presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Мөөр басылган күбөлүк түбөлүк ордун тапты...
11-октябрь күнү Таластагы "Манас Ордо" комплексинде Президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, депутат Карганбек Самаков, "Ар-Намысчы" депутат Эсенгул Исаков, губернатор Койсун Курманалиева баш болгон облус башчыларынын, элдин катышуусунда ЮНЕСКОнун мөөрү басылып, "Манас" кыргызга таандык экендигин далилдеген күбөлүктү комплекстеги музейге салтанаттуу түрдө тапшырышты. Иш-чарага бардыгы болуп, үч жүздөн ашуун эл катышып, манасчылар Манас айтып, ырчылар обон созушуп, иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Манас айткан беш бала манасчыга Карганбек Самаков өз чөнтөгүнөн ар бирине он миң сомдон, элүү миң сом карматып, улак тарткан райондук улакчыларга 100 миң сом өлчөмүндөгү байге сайды. Иш-чаранын соңунда келген элге дасторкон жайып, Таластын чок ортосунда жайгашкан "Байбол" ресторанында тамак берилди. Иш-чарага келгендер Манасты кыргызга кайрып берген Самаковго батасын берип, айрымдары "Эл баатыры" деген наамды ыйгаруу керектигин да баса белгилешти.

-Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Кеңештин, КСДП фракциясынын лидери:
- Манас өлбөс-өчпөс чыгарма экендиги мына бүгүн да дагы бир жолу далилденип турат. Манас бул жөн гана эпос болбостон, кыргыз элин ынтымакка, биримдикке үндөгөн улуу чыгарма экендиги талашсыз. Андыктан биз манасты көздүн карегиндей сактап, аздектеп коргообуз биздин эң ыйык милдетибиз. Манасты мындан ары да өнүктүрүп, эл ичине жайылтуу үчүн маданият министрлигине дагы тиешелүү тапшырмаларды беребиз. Бул боюнча атайын иш план иштелип чыгып, керек болсо, атайын комиссия түзүлүшү шарт. Ал эми эл өкүлү, кыргыздын мыкты уулдарынын бири Карганбек Самаковго чоң рахмат. Улуу мурастарыбызды сактап калуу боюнча чоң иштерди жасап жатат. Ошондой эле, быйыл мына Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен кыргыздын тарыхында экинчи жолу дүйнөлүк деңгээлдеги чоң той өттү. Биринчи той Каркыра жергесинде болгон Көкөтөйдүн ашы. Анда бир топ мамлекеттер көрө албай, ичтери тарышкан экен. Быйылкы Көчмөндөр оюнунда да башка мамлекеттердин ичтери тарыганын байкадык.

- Койсун Курманалиева, Талас облусунун губернатору:
- Былтыр Карганбек Самаков баштаган 30 адам Бакуга барып, 2-декабрдан 7- декабрга чейин жүрүп, "Манас" үч илтигин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастардын тизмесине киргизип келишкен эле. Самаков мамлекеттен акча сураган эмес, кылган ишинин баарын өз каражатына кылып жатат. Мына быйыл Самаковдун аркасы менен ЮНЕСКОнун башчысы Ирина Бокова келип, президентибиз Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, өлкөбүздү көрүп кетти. Ал айымдын биздин өлкөгө келиши эле чоң жетишкендик. Демек, Самаковдой депутатыбыз менен биз дайыма сыймыктансак болот.

- Карганбек Самаков, Жогорку Кеңештин депутаты:
- Манас эпосу үч жыл бою дүйнө кыдырып, талаш-тартыш, кыйма-чийме оор жолдорду басып отуруп, акыры кайрылып Манас Ордобузга келди. Бул чоң жеңишибиз менен кыргыз элин чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Манас биздин оюбузда, Манас биздин оозубузда, Манас биздин жүрөгүбүздө, Манас биздин каныбызда болууга тийиш. Манас биздики. Манас кыргыз элиники. Манасты мындан ары бизден эч кимдин талашууга акысы жок. Талаша да алышпайт. Эгер талашкысы келгендер болсо Манасты дал ушул "Манас Ордодон" келип издешсин. Мына бүгүн биз президенттибиз Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен Юнесконун атайын мөөрү басылган, бүтүндөй дүйнө элдери тааныган Манас эпосунун расмий күбөлүгүн алып келип, музейге тапшырып олтурабыз. Бул биз үчүн чоң майрам, чоң жетишкендик. Бүгүнтөн баштап, бул күбөлүктүн бири ЮНЕСКОнун башкы кеңсеси Парижде сакталса, бири ушул Манас Ордо комплексибизде сакталат. Биз үч жыл бою Юнеского байма-бай каттап иштеп келдик. Биз башка элдердин, мисалы Кытайдын улуу пайдубалын, Египеттин улуу пирамидасын же Грециянын Илиадасын сурап алганыбыз жок. Биз тек гана Манас атабыздын атын өлкөбүзгө, элибизге, жерибизге кайрып келдик. Кудай буюрса бир айдан кийин, ноябрь айында боз үйүбүздү да, Юнесконун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизебиз. Учурда бул боюнча иштердин баары бүтүп, бир гана добуш берүү иши калды. Андан кийин, эмдиги жылы тогуз мамлекет талашып жүргөн "Көк бөрү" оюнун дагы дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизсек деген тилекте иш алып барып жатабыз. 2016-жылы кары-жаш дебей бийлеп жаткан "Кыргыз бийин" киргизебиз. Кудай буюрса, өзүңүздөр күбө болгондой, быйыл касиеттүү Чүй боорунда жайгашкан Бурананы тизмеге киргизип келдик. Учурда элибиз жакшы түшүнбөй жатат, билинбеген менен өтө чоң иштер аткарылууда. Мисалы Бурана кыргыздын казак менен болгон чек арасын аныктай турган тарыхый баалуулук. Андан тышкары кыргыз, өзбек чек арасын аныктай турган Шах-Вазил, Сахив-Булан өңдүү тарыхый мурастарыбызды дагы аталган уюмдун тизмесине каттатсакпы деген тилектер болууда. Буюрса алдыда дагы көп иштер бар. Менин тилегим - учурда тышта бир миллиондон ашуун кыргыз эмгектенип жүрөт. Алар эртедир-кечтир мекенибизге келип жашашы керек. Эгер биз чек араларыбызды тактай албасак, мекендештерибиз чет жакта жүргөндө, башка улуттун элдери келип ээлеп алышы мүмкүн. Ошондуктан чек арага бекем туруп, элибиз үчүн, жерибиз үчүн эмгек кылуу биздин эң негизги милдетибиз. Элибизди, жерибизди, улуу Манас атанын арбагы колдосун. Бар болуңуздар, урматтуу таластык менин туугандарым.

