Райкан Алкановго кол салышты
"Алканов жана компания" ишканасын жетектеп келген, Дордойдун чоң бөлүгүн ээлеген "Алканов" базарынын ээси 79 жаштагы белгилүү ишкер Райкан Алканов 25- октябрдан 26- октябрга караган түнү белгисиз бирөөлөрдүн кол салуусуна туш болуп, ооруканага жаткырылды. Алкановго Таласта кол салуу болгон. Аны оор акыбалда жаткан жеринен айдоочусу таап, тез жардам чакырып, ооруканга жеткирген. Ишкерге дарыгерлер 4 сааттан ашык операция жасашкан. Ишкердин башына 3 жолу, денесине 13 жолу бычак сайылган. Азарынча кол салгандар тактала элек. Ишкердин абалы учурда оор экени айтылууда.



Кыргызстандын жаңы кримтөбөлүнө таажы кийгизилди
Турцияда чогулган кылмыш дүйнөсүнүн лидерлери Кыргызстандын жаңы кримтөбөлү "Сакал" деген каймана аты бар Улан Токтосуновго таажы кийгизишкенин Орусиянын "Прайм Крайм" сайты жазып чыкты.
Сакалды кримтөбөл кылып көтөрүү демилгеси Жора Ташкентский жана Тимур Саратовскийге таандык. Эскерте кетсек, Тимур Саратовский дагы бир кримавторитет "Карышкыр" каймана аты бар Мурсалим Өмүрзаковго таажы кийгизүү салтанатына катышкан. Ал эми Карышкырдын талапкерлигин Азиз Батукаев өзүнүн мураскери катары көргөзгөн.
Укук коргоо органдарынын маалыматында Улан Токтосунов Талас облусунун, Бакай- Ата районуна караштуу Кара- Кашат айылында 1978- жылы туулган. Көпчүлүккө "Сакал" деген ат менен таанымал.



Араб жазы жакындады
Эл аралык эксперттер КМШ мамлекеттеринин курамында турган Украинадан кийинки бийлик алмашуу процессин Өзбекстан өткөрөт деп коңшулардын кулагын бышыра баштады. Ушу тапта коңшу Өзбекстандын ичиндеги саясий кырдаал күн санап курчуп барат. Айталы Самарканд кланы менен Фергана кланы баш көтөрүп, Ташкент кланын төө бастыга ала баштады. Бир канча атайын кызматтагы жогорку чиновниктер камалып, Ислам Каримов менен кызы Гүлнара Каримованын тиреши учурда бүтүндөй Өзбекстанды үч топко бөлгөнү жатат. Белгисиз жагдайда Алжирдин атайын кызматтары аркылуу Ташкенттен чыгып кеткен Гүлнара Каримова бийликти алууга катуу киришип, анын тиреги АКШ экени айтылып жатат. Бул маселе Өзбекстан үчүн канчалык коркунуч жаратса, биздин Кыргызстан үчүн эки эсе түйшүк алып келе турган баш оору. Эң алгач эле чек ара коопсуздугубузга коркунуч туудурса, ал жактагы атуулдук толкундоолордон улам өзбек калкынын биздин мамлекетке агып кирүүсү күчөйт. Ал эми биздикилер болсо аны ойлобой, келээрки шайлоонун камын жеп жатышат.


"Ата Мекендин" кодуламайынан
Асылганын алып түшкөн, ага дейре жаны жай албаган Өмүрбек Текебаев "Ата Мекенден" бөлүнүп өз алдынча кеткен Карганбек Самаковго тиш кайрап, аны Жогорку Кеңештин Экономика жана фиксалдык саясат боюнча комитетинин жетекчиси кызматынан бошотууну көксөй баштады. Бул тууралуу 24- октябрда фракциянын отурумунда фракция лидери Өмүрбек Текебаев өзү билдирди. Ал Самаковду аталган комитеттин башчылыгынан алуу маселесин талкууга алып чыгаарын да жашырган жок. Анын айтымында, маселе 2 жума мурун көтөрүлгөн. Фракция лидери билдиргендей, өз каалоосу менен кызматтан бошотуу жөнүндө кат багытталган, бирок жооп келе элек. Бирок, Текебаев жооп күтүп отурбай, эртелеп ишке киришти.


