presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Баратбай Аракеев
Жүз киши жана кыргыз

Аталган темадагы материалды эмне үчүн жазмай болдук гезиттин бир сан мурункусунда айтканбыз. Албетте, биз саначу жүз адамдан өткөн мыктылардын, алар менен теңдердин көбү айтылбай калат. Анткени, кыргызды кыргыз кылып тургандар аябай эле көп турбайбы. Ошентип, китепке кеткен жолдогу гезиттик вариантыбыз кыбырай берсин дейли. Кеттик анда!

Улукман Мамбет Аталык (Мамакеев)
1-октярда 87 жашка чыгып, аны бүтүндөй кыргыз эли куттуктап турду. Ошондо "Фабула" да куттуктап:
Алганынан арбын анын бергени,
Ардакташып, сыйлап турат эл-жери.
Аңыз болуп, жомок болуп айтылар,
Адамдарга жасап келген эмгеги.

Дагы далай көзү ачылар чындыктын,
Даңкы жанар арасында жылдыздын.
"Мамакеев Мамбет" деген ат менен
Дүнүйөгө аты тарайт кыргыздын , -деп
жазганбыз. Ашыра айтып алган жокпузбу деген санаркоо болбойт мобул бүтүмдөн: чынында кийин эмес, мына ушул кезде эле Мамакеевдин аты дүйнө элине тарап турганы. Анын хирургдук чеберчилигине дүйнөдө мыктылардан деп эсептелген Германиянын медиктери да таң калганы эле эмне деген баа! Азыр Мамакеев дегенди кыргызда билбеген адам жок, анткени, бирөөнүн атасын, экинчисинин баласын,үчүнчүсүнүн эжесин, дагы биринин таякесин, кудасын… иши кылып жыйырма миңдей операция жасаган! Бир адамга аталган сан оголе көп!
Мамбет Аталыктын "Мезгил жана инсан" деген автобиографиялык чыгармасы бар, адабий жанрга салсак, килейген роман. Мына ошол китепти мен эки күндө окуп "айдап отко салгам". Оо, анда адам турмушунда кезикчү бүтүндөй көрүнүштөрдү бир адамдын баскан жолу менен ачып берет дейсиң, турмуштун кээде туруп алып келген кыйынчылыгын, аны менен бирге бейиштин төрүнө чыгарып салгандай жыргалын, эл-жерге болгон берилүүнү, адамдар мамилесиндеги итчиликтерди, эч кандай тоскоолдуктан токтобогон умтулууну… баарын-баарын камырдай жайып салып айтып берген. Менин оюма койсо, аталган китепти сегизинчи класстын мадырабашынан сексендеги аксакалга чейин милдеттүү түрдө окутмакмын.
Мамбет Аталыктын тайманбастыгы, туура эмес сүйлөп, көралбастыгына алдырып, ишти былгытып өзүнө душман болуп турган адамдын боюна, оюна, ээлеген кызматына карабай өз чындыгы үчүн чагылгандай тийип "көмө чаап" турчу мүнөзүн баарыбызга-бүтүндөй кыргыз жигиттерине берип койгондо эмне?! Атаганат де, андай болгондо далай итчиликтерибиз болбой, жакшылыгыбыз эселеп көбөйүп, кетип бараткан жигиттик сапаттарыбыз кайрадан баралына келип турмак да!
"Улуттук хирургия борбору" деген официалдуу жерде эле айтылбаса, ал борбор небактан эле "Мамакеев" болуп алган эч кимге баш бербей. "Мамакеевдин хирургиялык борбору" деп да койбойт, түз эле "Мамакеев" дешет. "Мамакеевге баратам", "Мамакеевден операция болдум", "Мамакеевдин аржагындагы көчө кайсы эле?", "Мамакеевдин жанынан өтүп баратсам…" деп сүйлөшүп калганбыз. Анткени, анын эмгеги, хирургдук таланты ошого алып келген да! Кыргызын кыргыз кылып турган Мамбет Аталыкка аманчылык каалагандан башка айтарыбыз жок, анткени, Ал Кыргыз Эл Баатыры, академик, илим доктору, толгон орден, медалы бар, түрдүү наамдарынан баш адашат… эң негизгиси оңой менен колго тийбес элинин сыйы бар! Мамакеевди Мамакеев кылганга зор салымы бар Сокен апабыз жанында… 2014-жылдын 30-апрелинде Мамбет Аталык Улуттук хирургия борборунун деректирлик орунун коллективдин толук колдоосу менен уулу Канатка өткөзүп берген, өзү ардактуу деректир. Канат Мамакеев 45 жашта, медицина илимдеринин доктору, көп жыл ушул борбордун башкы врачы болуп иштеп келген. Буюрса, мыкты жол уланат!