- Ормошбек Чоюнбаев, "Манас Ордо" комплексинин деректири:
- Өткөн жылы 4-декабрда Баку жергесинде Манас эпосу дүйнөнүн 200 дөн ашуун мамлекетине таанылып, Юнесконун материалдык эмес маданий баалуулуктар тизмесине кирген эле. Мына ошол күбөлүктү биздин улуу урматтуу депутаттарыбыз келип комплексибизге тапшырып жатышат. Эл айтат, "баарыбыз кудайдын" кулубуз деп. Мусулмандар айтышат "Кудайдын үммөтүбүз" деп. Ал эми кыргыз эли айтабыз "Манастын урпагыбыз" деп. Буга чейин мамлекеттик башкаруунун начардыгынан, 2009-жылы аз жерден Манас эпосун башкаларга тарттырып жибере жаздаган элек. Ошондо намысы ойгонгон кыргыздын мен, мен деген атуулдары төш кагып, Манасты коргоо керек экендигин айтып чыгышкан. Алардын бири ЖКнын депутаты Карганбек Самаков бардыгын көкүрөгү менен туюп, жүрөгү менен сезип, үч жыл жүгүрүп жүрүп, азыр эми Самаковдун эмгегине күбө болуп майрамдап олтурабыз. Самаков баштаган делегация менен мен дагы Бакуга баргам. Ошондо баарын көрдүм. Юнеско деген жөн уюм эмес экен. Ал жерге барам дегендердин баары эле барып катыша бербейт экен. Тарыхты кыйын билген, дүйнөлүк окумуштуулар барып катышышат экен. Алар алып барган баалуулугуңдун бир эле жери туура эмес болсо каттатпай, жаратпай салат экен. Мына ошонун баарына туруштук берип, алар менен тил табышкан, аларды акелеп-жакелеген ким болду, Самаков болду. Ал жакта кол чаап куттуктап койгондон башка эч кандай шаан-шөкөт болбойт экен. 4-декабрь күнү кечинде саат жетиде Манасты каттап чыгып баратканда биз эшиктин оозуна шырдак салып, манасчылар Манас айтып жатышкан эле. Аларды көрүп, кетип бараткан тарыхчы окумуштуулардын баары токтоп, аябай таң калып кол чабышкан. Манастын улуулугуна ошондо мен дагы бир жолу таң бергем. Кыскасы Карганбек Самаковго чоң рахмат. "Манас Ордо" комплексине жылына 150 миң адам келип сыйынат. Мен Карганбек Самаковго ошол 150 миң адамдын атынан ыраазычылык билдирем. Кудай Самаковго ден соолук берип, иштерин илгерилетсин.

- Эсенгул Исаков, "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты:
- Биз депутаттар Талас жергесине, "Манас Ордого" келгенде Төө-Ашуудан бери өткөндө эле Кудайга сыйынып, жакшы сөздөрдү айтып, Манас атабыздын арбагына таазим эте баштайбыз. Манас атабыз бар болгону үчүн, ал эл үчүн эбегейсиз эмгек өтөп, жоого каршы чыкканы үчүн бүгүнкү күнү кыргыз эли кыргыз болуп жашап отурат. Манас атабыздын атын өчүрбөй коргоп, анын эрдигин баалаган Карганбек Самаковго окшогон баатыр жигиттерибиздин бар экендиги мени сыймыктантат. Башында башка элдер бизден боз үйдү талашты. Андан кийин калпак, анан Манаска тийишкенде, Карганбек Самаков намысына келип, мамлекеттин каражатысыз эле, өз каражаты менен 30 дан ашуун делегатты Баку шаарына алып барып, Манасты ЮНЕСКОнун дүйнөлүк материалдык эмес, баалуулуктарды сактоо мурастарынын тизмесине киргизип келди. Карганбек мактаганды жаман көрөт. Бирок мен бүгүн Карганбекти мактайм. Анткени мактачу күн келип турат. Карганбектей жигиттер көп болсун. Элге жардамдарын берип, эл үчүн иштешсе, буюрса мамлекетибиз бат эле бутуна тураарына ишенем.

Бишкек-Талас-Бишкек Даярдаган Мирлан Алымбаев









??.??