Жаш келсе ишке, кары келсе ашка...
Маданият ишмерлери Орозбек Нусувалиевдин ишине баа беришти

Б ишкек эркин экономикалык аймагы кыргыз экономикасына чоң салым кошуп жаткан стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишкана экени белгилүү. Мурун коомчулукка бул мекеменин аты чыр-чатак менен коштолуп, аздап аты угулуп турса, акыркы 2 жылдан бери, тактап айтканда Орозбек Нусувалиев жетекчи болуп барганы жакшы жагынан атак-даңкы чыгып жатканына күбө болуп келатабыз. Себеби, БЭЭАда ооз толтура айта турган көптөгөн өзгөрүүлөр болуп жатканын өз көзүбүз менен көрүп келатабыз. Мисалы, аталган ишкана 2012-жылы мамлекетибизге 450 млн. сомдун тегерегинде киреше берсе, быйылкы жылды 900 млн. сомго жакын киреше менен жыйынтыктаары маалым болду. Жетишкендик деп ушуну айт. Биздин гезит буга чейин эле БЭЭАдагы жетишкендиктер менен жеринен таанышып, болгонун болгондой жазып келген. Бул жолу да аталган ири ишканадагы кезектеги иш-чарага күбө болуп келдик.
1-октябрь Карылар күнүнө карата Жазуучулар союзунун төрагасы, акын-жазуучу Акбар Рыскулов жана "Кыргыз тил" коомунун жетекчиси Райымжан Курбанов кыргыз маданиятында орду чоң залкар инсандарды , атап айтканда: Кыргыз эл жазуучулары: Өскөн Даникеев, Мелис Абакиров, Кыргыз эл акындары: Майрамкан Абылкасымова, Бактыгүл Чотурова, Төлөгөн Мамеев, Гүлсайра Момунова, Анатай Өмүрканов, Кыргыз Эл артисттери: Дарика Жалгасынова, Замирбек Үсөнбаев, Акылбек Абдыкалыков баштаган "дөө-шаалардын" башын бириктирип, БЭЭАга баштап барышты. Себеби "Жер жарылса, акындын жүрөгү менен өтөт" дегендей, мамлекетибиздин келечегине кайдыгер карашпаган калк кадырмандары кыргыз экономикасында өсүп-өнүгүү, алдыга жылуу барбы деген суроого БЭЭАдан жооп издегиси келишсе керек. Аларды Орозбек мырза жылуу-жумшак кабыл алып, өзү жетектеген ишканадагы аткарылган иштер менен түп-тамырынан бери тааныштырып чыкты. Андан соң аларга арналган чайын жана белек-бечкегин берди. Элибиздин сыймыктуу инсандары арбын мээнет менен ак эмгекке абдан ыраазы болушуп, ак дасторкон үстүндө Орозбек Нусувалиевге жана анын командасына батасын беришип, аруу тилектерин айтышты. "Карынын сөзүн капка сал", "Карысы бардын ырысы бар" дегендей, бул иш-чара биз айтып - айтпасак да айрым министрлерге, толгон-токой агенттиктердин башчыларына, ишканалардын жетекчилерине үлгү болуп калат. Эмесе эмне деп баа беришти, төмөндө угалы.

Төлөгөн Мамеев, Кыргыз Эл акыны:
- Улутубуздун уучу куру эмес экен. Улутубуз кайра жаралып жатабы деп ойлонуп калчу элем. Орозбек, чынында сенин жасаган иштериңди көрүп жетине албай кубанып турам. Бишкек экономикалык аймагы деп көп эле укчу элем, тагдыр буйруп бүгүн өзүмдүн көзүм менен көрүп жатам. Илгерки көргөзмө аянтчасын оңдоп, кычыратып жаңы бала бакчаны салып, кыргыз жерлерин каалагандай тебелейм дегендерге жол бербей аларды кубалап чыгып, "Ысык-Көл" мейманканасын 20 жыл мурда сактап калсаң, азыр ошонуңдан жазбай тонолгон Эл көргөзмөсүнүн 23,5 гектар жерин мүлкү менен кайтаруунун үстүндө көп зор иштерди жасап жатыпсың. Күн-түн иштеп, мыйзамсыз иштеген мекемелерди тизгиндеп, инвесторлорду чакырып, ишкананын жылдык кирешесин миллиард сомдон ашырганы жатыпсың. Бул иш айтканга оңой болгону менен, бардык эле жетекчилер жасай албайт. Ишиңде ийгилик болсун, балам. Кыскасы, илгери Совет маалындагыдан дагы мыкты ишти жасапсың. Мунун баары элдики. Сен элдик иш кылып жатасың. Элдин, бизге окшогон агаларыңдын, эжекелериңдин батасы тийсин.