Жолболду Алыбаев
Жылдыз болсо да өзүн жылдыз сезбеген, кези менен чагылгандай чартылдаган, кээсинде булбул жолу менен кубулжутуп, укканды мемиретип таштачу чыгармаларды аткарчу да ушул Жолболду Алыбаев. Мен билгенден Жолболду, ой-о-ой, көп кырдуу, андан көп сырдуу талант: комузда да ойнойт, аккардеондо да ойнойт, күү да чертет, дастан айтат, керек болсо, төгүп таштайт, андан ары ырдайт, аны менен бирге улунуп-жулунбаган, бирөөнө жамандык ойлобогон, искусство үчүн чындап жаралган, ага чоң эмгек сиңирген, а биракта, антип койдум деп бой көтөрбөгөн чоң адам, жөнөкөй адам. Азыр иттибай-чоттубайлардын баары эле "Эл артисти" болуп алган, аны баарыбыз билебиз. Жолболду болсо ошол наамдын накта ээси. Ал наамды туура эмес алган деп душманы болсо, ал дагы антип айтууга батынбайт!
Жүрөк тилинип, дилиңдин будуң-чаңы чүгүп кетет: Жолболдунун "Чолпонун" укканда. Анан дайыныңды таппай, бирде бар, бирде жок болуп, сезимиң өзүңө ээ бербей ай-ааламды аралап кеткенин айт! Жок, жок, ал ырдын чыныгы таасирин айтып берчү адам болбос! Аны ук да, азабын тарт! Ушундай ырдын автору кыргыздын Жолболдусу. Бу турмушта Жолболдунун жолу болду, буюрсун!
Исмаил Исаков
Исмаил мырза парламентте олтургандардын аксакалдарынын бири, аңызы бар генералдарыбыздан. Кезегинде армиябызды башкарып турду, жаман башкарбады. Анан эле Бакиев тушунда анын кланына бир жеринен төп келбей калып, куугунтукка алынды, түрмөгө камалды. Көркөм чыгармаларда айтылчу кеп менен айтканда: ал сынбады, урганым жок деп туруп берди, өз чындыгынан кайтпай туруп берди, жансоога сураган жок, баатыр экен… Азыр болсо өз пикирин коргой алган, көп нерсени билип, ошол билгендерин билбегендердин мээсине жеткирүүгө аракет кылып, кээ аракети оңтою менен кетсе, кээси бутадан кайып кетип, дагы бир учурунда өзү катарында турган социал-демократтарды сындай калып, андан башка тарапкка өтүп кетсемби деген ою кайра-кайра келип… эң негизгиси депутат деген атка жамынган "Кемчонтойлордон" айырмаланып жүргөн кези. Эмдиги шайлоодо Исмаил мырза кайрадан шайланып келсе, анча деле коркунучу жок, анткени, ошол жерде элине тийер пайдасы бар… Аны менен бирге миллиондорду жеп салган деген аңызы бар инилерин коргоп калган кези генералдын баасын азга түшүрүп коюшу да мүмкүн. Эми ал жөнүндө өзү деле мыкты билет эмеспи… Негизи, "Исмаил Исаковдой депутаттар парламенттеги көпчүлүктү түзсө эмне" деген жалпынын ою- ага берилген мыкты баа…
Бактыбек Мамытов
Мен телекөрсөтүүдө тогуз жылдай иштеп, ал ишти жана ошол кезде иштегендерди аздап билип калдым. Алардын бири Бактыбек Мамытов эле. Аны менен өтө жакын мамиледе болгон жокмун, учурашабыз, аздап абал сурашабыз, сый болдук. Бактыбекти алгач көргөндөн эле анын токтоолугуна таң калгам. Кандай адам бир калыпта жүрөрүн мына бүгүнкү күнгө чейин чечмелеп бере албайм. Болуптур, андай мүнөздү жараткан берет экен. Бирок, кандай мүнөз болсо да таасирин тийгизип койчу турмуштун не бир кыйчалыш таасирлери бар эмеспи, кандай адам болсо да сынап туруп, мүнөзүн кээси менен сындырып койчу учурлар болот эмеспи. Алар Бактыбекти багындыра алган жок окшойт, ушул жерден тобо деп коелучу…
Бактыбектин коңур үнү, баарына жагып турчу жылмаюсу, келишкен өң-келбети, жаңы кардай аппак мүнөзү мына бүгүнкү күнгө чейин сынынан жазбай келет. Ал азга көрүнбөй калса, кыргызы түгөлү менен сагынып турары бар…Мына ушундай абалга жетиштин өзү накта адамдын, накта жигиттин баскан жолунун үзүрүдүр…











??.??