Башаламан
Баш мыйзам

Парламентте Баш мыйзамды 2020-жылга өзгөртпөө керек деген тартипти жокко чыгаруу демилгеси көтөрүлүүдө. "Курманбек Бакиевдин режими кулагандан кийин республикада бийликтин легитимдүү органы жок болуп кетти. Укуктук талаага келүүдө 2007-жылдагы авторитардык Конституция менен жашоого мүмкүн эмес. 2010-жылдын 30-апрелинде Конституциялык жыйын түзүлүп, анын курамына 75 киши кирген. Баш мыйзам долбоору боюнча иштин жыйынтыгы референдум өткөрүү боюнча Убактылуу өкмөткө жиберилген. Анын негизинде 2010-жылы 27-июнда референдум өткөрүлүп, "Конституцияны ишке киргизүү жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. Ушунун негизинде бүгүн Жогорку Кеңеш 2020-жылдын 1-сентябрына чейин Конституцияга эч кандай өзгөртүү киргизе албайт. Мындай жол менен Конституцияны эң керектүү механизми болгон турмуштук жана мыйзамдык керектөөлөрүн кайра кароого негизсиз тыюу салынган. Себеби, Баш мыйзамга мындай чектөө киргизүү Конституциялык жыйында каралып жана добуш берүү жолу менен жүргүзүлүшү керек болчу. Бирок мындай кадам жасалган эмес" деген ЖК депутаты Карганбек Самаков азыркы Баш мыйзам башаламандыктарга жол ачкан чийки экенин эскертти. Бул демилгени парламенттеги көпчүлүк колдоого алганы менен баш мыйзамдын атасы Өмүрбек Текебаев өзү жазган башаламан Баш мыйзам тууралуу кеңири түшүндүрмө бербестен, бул сунушту олуттуу эмес деп баалады. Самаковдун демилгесин олуттуу эмес деп атаган Текебаев анын кайсыл жери олуттуу эмес экенин да так айта алган жок. Демейде ар бир нерсеге так жооп берген Текебаев бул жолу жооп таппай калганбы? Болбосо аргументи жок болуп калса керек.
Кыргыз-Орус славян университетинин профессору, парламентаризм боюнча серепчи Зайнидин Курманов "Референдум өткөрүүгө шашылуунун кажети жок деп эсептейт. Анын айтымында бүгүн баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөргөндөрдүн маселесин өзгөртүү толуктоосу жок эле мыйзам чегинде чечүүгө болот. Ошону менен катар өнүгүү, өсүү заманында баары алдыга умтулуп жашап жаткан мезгилден Кыргызстан артта калбашы керек. Өз убагында 2020-жылга чейинки чектөө туура киргизилген, анткени ал убакта мыйзам чыгаруу жана конституциялык туруктуулукка жетишүүгө болгон умтулуу болчу. Учурда баш мыйзамга оңдоо киргизүүнү каалагандар арбын. Бул маселени кылыч менен чапкандай кылбай бардык билимдүү юристтерди чогултуп кеңири талкууга алуу шарт. Биз бардык тарап бирдей позицияда болушу үчүн бюрократиялык башкаруудан четтешибиз зарыл. Бүгүнкү күндөгү өкмөттүн коалициялык жол менен бекишине каршымын. 65% ашык мандаттан жогору болбош керек деген саясый партияларга чектөө коюу дагы туура эмес. Фракциядагы тартипке туура келбеген депутатарга эркин мандат берүү такыр туура эмес. Ошондуктан бул мыйзам долбоорду дыкат изилдөө шарт" - дейт.
Чындыгында Баш мыйзамдагы ишке ашыруу нормасындагы 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүү киргизбеш керек дегенди алып салып, өзгөртүү киргизүү зарыл экени анык. Себеби, бул Конституция элди жыргатпай калды. "Парламенттик башкаруу" дегенибиз менен парламент өкмөттүн бир башкы бөлүмүндөй болуп отурганы кашкайып көрүнүп, ошонун негизинде Өкмөт каалагандай башкарып, энергетиканын тариф саясатын өзүнө алып, "өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" системасын орнотуп жатпайбы. Ал эми Текебаев жазган баш мыйзам коомчулукта башаламандыкты жаратып, көпчүлүктүн кыжырын келтирүүдө. Андыктан Баш мыйзамга сөзсүз түрдө өзгөртүү киргизүү зарыл. Аткени 2010-жылдан бери бир топ нерсе өзгөрдү. Ал учурдагыдай азыр Убактылуу өкмөт жок, өткөөл мезгил тарых барактарында гана калды.
Тиленбек азык