presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
"Беш-Сары Сити" ачылды

Бишкек шаарыбыздын чок ортосунда, тактап айтканда Бейшеналиева менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде ишкер Камчыбек Жолдошбаев салдырган "Беш-Сары Сити" аталышындагы заманбап соода борборунун салтанаттуу ачылыш аземи болду. Кыска мөөнөттө салынган соода комплексинин ачылышына Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов, Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баш болгон бир топ аттуу-баштуу элге төбөсү көрүнгөн аткаминерлер катышып, жакшы ой-тилектерин айтышты.

Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаарынын мэри:
- Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары, коноктор, кыска мөөнөттүн ичинде азыркы замандын талабына шайкеш келген "Беш сары сити" соода комплекси ачылып жатат. Бул шаарыбыздын өнүгүшүнө өбөлгө болчу жакшы көрүнүштөрдүн бири. Анткени жүздөгөн жумушчу орундар түзүлүп, ишкерлерибиздин ишинин илгерилешине жакшы шарт түзөт. Азыркы шартка ылайык салынган соода борборунун биринчи кабатына машина токтосо, экинчи кабатында алтын-күмүш зер буюмдары, үчүнчү кабатында кийим-кечек, төртүнчү кабатында мебель, техника буюмдары сатылса, бешинчи кабатына дүйнөлүк аренада спорттук мелдештерди өткөрүүгө ылайыкташкан, беш миң көрүүчү баткан спорт зал курулуптур. Бул биз үчүн кубанычтуу көрүнүш.

Камчыбек Жолдошбаев, ишкер:
- Кыргыздын тоосу бийик, аскасы бекем, таштары алтын, суусу дары, жигиттери эрктүү, кыздары наздуу. Элибиздин ушундай нарктуу касиети, ынтымактын аркасы менен кыска мөөнөттүн ичинде азыркы замандын талабына жооп берген ушундай чоң имарат салынып бүттү. Эми Кудай буюрса ишкерлерибиз кышында таманынан сыз өтүп, жайында төбөсүнөн күн өтүп оорубастан жылуу, таза жерде соода-сатыгын жүргүзө алышат. Спортсмендерибиз заманбап спорт залында машыгууларды жүргүзө алышат. Бул да болсо кыргыз ишкерлерине, спортсмендерине болгон камкордук десем болот.









??.??