Кадам ушул…
Мугалим 15 миң алса… аз эле

Ашык-кеми жок айтсак, ушул азыр мугалимдердикинен түйшүктүү кесип жок. Аздап айтып көрөлүчү, бүгүнкү күнү чоңдорубуздун баскан жолу түз эмес, "түрдүү" кеткен кезде, мадыра-
баштарыбыздын таалим-тарбиясы талаалап турганы. Мектеп жашындагы балдарыбыздын ичинен тарбия көрбөгөндөй болуп шукшуңдап, кылмыш тарапты кылчактап турган балдар менен кыздар мындан жыйырма-
отуз жыл мурункуга караганда аябагандай эле көп болду. Буга баарыбыз жасап алган коомубуз күнөөлүү деп ага шылтап салсак деле болот, бирок, аны менен иш бүтпөйт да. Ошол ээнбаш өскөн бала эртең коомго эгедерлердин бири болот. Иш мына ошондо бүтөт! Демек, балдарды мектептен тарбиялашыбыз керек, бул тапталган чындыкты кантип ишке ашырдык? Бул суроону айтып коюш өтө оңой, аткарыш өтө оор, а балким азыркы абалыбызды эске алсак, таптакыр эле турмушка ашпачу маселедир…ушинтип айла жок пессимист болуп куурап жатпайбызбы.
Бала деген адегенде үйүндө тарбияланат, андан соң кээ бирлери бала бакчага барат, кийин бала бакчадан тарбия алганы да, ал жакка барбай эле чоңойгону да тегиз мектепке барат. Барат да мугалимдин колуна түшөт. Анан байкуш мугалим отуз бала окутса, ошончо кыял менен кармашат. Жогоруда айткандай азыркы балдардын жүрүмү да мурункудай эмес… Сөздүн кыскасы, мугалим көрбөгөн азапты көрөт, ишинин кыйындыгынын айынан түрдүү ооруга чалдыгат. Тээ илгери мугалим дегендин кадыры чоң эле, элдин баары сыйлап турчу. Эми болсо, мектепти эптеп бүткөн, мээсинде бир бүдүр жок немелер соодага кирип каражат таап, аны менен кошо "аптаракат" күтүп калышкан. Мына ошол көңдөйлөр мугалимди шылдыңдай карайт, ошондой мамиле кылат. Кудай бардыр аа, ошол мугалимден айланат бекен, бир бучкагына тең келет бекен?! Заман акчаны алдыга чыгарып, ал желмогуз баарын чечип калган кезде адамдык, ыйман, терең билим, айкөлдүк, атуулдук деген адамды накта адам кыла жүрчү сапаттар акчанын тебелендисинде калат экен. Ошондой болуп жатат бизде. Акча алдыга чыккан заманда мугалимдерге да андан арбын төлөп, алардын эмгегин аздап болсо да баалашыбыз керек эмеспи. Туурабы? Туура. Бирок, мугалимдер кыкка турбаган суммадагы акча алат. Анысы эч нерсеге жетип бербейт. Ошон үчүн көпчүлүк мугалимдин үйүндө "жок жана жок" деген көрүнүш өкүмүн жүргүзөт. Азыр чакан шаарларда мугалим орто эсеп менен 5000 сом, айылдарда 7000-8000 миң алат экен. Бул сумма менен мугалим бүлөсүн бага албайт. Алганы эч нерсеге жетпейт, кийген кийими окуткан балдар-кыздарынан он эсе сапатсыз экендиги да ошондон, азыркы мугалимдердин кийгенинин баары эле кытайдын "бир киймеси". Тириликте адам баласынын турмушунда ар кыл окуялар болот: аш болот, тушоо той, үйлөнүү тою, баласын ырымдаткан той болот, юбилейлер өткөзүлөт дегендей. Мына ушундай учурда мугалимдериңдин кыйналганын айтпа! Бөтөнчө дили көңдөй, бирок, акчага көпкөн бирөө менен куда болуп калса, мугалимиңдин көргөн күнү курусун! Тиги көңдөйгө теңелем деп дамбалсыз да калат. "Эй, сенин байлыгыңды урганым жок, катышсаң, куда катары катыш, болбосо, акчаңды тыкчу жериңе тыгып алып нары жүр!" айтып койгонго жарабайт да. Антип айтса, миңдин бири айтар… Ошентип мугалим айлыгынын азынан кор болуп турганы. Алардын айлыгын жок эле дегенде 50% көтөрүш керек. Дагы резерв издеп туруп мугалимдин эң төмөнкү айлыгын 15 миң кылып салса сонун болбойт беле… "Азыр акча жок" деп каржы министри Лаврова дегениң түрдүү аргументтерин сууруп чыгып башкага кеп айттырбай турганы. Акча жок болсо, Каржы министринде иштегендер эмне үчүн чоң-чоң суммадагы айлыктарды алат, эмне үчүн тамагына деп эле 5000 сомдон алат экен. Бул деген абийирсиздик го бир! Бу Лаврова дегениң министр болуп келгени каржы министрдик тарабынан жакшы ишти көрө элекпиз… эмне акча бөлсө да Каржы министрдик тараптагылар үстөк сурап турат деген кеп кеңири айтылып келет… Лаврованы алмаштырчу бир мыкты эсепчибиз жокпу?!
