Кубанычбек Кулматов

Редакциядан: "Жаргылчактын" бул жолку коногу чоң кыштакка көбүрөөк окшоп бараткан шаарыбыздын "сүйүктүү" мэри Кубанычбек Кулматов. Баары өзүнө жана ишине жараша болот дегендей, буудай салынган жаргылчагыбыздын ташын айлантып тарта баштаганда көп өтпөй "түтөп" кетип, ундун ордуна береги сүрөттөгүдөй "мусор" чыга баштаса болобу?! Тобоо, кыязы бул да табигаттын өзгөчө бир кубулушу окшобойбу…


"Ата даңкы менен кыз өтөт" дегендей Кубанычбек Кулматов Кыргызстандын саясатына, аткаминерлердин катарына атасы Кулматов Кеңеш Нурматовичтин аркасы менен аралашып калганы маалым. Белгилүү болгондой Кеңеш аксакал 1970-1973- жылдары Свердлов районунун акими, Бишкек шаарынын мэри болгон. 1985-жылы Москванын Дипломатиялык академиясын бүтүрүп, ошол жылдан тартып 1997-жылга чейин: Шри-Ланка, Малдивы, Непал, Танзания респуликаларында СССРдин, кийин РФнын элчиси болгон. Кеңеш аксакал кыйындыгынан, иштин көзүн билгендигинен улам ошончолук зоболосу бийик кызматтарды аркалады. Ал эми анын орус мүнөз, жалаң түрлүү булучак, таттуу балмуздак жеп чоңойгон эрке баласы Кубанычбек атасын тартып билимдүү-илимдүү болгону менен жетекчилик кызматтарда иштин көзүн таба албай, коомчулук тарабынан байма-бай катуу сынга алынып, баламдын жетишкендигин көрүп, ал тууралуу элден жакшы сөз угайын деген 90 жашты тоголоткон ардактуу атасынын аруу тилегин таш каптырып жаткандай сезилет. Себеп дегенде, Кубанычбек Кулматов ушунча болуп элден эки ооз жакшы кеп уга элек. Эмгек жолун илим чөйрөсүнүн баштаганы белгилүү. 1985-жылдардан кийин улуттук университетинин Тарых илими боюнча кафедрасында мугалим болгон. Тарых илимдери боюнча кандидаттыгын жактаган. Башка чөйрөгө "чөгүп" кетпей, илимде калса, балким азыр саясатта жек көрүндү болбой, ардактуу профессор, докторлук деңгээлге жетип, УИАнын президенти болбосо да, жок дегенде КМУнун ректору болуп олтурмактыр. Бирок көкүрөгүндөгү амбициясы вулкандай "атылган" кайран мырза, андай жолду тандабады. Атасынын кадырына таянып: Жеп -ичкен, элди эзген аткаминерлерден эмнем кем, мен да алардын катарында болом" деген изги тилегине акыры жетти. Илимден тапкан акчасына ыраазы болбодубу, айтор Россияга кире качып, ал жактын жарандыгын алып, РФнын Дания мамлекетиндеги Соода боюнча өкүлү болуп иштеп келди.
Жабылып калган коррупция жана жарандык маселеси
2004-жылдан Кыргызстандын Бажы тармагына башын батырып алып, 2013-жылга чейин кичинекей жетекчиден баштап башкы жетекчилик кызматтарын аркалады. Убагында Бакиевдин, андан кийин Атамбаевдин тилин таап, алардын эң ишеничтүү кадрларынын бирине айланды. Акыркы 4-5 жылдан бери Алмазбек Шаршеновичтин жердеши катары эсептелип, татыксыз болсо да партиядагы жана бийликтеги команданын көч башында бирде ооп, бирде жыгылып келатат. Президентибиз мындай ишке да, сөзгө да чоркок кадр эмнеси менен жакты экен? Деги оюндагысын түз айткан орус мүнөз неме, ажонун тилин кантип тапты? Бул маселе көпчүлүккө түшүнүксүз.