Оторбаевге Текебаевдин "тиши" өтпөй калды
Азыркы өкмөт башчы "Ата Мекендин" башкача айтканда, Өмүрбек Чиркешовичтин кадры экенин коомчулук жакшы билет. Бирок, Оторбаев керек кезде Текебаевдин тилин укпаган кадрына айланды. Муну айрымдар белгилеп жаткандай, ал Атамбаевдин гана тилин угаары менен байланыштырса болот. Мына 23- октябрда парламент Кубанычбек Турдубаевди Энергетика жана өнөр жай министрлигине бекитүүгө макулдугун берип, андан соң президент аны өз жарлыгы менен кызматка бекитти. Турдубаев энергетика тармагындагы жоготууларды алдоо менен кыскартып, анысы үчүн сот жообуна тартылып, бирок мунапыс менен кийинчерээк акталганы Жогорку Кеңеште маалым болгон. Ошондон уламбы, же башка бир себептери барбы, айтор "Ата Мекен" партиясынын лидери Текебаевдин кескин каршылыгын жаратып, фракция Турдубаевге каршы добушун берерин билдирген. Ал түгүл өкмөт башчыга кайрылып, Турдубаевдин талапкерлигин чакырып алууну сунуштаган. Оторбаев болсо тескерисинче, депутаттарды Турдубаевди колдоого чакырып туруп алды. Мына ошону менен Оторбаев "Ата Мекендин" эмес, президенттин таасиринде турган өкмөт башчы экенин дагы бир жолу тастыктап, Текебаевден баары тескери кете баштагынын айгинелеп койду.


Кыргызстандын экономикансынын керемет рецеби дейби?
Экономист Кубан Чороев аттуу жигит Кыргызстанда "Алтын сом" деген акча бирдигин киргизүү идеясын көтөрүп чыгып, Президентке, Жогорку Кеңешке, Өкмөт башчысына жалпы эле коомчулук кайрылды. Кубан мырзанын идеясына таянсак, эгерде "алтын сом" ишке кирсе, биздин сомдун курсу долларга байланбастан, алтындын дүйнөлүк баасына көз каранды болот экен. Жалпак тил менен айтканда долларсыз жашоо башталат. Башкача айтканда, миң сомуң болсо, бир грамм алтыныңыз бар деген сөз. Бир миллион сомуң болсо демек, 1 кг алтыныңыз бар деген сөз. "Алтын сомуңузду" сатсаңыз болот же банкка депозит катары салып айлантсаңыз болот. Ошондой эле, инвестиция катары ишке салсаңыз да болот. Айтор, кызык. Мындай демилгени кыйын экономист Акылбек Жапаров да айтып жүрдү эле. Чындап эле ушул жолго барчудан экенбиз. Кубан мырза белгилегендей, балким "Алтын сом" Кыргызстандын экономикансынын керемет рецеби болуп жүрбөсүн.


Токтосун ордунан "топ" этип түшөбү?
Өткөн жумада Токтогул акындын 150 жылдык торколуу мааракеси Токтогул районунда салтанаттуу белгиленбеди беле. Бирок, тойду уюуштуруу иштери кыйла эле төмөнкү деңгээлде болуп, барган меймандардын чекеси жылыбаганын укканбыз. Мындай алешемдик үчүн албетте, бирөө жоопкер болуш керек да. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, тойдогу кемчиликтер жана район жетекчилеринин нааразычылыктарынан улам, аким Токтосун Парманов жакында акимдиктен айдалганы жатыптыр. Ордуна татыктуулардан тандалып келет имиш. Парманов болсо тойго чейин да, тойдон кийин да "тойлогонун" токтотпой, жумушка да тыңыраак чыкпай, үйүндө жаткан кези дешет.