Мугалимдин аброю кетип жатканында айлыгынын аз болушу менен бирге өздөрүндө да күнөө бар. Кээ бир мугалимдин билими тайкы, билимсиз, этика дегенден түшүнүк жок, батинкесинин баткагын сүртө албай мектепке барганы бар, жакасы кара кокочо болгону четтен чыгат, дүкөндүн жанына өтүп баратып ал жерде ичип жаткандарга кошулуп кеткен учурлары кенен. Мына ушул сыяктуу жаза басуулар мугалимдин баа-баркын сөзсүз төмөндөтөт. Бирок, мугалимдердин көбү булардай эместир. Кандай айтсак да бүткүл коомчулук мугалимдерге таазим кылып турушубуз керек! Деректирлер жөнүндө эки ооз кеп, өзгөчө борбордогу мектептин деректирлери жөнүндө. Ошол деректирлер азыр аябай көптү. Анткени, акчанын алдында калды. Акчанын алдында калгандар сөзсүз көбөт, анан кийин, кийи-ин, бир жылдары көпкөнү бир жеринен чыгат дейсиң… анын бетин нары кылсын! Азырынча болсо көөп турушат деректирлер. Каалаган суммадагы акчаны түрдүү шылтоо таап ата-энелерден алып турат, мунум туурабы же жокпу дегенди уруп ойнобойт, анткени, жоопкерчилик деген маселе аларды түйшөлтпөйт. Ээн талаада оюн салган малдай… Министр мырза Садыков болсо, креслосуна тырышкандан башка менен иши жок, иши болсо,колунан келбейт да экен аны жөндөгөнгө.
Мыйзамда тилдүүбүз, турмуштачы?
Аз мурун кыргыз тилинин мамлекеттик деп кабыл алынышынын 25 жылдыгын белгилеп, катуу-катуу кыйкырып, "тилибиз бар ырысыбыз бар" дегенден арбын айтып, тилибизди коргоп алабыз дегенден андан арбыныраак айтып, айтор, түшкө кирчүдөй болуп дуулдап алдык. Ал жакшы. Анан ал майрамдын эртеси да болду, эртеси болгондон кийин тилибиз кайра бечара кебетесин кийип, кайыр сураган кейпине келди, аны эч ким деле теңине албасын деле билет, бечара… Ошол тил майрамынан кийин нечендеген чогулуштар болуп жатат маммаанидеги, аларда сөз сүйлөгөндөрдүн тилинин басымдуусу орусча болуп жатат.
Өткөндө президент Атамбаев аттиң кылып алды: "Академияда кыргыз тилин окутпаса, анын эмне кереги бар?!" дегенди айтып. Президенттин алдындагы Башкаруу Академиясында кыргыз тили сабагы окулбайт экен. Ал Академия Россияда болсо го бир жөн эле, кашайып ал Академия Кыргыз Республикасыныкы болуп жатпайбы! Баса, Академиянын ректору белгилүү режиссер Болот Шамшиевдин билимдүү уулу. Бул ата-бала кыргыз тилинен бешинчи класстын деңгээлинде билет дешет…
Кыргыз тили качан баралына келет? Качан гана жогорку кызматта олтурган бир орус, мисалы, Лаврова парламентте кыргызча доклад жасап, "айланайындар, кичине тынчыраак олтургулачы… капырай эмне болуп кеткенсиңер…" дегенден айтса, ошондо гана тилибиз өнүгүп жатат десек болот. Азырынча эптеп күнүн көрүп жатканы. Өткөндө да жазганбыз: тээтиги Россия дегенде аз убакытка иштегени баргандардын баарына тил билсин деп талап коюп жатат, тилди гана эмес тарыхыбыздан да билсин деп жатат. А биз болсо, кылымдар жашап келаткан орустарды жана орус тилдүүлөрдү "тил үйрөнсөңүз кантет" деп коркуп-үркүп, жерге жата кала айтып турабыз го. "Тил үйрөнгүлө" деп түз эле айтсак, анда түз эле улутчул болуп тынабыз. Ага орустар да көнүп алды, кыргыз тилинин тагдыры жөнүндө айтып, тилибиз орус тилинин тебелендисинде калды дегиче болду, орус тилдүүлөр "бизди басмырлап жатат" деп ач-айкырыкты салат дейсиң, кирерге жер таппай каласың?! Ал абалды биздин жетекчилер алып келген, аркысы, беркиси, азыркысы да…
Баратбай Аракеев