Айкырык салбай,
акылыңарды айткыла!
Учурда элдин көңүлүн түшүргөн көйгөйлүү эң негизги эки маселе болуп атат. Бул электр энергиясынын тартыштыгы, мунайзат баасынын күн санап өсүп жатканы. Экөөнүн тең тарыхы узун. Тээ 2000-жылдардын башында "Кыргызэнерго" деген эң ири, уникалдуу ишкананы балталап, талкалап, 4-5ке бөлүп, коррупция очогуна айланганы бул тармак оңбой калды. Ошондон бери бул жактын таш-талканы чыгып, оңоло албай очоюп атабыз. Ал эми муңайткан мунайзат баасынын асмандап атканы - Орусиядагы ишканалардын иштен чыгып жатканы менен байланыштуу болууда. Орустар өздөрү өң-алеттен кетип, бензинге жетпей безилдеп атышат. "Москвалык күйүүчү май ассоцациясынын" президенти Евгений Акуша дегени "gazeta.ru" сайтына берген маегинде: "Жарым жылдан Орусиянын күйүүчү май рыногунда оор кырдаал түзүлдү. Ачи мунай иштетүүчү ишканасынын иштен чыгышы бул кризиске түрткү болду. Ортодон алып сатарлар дагы баасын асмандатып ийип, рынокто майдын жетишсиздиги байкалды. Анын үстүнө сентябрь-октябрь айларындагы мунай иштетүүчү заводдордогу адатка айланган профилактикалык жумуштардан улам күйүүчү майдын убактылуу тартыштыгы пайда болду" - дептир. Орусиянын өзүндө мындай кымгууттук болуп атса, кыргыздар кантет эле? Ач айкырыкты салып аткан батышчыл оппозиция лөктөрү бийликке келсе, океңдер бизге бензинин арзандатып береби? Же аларың АКШдан ташып келишеби? Кыргызстан бир кылымдан бери орустар менен казактардын майын колдонуп келет. Анан эркин депутатпыз деп эдиреңдегендер менен "Жаңы муунбуз" - деп бийликке жанталашкан жаштар өлкөдөгү оор кырдаалдан упай топтоого аракет кылганы чынында популисттик кадам. Минтип алар алыска барышпайт. Сындаганды, митингге чыгып айкырганды баары эле билет. Аябай эле акылдуу болушса, мекенчил болуп жүрөктөрү элеп-желеп болуп атса, жөндүү сунуштарын айтышсын, арзан бензин табуунун жолдорун үйрөтүшсүн. Албетте бийликтеги иштин көзүн билбеген айрым аңкоолор алардын чырагына май тамызып атат деңизчи, бирок жалпы кырдаал ушундай! "Жаңы муундагылар" кыйраттык, жыргаттык, бийликке каршы чыктык деп өздөрүнө өздөрү ыраазы болуп жатышкандыр. Бирок жалпы эл аларды жактырган жок. Курманбек кутуруп, Жаныш жалаңдап, Максими майыбыздын баарын сызгырып жатканда бул балакайлар кайда эле? Айдактагандары АКШда башын калкалап жүргөн, Адиль Турдугулову Кореяда жүргөн куйругун түйүп. Азыр бийликке каршы чыккан, аларга сын айткан мурдагыдай баатырдык эмес. Сунуш айткыла...





Кийинки шайлоодо
жаңы партиялар келеби?
2015-жылы боло турган шайлоого азыртадан эле кызуу даярдык башталгандай. Учурдагы бийликчил делген " Ата-Мекен", КСДП сыяктуу партиялар кайрадан парламентке келип, бийликти колдон чыгарбоонун камын көрүп жатышса, "Эмгек", "Бир бол" партиялары мурдагы бийликтин аштан-көчтөн калган экстерин чогултуу менен алек. Мындан улам, элдин үмүтү жаш таза партияларда болуп жатканын серепчилер кулак кагыш кылып отурушат. Алтын доордо жашап жатабыз дегенди эске алсак, жаштарды, көрөңгөсү бай, ишти билген, экономиканы чаккан адамдар менен катарын толуктаган партияларды эл тандайт деген кептер арбын айтылууда. Андай партиялардан уучубуз куру эмес экенин айта кетсек да болот. Баарына убакыт тараза. Алдыда саясий оюндар кызык болчудай...