Дарика Жалгасынова, Кыргыз Эл артисти:
- Кудай ар кимге эле мындай мүмкүнчүлүктү бере бербейт экен. Эл жүгүн аркалоо милдетин Кудай сага насип этиптир. Ишиңди көрдүк. Бардыгы ойдогудай. Тилекке каршы, көп эле эл башына келгендер тетири иш кылып отуруп, ушундай жашоого кептелбедикпи. А сен оңдоп - түзөп , жоктон барды жаратып жатыпсың. Ушундай түйшүктүү ишиңе ийгилик каалап, ушул төрт сап ырды сага арнап коеюнчу. Баса, мурда ырчы эле болсом, эми Жазуучулар Союзуна мүчө болдум.

Айтпасам болбос ушуну,
Айтууга келди учуру.
Арстан жүрөк Орозбек,
Айкөл Манас тукуму.

Мелис Абакиров, Кыргыз Эл жазуучусу:
- Кыргыздарда "Башкадан кем болбо" деген мыкты батабыз бар. Азыр намыстанчу заман келди. Эмне үчүн биз башкалардай өнүкпөй жатабыз, деп ойлончу, толгончу мезгил келди. Ушундай учурда сендей иштин көзүн билген жигиттерди көргөндө көңүлүбүз кичине ордуна келип жатат. Токмоктун жанында "Гавайи" деген эс алуучу жайды ачып, саздак жерди жанагы уйгур бала гүлдөтүп койгонун угуп-көрүп, аттиң, биздин жигиттерден дагы чыгаар бекен дечү элем. Бүгүн Бишкек ЭЭАнын аймагын аралап чыгып, сага ыраазы болуп олтурам. Мыкты иштерди жасап коюпсуң. Рахмат сага!

Анатай Өмүрканов, Кыргыз Эл акыны:
- Бүгүн кечке БЭЭАнын аймагын кыдырып, көрбөгөндү көрүп келдик. Ошон үчүн азыр сага жүрөктөн чыккан тилектер айтылып жатат. Мурда бизге сыр болуп келген аймакты көрүп, бүгүн биз ыраазы болуп жатабыз. Түштүк Кореялык ЦАК деген чектен чыккан компанияны теске салып, ордуна коюп жатканың коомчулукта көп айтылууда. Бул ишиң бир тең, башкасы бир тең болду. Сенин сүйлөгөн сөзүңөн, баскан турганыңан мен 20 жылдан бери көрбөгөн чиновниктин көзүн көрүп жатам. Көп чиновниктер башкача болот, башкача тиктейт. Алардын тиктегенинен эле эмне дээрин билесиң. А сен жадырап-жайнап, жетине албай көрсөтүп чыктың баарын. Эки жылда өзүн көрсөтө алган сендей мыкты, ак ниет жигиттер керек кыргыз элине. Андай адамдар Кыргызстанда аз эле. Ошол сага окшогон азаматтарыбыз аман болсун! Бүгүн жасаган иштериңди көргөндөн кийин, ушул жакта отурган ага-эжелериң сага жан тартабыз, ишиңдин илгерилешине көмөк көрсөтөбүз. Жеңижок акыныбыз сендей жакшыларга:
Кубарып өңүң өчпөсүн,
Кубанычың көктөсүн.
Кудай берген ырыскың,
Кубаласа кетпесин.
Жамандык сага жетпесин,
Жакшылык сенден кетпесин.
Теңир берген ырысың,
Тебелесе кетпесин - деген экен. Аман бол, Орозбек!

