкү саат 01:30 чамасында Октябрь РИИБдин №6 шаардык милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө "102" кызматы аркылуу мушташ болуп жаткандыгы маалымдалган. Окуя болгон жерге аталган бөлүмдүн ыкчам иликтөө тобу барган. Милиция кызматкерлерине кайрылган У.Ормонов жеке саунанын ээсине карата чара кабыл алууну өтүнүп, музыка катуу чыгарылган жайда цензурадан тыш сөздөр айтылып, түн ичинде коомдук тартипти бузуу менен тынчтык бербей жаткандыгын белгилеген. Бул фактыны аныктоо боюнча аталган саунаны текшерүү үчүн барган милиция кызматкерлерине эшикти эч ким ачкан эмес. Маалыматта айтылгандай, болжол менен бир саат убакыттан кийин аталган жайдын администратору чыгып, милиция кызматкерлеринин саунанын ичине кирүүсүнө тоскоолдук кылган. Тоскоолдуктар менен саунанын ичине кирген милиция кызматкерлери 40-50 жаштардагы европа улутундагы эркек адамдан өздүгүн тактоочу документтерин сураган. Бирок, өзүн агрессивдүү көрсөткөн жаран милиция кызматкерлерине кол көтөрүүгө чейин барган, ошондой эле ал алкоголдук ичимдик ичкен абалда болгон. Андан соң мас абалдагы адам Германиянын жараны, 43 жаштагы Т.Олег экендиги аныкталган. "Ал тынчтануу тууралуу бир нече жолу айтылган талапты аткарган жок. Андан соң нөөмөттөгү милиция кызматкерине кол көтөрүү менен погонун жулуп салды", - деп айтылат маалыматта. Бул боюнча чара көрүлүп, Т.Олег республикалык наркология борборунан текшерүүдөн өткөрүлүп, Октябрь РИИБине камакка алынган.

Өздүгү такталбаган өлүм…
27-октябрь күнү Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Ковровшиков кварталынын №18 үйүндө саат 7:00дө азиат улутундагы, болжол менен 45-50 жаштагы арыкчырай келген эркек адамдын сөөгү табылган. Анын денесинде кыйнап өлтүрүлгөн белгилер болгон эмес. Мурунку күнү ал адамды аталган кварталда мас абалында көргөндөр болгон. Болжол менен ал Панфилов районундагы Кум-Арык же Орто-Арык айылында жашаган. Жайыл РИИБдин кылмыш издөө бөлүмүнөн билдиришкендей, ал адам селсаякка окшош эмес, сезонго ылайыкташып кийинген. Жинсы шым жана кара куртка кийип жүргөн. Анын жанында 100 сом жана 2 SIM карта болгон. Өзгөчө белгилери: сол кулагында кесик, муруту болгон.Милиция кызматкерлери каза болгон адамдын өздүгүн аныктоого жардам бере тургандар 102 кызматына кабарлап коюуңуздарды өтүнөт.

Чек ара бир түнгө жабылганбы?
Казакстан менен Кыргызстандын чек арасына коюлган бомба тууралуу маалыматтан улам, убактылуу чек ара жабылган. Бул тууралуу окуяга күбө болгон адамдар маалымат жыйынын өткөрүп кабарлашты. Алардын билдиришине караганда жарылуучу зат тууралуу билдирүү казак тозотуна түшкөн. Анын негизинде "Кордай" өткөрмө жайы бир түнгө жабылган. Ал эми КРнын чек ара кызматынын билдиргенине караганда, бул маалымат жалган. Казак тарап "Антитеррор" окуу-машыгуусун өткөрүп жаткандыктан, көзөмөл-өткөрмө жайлар убактылуу жабылган.

Бетти даярдаган
Мирлан Алымбаев