Чынын айтканда, Кулматовдун Бажы тармагындагы ишмердүүлүгүнө нааразы болгондор оголе көп. Себеби, ал иштеп турган мезгилде аталган тармакта эч кандай жылыш болгон жок. Тескерисинче, коррупция мурун белчеден болсо, анын жетекчилигинин тушунда туура кокого жетип бергени коомчулук жана аттуу-баштуу адамдар тарабынан катуу сынга алынып, көп айтылды, журналисттер да көп жазды. Депутаттар дагы кур калбай анын Бажыда коррупцияга даңгыр жол ачып, гүлдөткөнүн жана РФнын жараны экенин, ал тургай: Москва шаарынын Бабаджамян аянтындагы №60 үйдө, 81 батирде каттоодо турарын чукуп чыгышкан. Ал эми РФнын Башкы прокуратурасы Кулматовдун 2008-жылы Москвадан орус паспортун алганын ачыктаган. Кыскасы, колдогону күчтүү болсо айла жок экен. Бажыдагы коррупция жана Оруссиядагы жарандык боюнча арбын айтып күйүп-бышкандар эч нерсе кыла албай кала беришти. Кубанычбек мырза болсо: "колуңардан келгенин кылгыла, таштап койгон коргоолума куурай сая албайсыңар" дегендей демин ичке тартып, Бажы тармагынын тамтыракайын чыгарып баса берди эле, дароо эле дарбазасын ачып Президент аны өзүнө кеңешчи кылып алды. Чындап келгенде, коррупцияга каршы күрөшкөн атайы органдар Бажы тармагындагы коррупция маселесин тыкыр иликтеп чыгышканда, Кулматовдун "куйругу" менен "буйругун" таап чыгып, коомчулукка ачыкташса жакшы болмок. Ак, абийири таза болсо, экс-бажычынын өзүнө карата айтылган сындар азаймак. Андай болбоду, жабылуу аяк жабылуу бойдон калып калды.
Президентке оңдуу кеңеш бере албадыбы, айтор көп өтпөй эле Чүйгө губернотор болуп барып, ал жактан да жакшы сөз укпады. Тереңдетип айтканда, кол алдындагы орун басарынан: "башкарууну билбейт, тажрыйбасы жок экен" деп тил угуп, коомчулукка шылдың болду. Чынында эле, Кубанычбек мырза уюштуруучулук, жетекчилик жөндөмдөн "кысыр" калган турбайбы. Уялбаган кишиден өзүң уял дегендей, Кулматовдун бети 600-маркадагы цемент менен куюлган бетондой бышык жана калың экен.
Шаардыктардын
кыжырын кайнатып…
Абийир, ар-намысты анчалык ойлобогон Кубанычбек мырза көрсө, мансап, кызмат дегенде эт -бетинен кетип, тоо бурчактай эле тоголонот турбайбы. Коомчулукка канчалык жек көрүнүп турса да, Бажы тармагын, Сары-Өзөн Чүйдү укмуш башкарып койгонсуп, жыл башында борборубуз Бишкектин мэрлигине СДПКдан көрсөтүлгөн башкы талапкер катары шайлоодо: "Таанышың болбосо маңкасың, таанышың болсо таңкасың" деген кепти ачык далилдеп, тоскоолдуктарга карабай өтүп кетти. Оппозициялык маанайдагы "Республиканын" шаардагы депутаттары өкүрүп жатып, өпкөсү ооруп кала беришти. Андан бери 8-9 айдын жүзү болду. Мэр катары эмне иш кылды? Тажрыйбасынын жоктугунан ушул жерге келгенде дааналап көргөздү. Башкасын айтпай эле коёлу, "Тазалык" ишканасын иштете албай, таза жүдөп-какап, айласы алты кетти. Натыйжада Иса Өмүркуловдун тушунда таза болуп турган шаар акыр-чикирге толуп кетти. Бишкек шаары союз учурунда көрктүү шаар болсо, Кулматовдун тушунда акыр-чикирдин шаары болуп эле жатып калды. 9 айда тазаланбаган акыр-чикир эми тазаланмак беле?! "Тазалык" болсо, салыктарын төлөй албай, 300 млн. сомго жакын карыз болуп, акыры жоюлганы турат. Айласы кеткен мэр эми ал мекемени шаардагы төрт районго бөлүп берүүгө бел байлады. Эми мындан ары, шаардагы тазалыкка акимдер жооп бермей болду. Кыскасы, мэр баш ооруткан бул маселени акимдерге оодара салып, кутулуп кудуңдап турган кези. Ал ортодо "Тазалыктын" ишин жакшырта коём деп, Жогорку Кеңештин уруксаты менен Европа өнүктүрүү банкынан 22 млн. доллар каражат алууга аракет кылып келет. Аталган банк ал акчанын жарымын грант катары бере турганын кыйыткан. Бирок бул маселе толук чечиле элек. Ушул 22 млн. доллар кандай иштерге сарпталары тууралуу атайы смета түзүлгөн экен. Билгендер ал смета көрсөтүлгөн көп иштердин баасы өз баасынан бир топ эле ашыкча жазылган дешет. Бул маселени алдыда байкап турарбыз.
