"Ата-Журт" менен "Республиканын" биригишине кандай көз караштасыз?
Курманбек Осмонов, "Ата-Журт" фракциясынын депутаты:
"Майда-чүйдө пикир келишпестиктерди айтуунун кажети жок…"
- Менин оюм позитивдүү. Кыргызстандагы эки келечектүү партия биригип жатат. Саясатта ар кандай көз караштардын болушу бул табийгый нерсе. Андан проблема жасоонун зарылдыгы жок. Мисалы, принципиалдуу мамлекеттик түзүлүш же саясий түзүлүш боюнча көз караштар каршы болсо анда биригиши кыйын болуп калмак. Ал эми бул эки партиянын ичиндеги майда-чүйдө пикир келишпестиктерди айтуунун кажети жок.

Эркин Алымбеков, Экс-депутат:
"Саясатта дос болбойт... "
-Негизи бул учурдун талабы: демократиялык баалуулуктар калыптанып, демократия институттары үзүрлүү иштеп, бийликтин сапатын, жоопкерчилигин бекемдөө - коомдо жарандык жана саясий иргелишүүнү талап кылат жана мажбурлайт. Ошондуктан бул табийгый, закон ченемдүү көрүнүш. Мындай иргелешүү алдыда башка саясий күчтөрдө дагы болот. Ал эми "Республика" менен "Ата-Журт" шайлоонун алдындагы саясий коньюктурадан (өткөн катачылыктарын эске алып) жогору болуп, элдин көйгөйүн чечүү боюнча стратегиялык баалуулуктардын негизинде иш алып барабы - ал башка кеп, аны көрө жатабыз. Саясаттын аксиомасы: саясатта түбөлүк дос же кас болбойт, саясатта кызыкчылык болот, ал кызыкчылык керек болсо душманы менен дос кылат. Ал кызыкчылык эмнени, кайсы деңгээлди камтыйт - ал башка кеп.

Нарынбек Молдобаев,
"Ата-Журт" фракциясынын депутаты:
"Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт… "
- Бул эки партиянын биригип жатканы убактылуу иш деп билсек болот. Чындап айтсак, эптеп парламентке жетиш үчүн эле биригип жатышат. Платформасы жагынан да көз карашы, амбициясы жагынан да бири-бирине окшобогон, эки кочкордун башы бир казанда кайнабаган көрүнүш деп айтат элем.

Бахадыр Сулейманов, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Эки партиянын көз карашы эки башка болуп…"
- Менин пикирим түз. Каршы пикир айта албайм. Шайлоо жакындаган сайын дагы бир топ партиялар биригет деп ойлойм. Мурун бул эки партиянын көз карашы эки башка болуп келген, бири-бирине көп сындарды айтып келген. Бирок азыркы биригүү жакшы иш деп билсек болот. Келечегин убакыт көрсөтөт.

Мирлан Бакиров, ЖКнын депутаты, "Өнүгүү прогресс" партиясынын мүчөсү:
"Шайлоого болгон даярдык..."
- Биз "Өнүгүү" депутаттык тобунун мүчөлөрү "Республиканын" курамынан чыкканбыз. "Республика" менен "Ата-Журттун" биригиши бул шайлоого болгон даярдык. Шайлоого карата дагы бир топ партиялар биригет. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Аталган эки партиянын биригишинин бирден-бир себеби, ошол эле "Республика" партиясынын дагы, "Ата-Журт" партиясынын дагы ичинде депутаттардын көз караштарынын дал келбегендиги болду. Бул нерсени жашырып болбойт, жашырсак деле коомчулукка жакшы маалым. Партия ичинде бөлүнүп-жарынуулар көп болгон. Мына ошонун кесепетинен эки партия тең алсырап, акыры биригүүгө бел байлашты.

Назарали Арипов, "Республика" фракциясынын депутаты:
"Партиялардын алсыздыгынан улам биригишти "
- Шайлоого карата саясий партиялардын баары биригип жатышат. "Ата-Журт" менен "Республиканын" биригиши келечекте кандай болот билбейм. Эки партияга мүчө болгон депутаттардын арасында экөөнүн биригүүсүн колдогондор дагы, колдобогондор дагы болууда. Бардыгы партия жетекчилеринин сүйлөшүүсү менен болду. Кыскасын айтканда, партиялардын алсыздыгынан улам биригишти десем жаңылышпайм.

Элмира Жумалиева, "Республика" фракциясынын депутаты:
"Бул тууралуу ачык пикир айта албайм"
- Мен партиянын сьездине барып катыша алган жокмун. Ошондуктан бул тууралуу ачык пикир айта албайм. Экөөнүн биригүүсүн эми мындан аркы абал, жагдай көргөзөт да, биз дагы кырдаалга жараша иш алып барабыз.

Даярдагандар: Мирлан Алымбаев, Гүлмира Шаршеева