Болочок министр Болотпу?
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Болот Отунбаев өткөндө Жогорку Кеңешке отчетун берип кеткендин эртеси ажонун кабыл алуусунда болгонун укканбыз. Турган-турпаты эле чыныгы дипломат экенин билгизген, бир нече тилде эркин сүйлөгөн, өзүнүн ишин мыкты билген Болот Отунбаевдин тың кадр экенинен өлкө башчыбыз кабардар окшойт, Тышкы иштер министрлигин сунуштаптыр. Бирок экс-президенттин эрке иниси Болот Исакович, "мөөнөтүм бүткүчө иштейин, баштаган ишимди бүтүрөйүн" - деп сыпайы жообун бериптир. Мындан улам кийинки ТИМ министри Болот Исакович болобу деп боолголоп жатабыз.


Саясатты эмес, "психикалык саламаттыгын" ойлосо болмок
Бизде Бурул Макенбаева деген башчылык кылган "Психикалык саламаттык жана коомчулук" деген бей өкмөт уюм бар. Анын АКШ элчилигинде Турат Макенбаев деген бир тууган агасы да бар. Агасынын аркасынанбы же АКШнын акчасынанбы ким билсин айтор, Бурул айым НПОсунун түздөн-түз милдети болгон "психикалык саламаттыгын" эсинен чыгарып коюп, саясаттын сазайын окутуп жатканына көп болду. Ошол Бурул Макенбаева келээрки айдын орто ченинде Бажы биримдигинин тескери жактарын ашкерелеген жыйын өткөрүүнү пландап жатыптыр. Ага океандын ары жагынан каржыланган бардык бейөкмөт уюмдар, АКШга качып барып келген парламенттеги эркин депутаттар катышаары күтүлүүдө. Түшүнгөн киши бул аракеттердин артында АКШнын калдайган караанын көрүп турат. Вашингтондун геосаясий амбициясын аткарабыз деп тынч жаткан өлкөбүздү аласалдырбаса эле болду.


Жездесин желкелебейби?
Горький паркында боз үй тигип, ачкачылык кармайбыз деп, милициялардын тепкисинде калган Адиль Турдугулов "Биз тез жардамды чакырсак, эки сааттан ашуун убакыттан кийин келди" - деп айкырыкты катуу салды. Кадырыңыз жан болсун дедик. Бишкектеги "Тез жардам" кызматынын жетекчиси Жаркынбек Касымбеков Турдукуловдун карачечекей жездеси болот. Эки саат кечиксе, жездесин желкелебейби... Биздин милиция башчыларыбыз да кызык. Араң турган ала көөдөктөргө бекер жарнама жасатпай жайына койсо болмок.


Бейөкмөтчүлөр неге беймаза?
"Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзам долбоору парламентте гана эмес, коомчулукта да кызуу талкууланууда. Өзгөчө Батыштан "баар тапкан" бейөкмөтчүлөр караманча каршы чыгып, мыйзам долбоорун өткөрбөөнүн аракетин көрүшүүдө. Маселен, Э.Убышева, Н.Идирисов, А.Айтбаева сындуу бейөкмөтчүлөр ЖоКедеги Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин төрагасы Кенжебек Бокоев менен жолугушууларды өткөрүп, аталган мыйзам долбоорун комитеттен өткөрбөөсүн суранып жатышканын кулагыбыз чалды. Кенжебек Сатымкулович бейөкмөтчүлөрдүн бал тилине ээрип, "сатылып" кетпес бекен деп шыпшынгандар. Бейөкмөтчүлөрдүн мынчалык беймаза болгонуна караганда оңой эмес олжодон куру калышат окшойт.


Какаганга муштаган…
Жакынкы жумаларда парламент канадалыктар менен "Кумтөр" боюнча биргелешкен ишкана түзүү келишимин карайт. Мына ушул маселеге утурлай Канаданын Онтарио соту "Центерра голд инктеги" Кыргызстандын акцияларынын 60% камакка алды. Бул жагдай эки тараптуу сүйлөшүүлүргө кандай таасир тийгизет деген маселеге эл өкүлдөрү тынчсызданганын билдиришип, өкмөттү чара көрүүгө чакырды.
Белгилүү болгондой, Кыргызстандын "Центеррада" 33% үлүшү бар. Ал жалпысынан 77 млн. 400 миң даана акцияны түзөт. Мына ошол 77 миллиондон ашуун акциянын 47 млн. даанасы камакка алынып отурат.

Аида айым кимди 2 500 дооларга ишке орноштурмак болгон?
Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына 44 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Н.Светлана арыз менен кайрылган. Арызда Аида аттуу айым анын ишенимине кирип 2 500 АКШ доллар акчасын алып, И.Ахунбаев атындагы медициналык академиясына ишке орноштуруу сунушун айтып алдаган. Аталган иш боюнча 27 жаштагы К.Аида камалып, иликтөө иштери жүрүүдө.