Эң кызыгы, Кукебиз жаңы мэр болуп шайланып келгенде "Тазалыкка" акчанын кереги жок, тартип гана керек"-деп айткан. Тартипке салмак тургай, "Тазалыктын" кызматкерлери ишке чыкпай, ар кандай талаптарды коюп, айласын кетирип, муун-жүнү бош мэрдин өзүн тартипке салып коюшту. 9 айдын ичинде бир эмес төрт жетекчи алмаштырууга үлгүрдү. Анда аталган ишканын жамаатына жакпады. Бир сөз менен айтканда мэр башы менен "Тазалыктын" кызматкерлеринин алдында "сынып" берди. Дагы жакшы "Тазалыктын" жамааты жаалын төгүп, "жеп" салышкан жок. "Жашылдандыруу" мекемесинин иши да өтө начар. Шаардагы бак-дарактардын көбү убагында суу ичпей куурап, керектүү дары себилбей жатып курт жеди. Гүлдөрдүн кебетесин жан кейитип айтапай ак коёлу. 5 миң түп бак тигем деп баса белгилеп айтып жатты эле, анысынан дайын жок. Шаар депутаттары мэрге ушул эки мекеменин иши боюнча эки деген баа беришкен. Жалпы шаардыктардын баасы болсо, андан да төмөн баа берери турган иш.
Ал эми шаар ичиндеги көчөлөрдү, жолдорду оңдоо иштери өтө аз. Жаңы жолдорду ачуу, машинерлердин тыгынын азайтуу, бала-бакча, мектеп курулуштары, шаарга сырттан инвестиция тартуу маселелери такыр эле унутта калгансыйт. Быйыл мэр болгону өз демилгеси менен Токтогул көчөсүнөн 3 чакырымдан ашыгырак жерин 144 млн. сомго оңдоду. Калган Лев Толстой, Бөкөнбаев көчөлөрүн оңдоо маселеси Өмүркуловдун тушунда эле демилгенип, программага кирген экен. Шаардык салыкты 10 пайызга, тактап айтканда 1 млрд. сомго жеткирем деп жакшы эле желигип, шымаланды эле, анысы да толук ишке ашпагандыктан коомчулук тарабынан сынга алынып жаткан кези. 22 миң жаңы жумушчу ордун түзө коём деп чыйт түкүрүнүп жатты эле, ал маселе боюнча да ооз ачкысы келбейт. 2011-2012- жылга чейин миллиондогон киреше берип келген, так айтканда айына 1 млн. 700 миң сом чогулткан, жылдык кирешеси 20 млн. сомду чапчыган автопарковка боюнча дирекциянын ишин токтотуп, жаап салды. Учурда мэрия ачык асмандан чогулуп жаткан 20 млн. сомдон кур калды. Көрсө, Кулматовдо менеджерлик деген түшүнүк таптакыр жок турбайбы. Бул дирекция боюнча айтсак сөз көп. 2012-2013-жылдары Нурбек деген мырза директор болуп, ал келгенче айына чогулуп келген 1,7 млн. сомду 700 миң сомго чейин азайтып жиберген. Кыязы, жеп -ичип жооп бере албай калса керек. Ал боюнча деле, эч кандай кылмыш козголбой иш жабык бойдон калды.
Кыскасы, шаарыбыздын шалакы мэри быйыл өзүнүн программасына киргизип, аткарам деген иштеринин 60- 70 пайыз ишин аткарган жок. Шаардыктардын кыжыры кайнап, чыдамы түгөнөп барат. Алдыда Кулматовдун дагы 3 жылдан ашык кызматтык мөөнөтү "былкылдабай" турат. Кокус жогорку бийлик "эт менен челдин" ортосундагы мэрди ордунан жылдырбай, колдоо көрсөтүп кармап тура берсе, анда ал шаарыбыздын таптакыр тамтыракайын кетирип таштайт го. Андыктан, мындай ишке жөндөмсүз кадрларды эртерээк "жөн жүр" деп, эшиктин сыртына чыгарып, көп жылдык эс алуу баракчасын колуна карматуу күн тартибиндеги башкы маселе болуп турат. Ошондо шаар эли да "өх" деп өпкө толтура дем алып, бийликке алкыш айтат эле. Бул маселени шаар депутаттары менен Ак үй, Көк үй эске алат деп үмүт кылып туралы.
Айбек Шамшыкеев