Акбар Рыскулов, Жазуучулар союзунун төрагасы:
- Жан дүйнө байлыгы менен материалдык байлык ар дайым эриш-аркак жүрөт экен да. Жазуучулар союзунда 600дөн ашык мүчөбүз бар. Биз жан дүйнө байлыгын өндүрсөк, силер материалдык байлыкты өндүрүп жатасыңар. Өлкөбүздүн өсүшүнө оңбогондой салым кошуп жатасыңар.

Акыл, оюн, сезимин, жүрөгүн Кыргызстанга арнап койгон өнөр адамдарын ушинтип сыйлап, ошолордун батасын алып, кеңеш сураганыңды колдойм. Ушулардын батасы тийип, ишиңде мындан дагы көп ийгиликтер болсун.

Акылбек Абдыкалыков, Кыргыз Эл артисти:
- Япондордо бир жакшы икая бар экен. Императору гүлдү аябай жакшы көрчү экен. Бир күнү нөөкөрлөрү сапардан келе жатып, жолдон бир чалдын укмуш гүлдөрдү өстүрүп жатканын көрүшөт. Император келгенче жоокерлер гүлдүн баарын жулуп, тазалап баарын казып салып, бирөөнү эле калтырыптыр. Ошондо чал: "Бул эмне акмактык" - десе чалды сүйрөп кетип сабап жатканда, Император келип калып, жалгыз гүлдү карап алып ыйлайт экен. Муну байкаган чал ошондо "Император гүлдүн эң мыктысын билет экен. Эгер башка гүлдөр болгондо бул гүл көрүнбөй калмак" - деп өз пикирин айтыптыр. Анын сыңары иште кыйынчылыктар сөзсүз болот. Көптүн ичинен көрүнүп турасың. Иштин көзүн билген мыкты инсандар баары бир жеңип чыгат, баары бир эмгегиңди эл баалайт. Ошондуктан азыркыңдан тайбай, эл үчүн талыкпай иштей бер.

Замирбек Үсөнбаев, Кыргыз Эл артисти:
- Орозбекти жаш кезинен бери тааныйм. Эстекем экөөбүз далай чайын ичкенбиз. Орозбектин ишин угуп жүрчү элек. Бүгүн кыдырып көрүп чыктык. Көңүлүбүз көтөрүлүп чыктык. Ишиңде ийгиликтер болсун! Айтчу сөздүн баарын мага чейин айтышты окшойт. Илгери Ысмайыл аксакал "Муну билгенде комузумду ала келбейт белем" - деген экен, бирок Барпы атабыз комузу жок эле ырдачу экен. Мен дагы Орозбек иниме арнап, комузу жок беш-алты сап ырдап берейин.

- Ээ-ээй ырымдын тийсе кереги,
Ырдаса ырдап берели.
Туз-насип буйруп койбосо,
Биерде тууганыбыз болбосо.
Чогултуп мынча залкарды,
Акындар бүгүн мактады.
Акындар арнап саптарды,
Ардактуу иним даңкталды.
Мына Акбар берди батаны,
Андан артык бак барбы?
Акылдуу иним байкагын!
Кайсы жерге барбагын,
Жаман менен жакшыны,
Жүрөсүң көрүп далайды,
Илгертен даяр эле тамагын.
Кыскасы, бүгүнкү конокторуң
Бүркөлткөн жок кабагын.
Баарысы берди батасын,
Батанын берди тазасын.
Мен тилектеш, иничек,
Өмүрдө көп, көп жашагын.
Жашооңдо азап көрбөгүн,
Жолуң шыдыр жол болсу н,
Ишиң дайым оң болсун!
Эрнис Балбаков,
Айбек Шамшыкеев